Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№56, 01.08.08-ж.






  Кыргыздын ыйык жерлери

Сафед-Булан-
Ак аял
Кыргыз эли ислам динин тутунаарга чейин теңирчиликке ишенишип, отко, сууга жана ыйык жерлерге, мазар, мүрзөлөргө сыйынып келишкен. Кийин ислам динин кабыл алганда да кыргыздын бул адаты калган эмес. Бул салт элдин жан дүйнө рухуна азык болуп, Көк теңирге, кудайга болгон ишенимин чыңдап жүргөн. Адамзат бул тирүүлүктө бир нерсеге ишенип, сыйынып жашашы керек , антпесе анын жан дүйнөсү бөксөрүп, адамдык асыл сапаттардан алыстап кетет деген психологиялык аныктоолор да бар. Муну кыргыз эли илгертен эле жакшы түшүнүшкөн. Ошон үчүн кыргыз эзелтен жан дүйнөсүн бөксөртпөй, бөлүнүп, жарылбай улуу эл катары жашап келген. Кудайга, ыйык жер, мазарларга, пирлерге сыйынышып, эл журттун эсенчилигин тилеп, зыярат кылышкан. Элибиз бүгүнкү дүйнөлөшүү шартында да ата-баба тутунуп келген салт- санааларыбызды муундан-муунга калтырып улантып келет. Ыйык жайлардын касиеттүүлүгү жөнүндө эл арасында көп эле айтылып жүрөт. Кыргызстандагы ушундай мазарлардын бири Сафед-Булан. Бул мазар өлкөбүздүн түштүгүндө жайгашкан. Ага баруу үчүн Өзбекстандын да чек араларынан өтүү керек. Орто кылымдарда Меккеге зыяратка бара албай калгандар ушул мазарга келип зыярат кылып кетишчү экен. Анткени, Сафед-Булан менен Сулайман Тоого зыярат жасоо Меккеге барып келүүгө барабар деп айтылат.

Сафед-Булан мазары
Сафед- Булан Кыргызстандын аймагындагы эң чоң мазарлардын катарына кирет. Бул мазарда 2772 адамдын сөөгү жашырылган. Ээлеген аянты да чоң, архитектуралык курулушу менен да башка мазарлардан айырмаланып турат.
"Сафед -Булан" деген сөз- ак аял дегенди түшүндүрөт. Эмне үчүн мындай аталышка ээ болуп калганы жөнүндө өзүнчө тарыхый уламыш бар.
Орто кылымдарда ислам динин таркатууну көздөгөн Мухаммед пайгамбардын небереси Шах-Жалил Фергана өрөөнүнүн Ак Коргон шаарына (азыркы Ала-бука районунун аймагына) 3000ге жакын аскери менен келип ислам динине үгүттөй баштайт. Ак Коргондун жашоочулары артында аскери бар пайгамбардын небересинин айтканына көнүп, исламды кабыл алмай болушат. Бирок, кийинчерээк арадан исламды кабыл албайбыз дегендер чыгып, жашыруун Шах-Жалил менен анын аскерин өрөөндөн кууп чыгууну же баарын өлтүрүүнү пландашат. Анүчүн алар Шах-Жалилге багындык демиш болуп жашыруун түрдө аларды өлтүрүүнүн жолун издей башташат. Өлтүрүүнүн амалын издеп таппаган соң, динге ишеними жок жергиликтүү эл алар менен кошо келген бир аялдан " булар кайсы убакта куралдарын чечишет"-деп сурашат. Анда аял: "Биздин аскерлер бир гана убакта алсыз болушат. Куралдарын чечишет, ал - намаз убагы",-деп жооп берет. Ошентип алар өлтүрүүнүн амалын аялдын жообунан табышат. Исламды бул жерде да орноттук деп кубанган арабдар куралдарын чечип, намазын окууга киришкен убакта динге ишенгилери келбеген каапырлар пайгамбардын аскеринин башын бирден кыя башташат. Исламга өтө берилген Шах-Жалил менен анын аскери ошондо намаздан башын көтөрүшпөй, аларга каршылык көрсөтүшкөн эмес экен. Аңгыча намаз бүтүп, каапырлар баарынын башын алганга жетишпей калышат. 2772 аскердин башын кыйганга жетишишкен каапырлар менен ошол жерде мусулмандар ортосунда айыгышкан согуш чыгат. Согушкан эки тарап ошондо бири бирин кырып салышкан делет. (Ошол согуш болгон жер азыр Кыргын талаа деп аталып калган). Согуш аяктагандан кийин мусулмандардын кыйылган баштарын чогултканга Ак Коргондун жашоочуларынын бири да даап бара албай койгон экен. Ошондо элдин арасынан мусулмандарды баштап келген Шах-Жалилди жактырып калган Исбид -Булан аттуу аял чыгып, кыйылган баштардын арасынан сүйгөнүнүн башын издеп аларды бүтүндөй жууп, кандан тазалап чыгат. Исбид-Булан өзү өңү кара аял болуптур, баштарды жуугандан кийин жараткан аны аппак аялга айлантып ажарын ачып койгон экен. Бирок, Исбид-Булан кыйылган баштардын арасынан сүйгөнү Шах-Жалилдин башын таппаптыр. Көрсө пайгамбардын небересинин башын каапырлар кыйганга жетишпей калышып, Шах-Жалил өз мекенине качып кетет. Ал эми кара аялдан аппак айымга айланган Исбид-Булан кыйылган баштарды бир мазарга көөмп, көзү өткөнчө мазарды көздүн карегиндей сактап келиптир. Ак аялдын көзү өткөндө анын сөөгү ошол 2772 баш көмүлгөн мазарга коюлуп, анын наамына Ак Коргон шаары Сафед-Булан мазары (Ак аял) деп аталып калыптыр. Арадан 40 жыл өткөндөн кийин Ак Коргонго мусулмандардын башын кыйгандардан өч алуу максатында Шах-Жалилдин уулу Шах- Фазиль келип жергиликтүү калктты багындырып, ислам динин орнотот да мусулмандардын башы көмүлгөн жерлерге күмбөздөрдү тургузат. Шах- Фазиль Сафед Буланда дагы 15 жыл жашап каза болот. Ошондо жергиликтүү усталар анын урматына Сафед-Булан мазарында Шах-Фазиль күмбөзүн курушкан экен.
Азыр мазардын ичинде намаз убагында кыйылган баштардын жыйындысы көмүлгөн чоң кабыр бар. Анын айланасы фарсы тилинде чегилип жазылган таштар менен курчалган.Таштардын биринде колдун изи бар. Зыяратчылар ошол колдун изине колун коюшуп тилек айтышат. Алардын айтымында бул таштын өзгөчө касиети бар. Себеби чын дили менен ишенип тилек айткан адамдын тилектери орундалат экен. Мазардын кире беришинде бел ооруудан арылткан таш, андан ары "камыр туруш" деген таш жайгашкан . Зыяратчылар ал ташка акчасын сүртүп алышса, байып кетишет экен. Андан ары Исбид-Буландын кабыры бар. Ал жерде аппак аялга арналып атайын көшөгө тартылган. Кабырга эркек кишилер киргизилбейт, аял кишилер гана киришип ага белек ирээтинде жоолук жана башка аялга таандык буюмдарды таштап кетишет. Бул архитектуралык эстеликтерди окумуштуулар X-XI кылымдарга таандык экендигин аныкташкан. Андан кийин Мухаммед пайгамбардын небереси Шах-Жалилдин уулу Хазрети-Шах-Фазилдин кабыры турган имарат жайгашкан. Бул имаратты дүйнө окумуштуулары Караханиддер доорундагы эң уникалдуу кооз архитектуралык курулуштардын катарына киргизишкен. Себеби, Орто Азия боюнча X-XI кылымдагы эстеликтердин ичинен бул күмбөз өзүнөн курулушу, архитектуралык жасалгасы менен айырмаланат.
Мазардын айланасында бир уникалдуу үңкүр бар. Кызыгы үңкүрдүн оозу бир адам батаарлык кууш, андан ары кеңейтилип, оюлуп жол салынган. Бул үңкүргө турмуштан өтө кыйналып, кудайдан жардам сураган зыяратчылар кирип сыйынып, ыйлашат. Жергиликтүү калктын айтымында бул жай адамдын ыйын туура кудайга жеткирет деген аңыз кеп бар.
Сафед-Буландын жанында Арча мазар деген ыйык тоо жайгашкан бул тоонун да тарыхый уламышы бар. Тоонун ыйык делип калганынын себеби мусулмандар менен каапырлар ортосунда болгон согушта мусулмандар жеңишип, жеңиш туусун ошол тоонун башына сайышкан дешет. Ошондон улам бул тоо ыйык делип, Меккеге бара албагандар зыяратка ушул тоого келишип, аны көп жолу айланып чыгышат.
Сафед-Буланды улай бул аймакта Падыша-Ата, Байыстан-Ата, Баба-Ата мазарлары бар. Адатта кыргыз эли мал тилесең Падыша-Ата, баш тилесең Байыстан-Ата, көз тилесен Баба-Атага бар дешип калышат. Мазарлардын касиеттүүлүгүн ага барган зыяратчылардын дээрлик бардыгы тастыкташат. Алтургай бул жерлерге зыярат жасагандар жан дүйнөсү да жеңилдейт. Мындай көрүнүштү психологдор адамдын ишениминин күчтүүлүгү менен түшүндүрүшөт. Качан гана адам бир нерсеге өтө берилип ишенсе, анын жан дүйнөсү өзүнөн өзү өзгөрө түшөт экен. Албетте, ыйык жерлердин да сыйкыры таасир этпей койбойт. Кыргызстандын аймагында мындай жерлер өтө көп. Бирок, көпчүлүккө тааныш эместери да жок эмес. Андыктан алардын кээбирлери жөнүндө окурмандарга маалымат берүүнү тура көрдүк. Гезитибиздин кийинки сандарында көпчүлүккө таныш эмес ыйык жерлер, мазарлар туурасында маалыматтар менен окурмандарды тааныштырып турабыз.
Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА,
"Эркинтоо".














??.??