Күмүштү күүгө келтирген
кыргыз зергери
"Кыргыз зергери" - чыгармачыл зергерлер өнөрканасынын жетекчиси, күмүшкө, алтынга тил киргизип, байыркы керемет кесипти аркалаган, 20 жылдык тажрыйбасы бар зергерлер Асан жана Үсөн Дүйшеевдерге сөз узаттык.

Асан, Үсөн Дуйшеевдер 20 жылдык тажрыйбасы бар зергерлер.
- Биз көбүнчө ак металл- таза күмүш менен иштейбиз. Кыргызда ак - деген ыйык эмеспи. Алгач ишти баштаарда, күмүштү баалуу металлдар башкармалыгынан текшертип, ага белги койдурабыз. Белги 925 тен төмөн болбойт. Күмүш канчалык таза болсо, анын көркөмдүгү да, дарылык касиети да ошончолук болот. Таза металлга сөзсүз нукура таштар чегерилиши керек . М: Маржан, бермет, агат, бирюза, малахит. Учурда улуттук зер буюдары актуалдуу болууда.
- Аны тандоодо эмнени эске алуу керек?
- Кээ бир эже-карындаштар өзгөчө болууга умтулушат. Буга каражаттан тышкары, табийгый табит да керек. Зер буюмдарды тагынунун да өзүнчө эрежеси болот. Биз кардарлардын сунушун эске алуу менен бирге, анын бетинин, кулагынын түзүлүшүнө маани беребиз. Зер буюм 80 пайыз колдун эмгегин талап кылат. Азыркы зер буюмдар илгеркиден айырмаланып, жеңил жана көркөмдүү келет. Зер буюмунун өзгөчөлүгү анын кайталанбастыгында. Эң негизгиси зер буюм ашыкча болбой, адамдын ажарын ачып турушу керек.
- Зергерчиликтин сереси эмнеде?
- Бизде таланттуу зергер балдар бар. Көбүнчө алардын эмгектери чет мамлекеттерге чыгып кетүүдө. Мына ошону эске алып, авторлорго мамлекет тарабынан ар кандай сыйлыктар, М: " Эл зергери" - деген наамдар каралса, бул алардын өсүшүнө, чыгармачылык изденүүсүнө да чоң түрткү болоор эле.
Зергерчиликтин сереси - бул эмгегиңдин бааланышы. Зер буюмдарынын музейи ачылып, ага сенин колунан чыккан буюм коюлса, ал кылымдан-кылымга өтүп, ошол муундун көз жоосун алып турса бул - зор бакыт.


P. S. Өнөрканага барып калганымда, Асан агай зер буюмдардын сүрөттөрүн көргөзүп, алардын таржымалы тууралуу айтып отурду. Өзгөчө Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлүнө жасалган тумарга көңүлүм бурулду. Азыр бул тумар чет жакка чыгып кетиптир. Күмүштөн куюлган жер шары, түндүк, четтеринде умай оймолор. Мындай оригиналдуу кол эмгектер өзүбүздө эле сакталып калса - дейт экенсин.




Бир жумада 7 килограммга арыктагың келсе диетага отур!
Семирүү - бул организмдин туура эмес иштеши. Семирүүнүн кесепетинен адам инфаркт, инсульт, кант диабети жана башка көптөгөн ооруларга чалдыгышы мүмкүн.
Бирок ашыкча килограммдардан кутулуу максатында диетага туура эмес отуруп, организмге керектүү азыктарды токтотуп коюу дагы бул - маселеден кутулуу жолу эмес. Эгер организмге керектүү азыктар токтоп калса ал дагы башка ооруларды козгоп, дагы жаңы ооруларды пайда кылышы ыктымал. Ошондуктан, эң негизгиси, туура тамактануу гана керек.
Гезитибиздин алгачкы санында биз сиздерди төмөндөгү диета менен тааныштырмакчыбыз. Бул диета менен бир жуманын ичинде 7 килограммга чейин арыктоого мүмкүнчүлүгү бар.

Эртең мененкисин:
Таңкы тамактанууга жарым саат калганда, бир лимондун кесиминин ширесин стаканга сыгып, анын үстүнө толтура суу куюп, кант салбастан ичип жиберүү зарыл.
Жарым саат өткөн соң гана алмурут, алма, мандарин, апельсиндердин арасынан үчөөнү тандап алып, аларды төрт бурчтук кылып туурап, анын үстүнө 1 пайыздуу йогурттан кошуп жеш керек.

Түшкү тамактануу:
Картөшкө кошулбаган салаттан бир тарелкадан ашпашы абзел. Салатка туз кошулбашы керек. Ага да бир аз лимондун согунан сыгып койсоңор тура болот.
Андан тышкары бир күн бою 1 пайыздуу айрандан бир лирт ичүүгө уруксат.

Кечки тамак:
Жемиштерден жасалган салатты, көк чай менен ичиңиз.
Эгер ушул тартипти бир жума бою сактасаңыз. Сөзсүз түрдө 7 килограммга арыктайсыз.
Кийинки жумада кайрадан мурдагы кейипке келип калбаш үчүн, акырындык менен түшкү тамакка майы жок эттен кошуп баштаңыз. Туз менен кантты биротоло унутуп койгонуңуз туура.
Анан өзүңүздү баттан күнүнө бир нече жана аздан тамактанууга көндүрүңүз. Тамактануу күнүнө 6 жолудан ашырбай майсыз жана куурулбаган тамактарга басым жасаңыз.
Организмиңизди кыйнабай лимон кошулган суудундуктарга көбүрөөк көңүл буруңуз.
Арыктоо процесси жүрүп жаткан убакта эч качан кайра-кайра таразага түшүп, өзүңүздү кыйнабаңыз. Себеби, кайра-кайра таразага түшкөн сайын сиз арыктабай эле кайра нерв ооруларына чалдыгып калышыңыз мүмкүн.
Диета кармап жаткан убакта сөзсүз түрдө кальций жана витаминдердин түрлөрүн ичүүнү унутпаңыз.
Кечки саат 18:00дон кийин тамак ичпөөнү өзүңүз үчүн эреже кылып алсаңыз, организмиңизге оң таасирин гана тийгизет.

Күнгө туура күйүүнүн жолу

Аба ырайы өзгөчө жайында өтө тез өзгөрүп турат. Кээде күн бүркөлүп, жаан жааса, кээде күндүн ысыгынан ким болсо да көлгө кире качкысы келет. Бирок көлгө бир кирип чыккандан кийин туздалган денени күн күйгүзүп жибериши мүмкүн экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек.
Шаарда күнүмдүк иштер менен алектенип жүрүп, көлдү эңсеп, барып алгандан кийин көл деген ушул экен деп дене куйкаланганча күйүп калгандар да жок эмес. Катуу күйүп кетпесе да негизи эле күндүн нуру адамдын тирисине терс таасирин тийгизип, эрте карытат. Айрыкча көлдүн жээгинде күн абдан ачуу болот эмеспи. Эгер денеңизди күнгө тегиз күйгүзгүңүз келсе жээкке баргандын алгачкы күнү колдон келишинче денени күндөн качырып, эртеси күнү көлдөн чыккандан кийин атайын күнгө күйгүзө турган кремдерди сүйкөбөстөн күндүн алдында 15 мүнөт ары-бери басып, колдон келсе чуркап, ачык жүрүүгө болот. Анан үчүнчү күн дегенде атайын күнгө күйүүчү кремдерди шыбанып алып кенен күндүн алдында жүрө берүүгө болот. Улам көлгө түшүп чыккан сайын денеге крем сүйкөп турууну унутпаш керек. Кечинде жылуу суу менен жуунгандан кийин атайын денени жумшартуучу кремдерди колдонууну унутпаңыз. Күндө жүргөндөн кийин денеге крем абдан жакшы сиңет.
Ал эми бетке болсо өзгөчө кам көргөнүңүз оң. Күнгө чыгаардан мурда бетти бир сыйра тоник менен тазалап, көздүн тегерегине атайын кремден аябай калыныраак кылып сүйкөп, бетке алгач күндүз сүйкөлчү, андан соң күндүн нурунан коргоочу кремдин spf 30у менен 3 саат, spf 50 менен 5 саат жүрүүгө болот. Ар бир 3 же 5 сааттан кийин бетти жылуу суу менен жууп, муздак суу менен чайкап, кайра кремдерди орду-орду менен сүйкөгөндөн качпаңыз. Эшикке чыккандан баштап, күн кирип кеткичекти беттен көз айнекти баштан шляпа, панамаларды түшүрбөй кийиш керек.




Купальниктер

Жайдын ысык аптабында ар бирибиз шартыбызга жараша жакын жердеги көлмөлөрдү, көлдү, деңизди эңсеп калаарыбыз талашсыз. Ал жактарга да жөн гана кете бербестен жыл сайын кыздар мода кууп купальниктерди, жайкы кийимдерди тандап калат эмеспизби. Эмесе, бул жылы эс алууга кайдай даярдануу керек жөнүндө кеңеш берип кетмекчибиз.
Алгач купальниктерге токтой турган болсок, көбүрөөк быйыл формасына басым жасалат. Көнүп калган стандарттан алыстап, ар кандай шакекчелерге, оймо-чиймелерге, өзгөчө байлагычтарга көңүл бурулуп, 2011-жылы токулган купальниктердин багы ачылат. Ал эми өңүн болсо , пальманын жалбырактарынын, ачык өңдөгү жемиштердин, тропикалык өңдөр жана африкалык тематика, ар кайсы жаныбарлардын терисинен тигилген сыяктуу болгон түстөр популярдуу болот.
Эң негизгиси, купальник ыңгайлуу болушу абзел. Кийгенде ар кандай ынгайсыздыктарды жараткан купальник менен суудан алыс сүзүп кетүүгө болбойт. Эгер атайын суудан сүзүү үчүн купальник ала турган болсоңуз үстү менен асты чогу болушу керек. Ал эми күнгө күйүү максатында болсо анда, үстү менен асты эки башка болгон купальникти тандаган туура.
Даярдаган
Айжаркын Сапарбекова