Эгемен өлкөгө 20 жыл

Аскар Какеев, КОСУнун гуманитардык факультетинин,
илимдин философиясы кафедрасынын башчысы,
профессор, академик:
"Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн жүз миң сомдукка,
алтын менен шөкөттөп чыгарсак..."
Тунгуч президент Аскар Акаевдин тушунда мамкатчы, президенттин аппарат жетекчиси, Билим, илим жана маданият министри, президенттин кеңешчиси, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ректору болуп иштеген Курманбек Бакиевдин жана Роза Отунбаеванын тушунда Кыргыз орус славян университетинде кызуу эмгектенип жаткан илимпоз Аскар Какеев менен мамлекеттин эгемендигинин 20 жылдыгына карата маек курдук.

- Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгонуна быйыл туура 20 жылдын жүзү болду. Бул жыл аралыгында мамлекет эмнелерге жетишти?
- Ийгиликтерибиздин өзөгүн түзгөн эгемендик болду. Ал жылдардан бери эгемендигибизди чыңдап жатабыз. Ошондой эле президенттик башкарууну түптөдүк. Парламент түзүлдү. Аткаруу бийлиги өкмөт башчылар куралып, ар бир башкаруу тармагы калыптанды. Сот системасы түптөлдү. Сот системасын реформалоо курч деңгээлге көтөрүлдү. Жыйынтыктап айтканда бийлик түзүлүшү такталды. Жөн эле такталбастан башкаруунун парламенттик түрүнө өттү. Азыркы башкаруучулар бир бурулуш жасайлы деп атышат. Ал саясый оюн аркылуу системаны өзгөртүп, адилеттик жашоону алып келели деген максатта. Оюн дегенибиз-оюн аркылуу адам дүйнөнү аңдайт, изилдейт. Ошондуктан ар ким өз билгендерин оюн эрежелерине таянып жасайт. Ал оюндун түрлөрү көп: экономикалык, саясый, согуштук оюндар ж.б. Булардын бардыгын ооздуктай турган эреже. Эрежени эч бузбаш керек. Саясый багытта алып караганда, мурунку президенттерибиз ушул эрежелерди бузган.
- Кандайча бузган?
- Эң эле жөнөкөй Конситиуцияда эки гана жолу президенттик мөөнөткө шайланат деп турган жерин бузуп, эки жолу эмес үч жолу президент болуп алды. Кыргызстан эмес, кошуна өлкөлөр Казакстан менен Өзбекстанда эрежелер сакталбай келүүдө. Ал эми эрежелердин сакталышы үчүн саясый оюндардын улуу эрежелери бул- Конституция. Анын талаптары так акарлышы керек. Так аткарыла турган болсо, ыңкылаптарга дуушар болмок эмес. Президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин жакшынакай түрдө өз тактысын өткөрүп кетиши керек эле. Тилекке каршы андай болгон жок. Муну менен саясый маданияттын али жетилбегенин айтсак болот. Ушуга өкүнөм. Мисалы, АКШнын мурунку президенти Буш канайымы менен келип Барак Обаманы куттуктап, ага ийгилик каалады. Так ушул саясый кадам идеал болушу керек. Кашайып биз ушуга жете элекпиз. Биздин эгемендүүлүктүн эң бир жетишкендиги саясый маданият тууралуу түшүнө башташты. Анын бир далили катары айтсам, ар кимиси эле президент болом дейт. Болушсун. Учурдагы президент Роза Отунбаева шайланып келген президентти АКШнын президенти Буш кийинки президенти Барак Обаманы куттуктагандай куттуктап, өз тактысын бошотуп берем деп турат. Учурда президент болом дегендердин саны 80ден ашып кетти. Ар бир талапкердин эгемендүү өлкөбүздү жакшыртуу үчүн, мындан ары да чыңдаш үчүн өзүнүн адам катары купуя сырлары бар. Азыркылардын айрымдары бийликке жетүү менен жан жөкөрлөрүн коштоп жүрүүсүнө кызыгып жаткандары да бар. Арийне, депутат болом деп жүргөндө аке-жакелеп тургандар шайланып алгандан кийин эки машинанын коштотуп алып жолду тостуруп жолдон зуулдап өтүп жатышпайбы. Эмне учун депутат болоордо эл менен жакын болуп, шайланып алгандан кийин элди карабай калат. Бизден коркуп калат керек болсо качкандай болуп… Мунун өзү дагы учурдагы кемчиликтердин бар экендигин далилдеп турат.
Президенттик шайлоонун алдында турабыз. 80 кишини тандаш кыйын болуп калды. Эми иргелээр… Кыргыз үчүн, Мекеним үчүн деп жүрөгү согуп турган, кыргыз элинин кадаа-салттарын мыкты билген адамды шайлап алсак, ал адам Конституцияны ишке ашырса деген тилек бар. Бизде экономикалык жактан зор өзгөрүүлөр болду. Мен СССР мезгилде туулуп-өсүп калдым. Ал кезде коомдук менчик болгон. Мектептердин, ЖОЖдордун, колхоздун бардыгы мамлекетке тийиштүү болгон. Жалпы элдики деп сыртынан айтып койгон. Эл эмгегине көпчүлүк убакта ыраазы болгон эмес. Ошол себептен СССРдин өнүгүүсүндө экономикалык өсүш абдан кыбырай баштаган. Жеке менчиктин калыбына келтирүү улам көтөрүлүп, жеке менчиктүү Конституция жаздык. Зор бурулушту жасап, кичи, чоң бизнес өнүгүп жеке проблемалар чечиле баштады. Экономиканын талуу жери бул - улуттук валюта. Бул Аскар Акаевдин мезгилинде киргизилди. Улуттук акчага кыргыздын чыгаан уул-кыздарынын сүрөттөрү чыкты. Адабияттын, маданияттын, илимдин өкүлдөрүнүн сүрөтү басылган. Бул ийгиликтерибиздин бири болгон. Эми маркум Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн жүз миң сомдукка, алтын менен шөкөттөп чыгарсак деген үмүттөрүм бар.
Өзгөчө билим тармагы чоң өзгөрүүгө дуушар болду. Коммунисттик мезгилдеги окуу китептер кыргызчаланды, кыргызча "жыттанды". Айрыкча тарых, адабият китептеринде коммунисттик таптык окуу китептер алмашылып, окуу китептердин жаңы муундары пайда болду. Кыргыз элинин тарыхы жазылды. Эгемендиктен баштап анын концепциясы өзгөрүлдү, СССР мезгилиндеги жетишкендиктер менен катар кемчиликтерин көрсөтө алдык. Агынан атылып кеткен Касым Тыныстанов, Жусуп Абдырахманов, Ишеналы Арабаев, Баялы Исакеев ж.б. толгон ата-бабаларыбыздын жөн жерден караланып кеткендигин далилдеп, жаңы илимий китептерди жаратууга жетиштик. Жаңы программалар түзүлдү. Анын ичинде мурда таптакыр болуп көрбөгөн нерсе пайда болду. Ал ЖОЖдордо контрактык окуу системасынын пайда болушу. Акчасы жок адамдар окуй албайт, акчасы барлар окуй алат. Ушул жерден мүчүлүш болуп кетти. Элибизди сарысанаа кылган маселе ЖОЖдордун обу жок көбөйүп кетиши. Азыр элүүдөн ашып кетти. Учурдагы жаңы министр талапка ылайык адистештирүү системасын киргиземин деп атат. Анткени, юристтер, экономисттер иттин кара капталынан көбөйүп кетти. Бул эмне деген кеп? Инженер, куруучуларды даярдоо ЖОЖдор жок болуп жатат. Акыркы мезгил талабы көрсөтүп тургандай, бизге ушул тармакты чемичкедей чага турган адистер керек болууда.
Айыл-чарба жана талаачылык иштерин иштетүүчү багыттагы окуу жайлар пайда болду. Андан сырткары, мектептердеги мугалимдер менен дарыгерлердин маянасын көтөрдү. Муну менен мектептердеги мугалим жигиттерди кармап калууга болот. Анткени, маяналар көбөйсө мектепте иштеп жанын багып кетүүгө болот эмеспи. Кайсы гана мектепке барып калбайын эжекелерибиз сабак берип калды. Анын ичинен айымдар башкарып калган мектептерде жигиттер эжекелерин туурап калуусунан улам, кыз сымал болуп баратышынан кызга айланып кетеби деп корком, же жигитче мушташканды билишпейт. Эркектин эркектей эле болгону жакшы эмеспи. Менин тилегим илимдүү накта жигиттер мектептерде мугалим болуп келсе жакшы болот эле. Жакында эле сыналгы карап отурсам президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Борончу куудулубуз "мектептердеги рекетчиликтин болуп жаткандыгын бирден-бир себеби мугалимдердин арасында жигиттердин жоктугунан айымдарга баш бербей калган" деп чыкты. Бир четинен туура кеп.
Улуу Манас атабыздын эстелигин, анын маңдайына Чыңгыз Айтматовдун орто жаштагы толуп турган эстелигин коюп жатат. Эки айкелдин капталында 21 кылымдагы эл башкарып жаткан урпактары иштей турган Ак үй турат. Кийин бир байкап көрсөң, укмуштуудай мааниси зор. Мунун өзөгү жалаң эле экономикалык өнүгүүдө эмес, аң- сезимибиздин, анын ичинде саясый аң-сезимибиздин, философиялык ойлорубуздун дүркүрөп өсүшү. Анткени экөөбүздүн Ак үйдүн астында эркин сүйлөшүп жатканыбыздын өзү сөз эркиндигинин укмуш мезгилине келгенибиздин айгинеси. Элибиз "баш кесмек бар, тил кесмек жок " деп айткандай кептин маанисине жетишкендик катары бааласак болот.
- Коомчулукта коңшу мамлекеттерден экономикалык жактан эбак эле озуп чыкмакпыз, ага аткаминерлердин коррупциялык схема менен шугулданышы себеп болду деп жатышат. Буга кошуласызбы?
- Албетте, мындай ойду экөөбүздөн бөлөктөр да айтып, далилдеп келишүүдө. Мисалы, сот тармагындагы коррупцияны президент баш болуп жана башкалар ачык айтып чыгышты. Сот тармагында адилеттүүлүк жок. Ким акча берсе, ошонун сөзүн сүйлөп калышкан. Ошондуктан сотторду тандоо кеңешин кайрадан кароону талап кылып чыгышпадыбы?
Каргашалуу апрель окуясында өзүбүздүн балдарыбызды ак үйдүн үстүнөн атып салганы эмне деген акмакчылык. Кимдер атты, ким буйрук бергенин айтпай атпайбы. Илгери министр болуп жүргөн адам катары элдер кайрылышат. Азыр балаңды бала бакчага өткөзүү үчүн, мектепке окутуш үчүн акча беришет деп. Ал эми жогорку окуу жайга өткөзгөндөгү коррупциялык схеманы айтпай эле коёюн. Андан башка тармактар бүтүндөй коррупцияланышып кетти. Аны менен аткаминерлер же машинеге минерлер күрөшүш керек. Ошондо гана коррупция жоюлбаса да басаңдайт.
Манас университетинин ректору Сулайман Кайыпов жомок китеп жазган. Анын ичинде бир жомок бар экен. "Тоонун түбүндө бир эл болгон экен. Күндөрдүн бир күнү эле тоодон ажыдаар чыгып келип элин жей баштайт экен. Аны кууп жиберсе экинчи бир андан чоң ажыдаар элди кайрадан жей баштайт. Тукумубуз курут болбосун деп аны да кууп жиберишет. Ажыдаардын тукумун курут кылабыз деп, анын үңкүрүнө кирип тинтишет. Ага киргендер андан чыкпай калат. Ошондо хан ал үңкүргө кирсе, алтын күмүш- алмаздар жыйылып турат. Муну элиме берейин дейт. Үңкүрдүн шоола чыгып турган жеринен "хан абдан туура кыласың" деген үн чыгат. Сага чейин келгендердин бардыгы ушул байлыктарды алам деп ажыдаар болуп кеткен. Силерди соруп жаткан ошол өзүңөрдүн эле кулундарыңар. Мына ушундан баштап гүлдөгөн эл болосуңар" деген. Президенттикке ат салышып жаткан 80 киши ажыдаарга айланбашы керек. Эгер өлкөдө жогорудагы жомоктогу ажыдаарлар түп-оту менен жок болуп, курман болсо анда эгемендиктин 20 эмес миң жылдыгын өткөзөбүз.

Маек курган
Улукбек КУТМАНБАЕВ