Күйгүзгөн кредиттер
Табиятынан момун кыргыздар капиталисттердин жайган торуна илинбей эле түшүп беришти. Жумуру баш болуп туруп үй-бүлөнү бага албай калуу деген эмне?! Иштейин десең жумуш жок. Өз алдынча иш баштайын десең бары келип эле акчага такалат…
Банктар: " Үйүң барбы? Күрөөгө кой, жарым саатта кредит беребиз!", - деп турушат.
Үйлөрүн күрөөгө коюга кайыл болуп,банктар бекер акча берчүдөй кредит алган жарандар ай сайын тапкан-ташыганын банкка төгүп,бирок негизги суммасын төлөй алышпай шайы ооп, шаабайы сууп айласын таппай отурушат…
Эл деген кол экен. Агылып "Эл үчүн" демилгелүү тобуна кайрылып жардам сурап отурушуп, акыры "Жарандардын укугун коргоо комитети" түзүлгөн.

Акылай Кенекеева, Бишкек шаарынын тургуну:
"Эжемдин үйүн күрөөгө коё коюп..."
Аламүдүн - Дордой базарында азык - түлүктү дүң баада сатуучу эски дүкөнүбүз бар болчу. Күнүгө 70 - 80 миң сомго чейин соода кылчубуз. Ошол дүкөндөрдү көрсөтүп эжем Садыкова Анаркандын Асанбайдагы 3 бөлмөлүү үйүн ижарага коюп РСК банктан 25 миң доллар 28% менен алгам. Ай сайын 1100 доллардан төлөп келгенбиз.
Мындан 10 ай мурда базар ээси Салымбековдор дүкөндү бузуп, заманбап кылып кайра салып беребиз,- дешкен.
Товар жүгүрткөн акчабызды банкка төгүп олтуруп, акырында сызга олтуруп калдык. Эми РСК банк 80миң доллардык квартираны 36миң долларга баалап сатыкка коюп койду. Бизге боору түтпөй жардам кылып, үйүн күрөөгө коюп берген эжем эми бала - бакырасы, неберелери менен үйсүз калуу коркунучунда турат.
Күнүгө кан какшап банкка барабыз, же алар бизге жардам беришпейт. Тагыраак айтканда биздин арыз - муңубузду уккусу да келбейт.
Барынан да Аламүдүн - Дордой базарынын жетекчилери бизди күйгүзүп атат. Алар: "Ар бир жаңы курулуп жаткан дүкөн үчүн 5миң доллардан адмнистрацияга төккүлө, болбосо кимдин акчасы болсо ошолорго сатабыз",- деп жатышат.
Кыргыз качан "Бүлүнгөндөн бүлдүргү" алчу эле?
Карапайым элди ушинтип эзе берсе болот экен да. Адамдын убал - сообунан коркуп коюшса боло? Ортодо банктарга кызмат кылган "Вискар" деген кыймылсыз мүлк агенттиги бар.Алар банктардагы күрөөгө коюлган үйлөрдүн сатылышын гана күтүп турушат. Көз ирмемде үйлөрдү сатып ийишип пайдага марыйт. Банк ээлерин сураштыра келсек бүт эле белгилүү, атактуу кыргыздын тың чыкмасы болуп жүргөн депутаттардын менчик банктары болуп чыкты.
Кудай бар экен. "Эл үчүн" партиясынын астындагы "Жарандардын укугун коргоо" комитети гана жардамга кол сунду. Биздин укугубузду талашып жатып, кредиттин мөөнөтүн узартууга аракеттенип жатат.




Наргиза Байзакова,
Бишкек шаарынын Ак-Босого жаңы конушунун тургуну:
"Арстанбек байкеге ыраазымын"
2009 - жылдын октябрь айында Казармандык теңтуш кызым Алтынбек кызы Перизаттын азгырыгы менен төрт бөлмө үйүмду күрөөгө коюп АКБ-Кыргызстан банкынан 22% менен 8миң евро алгам. Бул акчаны Перизат ай сайын миң доллардан төлөп кутулмак. Ал бир сом да төлөбөй Россияга качып кетти.Мен Дордой базарында соода кылчумун. Айлам жок соодамдын акчасын ай сайын төгүп отуруп беш миң евродон кутулдум. Ошого карабай процент пениясы 12 миң еврого өсүп кетти. Банк "төлөбөсөң үйүң сатыкка коюлат", деп эскертти.
Мындан 3 ай мурда күйөөм ошол кызды таап келем деп машинасын сатып Россияга кеткен. Ошол бойдон дайынсыз. Үч чычкандай балдарым менен калдым. Тогуз айлык кош бойлуу болчумун. Өзум сыяктуу кредиттен күйүп, үйлөрүн алдырып ийүү коркунучундагы адамдарга кошулуп ак үйдүн алдына тынчтык митингине чыккам. Жогорку Кеңештин депутаттарынан жардам болобу деп үмуттөнгөнбүз. Бир жолу ЖКнын ичине кирип катчысына бизди депутаттарга жолуктургула десек ал милицияларды чакырып коюптур. Толгон милициялар келип бизди омуроолоп ошондо бир милиция мени ичке чаап жиберген. Чыдабай ооруканага жатып "кесерово сечение" операциясы аркылуу төрөдүм.Кызым "внутри черепной давление"болуп төрөлдү…
Кечээ "Эл үчүн" саясий партиясынын алдында түзүлгөн "Жарандардын укугун коргоо" комитети аркылуу ондогон адамдардын мүдөөсү ишке ашырылып, кредиттерибиз узартылды. Бул биз үчүн чон ийгилик!
Үйдөгү төрт баламдын бактысына Арстанбек Абдылдаев байкедей боорукер адам бар экен. Мен жалпы кредиттен күйгөндөрдун атынан ыраазычылык билгизип,эл үчүн ак дилиңизден иштеп журөсүз, атадай камкорсуз. Ылайым эл атасы болууга арзыңыз!




Жумакан Жунусова, Бишкек шаарынын тургуну:
"Балдарым тентип кетти"

- 2009-жылы Балыкчыдагы 6 бөлмөлүү үйүмдү короо - жайы менен күрөөгө коюп "Дос кредо" банктан 250миң сом алганбыз. Мунун себеби пенсия менен жан сактоо кыйын болуп, бир эл ташыган маршрутка машинасын сатып алып абышкам Бишкекте №"213-маршрутту айдап иштеди. Бул маршрутту Тулеев шаарда мэр болуп турган маалда жаап салган. Ал аз келгенсип апрелде кандуу кагылыштар болуп, биз ызы - чууда калдык. Иш токтоп калды. Банктын процентин абышкам иштеп төлөп турчу. 149миң сомдон кутулганбыз. Эми банк 400миң 800сом процент пениясы менен карызсыңар деп жатат. Угушума караганда мурунку мэр , азыркы депутат Н.Тулеевдин менчик банкы экен. Кудайдан коркуп мөөнөтүн узартып койсо биздей бей - бечарага жардам болбойт беле. Балдарым кредиттин азабынан иш издеп Россияга кетишкен. Документтерин бүтүрүп ишке кире албай жатышат. Кредит элди сүлүк курттай соруп бүттү го...


Даярдаган Роза Жекшенова