Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин министри Алиясбек Алымкулов:
"Кыргыз эли улуу эл"
Атына заты жарашкан Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин министри Төлбашыевич менен жасап жаткан иштери туурасында маек.

- Алиясбек мырза, сиз менен улуу Рамазан айынын алгачкы күнү жүз көрүшүп отурабыз. Дегеле сиздин орозо кармоого көз карашыңыз кандай?
- Орозо кармоо дин жагынан гана эмес, медициналык жагынан да абдан пайдалуу. Адатта биз жатаарда тамакты күпүйтө жеп алып жатып алат эмеспизби. Анда ашказанга оордук келип, эртең менен турушубуз да кыйын болот. Ал эми орозо убагында болсо организм кадимкидей тазаланып, өзүңдү аябай жеңил сезесиң. Өткөн жылы ок жегенденден кийин оор операциядан кийин болгондуктан орозо кармабай калгам. Ага чейин жылда кармачумун. Быйылкы орозонун бүгүн биринчи күн кармап баштадым. Орозо кармабаган күнү деле эртең мененки, түшкү тамакты көп жебей, кечинде жер-жемиштерден жасалган салат менен айран сыяктуу жеңил азыктар менен тамактанам. Бардык жаштарга да ден-соолугуна көңүл буруп, туура тамактанууга чакырып кетет элем. Аны менен бир топ оорулардын алдын алууга болот.
- Күндү эмне кылуудан баштайсыз?
- Күнүмдү күндө атам менен учурашуудан баштайм. Атам жайкы ысыкта гана айылга кетпесе, калган убакта бул жакта биз менен. Китеп окуганды аябай жакшы көрөт. Эртең менен экөөбүз шашпай отуруп кайсы китепти окугандыгы тууралуу суйлөшөбүз, кайсы китеп жагыптыр, дагы кайсыны окугусу келип жатканын сурап, ошого жараша китептерди алып келип берип турам. Күнүгө эртең мененкисин да, кечкисин да атам менен сүйлөшүүгө 40-50 мүнөт табууга аракеттенем. Анын жашы 82де, ал өмүр бою мугалим болуп иштеп, бизди, тактап айтканда, он баласын маңдай тери менен тапкан акчасына бардыгыбызды бутуна тургузган. Ошондуктан бардыгыбыз эмгекчил, табышкер болуп, эч бир жумуштан тайманбай чоңойгонбуз. Мен алгачкы маянамды жетинчи класстан алып баштагандан бери атамдын эмгегин акташ үчүн тырышып иштеп келем. Биздин апабыз атабызга кылган сый мамилеси менен бардыгыбызга атанын орду ушунчалык касиеттүү экенин дилибизге сиңирип кеткен экен. Бул бардыгыбызга жагымдуу адат десем болот. Мен дагы балдарым күндү мени менен учурашуудан баштаса экен дейм. Ата-энемден көргөн мээримди, мээнетти мен дагы балдарыма көргөзгөнгө аракеттенем. Экинчи кызым жомок укканды аябай жакшы көрөт. Ага бир жомокту өзгөртүп же кайталап айтууга болбойт. Дароо эле "айтпадыңыз беле",- деп чыгат. Ошондуктан, күнүгө мурда айтпаган жомок ойлоп таап, анан айтып берем.
- Кыргыздын ырым-жырымдарына ишенесизби жана алардын кайсынысын колдоносузбу?
- Албетте, ишенем жана колдоном. Биздин ата-бабаларыбыз жөн жерден ырым-жырымдарды чыгарган эмес. Кыргыз эли улуу эл. Ошол кездеги бир эле макал-лакапты алып көрсөңүз, мисалы: "Улууга - урмат, кичүүгө - ызат". Бара-бара буга маани берилбей келе жатканы менен мунун түбүндө эмне деген гана философия жатат. Ырым-жырымдардан болсо биздин үй-бүлөдө ысымга аябай көңүл бурабыз. Баланын атын кандай атасаң ошого жараша тагдыры чечилет. Мен 7-апрелден кийин жарадар болуп, ооруканада өлүм менен жашоонун ортосунда жатканда 10 жылдан бери күтүп жүрүп уулдуу болдум. Он жыл дегенимдин себеби, ага чейин эки кызым бар болчу. Кичинекей перзентимдин атын Адилбек деп койдум. Адил- адилеттүү, бек- башкаруучу дегенди билдирет. Өлкөбүзгө адилеттүү башкаруучу келсе экен деген ниет менен койгом.
- 7-апрель окуясында өтүп кеткендерге жана эр жигиттерге жаратынын оордугана жараша батир, акча берилбедиби, сиз кайсынысына ээ болдуңуз?
- Мага батир берилген. Бирок мен аны ошондо эле жашоо шарты начар үй-бүлөгө тартуулап койгом. Андан тышкары биздин министрликке мамлекет тарабынан жаңы автоунаа берилген, аны да алган жокмун.
- Бизде мамлекеттик жакшы орунга жеткен чиновник эң алгач өзүнө особняк салып, анан тууган-уруктарын, тааныш, жолдошторун жакшы орундарга отургуза башташат эмеспи. Сиз эмнеден баштадыңыз?
- Башкаларды билбейм. Мен кичине кезимден баштап, айылыма мектеп салдырууну кыялданчумун. Эми ошол кыялымды ишке ашырып, мектеп салдырып жатам. Балдар мектепке киргенде ар бирине окуу куралдарды портфели менен кошуп берейин деген тилегим бар. Андан кийин буюрса бала-бакча салайын деген ойдомун. Ушул кызматыма ылайык жардамга муктаж болгондорго жардам берип алсак, ушунчалык сүйүнүп калам. Жакшы иштерди баштап, аягына чыкканда андан беш бетер жайдары дегендей.
- Мисалы, кандай иштерди жасап жатасыздар?
- Республика боюнча 65 жаштар уюмун түзүп, алар менен тыгыз иштешип келе жатабыз. Анын ичинен 22 райондун борборлорундагы жаштарга ылайыктап, компьютер, китеп, дептер бардык окуу куралдары менен жабдып, интернет улап берип, айыл жергесиндеги жаштардын өнүгүүсүнө көмөгүбүздү арттырып келебиз. Мисалы: былтыр жаштардын өнүгүүсүнө 25 миллион сомго жардам берсек, быйыл деле бюджеттен тышкары 25 миллион сомго жетип калды. Муну мактануу менен айтсак болот.
- Мамлекеттик бюджеттен албай туруп кандан акча таап жатасыздар?
- Ар бир долбоорду баштаарда биз аны менен бирге проект жазып, грант алуу жолун издейбиз. Ошентип, айыл жергесиндеги, шаардагы жаштарыбызды өз күчүбүз менен колдоп келетабыз. Жада калса, жетишпеген үй-бүлөлөрдөн, жетим балдардын арасынан 20 жуп улан-кыздарды кадимки кыргызча кийинтип алып, той өткөздүк. Эми күзүндө буюрса дагы кырк жуп улан-кыздардын үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрсөк деген максатыбыз бар.
- Сиздерге кайрылган жаштардын бардыгына жардам берет турбайсыздарбы?
- Бизге кайрылгандардын бирине да көңүл бурбай койбойбуз. Бирок анын арасында да кызыктуулары бар. Бир жолу бир жигит, "аялым кетип калды алып келип бергиле!" деп келиптир. Эми биз үй-бүлөнүн ич ара түшүнбөстүктөрүнө чейин кийлигише албайбыз. Кээде колдон келбеген маселе болгондо, аны чече албай калсам түнү менен уйку качып, кыйналам, ыйлаган күндөрүм да болгон.
- Ошондой маселелерден мисал келтире кетсеңиз...
- Туңгуч кичирайону жактагы балдар үйүн "бала бакча курууга алганы жатышат" деп ошол жетимдер үйүнүн өкүлдөрү келген. Эки жак менен байланышып көрсөк, балдар үйү жайгашкан жерден жер тилкеси колунда бар бирөөгө сатылып кеткен, кыскасы жетим балдарды үйүнө калтырыш аябай татаал сезилди. Аягында ал маселе колдон келбечүдөй болгон. Ошондо кыйналып, түн уйкум качып, кадимкидей ыйладым. Себеби, ал үйдө ата-энесинен ажыраган 40 улан-кыздар бар экен. Алар ата-энеси жок калганы үчүн күнөөлүү эмес да. Балдардын бары бири-биринен өткөн сулуулар. Мотурайып, үмүттүү көздөрү менен карап турушат. Бала бакча деле керек бирок, алардын ата-энелери бар да. Ал бала бакчага бере албаса башкасына беришет. Ал эми ата-энеси жок, бараар жери жок, байкуш балдарды ал жерден чыгарып жиберсе алар кайда барышат.
- Аягында эмне болду?
- Кудай бар экенин дагы бир жолу далилдеп, өкүмдү биз тарапка чечип берди. Андан тышкары, былтыр Ош окуяларынан жабыркаган жаш балдардын арасынан 400үн Ысык-Көлгө эс алууга жөнөткөнбүз. Ошондо балдардын ушунчалык коркок болуп калгандарын көрүп, жүрөк ооруп калган. Чындыгында өзүм ок атышкандардын арасына аралашып, ок жеп калгандыктан мен ал балдарды аябай жакшы түшүндүм. Анын үстүнө алар наристелер да. Алар эмес чоң киши мен азыркыга чейин тарсылдаган үндөрдү укканда денем калтырап кетет. Дене коркуп калат экен. Ошондуктан балдар дагы жакшылап алаксысын деп быйыл 800 баланы эс алууга жөнөткөнү жатабыз. Эс алууга барганда балдар кадимкидей программа менен эс алып кайтышат. Эртең менен турганда кадимкидей көнүгүүдөн башталат. Эс алууда балдардын аң-сезимдерин ойготуучу, ден-соолугуна байланыштуу иш-чаралар өтөт. Негизи эле күнүгө эртең менен турганда көнүгүүлөрдүн түрүн жасап, чуркап, турникке тартылуу ден соолукка пайдалуу. Мен жарадар болгонго чейин күндө спорт менен машыкчумун. Азыр гана ден-соолукка байланыштуу жасабай жүрөм.
- Алиясбек мырза кызыктуу маек куруп бергениңизге чоң ырахмат! Иштериңизге ийгилик!
Гүлмира Турманбетова