Окуп берчи…

Атасы ыраазы болгон бала
(Жомоктун уландысы)
Карыянын эки баласы каршылык көрсөтмөк түгүл өз жанын ала качып, ата-энесин таштап тоо-таш аралап кетет. Карыя качкан балдарына нааразы болот.
Ал эми кичүү уулу болсо душман менен башка жоокерлер менен кошулуп эли -жерин коргойт. Жеңишке ээ болгон кенже уулу ата-энесин көрмөк болуп келет. Баласын көргөн атасы өзүнүн кетирген кемчилигин мойнуна алып,баласынан кечирим сурайт.
- Мезгилинде туура айткан экенсиң. Бир учурда мактанган эки агаң дарек -аты жок болуп качып кетишти. Душман менен урушкандагы баатырлыгыңды угуп ыраазы болдум. Элди -жерди коргоо-бул ардактуу наам.
- Атаке,айтпадым беле, ар нерсенин убактысында көрөбүз деп, бардык нерсе кудайдын колунда,эртеңки күнүбүз кандай болот деп жакшы чыкма балдарыңыз, Эл-журтка эмес, ата-энеге карабай өз жанын ала качып кетти. "Эртеңки күндү бүгүнкүгө болжобо деген ушул"-дейт кичүү баласы. Ошондон кийин жогоркудай макал элде айтылып калган экен.

"Көк Серек" кинотасмасын тажабай көрөм"
Кыргыз элинин атактуу уулу, киножылдыз Сүймөнкул Чокморов агайыбыз мукамдуу коңур үнү менен айтылуу Атай Огомбаевдин ырларын созолонтуп ырдап калчу экен. Ал комузда, гитарда, домбрада, фортепьянодо жана башка музыкалык аспаптарда мыкты ойночу. Сүймөнкул агайыбыз неберелүү болсом атын "Атай" коём деп кыялданчу. Атасынын керээзин аткарып, уулу Бактыгул менен келини Назгүл баласына Атай- деген ысымды ыроолошот. Чоң атасынын жолун улай, небереси музыкага жакын өсүп, П.Ф. Шубин атындагы музыкалык мектептин гитара боюнча сабак алган. Спорттун сууда сүзүү, хоккей, футбол, теннис сыяктуу түрлөрү менен машыгат. Үчүнчү курстун студенти, келечектеги экономист. Учурда Американы багындырууда.

- Атай байке, Сүймөнкул агай тартылган кайсыл кинотасманы өзгөчө жакшы көрөсүз?
- 1973-жылы тартылган, Мухтар Ауэзовдун чыгармасынын негизинде жазылган, Төлөмүш Океевдин "Көк Серек" кино фильмин тажабай көрөм. Чоң атам бул кинотасмада Ахангулдун ролун аткарат.
Ахангулдун жаш балага малды калтырып, ал малды карышкырлардан аман сактап калган эпизоду өзгөчө жагат. Голливуддун актеру Роберт де Нирону кайталангыс талантынын тажыйырбалуулугун жана күчтүүлүгүн чоң атама окшоштурам. Бул эки улуу актёр тең терең мазмундуу фильмдерде ойношот.
Бүгүнкү кыргыз кинематографынын деңгээли көтөрүлө албагандыгынын бирден бир себеби, анын толук кандуу каржыланбай жаткандыгында деп ойлойм. Арасында таланттуулар жок эмес. Бирок мен совет мезгилинде тартылган кинотасмаларды жактырам.
- Бош убактыңызда эмне менен алек болосуз?
- Сууда сүзүү, футбол, хоккей, теннис сыяктуу спортун түрлөрүнө кызыгам.
Убактым болуп калганда, гитарада, пианинодо ойнойм. Композиторлордон Атай Огомбаев, Дж.Бенсон жагат.
- Ал эми алыскы Америкада жүргөндө кайсыл тамакты сагынасыз?
- Апамдын май мантысын.
- Жагымдуу маегиңизге чоң рахмат.