Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу:
"Деңгээли жоктор кежир жана орой болушат"
Мансаптан алыс жүргөн адамдар ажалуу кызматка
татыктуу талапкердей көрүнө берет.
Франсуа де ЛАРОШФУКО, француз жазуучусу

- Токтогул мырза, алдыда президенттик шайлоо турат. Кандай нукта өтүшү мүмкүн?
- Кыргызстан 20 жылдан бери эч кандай өзгөрүлүп кете алган жок. Саясий маданиятыбыз жаңычылдыкка өрүш алган жок. Ошол себептен, баягы эле патриархалык аң-сезимден чыга албай жатабыз. Кандайдыр бир иштерди жасайбыз дегени менен эч кандай жыйынтык чыкпай келүүдө. Жыйынтык чыкпайт дагы. Учурда аймактык, уруучулук кызыкчылык менен гана шугулданып, эптеп кандайдыр бийликке жетүүнүн максатын колдонуп калышты. Азыркы тапта эл үчүн иштейин деген атка минерлерди көрө албай жатам.
Кыргызстанда бөлүнүп жарылуулар тээ эгемен алгандан тартып күч алып келүүдө. Арийне, ыраматылык Дооронбек Садырбаев депутат болуп жүргөн кезинде жана башка ошол кездеги айрым саясатчылар биздин кызыкчылыкты эске албасаңар "Ош Республикасын же автономиялуу облусун түзөбүз" деп ажырымчылык саясатты көтөрүп чыккан эле. "Же болбосо биротоло эле бөлүнүп чыгып кетебиз" деген сөздү айткан. Мунун бардыгы биздин тарыхта калган. Мына ушундай маанайдагы ураанды Таластык депутат Юрслан Тойчубеков "Казакстанга кошулуп кетебиз" деп Азаттык радиосунан айтып чыгып көптөрдүн кыжырын келтирген. Андан тышкары, айрымдар да кээ бир "лөк" мамлекеттерге согуш жарыялап, жыйынтыгында колго түшүп, анын курамына кирип жашайлы деген былжырак идеяларды көтөрүп чыккандар 20 жылдын ичинде орун алды. Ушул сыяктуу коомдогу терс көрүнүштөр азыркы тапта да болуп кетүү коркунучунда турат. Арийне, айрым бир саясий серепчилер. "Кандайдыр бир себептер менен жарандык согуш башталат, Кыргызстан эли түндүк-түштүк болуп экиге бөлүнүп кетет",- деп айтып жатышат. Ал эми айрым бир саясат талдоочулар тарабынан аткаминерлер ортосунда күрөш күч алып, бири-бири менен болгон салгылашуу орун алат деген жоромолдор бар. Мына ушул сыяктуу бөлүнүп - жарылуу шайлоо маалында жакшы ролду ойноп, коркунуч жаралышы мүмкүн.
- Бөлүнүп жарылуудан сырткары ажолукка ат салышып жаткандардын кимиси саясий соодалашууга барышы мүмкүн?
- 1930-37 жылдарда өлкөнүн түндүк-түштүгүнөн, батыш-чыгышынан болуп революцияга каршы чыккандар бир түрмөдө чогуу жаткан экен. Сөздөн сөз чыгып отуруп: "мына биз ынтымагыбызды таппай, бири-бирибизди жамандап отуруп түрмөгө түштүк. Азыр жаныбыз көзүбүзгө көрүнүп турат. Биздин эртеңки абалыбыз эмне болоорун билбейбиз, бирок, тирүүлүгүбүзгө жетпейт. Ошол маалда ар бир уруунун бөлүнүп жатышы менен Байтик, Ормон жана башка баатырлардын иштери жүзөгө ашпай, биз минтип түрмөдө отурабыз. Ушул сөздү уккандардан аман калып бара турган болсоңор айта баргыла" деген кептерди айткан экен. Муну айтып жатканымдын себеби, ал сөздү учурда эч ким капарына албастан талашып-тартышып түндүк-түштүк, уруу-уруу болуп бөлүнүп жатышат. Түндүк-түштүк болуп бөлүнүүнүн негизи түштүк элинин жамандыгында эмес, же түндүк элинин жамандыгында эмес. Бардыгы тең карапайым эл, бардыгы тең эле кыргыз жыттанган жөнөкөй эл. Кокон хандыгынын тушунда алардын мыкаачылыгына, басмырлаганына чыдабастан кыргыз уруулары тагыраагы, бугу, саяк уруулары орус падышачылыгынын курамына кирип кеткен. Бул тарых. Ошол кезде Кокон хандыгына каршылык көрсөткөн Алымбек датканын айкелин Ошко, Курманжан датканын эстелигин Бишкекке орнотуп жатышат. Ушунун бары тең тарыхты, уламышты билген элге эмне деген маанини берет? Бул деген "биз башкарып келгенбиз, башкара беребиз. Биз Курманбек баатырдай Курманбек Бакиевди дагы алып келебиз" деген ойду айтып турат. Ички жактырбастык, чыңалуу бүгүнкү күндө күчөп турат. Айрым бир бийликке умтулган саясатчылардын айткандары ынтымак болуп, жасагандары тымызын бөлүнүүчүлүк болуп атат. Мындай кадам менен эч качан түндүк-түштүк маселеси өчпөйт. Мисалы, түштүктүн жаш муундары, саясатчылары "мен президент болом, мен болом" дегендери көбөйдү. Бул эми тымызын саясат. Азыркы тапта минтип бөлүнгөндүн ордуна өз амбицияларын токтотуп, бир ынтымакка келүү менен бирөөнү эле колдоп чыгышса болмок.
- Байыртадан ата-бабаларыбыз уруучулук менен жашап келген. Учурда ал туурасында туура эмес көз караштар пайда болуп, саясатчылар саясатта бөлүнүп жарылууга пайдаланышууда. Буга кандай көз караштасыз?
- Уруучулук эч качан жаман болбойт. Анткени, уруучулук ички карым катнашты тейлейт. Бир уруунун уулу бөлөк уруудан кыз алып куда-сөөк болот. Куда сөөк болгондон кийин бир урууга жоо тийсе , "кокуй биздин кудаларга жоо тийиптир, жардамдашалы" деп жардамга келген. Андан тышкары, биздин уруу ушул өрөөндү, ушул шаарларды ээлеп турган деп билип коюшкан. Ата-бабаларыбыз "жети атаны билүү" дегенди эмне үчүн колдонуп келген? Мунун мааниси чоң. Бүтүндөй кыргыз элинин башын бириктирип келген уруучулук системаны өнүктүрүшүбүз керек. Тилекке каршы, уруучулукту ар ким өз кызыкчылыгына пайдалануу менен жаманатты кылып көрсөтүүдө. Өспөгөн саясатчылар уруучулукту саясатташтыруу деңгээлинде калып калган. Мисалы, "ата журт" деген түшүнүктү кыргызга айтсаң: Ал бала Алайдан бекен, дейт. Алайдын эли жакшы, малы семиз, жайыты кенен дейт. Муну менен айтайын дегеним кыргыздын жакшы сөздөрүн партияларга атап, баркын кетирип жатышат. Мындан тышкары, ушул өңүттө атап жүргөн бир топ партия бар.
- Өлкөдө ажолукка ат салышып жаткандардын саны көбөйдү. Мунун себеби эмнеде болушу мүмкүн?
- Мунун баары эле ээн баштыктын кесепети. 20 жыл аралыгында укук коргоочулар, саясатчылар карыны жашка, өрөөндү өрөөнгө, аялды эркекке жана башкаларды-башкаларга тукуруп отуруп уят-сыйытты, каада-салттарды жууп салышты. Мисалы, качан аялдар ажылдап көчөгө чыгышчу эле? Азыркы тапта "Обон" (акчага жалданган жакшы кыйкырган айымдар. Көбүнчө митинг, пикеттерде жалданышат) деген аталышта кесип пайда болду. Саясатчылар карапайым калкты бир кесим эт менен жүз грамм аракка алдап, бийликке келип, мамлекетти ушундай кырдаалга алып келишти. Мамлекет 20 жыл аралыгында өтө төмөн деңгээлге түштү. Азыркы тапта 20 жылда топтолгон көз караштын натыйжасынан улам "менин сенден эмнем кем, сенин деле, менин деле мээм бар" деген сыяктуу стреотиптен арыла албай калышты. Ал эми деңгээли жөнүндө кеп да кылышпайт. Мисалы, билими, иш алып кетүү жөндөмдүүлүгү жана деңгээли туурасында эч ким ойлобойт. Деңгээли жоктор кежир жана орой болушат. Биз ушулардын залакасы менен "чоң демократтарга, чоң саясатчыларга" байыдык. Албетте,Текебаев жазган башмыйзам боюнча ар бир инсан президентикке талапкерлигин коюуга укуктуу. Бирок, экинчи жагынан аты таанылбаган көчөдө жүргөн сантырактар президенттикке ат салышып жатышкандыктан, аларды бир канчага бөлсө болот. Арийне, наркотрафиканын акчасы менен, жаатчылдыкка алып келүүчү күчтөр, акчасы менен келгендер да бар. Алар кандайдыр бир талапкердин добуштарын бөлүштүрүп алуу максатын көздөп, бүлүк салууга кам ургандай.
- Сиз эмнеге президенттикке талапкерлигиңизди койгон жоксуз?
- Президенттикке коюп койгонго акча деле бар. Бирок мен андайга барбайм. Бир чети уят болом. Бийликке, кызматка, байлыкка тойбогон адам эмесмин. 22 жашымдан бери башчы болуп иштеген адаммын. Бийликти, кызматты, эл алдындагы чоң жоопкерчилик катарында эсептейм. Бул оор иш. Мамлекетибиздин бүгүнкү абалында президент болуу өтө кооптуу жана жоопкерчиликтүү.

Маектешкен
Кабай Капарбеков