Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/eluch/11/0812_4.htm on line 2

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/eluch/11/0812_4.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/eluch/11/0812_4.htm on line 2



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/eluch/11/0812_4.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/eluch/11/0812_4.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/eluch/11/0812_4.htm on line 2
п»ї
Кыргыз элинин жан дүйнөсүндөгү жаңылыкты жаңырык кылып берген комуз тууралуу комуздун тилин билген улуу комузчу Нурак Абдрахманов комузчу эмес комуз чапкан уста катары кеп салып берет.
Нурак Абдрахманов:
"Комузду биринчи жолу 5-классымда чапкам"
- Саламатсызбы, Нурак ата. Канчалаган суу кечип, каардуу күнү бел ашып кыргыз көргөн күндү бирге көрүп, тереңине сыр катып, азыр да кыргыздын жаны менен бирге улуу мурас комузду кошо ээрчиген көлөкөсүндөй бирге алып жүргөн адамсыз. Ошол себептүү биздин сизге узатчу суроолорубуз толугу менен комуз тууралуу болмокчу. Менин биринчи суроом комуздун кандай түрлөрү бар?
- Комуздун түрлөрү бул -Токтогулдун формасындагы комуз, чарасы алмурут тибинде чабылган салттуу комуз, Лейлек, Баткен, Жерге - Тал тараптагылар черткен "Домбрак" деген домбура сымал комуз, Чаткалдыктар черткен чанагы домбурага түспөлдөш бирок кылы кадимки комуздукундай 3 кылдуу комуз. Булар бири - биринен формасы менен гана айырмаланбаса бардыгы тең эле кыргыздыкы. Болгону жергиликтүү аймакка жана устанын фантазиясына ылайыкталып жасалган десек болот.
- Сиз колдонгон комуз кайсыл түргө кирет?
- Мага ыңгайлуу түрү бул салттуу комуз. Комуздарымдын бардыгын өзүм чабам.
- Комуз чабуу жөндөмү качан ойгонгон жана устачылык сизге кимден өткөн?
- Мен эс тарткандан баштап эле атамдын комуз чапканына күбө болуп өстүм. Ошондуктан бул өнөр атамдан калган деп эсептейм. 3 жашымда мага комуз чаап, колума карматып койчу. 6 жашымдан баштап комуз чертип баштасам, кийин комуз чабууну өздөштүрүп кеттим. Мен анда болгону 5-класста окучумун. Кумарбек деген теңтушум бар эле. Ал комуз чертүүгө абдан кызыкчу. Соң - Көлдөн комузумду талашып чертип жүрдү. "Талашпачы, өзүң таап черт" десем "комуз жок" дейт, "Анда сага мен чаап берем" деп биринчи комузду чаптым. Соң - Көлдө карагай такыр өспөйт. Ошондуктан атайын карагай агызып келишээр эле. Атам отунга деп алып келип койгон карагайдан ылайыктап алып өзүмдүн таза аракетим менен биринчи жолу ошондо комуз чаптым.
- Бир комузду канча убакытта чаап, даяр кыласыз?
- Өрүк комузду даярдоо үчүн аябай көп убакыт талап кылынат. Алгач өрүктүн жалбырагы жок кезде бутагы жок, жакшы буталган, куртсуз, буралбаган, жарака кетпегенин тандап алабыз. Андан соң сомдоп, кайнатып, кыкка көөмп ысытып анан кургатууга коёбуз. Жыгачы бир жайдай кургатылат. Калган формага келтирүү, дагы башка майда жумуштар менен такай кармасак комуз 15 күндө даяр болот.Көп убакыт эле кургатууга кетет. Кайнаткандан кийин жок дегенде бир саратан толук кургатылышы керек. Негизинен эле өрүк жыгачы көп аракетти талап кылган, оңой менен ойдогудай болуп бербеген жыгач болот. Эгер толук кургабай биртике эле ным болуп калса ийилип же жарылып убарага салат.Андан да мыкты болсун десең 5-6 жыл кургатуу керек.
- Комуз чапкан устакана ачканыңызга канча убакыт болду?
- Устаканам совет мезгилинде эле ачылган. Алгач үйүмө ачып андан кийин кеңейтип алдым. Керек оокаттарды акырындык менен чогулттум. Азыр бардык керек - жарагы бар устаканага айланды. Учурда деле ошол устаканада комуз чабам.
- Комуз чабуу боюнча шакирттериңиз барбы?
- Мыкты шакирттерим Орозобек деген жигит менен өзүмдүн уулум. Орозбек мен Байтик айылына көчүп келгенде айылдын тракторун айдап жүрүүчү экен. Комуз чаап жатканымды көрүп, кызыгып үйрөнгүсү келгенин айтты. Мен макул болуп ал жигит күнү бою тракторун айдап кечинде келип таң атканча комуз чаап жүрдү. Башында өзүм кошо жүрүп үйрөтүп турчумун. Ал жигит кийин "Кыялдагы" атайын комуз чапкан цехте комуз чаап жүрдү. Андан кийинки шакиртим бул өзүмдүн төртүнчү уулум. 1984-жылы мектепти бүткөнүнөн бери жанымдан чыгарбай үйрөттүм. Уулум комузду жөн гана чаап койбостон атайын экспермент жасап, кандай кылганда үнү мыкты чыгаарын изилдеп, берген жыйынтыктарын текшерип берилүү менен өздөштүрүп кетти. Уулум экөөбүз далай комузду чаап, далай комузду жыртып талкаладык. Учурда уулум менин деңгээлиме жетип калды. Мен кандай чапсам уулумдуку да дал ошондой, мен кандай кылып үнүн бабына келтирсем уулум да дал ошондой кылып бабына келтирип жогорку сапаттагы мыкты комузду даяр кылат.
- Учурда комуз чабуу үчүн канча убактыңызды бөлөсүз?
- Азыр менин убактым тартыш болгондуктан комузду балам чабат. Мен үнүн караганга гана убакыт бөлөм. Бирок уулум үнүн да келиштире кошконго жетип калды.
- Сиз чапкан комузга кызыгып, комуздун ээси болууну каалагандар көп болсо керек?
- Ооба, кызыккандар көп. Өнөр баалагандар атайын сапатына карап сурашат. Негизинен көпчүлүгү белекке кетет. Айрымдары атайын издеп келип сатып алышат.
- Эң мыкты комуздун баасы канча сом турат?
- Эл мурун комуздун сапатын жакшы, жаман деп көп бөлчү эмес. Азыр комузга кызыккан жаш - кары көбөйүп сапатына атайын көңүл буруп калышты. Илгери "аталарыбыз бир комуз баасы бир кой" дечү экен. "Базардагы комуздун үнүнө ыраазы болбой койдум" деп атайын келишет. Менин койгон баам базардыкынан анча бийик эмес. Айтылгандай бир кой.
- Комузду кандай кылып сактоо керек?
- Өрүк комуз үчүн күндүн нуру коркунучтуу болуп саналат. Ал эми суудан коркпойт. Себеби комуздун жыгачы майга мыктап сугарылат. Май сууга каршы тура алат. Ал эми күн катуу тийгенде капкагы кургап жарылып кетет. Ошондуктан өрүк комузду жылыткычтын жанына, терезеге коюга болбойт, көлөкөгө сакташ керек. Башка жыгачтан жасалган комуздарды тескерисинче суудан сактоо керек. Жыгач көөп калса комуздун сыны да, ыры да бузулуп калат.
- Ушундай эмгек менен жаралган комуз жөнүндө жыйынтык сөзүңүз...
- Комуз дүйнөдөгү эң эле улуу жана эң мыкты изилденип өздөштүрүлгөн музыкалык аспап. Улуулугуна далил мындан төрт жарым миң жыл мурун коюлган фараондордун көрүстөндөрүндө кадимки биздин комуздун сүрөтү турат. Мыкты изилденип өздөштөрүлгөн дегеним башка улуттардын гитара, домбура, скрипка баштаган аспаптары бир гана жолу күүгө келтирилип лясы да, досу да бир ордунда болуп ошол бойдон ойноло берет. Ал эми биздин комуз 18 түрлүү күүлөнөт, демек бул скрипка же башка аспапты бир гана жолу үйрөнсө комузду 18 жолу үйрөнүш керек деген сөз. Комуздун мынча терең сырдуу болушунун себеби байыркы эл катары табылган кыргыз уулу менен кошо жашап мезгил өткөн сайын улам кийинки муун тарабынан изилденип олтуруп мааниси тереңдеп, сыры бекип кете берген. Комуздун дагы бир өзгөчөлүгү башка аспаптарды улуттук ээлери жөн гана көңүл ачуу, бийлөө же алаксуу үчүн гана колдонушса, кыргыздар комузу менен жан дүйнөсүндө болуп жаткан ойду айтып, рух дүйнөсүнүн тереңиндеги ой гана эмес сырын ача алган. Мисалы, кыргыздын ар жакшылыгында комуз күүсү шаңшып турса жамандыгында комузу муңканып жоктоп турган.
Маектешкен
Гүлайым Калыбекова








Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/eluch/11/0812_4.htm on line 48

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/eluch/11/0812_4.htm on line 48

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/eluch/11/0812_4.htm on line 48

кыргыз тилиндеги гезит "Эл үчүн"

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/eluch/11/0812_4.htm on line 48

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/eluch/11/0812_4.htm on line 48

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/eluch/11/0812_4.htm on line 48




а ­е¦Є.НҐй«