Медицина жылдыздары

Бөкөнбаевдер менен Адышевдердин өрнөктүү өмүрү, кылган кызматы, жазып калтырган кол жазмалары ар бир окурмандын кулагына күмүш сырга болсун - деген ой менен Жоомарт Бөкөнбаев менен Тенти Адышеванын кызы Сырга Бөкөнбаева менен болгон маекти сунуш кылабыз.

Медицина илимдеринин доктору, профессор,
Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Сырга Бөкөнбаева:
"Эң алгач, коомду дарылоо керек"

Абайлап дагы карачы,
Асмандан сызып бараткан
Ардагым Сырга канаты - деп Жоомарт агай "Кыздын канаты" поэмасында жазгандай, ар дайым кызы Сырганын элге пайдасы тийген, асманда көкөлөп бийик учкан кыздардан болуусун тилек кылган экен. Мына ошол ата-эненин аруу тилектери аткарылып, Сырга Жоомартовна, ардактуу кесип ээси болду.
Элуу жылга жакын өмүрүн педиатрияга арнаган. И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана КРСУнин педиатрия бөлүмдөрүнүн башчысы болуп эмгектенип келет. Республиканын ар тарабынан, коңшу республикалардан келип түшкөн өтө оор ахывалдагы наристелерди өз канатынын алдында көзөмөлдөп, асырап карайт. Ондон ашуун аспиранттарды, докторлорду даярдап чыгарган.

Экзаменден мен "5" алып
Ал эми Болот үч алган…"
- Мен башынан эле кинорежиссёрлукка кызыкчу элем. Мектепте белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен чогуу окуп, киностудиядагы режиссерлук курска да чогуу барып турчубуз. Экзамен тапшырып жатканда мен "5" алгам, ал эми Болот үч алып калып, ВГИКе мен өтүп кеткем. Маданият министрлиги Москвага билет алып, мени жөнөтүшмөк болгондо, апам: "Кулубектин Москвада окуганы жетиштүү. Сен бул жакта кал-деп, мени өзүнөн алыс чыгаргысы келген жок. Эгерде мен бул жакта калсам, наристелердин дарыгери болом - деп, бул кесипти өзүм тандап, медициналык институтка тапшырып калдым.

Лениндик стипендия. Алгачкы кадамдар
Ал мезгилде Медициналык институтка тапшыруу үчүн жети экзамен тапшырчубуз. Бешөөнөн беш алып, кудай буюруп, биринчилерден болуп өтүп кеттим. Биринчи курстан кийин жогорку стипендия алып окудум. Үчүнчү курстан баштап Лениндик стипендия ала баштадым. Баары 40 сомдон алышса, мен 120 сом алчумун. Ошондо деканыбыз, Алик Айдаралиев экөөңөр, стипендиядан баш тарткыла, силер шаарда турасыңар, ата-энеңер кашыңарда" - деп калды. Ошентип, стипендиябызды окуусунан, турмушунан кыйналган группалаштарыбызга беребиз - деп арыз жазып, баш тартканбыз. Жогорку стипендия менен окусак да, стипендия алган жокпуз. Ошол стипендияларды өзүм да тапшырып калдым. Азыр ошол курсташтарым "Институтта окуп жүргөнүбүздө бизди баккансың - деп калышат. Апас Жумагулов деген курсташым. Билесиңби, Сырга, ата-энем жок эле, бир топ жашка барып калган таенемдин колунда болчумун. Сенин стипендияң менен жан сактаган элем, деп кийин ыраазычылыгын билдирип калат. Окууга да, коомдук иштерге да жетишчүмүн. Курстун камсоргу, жалпы институттун полит секторунун орун басары болдум. Институтту Кызыл менен бүтүрдүм. Бир күнү М. Миррахимов "Киевге аспирантурага биохимия боюнча бар" - деп калды. Бирок менин устатым Борис Фобиянович Шаган "Кыргыз педиатриясынын атасы" - деп коюшат. Мен сени эч кимге бербейм, педиатр гана болосун - дегенинен, ардинатурага калып калдым. Ошентип Караванга турмушка чыгып, участкалык врач болуп бир жыл эмгектендим. Бүтүндөй Аксы району боюнча менден бир топ улуу Дононбаев деген врач экөөбүз иштечүбүз. Аксы, Ала-Бука, Чаткал бизге карап, бизге кайрылышчу. Хирургия менен келгенден башкасынын баарын кабыл алчубуз. Терапевт да болуп, төрөтүп да калдык. Ичип келгендерге экспертиза жасап, медициналык бүтүм чыгарып бергиле - деп кайрылган учурлар болгон. Түнкүсүн тез жардам кызматында тынбай иштедик. Бир жылдан кийин Фрунзеге келип, аспирантурага тапшырып, кандидаттыгымды, кийин докторлукту жактап чыктым.
Учурда Медициналык академияда пропедпедиатрия кафедрасын жана КРСУнун (Кыргыз -Россия-Славян университетинин) жалпы педиатрия кафедрасын жетектем келем. Бул жыйырма тогуз кызматкерден турган эң чоң кафедра болуп саналат. Анын ичинде хирургдар, невропотологдор, генетиктер бар. Ал эми Мед. академиянын кафедрасында тогуз адам эмгектенебиз.

Тамеки. Таза суу.
Майып балдар
Кайсы зыяндуу заттардын, тоолук аймактын эне менен баланын ден-соолугуна болгон зыяндуулугун изилдеген элем. М: Нарын, Нургапка чейин барып. Нарында зыяны төмөнүрөөк экен, ал эми Нургапта болсо, көп кислород жетишпегендиктен, бала токтобой, тукумсуздук менен ооругандар көп катталган. Бала төрөлсө да, оорулуу балдар төрөлөт экен. Өзгөн, Ноокенге барып тамеки, пахтанын зыянын изилдедик. Бул өсүмдүктөргө чачылган уулу химиялык заттар, болочок энеге да, балага да таасирин тийгизбей койбойт. Аялдар аны билбей, боюна бүтүрөт. Бул региондо, бала жаңыдан басып баштаганынан эле тамеки тизип отурушат экен. Мектепке кирсе, деле келечекте ата-эне боло турган балдар тамекиге чыгышат. Оокат - деп жүрүп, жаштайынан ден-соолуктарына зыян келтирип алышат. Ошондуктан жалпы улуттун ден соолугу, генофондубуз начар болуп жатат. Институтка окууга кирген балдардын 80% оорукчан балдар. Жаштайынан балдардын тамекиде, пахтада иштеттирип коебуз. Келечекте алардын ден-соолугуна чоң залакасы тиерине маани бербей келебиз. Кош бойлуу аялдар да тамеки талааларында иштейт. Ошондон улам салмагы аз, тубаса майып балдар төрөлүп жатат.
Азыр шаарда оорукчан балдар менен кайрылгандар көп болууда. Көбүнчө тубаса жүрөк оорулары, нерв системасынын жабыркашы, баспай калган балдар көп төрөлүүдө. Кайрылгандардын 5-6% Бишкектин тургундары түзөт. Кара-Балта жакшыраак эле алтын-кен комбинаты ачылгандан бери ооруган балдардын саны өстү. Эң таза - деп Токмок болуп турат. Ал эми түштүктө кышкысын өпкө оорулары менен кайрылышса, жайкысын таза суунун жоктугунан улам ич оорулар менен көп кайрылышат. Арыктан суу алып тамак жасашат. Тазаланбаган сууда, аскарида жана башка ушул сыяктуу курттар болот, анысына карабай, арыктан суу алып тамак жасашат. Таза суу жоктугунан ахыбал абдан начар. Жайкысын дизентерия, пневмония оорулары менен кайрылышат. Кайрылгандардын көбү шаардын четиндеги жаңы конуштардан келишет. Ич оору, өпкө оорулары, бронхит менен кайрылгандары арбын. Суусу жок, көмүрү да жок жашоого эч бир шарты жок.
Эң оор акыбалда келген наристелер, биздин реанимацияга түшүшөт. Менин колуман өтөт. Цепсис, менингит, остеомелит менен келишет. Мурун беш орундук реанимация эле. Кээде он экиге да жетип калат. Жаңы төрөлгөндөр үчүн элүү орундук бөлүмүбүз бар.
Тубаса майып балдарды таштап кеткен учурлар болот. Айыкканга чейин биздин карамагыбызда болушат. Кезекте турган жаңы ата-энелер чыгып, асырап алышат же болбосо балдар үйүнө жөнөтүлөт. Азыр да беш алтыдай бала бар.

Никесиз наристелер. Жумушсуздук.
Улуттук генофонд
Улуттук генофондду жакшыртуу үчүн мамлекет социалдык экологияны, медициналык экологияны, экономикалык экология биргеликте карап, комплекстүү иш алып барыш керек. Коомубуздун ар бир жараны сергек жашоого өтсө, болочок ата-энелер ичпей, тартпай баласына кам көрө билсе, коомдун саламаттыгы оңоло баштайт эле. Ата-энеси ишсиз жүрсө, кош бойлуу эне карандай чай менен отурса кантип ден соолугу чың бала төрөлөт. Бул жакта социалдык фактор зор ролду ойнойт. Мисалы азыр кээ бир эркектер 3-4 аял алып, никесиз, мыйзамсыз эки-үчтөн балалуу болуп, жоопкерчиликти сезбей үй-бүлөсүн таштап кетишүүдө. Жалгыз бой энелер, жумушсуздук, аракечтик ушунун баары болочоктогу баланын ден-соолугуна таасирин тийгизбей койбойт. Эң алгач, коомдун социалдык саламаттыгына басым жасоо керек. Эне ооруса, таза бала төрөлбөйт.
Мээрим Мусаева