Жети күндүн символикалык мааниси
Жума, ишемби, жекшемби, дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, албетте, булар күн аттары. Буга карата балдардын аттары коюлат. Кайсы күнү төрөлгөнүнө карай: Жумабек, Жума, Жумабүбү, Жумагүл, Жумаалы, Жумабай, Жумакан... Ишенбек, Ишенгазы, Ишенгүл, Ишенбүбү деп дагы ушул сыяктуу болуп кете берет.
"Жети токоч баабедин" дегени ошол жети күндүн белгиси. Жети сан көп колду туюндурат. Жетиген, "Асмандагы жетиген ал эмне үчүн жетиден". Демек, наристе жети күндүн биринде төрөлөт. Аны аначысы төрөтөт, набаттуу байбиче оозантат. Сүйүнчү айттырат, ал үй ээсинин эркинде болот.

Табышмактар, масел түшүнүктөр
7 бир тууган - бир жумада 7 күн бар.
7 досуң - 7 өлчөп бир кес.
7 ууру - жетим акысы 7 дүйнөңдү тарытат
7 элчи - жетинин бири Кыдыр
7 муун - 7 атаңды биле жүр
7 сооп - маркумга жетилик берүү
365 амир кылган (жылдын ичиндеги күндөр).
38 кызы бар баары жубан, 12 уулу бар, баары кыраан.
Куш келипсиздер! Бул - адам тагдырынын белгиси катары туюнтулат. Келе жаткан мейманга карата жадырай-жайнай айтылат. Мунун бир нече мааниси бар:
Бакыт, таалай, тагдырдын белгиси символу.
Келинчек, колукту үй куту катары да билинет. Мисалы, "Куш бооң бек болсун!", Жубан, зайып, келин жана башка белгилери, көңүл кушун кошуусу, ага болгон арзуусу болуп эсептелет. Пейил, ниет маанисин билдирет. "Сенин аруу ниетиңе кушум түштү". Мында эңсөөнү айтып турат.

Элдик убакыт
Таң каракчы, таң дүмпөйүү, таң куланөөк, таң кылаюу, таң аппак атуу - бул бешөө таң тууралуу ич ара бөлүнүш.
Анан күн чыккан,
күн тоо баштарына тие баштаган,
күн көтөрүлгөн,
күн жакшы тийген кез.
Бул төртөө экинчи көргөн убакыт.
Шашке (күн көтөрмө бою көтөрүлгөнү)
улуу шашке (күн аркан бою көтөрүлгөнү),
жалган түш,
анан чак түш (күн төбөдө турганы),
түш кыя (күн төбөдөн бир аз кыңкайганы),
түш оой баштаган,
сарт бешим (күн чак түштөн көтөрмө бою кыңкайганы),
кыргыз бешим ( күн батаарга аркан бою калганы),
ала көлөкө (тоо баштарына көлөкө түшө баштаганы),
намаз дигер (тоо баштарындагы көлөкөлөрдүн узара баштаганы),күн батаар (күндүн нуру тоо башына илиниши), күн батканда намаз шам, бүрүл (таанылаар-таанылбас, көз байлаган чак), эл аягы басылган (эл орунга отурган учур), намаз куптан, тамак ичээр (тамакты текши ичкен убак), эл жатаар (эл текши жатканда), уйкуга кирээрде (эл текши уктаганда, оор уйкунун ортосуна жакын).
Жылдыз толгон учур, үркөр чыккан учур, үркөр көтөрүлгөн учур, үркөр баткан учур. "Тараза жылдыз батканда, таң агарып атканда". Таң заары (зоору).
Таңга жакын зоор деп аталат. Калган убакыт бирдиги насыбай атым, бээ саам, чай кайнам, жарма бышым, эт бышым, түш жарым, жарым күн, бир күн, күнү-түн деп аталат. Мындан башка ачып көзүн жумганча, жарма ичкенче, отуруп-турганча, кийим кийгенче, кирип-чыкканча өңдүү салыштырмалуу убакыт өлчөмү болгон.

Элдик өлчөм
Кар жаагандагы кыргыз элинин өзүнчө чен-бирдиктери айтылат. "Кылымдык кар жаады", "сагызган изи", "карга изи" кар жаады дегендик. (Бул куштардын изин ачык көрсөтүп турат). "Койдун туягынан", "аттын чачысынан", "аттын туягынан", "тушардан кар түштү". "Омуроодон кар түштү". Аттын омуроосу айтылып жатат.
Кыргыздар суу кечкенде да бир нерселерге салыштырып айтуу аркылуу ойлорун ачык түшүндүрөт. "Суу тизеден экен". "Аттын кара капталын жаап", "ат агызган суу", "тайыздыгы кызыл ашыктан", "кечкенде кекиртектен келди", "жоон санга чыга түштү" өңдүү болжолдуу салыштырмалар менен ойду даана түшүндүрө алабыз.
Тамак-аштарда, идиш-аяктарда элдик өлчөмдөр бар. "Карындын соргок бурчунан сары май", "аяк капортолой айран", "бир чөйчөк талкан", "бир аяк сүт", "чымчып буума буудай", "кол чанач кымыз", "беш кочуш жем", "бир кайнатым чай", "бир татым туз", "бир атым насыбай", "бир ууч бадырак" дагы жана башка ушул сыяктуу өлчөмдөр тилибиздин көркөмдүк жагын дагы баса белгилеп кетет.
Элдик аралык өлчөмдөр дагы бар. "Бир эли", "үч эли". Адатта мал союуда "бир эли казы", "үч эли казы", "таман казы", "кабырганын тышы үч эли" деген өңдүү чен-өлчөмдөр айтылат. Ал эми кийим бычып тигүүдө эки эли өөн, нукум сөөм, кере карыш көбөө, милте (бою бир карыш, сакалы миң карыш (табышмак) деп айтылат. Мындан сырткары бир чакырым (км), бута атым, тай чабым, ат чабым деген сыяктуу чен-өлчөмдөр колдонулуп келет.