Кесип
Элдин бары шаар жергесине агылып жаткан заманда өмүрүн бүтүндөй мал багууга арнап, балдарын да өзүндөй малга ынак кылып тарбиялап чабан кылган Ибраев Кенжекожо атанын жолун улоочу Ибраев Касымбек байкенин жана кайнене-келиндин мал багуудагы түмөн түйшүгү менен таанышып, биз жыргал деген жайлоо кандай түйшүк, ак эмгекти талап кылат күбө бололу.

Чабан болуу
бир үй-бүлөнүн түйшүгү
Бул кесипти аркалоо кыйын, бирок кыйнчылыгына жараша ырахаты бар. Чабан бул бир адамдын эле түйшүгү деп айтууга болбойт. Себеби, уй, бээ саап, сүт тартууга аял затынын күчү керек болсо, кой кайтарып, жылкы айдап, кароого эркек адамдын күчү керек. Демек, чабан болуу бир үй-бүлөнүн түйшүгү. Биз жогоруда кеп кылган Кенжекожо ата жубайы Жеңиш апа да 1959-жылдан тартып бала-бакырасы менен бул кесипти аркалап келишип, учурда карылык келип уул-келини Касымбек байке менен Бүбүайна жеңеге жана неберелерине өткөрүп беришип, учурда үйдүн көркү болуп төрдө отурган мезгили. Кеп сурасак Кенжекожо ата чабандык кесип тууралуу буларды айтып берди.

650 кой туудурчубуз
Союз мезгилинде биз өкмөттүн малын бакчубуз. Ал кезде эч ким өз алдынча чабан болуп, өз алдынча оокат кылган эмес. Өкмөт элдин барын жумуш менен камсыз кылып турган. Мен 1959-жылы чабандык кесипти ирик багуу менен баштадым. 15 жыл бою ирик бактым. Негизи эле мал баккан оор түйшүк эмеспи. Ойдо калып, тоодо калып нечен күндөрдү өткөрдүк. Анан 70-жылдары Соң-Көл завхозунун 150 тубар коюн бактык. Тубар кой бакканга караганда ирик баккан абдан жеңил. Тубар кой багыш абдан оор, себеби аны туудуруп козуларын өлтүрбөй өкмөткө өткөрүп бериш керек. Эгер сен жакшы багып, планды толуктасаң эмгегибизди баалап орден, медаль жана ардак грамота менен сыйлашчу.Ошол да бизге стимул болгон. Мен чабан болуп баштаганы мындай сый урматтын үстүндө эле болдум. Себеби, 100 койго 150 козу, бир койдон 5-6 кг жүн алып берип пландан ашырып төкчүмүн. Туут учурунда 12 сакмачы алып 650 кой туудурчубуз. Өкмөт калыстык менен карап, мындай учурда мал да энчилеп берген. Бизге берген малдын башын аман сактап беришибиз керек. Эгер өлүп-житкени болсо, мисалы 100 кой болсо анын 97син аман өткөрүп беребиз. Эгер андан да аз болуп калса чабан өзү төлөп берген. Себеби, биздин милдет - өлтүрбөй аман, эттүү, жүндүү кылып багыш. Ал эми өлүп-житкен 3 койго чейинки мал болсо, атайын комиссия келип, акты түзүп алып кетишкен. Албетте бул эмгек жалгыз меники деп айта албайм, байбичем экөөбүздүкү.

Бир жылда үч сапар көччүбүз
Жайлоолоп, күздөөлөп, анан кыштоолоп үч сапар көччүбүз. Жайлоодон кеч күздө көчүп келээр элек. Өкмөт унаа айдатып барып боз үйдү жүктөп кетишчү. Алардын артынан байбичем экөөбүз балдарды, кийим кечелерибизди алып жөө-жалаңдап балдар менен бороондо калган күндөрдү далай өткөрдүк. Соң-Көл жайлоосунан Кочкордун Көк-Жар айылына чейин ашуу ашып жөө мал айдап келген күндөр азыркыга чейин көз алдыбыздан кетпейт. Бирок өкмөт убагында эмгегибизди баалап ыраазы кылып көтөрмөлөп көңүл бөлгөндүктөн андай кыйынчылыктар эске деле алынчу эмес. Ошентип, 1989-жылы пенсияга чыгып улуу балам Жайлоого ишимди толугу менен өткөрүп бердим. Аңгыча эле союз тарап кетип мал бөлүшкө түштү. Балдарым менен биригип 52-53 койдон алдык. Ошол алган малыбызды алып жайлоолоп өз алдыбызча чыга баштадык. Азыр менин жолумду жолдоп Касымбек уулум жеке менчик малы менен алек болуп келет.

Бир жолу...
o Чалай жайлоосунан кечинде төө куйруктан койлор үркүп жашаган чатырыбыздын казыгын сууруп кетти. Дасторкон үстүндө отурган биз сапырылып эле калдык.
o Жаңы эле боз үйдү жүктөп кетирип журттан айылды көздөй кетели дегенде Жеңиш апаңар толготуп, коңшу чабандарга кыйкырып алапайымды таппай калдым. Апаңар ошентип талаадан төрөп койду.
o 1973-жылы "Алдыңкы чабан" деп Көк-Жар айылынын туусун көтөртүп "Москвич 412 " үлгүсүндөгү унааны белекке алдым.
o Алдынкы чабандарды борборго чакырып жыйын өткөрүп турушаар эле, бир жолку жыйында Кара деңиздин айланасын айланып эс алып, саякаттап келгенге 24 күнгө жолдомо берди.

Бир нече жолу...
o Жайлоодо жүргөндө кымыз, айран, сүт, көк шибер, таза аба, тоонун боорунан аккан тунук суусу сыяктуу ырахатынан тышкары мергенчилик да адамды сергитет. Бош убактымды аң уулап да өткөрдүм.

Ибраев Касымбек:
"Чалай жайлоосунда жайлоолоп келебиз"
Менин чабан болгонума 11-жыл болду. Илгери атамдар жалаң өкмөттүн майда жандыктарын багышса, азыр ошондон калган малды көбөйтүп бодо малга айлантып азыр жеке менчик малымды багып үй-бүлөм менен малдын жанынан чыкпайбыз. Себеби, ушул малдардын үзүрүн көрүп турмуш тиричиликти өткөрөбүз. Атам чабан болуп жүргөндө үлүшкө тийген боз үйү бар. Ошол боз үй менен бир чатыр тигип алып Чалай жайлоосунда жайлоолоп келебиз. Илгеркиге караганда азыр шарт жакшы эле, кээ бир адамдар тоолуктар караңгы деп ойлошот. Чындыгында андай эмес. Мал жандуу болгондон кийин кайда болсо да заманбап жашоо менен жашаганга аракет кылабыз. Илгери чыракты бүлбүлдөтүп келсе, азыр күндөн энергия алуучу аппарат аркылуу жайлоодо радиодон тартып телевизор, DVD көрүп свет жок дегенди билбейбиз, жада калса байланыш түйүндөрүнүн станциялары да орнотулуп, телефондордун байланышы да эң мыкты. Тоонун түйшүгү деп айта бергендери менен биз ошол эмгектен ырахат алабыз. Чындап тоодо жашап көрбөгөн соң кээ бир адамга жакпайт. Бирок мазесин чыгарып жашаган адам шаарлап айылдап кеткилери келбейт. Мына азыр "сиздин жолуңузду жолдоп мен да чабан болом" деп, мен эки жакка кеткенде менин жогумду билгизбеген уул-кыздарым бар. Менин азыр колумда 450 кой бар анын 250сү өзбүздүкү. Ошондой эле уйдан 40, анын 12 си саан уй. Жылкы баласына келсек субай 15 тин тегереги, андан тышкары саалып жаткан бир үйүр жылкым бар. Элдин деле малын албайм. Анын да жоопкерчилиги түйшүгү көп.

Анара Токтосунова