Ата мурасы
(Жомоктун уландысы)
Катта мындай деп жазылган экен: "Балдарым,ушул көрөңгөнөрдү эч бүлүндүрбөй бөлүп алгыла, бирөөңөргө да артык же кем кетпесин." Балдар бири-бирин карашып таң калып туруп калышат.
- Бул жерде төрт буюм бар экен, биз үчөөбүз, кантип бөлөбүз? - деди үчөөнүн улуусу.
- Ойлонуп көрөлү, мында бир чечилбеген сыр бар болушу керек,-деди ортончусу.
- Эмне кылабыз анда ?-деп үчүнчүсү сандыктын ичине көз жүгүртүп; - кандай болбосун туура бөлүштүрүшүбүз керек! Ары ойлонуп, бери ойлонуп эч айласын таба алышпады. Айыл аксакалдарын чогултуп, сандыктагыны көрсөтүштү. Бирок бул табышмакты эч кимиси таба албады.
Аңгыча артына баштык асынган, колунда таягы бар, кийгени өңү өчкөн чепкен, бутунда чарык, башында желкесин жапкан, асты күндөн серепчиленген ак калпакчан карыя жолдон өтүп бара жатып, алиги топко келип салам берип, алар менен баарлаша кетет. Ортодон бир карыя суурулуп чыгып:
- Бул үч бир туугандын атасы дүйнөдөн кайтканына көп болду эле. Өлөөрүндө ушул сандыкты мураска калтырган экен.
Сөздү аягына чейин угуп, жазылган катка көз жүгүртүп, карыя бир азга турат, анан үч бир тууганга карап:
- Балдарым, атаңар өтө акылман, олуя киши экен. Бул буюмдар бөлүнбөйт. Мына бул сандык жашап турган жериңер, ичиндегилери эл жана силерсиңер. Буларды үчкө бөлүү опосуздук. Бул купуяны, тагыраак айтканда, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, элди-жерди асыроо, жаак-бул уруу болобу, улут болобу, жаакташпай сөзү бир болуу. Ошондо гана ошол элдин түндүгү бийик көтөрүлүп, зоболосу бийиктейт. Көрсө атаңар силерди эр жетип, акыл токтоткондо ачып түшүнсүн деп сандыкты ачууну кийинкиге калтырган тура.
"Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып сөздөрү бир болсо, качан да болсо алтын түндүгү көтөрүлүп турат деген турбайбы",- деп карыя сөзүн аяктайт. Сөздү тыңшап тургандар карыянын кебине ыраазы болуп тарап кетишет.
Мына ушундан кийин алиги үч бир тууган эли менен бирдикте болуп, өтө ынтымактуу жашап калышкан экен.


 "Эркетайдын коногу"

Таланттуу обончу жана аткаруучу,
Съездбек Искеналиев
- Съездбек байке,сиз кичинекейиңизде кайсыл оюнчукту жакшы көрөөр элеңиз?
- Менин бир пушкам бар эле,ошол оюнчугумду аябай жакшы көрчүмүн. Ошол пушкам жоголгондо абдан капалангам.
- А кайсы мультфильмди тажабай көрчүсүз?
- Мен союз убагындагы бардык мултьфильмдерди жакшы көрчүмүн, азыр деле кызыма кошулуп көрүп калам. Өзгөчө тартылган мультфильмдерди жактырам.
- Ал эми кызыңыз Даткайым кайсыл оюнчугун жакшы көрөт?
- Анын кичинекей, малинанын өңүндөй болгон компьютери бар, бир күн кечке ошонусу менен алышат. Батарейкасы түгөнүп калса, алдырганча шашат.
- А мультфильмденчи?
- "Рапунцель"- деген мультфильмди тажабай көрөт. Өзгөчө анын алтындай, узун чачына кызыгат.
- Рахмат Съезд байке, бизге конокко бат-баттан келип туруңуз.