Окуп берчи…

Топулуу торгой
(Башы өткөн санында)
"Эми чычканга барып байдын казынасын теш", деп айтайын деди. Чычкан болсо, "ийинимди теше албай кыйналып жатамын", деп чыйылдады. "Карап тур, ийиниңе суу куйдурбасамбы!" деп балдарга жөнөдү. "Чычкандын ийинине суу куйгула, балдар!" Алар: "Музообузду эмизип козуну жамыратып жиберип, айлабыз кетип турат, ийинге суу куймак түгүл",-деп коюшту.
Торгой жүн сабап жаткан энелерге келип: "Балдарды тартипке салгыла, тилазар болуп кетишти!"-деди. Анда бирөө: "Алар түгүл жүнүмдү сабай албай жаным төрт чарчы болуп турат, көзүм көрүнбөй жогол, бай болгур"-деп сабоосун кезеди.
"Андай болсо куюнга барып айтып, жүнүңдү учуруп, мээнетиңди талаага кетирбесемби!" деп куюнга кайрылса, анын колу бош экен, дароо эле ордунан козголду, аялдардын талпакка жайылган жүнүн асманга учурду. Алар "кокуй алат!"- деп, балдарына чуркады. Балдар чычкандын ийинине суу куюшту, чычкан байдын жумшак казынасын тешип жиберди. Бай жылкычыларга кыйкырды. Алар карышкырга теминишти. Карышкыр эчкини кууп жөнөдү. Эчки эрменди жеп кирди. Эрмен коркконунан торгойдун топусун алып бере койду. Торгой ошондон бери топусун башынан түшүрбөй калыптыр.
(Аягы)




Сал билек
Кыргыз эли байыртадан эле башка элдер сыяктуу бала тарбиялоого абдан чоң көңүл бөлүшкөн. Баланы чени менен эркелетип, жакшы тарбия берүүгө аракеттенишкен. Мисалы, сал билек деп баланы эркелетүүдө ата-эне же ага-эже бөбөгүн алдына алып олтуруп, анан эки бутун эки колу менен сал билек кылып кармап, төмөндөгүдөй ырларды айтышкан.
Алдей-алдей, ак бөбөк,
Ак боз жорго мал белек.
Алдей-алдей, ак бөбөк,
Айран-кымыз ич бөбөк!
Сал-сал билек, сал билек,
Сары майга мал билек.
Коён эрке кош билек,
Кошуп алган ак бөбөк,
Ак бешикке жат бөбөк,
Кунан койду сой бөбөк,
Куйругуна той бөбөк!
Кылымдар бою ымыркайын ыр менен эркелеткен ушул сыяктуу салттары менен кыргыз эли табиятынан ырга шыктуу болуп өскөн. Бөбөктү жашынан жатык болууга, ырды, сөздү баалай билүүгө үйрөткөн. Бул салт атадан балага өтүп, азыркы кезде да улантылууда. Бешик терметкен үйлөрдө жогорудагы ыр саптары элдик педагогиканын жакшы салттарынын бири катары пайдаланса болот.




Жаңылмачтар
Ары алышты, бери алышты,
Карышкырлар жарышышты.
Жарышкан карышкырлардын,
Тарамыштары карышты.

Күчүктү Жусуп чымчылады,
Чымчылаган күчүк кыңшылады.
Кыңшылаган күчүктөн Жусуп,
Жүрөгү түшүп ымтырады.

Аралга алар барабы?
Аларга арал барабы?
Аралдан анар алабы?
Анардан алар алабы?

Сарала ат, карала ат,
Сапарлап бара алат.
Каалгыса карала ат,
Каралап сарала ат
Жанында кала алат.

Аларчада алча бар,
Аралчада алча бар.

Казандагы кырмычык
Кырып жеймин тырмышып
Өйдө чыксам тырмышып,
Ылдый түшөм жылмышып.

Ороз кууду корозду,
Короз кууду Орозду.
Кокуйлашып көргөндөр,
Короздун жолун торошту.

Ал аралда да марал,
Бул аралда да марал.
От экен маралга да арал.
Оттосун аралда да марал.

Аркы өйүздө эки өгүз,
Берки өйүздө экөөбүз.
Эки өгүзсүз экөөбүз,
Суудан кантип өтөбүз.