"Эркетайдын коногу"

Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү, Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун төрагасы
Таалай Курманов
"Болочок сүрөтчүгө кандай шарт түзүү керек"-ушул суроого таланттуу сүрөтчү Таалай Курманов менен бирге жооп издейбиз.

"Адам канчалык улгайса да, андагы балалык кыялдар калбайт"
Эгерде балалыкка барууга мүмкүн болсо, оюнчук машина ала бармакмын. Мени менен бирге досторумдун, бир туугандарымдын барышын каалар элем, себеби ал жерде жалгыз эмне кылмак элем, бирөө менен ойнош керек да.
Бала кезимде таттуудан иристи жакшы көрүп жечүмүн. Мультфильмдерден "Винни Пух", "Ежик в тумане", "Шрек", "Король Лев", "Ледниковый периодд"- деген мультфильмдерди кызыгуу менен көрөм.
Биз бала кезде оюнчук автомат менен атышып ойногонду жана футболду көп ойноор элек.

"Кичинекей балдарды тартуу абдан татаал"
Балдарымдын туулган күндөрүн өткөрүүнү жакшы көрөм. Улуусу 18де, кичүүсү 8 жашта. Кичүү уулумдан өзүмдү көрөм. Ал абдан зээндүү.
Кичинекей балдарды тартуу абдан татаал. Алар бир орунда отурбайт эмеспи. Көбүнчө уулумду уктап жаткан мезгилде гана шашпай, тартамын.
Балдар жаңы тили чыгып баштаганда, таттуу сүйлөшөт. Ошол учурду өткөрүп жибербеш үчүн, кызыктуу сөздөрүн күндөлүккө жаза жүрүш керек экен.

"Шыктын салмагын билүүгө, көлөмүн өлчөөгө мүмкүн эмес"
Баланы сүрөтчүлүк өнөргө үйрөтүүгө караганда, химия, физика, тарых илимдерине үйрөтүү жеңилирээк. Сүрөтчүлүк өнөр-табияттан, жогору жактан берилет.
Шык бүчүр сымал өзүнөн-өзү бышып жетилет. Өзүнүн өнүгүп, өсүү мезгили болот.
Кээ бир учурда, көпкө созулган окуу (мектеп, училища, институт) бул процесске тоскоолдук келтирип коюушу мүмкүн. Шыкты ар дайым өстүрүүгө умтулуп, ар дайым илим-билим менен сугарып туруу керек, ал өзүнөн өзү өспөйт.
Эгерде ата-эне баласынын сүрөтчүлүккө болгон шыгын байкашса, бул өнөрдүн баалуулугун билдирип, туруктуулукка тарбиялай башташ керек.
Белгилүү адамдардын бала чагына кайрылсак, көбү "Бала чакта мени кыйнап скрипка ойнотуп коюшчу, а мен балдарга окшоп футбол ойногум келчү"-деп айткандарын угуп калабыз. А балким ал бала чыгаан футболчу болмок... Демек, баланы эч убакта күчкө салган болбойт.
Бала тарткысы келгенде ага шарт түзүп берүү зарыл. Баланын өзүнүн бурчу, ыңгайлуу үстөл, отургучу, кол астында уучталган түркүн түстөгү карандаштары, сапаттуу боёктору болушу зарыл. Эгерде боёктор менен жерди, барактарды булгап койсо, эч убакта кыйкырып урушпаганыңыздар оң. Бул анын сүрөт тартууга болгон көңүлүн мокотуп коюушу мүмкүн.
Даярдаган М.Мусаева