Болот уулу Үмөт:
"Манаш атам Таласта иштейт, асманда жашайт"
Биздин каарман бизге чейин эле теледен көрүнүп, гезит бетине жазылып аты чыгып келе жатат. Бирок калың кыргыз эли жаш манасчы жөнүндө дагы терең билүүгө кызыктар. Ошол үчүн "булак көрсөң көзүн ач" деп Үмөттүн тубаса бүткөн таланты менен бир өсүп келе жаткан балалык күндөрү жөнүндө ата-энеси менен маек куруп, Үмөт Болот ата менен Бактыгүл апанын эле кенжетайы эмес өнөр улап, улуу мурас улаган кыргыз калкынын келечектүү кыраан уулу деп тааныштыргыбыз келди.
o Үмөт - Манас урпактарын ойготуучу.
o Үмөт - учурдун көңүл чордону, келечектин Саякбайы.
o Үмөт - кыргыз журтунун үмүт-тилеги.
o Үмөт - жаңы жомоктун башталышы.

Алгач маекти Үмөттөй уулду төрөгөн апасынан баштасак.
- Үмөт боюңузда экенинде бойго көтөрүүдө өзгөчөлүктөрдү сезгенсизби?
- Эч кандай кыйынчылыктарды да, жеңилдиктерди да сезбептирмин. Баары кадимкидей эле болгон.
- Төрөлгөндө дене түзүлүшүндө же ыйлаган үнүндө башкача белгилер байкалды беле?
- Дене түзүлүшүндө башкача белгилер болгону менен маани деле бербептирбиз. 3 жашка толуп тили жаңыдан чыга баштаганда эле бизди таң калдырып "Манас" айта баштады. Ошондон бери өзүн-өзү күчөтүп айтып олтуруп учурда 400 сапка жетип калды. Өзү андан ашыра айтууга умтулат, бирок эси ооп кыйналып калып жаткандыктан токтотуп коёбуз.
- Болот байке, уулуңуз Манас тууралу түш же аян көргөнүн айтабы?
- Кыргыз карманган ырым-жырымдардын ичинде мындай улуу нерселер жөнүндө айтпаш керек деген кеп бар тура. Ошондуктан азыр Үмөттүн "Манас" айтуусун гана эл алдына абайлап чыгарып келе жатабыз. Буюрса элибиздин чыгаан манасчы уулу болот деген илгери үмүт кылып жатабыз.
- Эл алдына чыгаарда же кайра кайтканда көз тийбеши үчүн ырым-жырым кыласыздарбы?
- Сөзсүз кылабыз. Кичинекей балага ар кимдин сугу артуусу мүмкүн да.
- "Манас" айтуусундагы алгачкы белгилер эмнелер болду? Эмнеден улам байкап калдыңыздар?
- "Манас" айтуу каныбызда бар. Биздин тукумдагы улуу муундардын "Манас" айкандыгы тууралуу кабарыбыз бар. Бирок аксакалдар аларды эл алдына чыгарбай тыйып коюшчу экен. Мен Манасты кичинемде жаттап айтып жүрсөм, Үмөттүн эки бир тууган агалары да кичине кездеринде "Манас" айтып мектептик кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү болуп жүрүшчү. Ал эми Үмөт болсо "Манас" жаттат" дебей эле кенедейинен "Манас " айтып баарыбызды таң калтырды.
- Үмөт али кичинекей экенине карабай бир топ күйөрмандуу болду. Жаш өнөрпөзду издегендер ата-энесине кайрылып турушса керек?
- Андайлар бар. Өзгөчө Үмөттүн "р" тыбышын "й" дегени көптү жалынтып жиберет. " Үмөттүн талантын баалайбыз, белегибиз бар эле, дарегиңер кандай" дегендер бар. Бирок Үмөт азыр жаш. Ошол үчүн элди көп эле аралата бергенден тартынып жатабыз. Кыргыздагы көз тиет, сөз тиет дегенди эске алып, айрым сунуштардан баш тартып жатабыз.
- Үмөттүн расмий жолугушуу кечелериндеги "Манас" айтуусу менен башка жайлардагы "Манас" айтуусунан кандай айырмачылыктарды байкайсыздар?
- Азыр той-топурларга барган жокпуз. Негизинен учурда Бишкек шаарындагы президент баштап катышкан, депутаттар күбө болуучу кароо-сынактарга , салтанаттуу кечелерге атайын чакыруу менен баруудабыз. Андан тышкары областтык, республикалык деңгээлдеги "Ыр кеселерге" чыгып жатат. Мындай жайларда көбүнчө убакыттын чектелүү болгондугуна нааразы болуп калат.
- Учурда аты чыккан манасчыларга жолуктуруп көрдүңүздөрбү?
- "Манас" айтуу боюнча учурдагы залкарлар Талантаалы, Дөөлөт, Улан манасчыларга жолуктук.
- Кандай пикирлерин айтышты?
- Жакшы кабыл алышып, жакшы ойлорун билдиришти. Алар "Манас" дүйнөсүн кеңири түшүнүшкөндүктөн "чоң манасчы " деп Үмөттүн башынан сылап узатышты.
- Жанатан Үмөт "Манас атам" деп гана айтып жатканын байкадым. "Манас" эпосундагы Манастан башка каармандар менен да тааныштырып турсаңыздар керек?
- Жок. Атайын үйрөтпөйбүз. Бирок өзү аттарын айта берет. Балким түшүнө киреби? Сыргак атам, Чубак атам, Каныкей энем деп айта берет.
- Үмөт, Манас атаңдын дагы кандай туугандары бар?
- Манас атам, Саякбай атам, Сыргак атам, Алмамбет атам, Кошой атам, Каныкей энем, Айчүрөк энем колдошот.
- Алар сени жакшы көрүшөөрүн билесинби?
- Ооба, билем да.
- Кантип жакшы көрүшөт?
- Жакшы "Манаш" айтып жатасыңбы дейт. Айтып атам, - дейм. Азый Манаш атам келсе "Манаш" айтып беймекмин. Бирок ал азыр жумушта да.
- Анын жумушу кайда?
- Манаш атам Таласта иштейт, асманда жашайт.
- Манас атаң жөнүндө дагы айтып берчи.
- Манаш атам кыйын. Ал бийинчи мени колдойт. Манаш атам деген чооң болгон, киле-ейген. Жаман "Манаш" айтсаң колдобойт, наймальный айтсаң колдойт.
- "Манас" айтып жатканда сени токтотсо ачууң келеби?
- "Манаш" айтып жатканда токтотуп койсо, үйгө келгенден кийин атамды уйушам. Токтотот могу. (Үмөт кичинекей жумшак муштуму менен атасын далыга нукуп койду). Үйдөн эле токтотпойт, тияктайдан токтотот.
- Күнүгө айтып турасыңбы?
- Үйдөн күнүгө "Манаш" айтып туям.
Айтпасам Манаш ата жаман көйүп калат да.
- Сен тааныбагандар сага эмне дешет?
- Кел сүйөткө тайтайын, кел, -деп кубалап атпайбы. Уйкум келип аткан да. Сүйөткө түшкүм келбей аткан да. Көзүм жабышып аткан.
- Кимдер менен сүрөткө түшкөн жагат?
- Сулуу кыздай менен да. Ата жанагы Айнуйа эже деген бай го мен ошону сүйүп калгам да.
- Сулуу кыздардын баарын эле сүйө бересиңби?
- Чоңойгондо он аял алам. Бийөө кий жууйт, бийөө тамак жасайт, бийөө үй жыйнайт, бирөө камый бышыйат, бийөө атам менен апамдын кийимин жууйт. А мен болсо ойноп туйам.

Мирлан Самыйкожо, акын, журналист:
- Үмөт келечектеги нукура манасчы Бул калыбынан жазбай турган болсо Саякбайдын ордун басат. Баалаганым жооптору эч жасалмасыз, "Манасы" жаттама эмес. 4-5 жаштагы балага мынча жаттатуу мүмкүн да эмес. Үмөттөн үмүтүм чоң.

Дөөлөт Сыдыков, манасчы:
- Мен Үмөт менен алгач "Сейтек" китебинин ачылышында жолуккам. Тамгага тили келбесе да берилүүсү жакшы. Үмөткө кан аркылуу өтсө керек. Азыр атагы үчүн аракеттин кереги жок. Көздөн, сөздөн коргоп келечегибиз үчүн жаш манасчыны сакташыбыз керек.

Айзат Асанбаева, студент.
- Мен алгач Үмөттүн талантына суктандым. Өзгөчө көздөрүн жуумп алып, колдорун айтып жаткан саптарына ылайык жаңсаганы мени толкундатып койду. Мен Үмөттүн өмүрүн тилеген көйүрмандарынын бирине айландым.

Даярдаган
Гүлайым КАЛЫБЕКОВА