Кыргыздын мал-жандыкка байланышкан тыюулары
Мал төлдөгөн учурга байланыштуу тыюулар
Кыргыздарда мал төлдөп жаткан учурда өтө көп ырым-жырымдар жана тыюулар колдонулган. Бул мезгилде мал сойбойт жана сүт азыктарын, тамак-аш, туз, өзгөчө малдан алынган же малга бериле турган азыктарды "Төлдүн киндиги катсын!" деп эч кимге берген эмес. Ошондой эле мал төлдөп жаткан мезгилде мал ээлери киринбегенге, кир жуубаганга, акты - сүт азыктарын сыртка чыгарбаганга аракет кылышкан.
Мал төлдөп жаткан мезгилде мал ээси короосунун чекесин тегерете ала аркан таштап коюп, короого бейчеки кишини киргизген эмес. Негизинен эле кыргыздарда мал жайыттан келип короодо турганда, үй ээси башка кишини короого киргизбегенге аракет кылган. Жаш төлдү санабайт, суктанбайт, деп чоочун көздөн сакташкан. Бирөөнүн малы төлдөп жаткан мезгилде, ээсинин уруксатысыз аралабайт. Мындай тыюуларга кыргыздардагы "Бирөөнүн сөзүндө бар, бирөөнүн көзүндө бар", "көзү тийип кетет", деген ишеним себеп болгон.
Кыргыздын салттык турмушунда кой, эчки сыяктуу майда жандыктын эгиз туулушу көнүмүш. Ал эми бодо малдын - жылкы, уйдун эгиз туулушу жамандыктын, кырсыктын белгиси катары эсептелген.
Бээси же ую эгиз тууган мал ээси туулган төлдүн экөөнү тең баккан эмес. Мындай учурда болчокто болоор кырсыктан арылуунун жолун издеп, ар кандай ырым-жырымдарды жасашкан.
Эл арасында колдонулган эң кеңири таралган ырым-жырымдардын бири болуп туулган төлдүн сыңарын бирөөгө энчилеп коюу эсептелет.
Көпчүлүк учурда мал ээси эгиздин бирин жакын туугандарынын бирөөсүнө энчилеп койгон. Кээде айылдагы бей-бечараларга берип койгон учурлар кездешкен. Мындай учурда музоо бир аз торолгондон кийин энчилеген адамга берилген. Бул тыюунун бүгүнкү күндө да турмушта колдонулгандыгына күбө болдук.
Белгилей кетчү нерсе, туулган эгиздердин экөөн тең мал ээси бакпай, аларды сөзсүз түрдө жакын туугандарынын белгилүү бир катмарына мисалы, кыз тарапка же таяке тарапка энчилеп берүү эрежеси сакталган.
Көпчүлүк маалымат берүүчүлөр бодо малдардын ичинен бул көрүнүш көбүнчө уй баласында кезигээрин, ал эми жылкынын эгиз туушу - бул өтө чанда болуучу көрүнүш экендигин жана алардын эч кимиси аны көрбөгөндүгүн айтышты. Ал эми биз жогоруда сөз кылган ырымдар негизинен уй баласы эгиз туулганда колдонулган. Ал эми жылкыдан туулган эгиз төлгө уйга салыштырмалуу ырымдар катаал болгон. Айрым маалыматтар боюнча эгер жылкы баласы эгиз туулган болсо, эгиздин сыңарын кежигесинен мууздап, жерге көөмп салышкан. Адатта мал тамак алдынан мууздалары баарыбызга маалым.
Андан тышкары, шар аккан чоң суудан эгиз тууган бээни минип өтүшкөн. Энесин ээрчиген кулундар агын сууга кошо кирген. Көпчүлүк учурда жаңы туулган алсыз кулундарды суу агызып кеткен. Ал эми аман калганын асырап алышкан.

Малга урунган буюмдарга байланышкан тыюулар
Кыргыздар малдан тышкары мал кармаган короо-жайга, малга урунган желе, көгөн, нокто сыяктуу оокаттарга өзгөчө мамиле жасашкан. Алсак, мал ооруп калат же ырыскы ооп кетет деген ишеним менен мал короого даарат ушатканга, акыр-чикир, жаман нерсе төккөнгө тыюу салынган. Ошондой эле мал байлаган көгөндү, желени аттап же кырккан эмес. Өзгөчө боюндагы баласынын мойнуна киндиги оролуп калат деген ишеним менен кош бойлуу аялдын аркан, жип, көгөн, желени аттоосуна тыюу салышкан. Кыргыздардын бул буюмдарга болгон мамилесин Х.Карасаев өз эмгегинде төмөндөгүдөй белгилейт. "Кыргыздар жип аркан менен мал байлаган, ат аркандаган, желе жасап кулун байлаган. Көчкөндө аркан, жип менен унаага жүк арткан. Кыргыздар ошол мал байлаган жипти касиеттүү деп аны эч качан аттаган эмес. Ал эми уурулар мал уурдаганда ошол ала жипти кыркып, аны аттап, тебелеп жүрүп уурдаган. Алар ыйык нерсени кордогон."
Кыргыздарда энчи, кошумча, калың, сүйүнчү, сүт акы сыяктуу алыш-бериш маселелери дайыма мал менен ишке ашырылып, эмгек акы да көпчүлүк учурда мал менен төлөнгөн. Мындай малын башка бирөөгө берип жаткан учурда же сатып жатканда анын ноктосун, мойнундагы жибин кошо бербей, мал ээси сөзсүз түрдө өзүнө алып калган. Эгер алып калбаса анда, ырыскысы ооп кетет деген ишеним болгон. Бул тыюу бүгүнкү күнгө чейин айыл жергелеринде катуу кармалат.
Кыргыздын салттык турмушунда ар бир үй бүлөнүн мал тукумунун башы деп, бодо мал, көпчүлүк учурда жылкы баласы болгон. Аны үй ээси, үй-бүлө мүчөлөрү башка малдарга салыштырмалуу аздектешип, мал тукуму, ырыскы, кут ооп кетет деген ишеним менен ал малды сатпаганга, бирөөгө бербегенге жана сойбогонго аракеттенишкен. Эгерде ал мал бир жерин сындырып же чөпкө уулануу сыяктуу кокустуктар болуп, аны союуга туура келсе, алдында үй ээси же анын аялы атайын ырым-жырымдарды жасаган. Мисалы, малдын куйрук жалынан же жүгүнөн бир тутам жулуп короонун көмүскө бир жерине катып же малдын шилекейин алып кийиминин оң, сол жакасына сыйпап ырымдашкан. Кээде ал малдын шилекейин башка малдардын башына сүйкөп коюшкан. Мындай иш аракеттер башка жакшы малын сатаарда да, бирөөгө берээрде же соёрдо да тукуму үзүлбөсүн деген ниет менен жасалган.
Кыргыздарда "мал боор эт менен тең" деп айтылган. Бирок малы өлгөндө мал ээсинин өтө кайгыруусу начар касиет катары каралып, мындай учурда "Жакшы мал өлсө жанга сеп", "Чыгаша болмоюн киреше болбойт", "Жакшы мал жанга аралжы", "Баштан көздөн садага", "Малга көрүнүптүр" деп жооткотуп коюшкан.
Кыргыздарда мал сойгондо, союлган малдын этинен үй ээлери ооз тиймейинче, канын итке берген эмес. Малды мууздаганда алгач аккан канды бир жаман идишке тозуп, андан быжы жасаганга деп бир идишке кан куюп алышкан. Бүгүнкү күндө быжынын канын алгандан кийин эле итке берип коюшат. Мурун союлган малдын этинен үй ээси тамак жасап жегенден кийин гана итке беришкен. Бул адамдан мурун ит жеп жатат деген ишеним жоголуп бараткандыгынын күбөсү.
Жут, жаратылыш кырсыктары, ар кандай оорулар сыяктуу эле карышкырлар да мал башына абдан коркунуч келтирген. Көчмөн кыргыздарда карышкыр тууралуу сөз кылганда, аны аталышынан айтпай, "кашабаң", "шүмшүк", "ит куш", "көркоо" сыяктуу аттар менен атап келишкен. Буга карышкыр угуп коюп, малга кол салат деген коркунуч болгон. Бул тыюу бүгүнкү күндө мал чарбасы менен алектенген тоолуу айылдарда жашаган кыргыздарда сакталып калган. Кыргыздарда мындай бир нерсенин атын айтууга тыюу салуу кеңири тараган. Кээ бир ооруларды жана ишенимдерди мисалга келтирсек: жайыттагы малга карышкыр тийбесин, ит куштун жаагы карышып калсын деген ишеним менен кечкисин жатаарда балдардын чечкен кийиминин жеңинин ичинен бууп коюшкан.