Жакшы аял ырыс, жаман аял уруш

Кыргызстандын жалпы момун (бейиш ээлэри) мусулмандарына жана Уламалар Кеңешинин мүчөлөрүнө
Ассаламу Алейкум Ва Рахматуллахи Ва Баракатух!
Урматтуу момун мусулмандар, Уламалар Кеңешинин мүчөлөрү!

Биздин сиздерге кайрылуубуздун себеби, февраль айынын 2011-жылы Кыргызстан Мусулмандарынын убактылуу муфтийдин милдетин аткаручу Ч. Жалиловдун үстүнөн нааразы катты Кыргызстан Аксакалдар Кеңешине бергенбиз, алар текшерүү комиссия түзүп катты Ч. Жалиловко өзүнө беришкен. Тилеке карышы Ч. Жалилов Аксакалдар Кеңешин колго алып, элдин жазган нааразы катына ушул күнгө чейин жообун бере элек. Биздин максат бирөөнү жамандоо эмес, "Жети өлчөп бир кес дегендей", биз өзүбүздү - өзүбүз өзгөртүүбүз керек. Биз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, элибиз чогуу, Муфтият мамлекет баары бир аракет жасоосу керек. Бирок КМДБнын жетекчиси - муфтийдин убактылуу милдеттин аткаруучу Чубак Жалиловдун жасап жаткан иштери, сүйлөгөн жалган сөздөрү, чыгарган фатвалары кетирген каталары менен иштеп Алланын алдында күнөкөр болбойлу деп, Куранга жана Хадиске таянып, и.о. Муфтийдин жасаган кемчиликтери, бизди нааразы кылгандыктан, кыскача маалымат берип, Сиздерге кайрылууга аргасызбыз.
Хизб-Ут-Тахрирге, Ахмадияге, Салафилерге, Өзбекистандын Ислам Кыймылынын радикалдарынан келген боевиктерге, башка саясий көз караштагы агымдарга, топторго уюмдарга кеңири жол берилгендиктен мамлекетке, ислам динине чоң кооптулук туулуда. Натыйжада бийлик менен нукура мусулмандардын ортосунда түшүнбөстүктөр пайда болууда Муфтийдин убактылуу милдетин аткаруучу Ч.Жалиловдун жана облусттук казылардын саясий жана ислам илимдери тайыз болгондуктан, элди туура жолго салууга ылайыксыз. Илимсиздик ынтымактыктын, биримдиктин ыдырашына жол ачат, а муфтийдин убактылуу милдеттин аткаруучу Жалилов Ч. болсо, илимдүү кадрларды ишке тартпайт. Илимдүү кадрлар бизде көп.
2010-жылдын 29-ноябрында Ош шаарындагы Мажрүмтал көчөсүндөгү мечиттеги Өзбекистан Ислам Кыймылынын мүчөлөрү менен күч органдарынын ортосунда атышуулар болгон. Мечиттин имамы Нурматов Фархат менен Ч. Жалилов экөө чогуу, Аравияда окушкан. Ч. Жалилов өзү дайындаган ушул мечитке имандыкка. Бул окуяга ким күнөөлү? Албетте муфтийдин убактылуу милдеттин аткаруучу Жалилов Чубак. Убагында жергиликтүү калк менен мечиттердин имамдары менен түшүндүрмө иштери болгон эмес. Ош окуясына муфтийдин убактылуу милдеттин аткаруучу Ч.Жалилов эч бир кадам жасаган жок. Казы, имамдар өз ордуларында иштеп жатышат эч нерсе болбогондой.
2010 жылдагы Ажылык иштери боюнча 26-июлда Ч.Жалилов муфтийдин убактылуу милдетин аткаруучу болду. Президент Ажылык-сапар буйругуна 9 августта 2010 -жылы кол койгон. Эмне үчүн ажылыкты өз мойнуна албай, негизи ажылык сапар муфтияттын милдети болгон нерсени өкмөткө берип койду.
Ошентип Ч.Жалилов Конституцияны одоно бузган. Дин мамлекеттен ажыратылган, а мамлекет дин коомдорунун ишине кийлигишпейт. Бул жерден муфтийдин убактылуу милдеттин аткаруучу Ч.Жалилов өзүн алсыз, уюштуруу жагын билбеген адам катары көрсөттү. Канча деген адамдарды күнөөгө батырды. Ажылыкты дин иштерине кийлигишүүгө мүмкүн болбогон адамдарга тапшырып берип койгон.
Азыркы муфтийдин кенешчиси Жээнбеков Нэматулла ажы, экс-муфтий. 2005-жылкы ажылык сапарын уюштурганда чоң чыр болгон. Муфтиятка тиешелүү 6000 доллар акчаны уурдап алган жана ушул убакытка чейин муфтиятка акчаны кайтарып бере элек. 2006 жылдагы Комиссиянын чечими менен Жээнбеков Нематулла жана Лугмар ажы Гуйахунов иштен алынган, жана Уламалар Кенешинен чыгарылган. Ислам Университетинин ректорлугунан, Уламалар Кенешинин мүчөсүнөн жана муфтийдин орун басарлыгынан алынган.2005-жылы Туркиядан келген Сулейманчылар Кыргызстанда өздөрүнүн медиреселерин кыдырышкан алар менен чогуу Нематулла ажы дагы болгон. Ошол Сулейманчылардын башчысы айткан, биздин келгенибизге беш жыл болду, дагы он жылдан кийин бүт Кыргызстан биздики болот деген. Ошондо Нематулла ажы бир дагы аларга каршы сөз сүйлөй алган жок, себеби Нематулла ажы Сулейманчылардан беш жүз доллардан ар ай сайын алып турчу. Аллахтын астында чоң күнөөкөр болгон адамды кантип кайра өзүнө муфтийдин кеңешчиси кылып алган. Көрсө өзүнүн жездеси экен. Ошондой эле кудасы Асан ажы, азыр Хадж жана Умра бөлүмүн жетектейт. Борбордук мечитке караштуу Асан ажынын эки дүкөнү бар. Азыркы Жалал-Абад казысы да муфтийдин туугандары.
Баткен облусунун кээ бир имамдарын сакалы жок экен деп жумуштан айдаган. Жалилов Чубак, өзүнүн жакындарын, "Мундуз" урууларын өзүнүн чөйрөсүнө чогултуп жатат.
Ош обл. Казысы Калыков Сүйүн да, өтө чоң күнөкөр. 2009 жылы марафондон түшкөн 360 миң сомду жеп койгон. Ч.Жалилов ноябрь айында 2010-жылы өзүнүн буйругу менен Калыков Сүйүндү жумуштан айдаган. Бирок 3-күн өткөндөн кийин. Калыков Сүйүндөн кечирим сурап, өз ордуна кайрадан калтырылган. Муну кантип түшүнүүгө болот? Ушул каттын негизинде июнь айында гана алынды С. Калыков.
Токтомушев Максатбек бир эле убакта Бишкек шаарынын казысы жана Бишкек Борбордук мечитинин имамы болуп иштейт. Аллахтын кызматын жигердүү аткарайын деген адамга эки кызмат эмес, бир эле кызматты аткаруу чоң кыйынчылыкка турат.
А бирок Казыяттагы жана Борбордук мечитиндеги бийликти Мухтар деген аалым колго алган. Кличкасы "Максим" экен. Мухтардын буйругу менен ар-бир соода камогуна 3-жылга келишим түзүп койгон.
Ошондой эле, август айында газетага жарык көргөн Токталиев Акиндин макаласында, и.о. муфтий Жалилов Чубактын каталары мойнуна коюлган.
1. "Аял киши президент болсо, элге Аллахтын каары келет" деп.
2. "Аял кишинин колун кармоого болбойт" деп. Бирок өзү Төрө-айымдардын колун кармалаган.
Чубак Жалиловдун кылыгына таң калган адамдар "Кармоого болбойт" -деген колду кармап койгонунунда кандай сыр бар? - деп сураган. Анда Чубак Жалилов: Мен энем катары колун кармап койдум"- дептир.
Мусулман эркек мусулман аялды энеси катары колун кармап койсо мейли эле. Ислам шарияты менен жашабаган, ислам кийимин кийбеген, намаз окубаган аялды энесинин ордуна койгону кандай? Фатва бөлүмүндө иштеп турган убагында өзүнө-өзү өз кызыкчылыгы үчүн фатва чыгарып алганбы?
Орозонун акыркы жумасында телевизордон элдин кыжырын келтирген сөз сүйлөгөн. "Эшек туздун үстүндө өлүп жатып калса, ага реакция жүрүп эшек тузга айланып адал болот" деп. Ошондой эле чындыкты билүү үчүн эки киши кабинетине кирген. Аларга да ушундай түшүндүрмө берген. Химиялык реакция жүрүшү менен эшектин бүткүл денеси туздалып, тузга айланып калат. Кулагынан баштап кесип жей берсе болот"- деп айткан.
"Айтылган сөз-Атылган ок". Мухаммед (с.а.в.): "Кээде адам тилинен эмне деген сөздөр чыгып жатканына көңүл бөлбөй эле сүйлөй берет, бирок ал ошол сөздөрү үчүн тозокко ыргытылат" - деп айткан. Орозо - Айт намазында Аллахты мактоонун ордуна президент Р. Отунбаеваны Ч. Жалилов ыр менен мактаган. Даарат менен жүрүп намаз окуган Курманжан даткага теңеген.
Чубак Жалилов Фатва бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турган убагында Жапаров Алмаз деген даватчы бала телефон менен кайрылган. "Мен 7-жылдан бери 1-чи күйөсүнөн талак албаган аялым менен жашап жатам. Ортобузда 2-ки бала бар. Ушуну туура чечмелеп берсениз" дегенде, Жалилов Чубак "Беймарал жашай берсең болот, бирок эч кимден фикир сураба" - деп фатва чыгарып берген.
2010 жылы октябрдын башында Лейлек районунун имам хатиби Мухаммедкаримдин үстүнөн Ч. Жалиловко кайрылуу арыз түшкөн, бирок ошол ишти жаап салган. Мухаммедкаримдин 8500 сом карызы бар экен.
Азыркы убактагы Ислам диндеги баш айлантма тополоңду фундаментин мурунку Муфтий Муратаалы Жуманов түзүп кеткен. Муратаалы Жуманов чыныгы мунафик экендигин 100% далилденген. Азыркы убактылуу Муфтий Чубак Жалилов да Муратаалы Жумановдун ишенген кадры болчу. Абдышүкүр Нарматовдун сунушу менен муфтийликке кандидат болуп шайлоого катышкан. Ч. Жалилов сабатсыз болгондуктан КМДБнын уставын Темишов Базарбайга жаздырган. Бирок бул жазылган уставды мусулман аалымдар кабыл кылбай нараазы болушту. Мухаммед (С.а.в.) бизге 2-нерсени белек кылып таштап кеткен. "Куран" жана "хадис" ушул экөө жетиштүү гө.
2010-жылдын Ажылык сапардан түшкөн 350000 $ дын 116000 $ белгисиз жака жумшалып кеткен. Чубак Жалиловдун орун басары Толубаев М. казылардын чогулушунда уставды талкулап жатканда Чубак Жалиловдун кемчилигин катуу сындаган үчүн, аны жумуштан алып салган. Батыштын үлгүсүндгү даярдалган реформасын түзгөн КМДБнын Уставынын долбоорун колдоп 1-январдан тартып муфтият кызматкерлерин, имам, казылардын бүт баарын мыйзамсыз (уламалар кеңешинин чечимсиз) аттестациядан өткөрөм деп иштен бошотуп салган, ММК аркылуу бүт республикага жарыя кылып жиберди. А эми эч кандай аттестация өткөзбөй эле күбөлүк алгыла, деп жатат. Бул кандай? Күбөлүк берүүдө канча сурар экен? Же эки жүздүүлүкпү?
2010-жылдын декабрында Ислам Маданияты гезитине жарыя болуп, жалпы мусулмандардын талкуусуна коюлган салттуу Исламга туура эмес, көмүскөдөгү топтордун батыш үлгүсүндө түзгөн КМДБнын Уставынын долбоорун "колдоп бергиле" деп январь айында Ысык Көл мейманканасында чогулуш өткөрүп, облустун казыларын, Уламалар Кенешинин кээ бир мүчөлөрүн, КМДБнын кызматкерлерин каршы болгондоруна карабай кысымга алган.
Чүй имам хатиптери баары бир добуштан реформага каршы болушуп, ушуга жол берген Чубак ажыны жумуштан кетүүсүн талап кылышса, Чубак болсо Имам хатиптерди экиге бөлүп кайта Чүй казысын жумуштан кетирип, илимсиз адамдарды казы, зам. казы, керек болсо бир сүрөөнү таза окуй албаган кишини өзүнүн зам. Муфтийи кылып шайлаганы, акылга сыйбай турган нерсе. Салафийлер Ислам саясий партия түзүүгө даярданып жатат. Салафийлерди албетте Ч.Жалилов колдойт ошон үчүн Салафийлер түзгөн Уставты кабыл алууга аракет кылууда. Ч.Жалиловдун ислам динин бузуудагы тикеден-тике аракет кылгын иштери бир топ далилдер менен тастыкталган.
Оо, калайык калк мындан ары Чубак Жалиловге ишенич болбой калды, жетекчилик жолдон чыгып кетти. Бир жылдан бери уставды жаза албай жатат жана курултай өткөзө элек, КМДБга салым кошо элек, муфтийлик орунду өткөзүп берсин.
Урматтуу Уламалар Кенешинин мүчөлөрү!
Азыркы саясий, экономикалык жана диний кырдаал татаалдашып турган учурда, Кыргыз Мамлекетибизди коркунучтуу абалдан чогуу чыгарып кетели.
Сизди терен урматгоо менен,
Кыргызстан мусулмандарынын атынын