Жалгыз калган уурунун жаманаты жалпыга

Элге чыккынчылык келишими
Кыргызстан эң ири алтын кенин иштетүү боюнча Канаданын "Камеко" корпорациясы менен 1992-жылы келишимге кол коюшкан. Акаевдин бийлиги Кыргызстандын бүтүндөй келечегин байланыштырган "Кум-Төр" кенин элге чыккынчылык кылуу менен канадалыктарга жең ичинен сатып жиберген. Ушул максатта ошол кездеги президент Аскар Акаев "Сиабеконун" жетекчиси Б.Бирнштейндин жеке учагы менен Канадага чейин учуп барып, ойноп келген. Бул тууралуу ошол кезде Москвада мамлекеттик пландоо комитетинде жооптуу кызматтарда иштеп келген Касым Исаев бир катар басма сөз беттеринде жарыялап жиберген. Мына ушундай аракеттердин соңунда Аскар Акаевдин бийлиги канадалыктар менен түзүлгөн эки тараптуу келишимде "Кум-Төр" кенинен канча алтын казылса, ошону тең бөлүүнүн ордуна, тескерисинче, өз элине карасанатайлык менен кенди иштетүүдөн түшкөн таза кирешени гана бөлүштүрүүгө макулдугун берген. Бухгалтериянын тили менен айтканда, таза киреше деген сөз - бул түшкөн пайдадан аны алууга коротулган баардык чыгымдарды кемиткенден кийинки аз гана өлчөмдөгү таза киреше аталат. Өз мезгилинде, мындай келишим канадалыктарга абдан ыңгайлуу болгон. Натыйжада канадалык тарап кенди казууга кеткен чыгымды кагаз түрүндө атайылап көбөйтүп көрсөтүшүп, "Кум-Төр" кенинен кыргыз мамлекетине жарытылуу пайда бербей келет. Айрым атын атагысы келбеген эксперттер, Акаев бийлиги мындай келишимге макул болуу менен канадалыктардан ири суммада акча алганын айтып келишет.


Чыккынчылык келишим улантылган
Мына ошол Аскар Акаев түзгөн келишим, көп өтпөй 2003-2004-жылдары Николай Танаевдин өкмөтү тарабынан дагы бир жолу өзгөртүлгөн. Тагыраак айтканда, алгачкы келишим боюнча "Кумтөр" кенинин акциясынын 70 пайызы Кыргызстанга, калган 30 пайызы канадалыктарга тиешелүү болуп, келишимдин мөөнөтү 2003-жылы толугу менен аяктап, алтынды иштетүү кыргыз тарапка өтүшү жазылган эле. Ушул жылы тескерисинче, кыргыз бийлиги "Кум-Төрдү" Кыргызстанга алуунун ордуна, аны дээрлик толугу менен чет өлкөлүк атуулдарга жең ичинен сатып жиберишкен. Кантип?

Танаевдин таң калыштуу келишими
1992-жылкы келишимди Николай Танаевдин Өкмөтү теңирден тескери кылып өзгөрткөн. Ошол кездеги кыргыз бийлиги чет өлкөлүктөр менен жашыруун сүйлөшүү жолу менен "Центерра голд" компаниясын түзүшкөн. Анын курамына "Кум-Төр" кенин киргизишкен. Бирок, "Центеррадагы" Кыргызстандын үлүшү таң калыштуу жол менен мурдагы 70 %дан 33 %га түшүрүлгөн. Мындан сырткары, ал акциялардын жарымынан көбү 82 млн. долларга жең ичинен сатылып кеткен. Кыргызстандын колунда болгону 15, 66 % акция калган. Мындай таңкалыштуу келишимге ошол кездеги өкмөт башчы Николай Танаев 2003-жылы 31 -декабрда алагүү болуп отуруп (мас абалында) кол койгонун 2009-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Кубанычбек Исабеков жарыя кылып чыккан.

Ыңкылаптан кийин эмне болду?
2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин да келишим дароо өзгөртүлгөн эмес. 2007-жылы гана сүйлөшүүлөр башталып, аны ал кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев баштаган топ жүргүзгөн. Ал сүйлөшүүлөр жыйынтыгында канадалыктар Кыргызстандын акция боюнча үлүшүн 29, 4 %га жеткирүүгө макул болгон. Бирок, келишимди жакшыртуу максатында жаңы өкмөт башчы Игорь Чудинов башында турган дагы бир топ иштеп, алар Кыргызстандын үлүшүн 33 % га жеткирүү, жалпы өндүрүлгөн продукциядан 18 % салык төлөө боюнча макулдашууга жетишкен. Бул келишим 2009- жылы апрель айында Жогорку Кеңеште ратификацияланган Келишимде эми эки тарап кен, үлүш, пайданы бөлүү боюнча дагы чырлаша турган болсо, анда маселе эл аралык арбитражда каралаарын да белгилешкен. Акыркы келишимден кийин "Камеко" корпорациясынан "Центерра голд" компаниясына өткөрүлгөн.

Таза кирешени эмес, казылып алынган алтынды бөлүштүрүү зарыл
Кыргызстандын Каржы министрлиги жана Мамлекеттик салык кызматынын берген маалыматына таянсак, алтын продукциясы өндүрүлө баштаган. 1997-жылдан тартып, 14 жыл бою "Кум-Төр" долбоорунан Кыргызстанга 342 миллион доллар киреше түшкөн. Ошол эле маалда Канада тарап 237 тонна алтын казып алып, 3 миллиард 681 миллион доллар киреше тапкан. Башкача айтканда, жалпы кирешеден мамлекетке тогуз пайыз гана пайда түшкөн. Буга нааразы болгон жергиликтүү калк келишимди толугу менен өзөртүүнү талап кылышууда. Алар таза кирешени эмес, казылып алынган алтынды тең бөлүүнү сунушташууда. Жергиликтүү калктын мындай сунушу ишке ашабы же кыргыз бийлиги дагы бир жолу жең ичинен келишимди өзгөртүшөбү аны убакыт көрсөтөт.

Күнүнө үч жүз килограмм алтын өндүрүлөт
Ушундан улам келишим түзүүдө таза алтындан эмес, өндүрүштөн тапкан киреше тең бөлүнүшү керек деген пикирлер коомдо айтылып келет. Балыкчыда акыркы жолу болуп өткөн митинг учурунда Коомдук көзөмөл кеңештин өкүлү Жаныбек Толкунов: "Алтын өндүрүү көбөйдү. Мен он эки жыл ал жакта иштегем. Биздин балдар айткан маалымат боюнча, күнүнө эки жүз элүү, үч жүз килограммга жакын алтын өндүрүлөт. Бирок, кожоюндары расмий документтеринде 40-50 килограмм деп көргөзүшүүдө", - деп билдирди.

Мамлекеттин ичиндеги мамлекет
Жогорудагыдай пикирди "Кыргыз Алтын" ачык акционердик коомунун мурдагы вице-президенти Максат Жээналиев да колдоп, төмөндөгүдөй оюн ортого салды: " Учурда "Кум-Төрдө" жыл сайын 17-20 тонна алтын өнүрүлөт деген маалыматтар айтылып жүрөт. Мына ушуну теңме-тең бөлсөк болмок. Бул жерде башы ачылбай жаткан суроолор көп. Анын башкы себептеринин бири "Кум-Төр" лицензия менен иштебестен, концессия менен иштегенине байланыштуу болуп жатат. Себеби, соңку жылдары алар мамлекеттен лицензия алышпай, концессия келишимин түзүп алышып, биздин бийликке баш ийбеген "Өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" дегендей ыйгарым укуктарга ээ болуп алышкан. Тагыраак айтканда, алар мамлекеттин ичиндеги кичинекей мамлекетке айланып калышкан. Азыр элдин нааразылыгы дагы ошол маалымат ала албагандыктан келип чыгууда".

Коррупция күчүндө
Максат Жээналиевдин айтымында, "Кум-Төр" эч качан ревизиялоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Маселен, 1992-жылы аны Кыргызстан менен Канаданын "Камеко" компаниясынын ортосунда генералдык келишим түзүлүп, 1993-жылы аны Жогорку Кеңеш бекитип берип жаткан кезде канадалык тарап менен 276, 6 миллион долларга чыгым жумшап, комбинатты куруп жана башка жумуштарды аткарып, кенди иштетебиз деген макулдашуу болгон. Ал эми 1997-жылы кендин курулушу аяктаган кезде коротулган чыгым 452, 5 миллион доллар деп көрсөтүлгөн. Ортодогу акча эмнеге көбөйүп кеткендигин эч ким эсептеген эмес. Ошондой эле ушул кезге чейин казылып алынган алтынды тоннадагы граммына жараша эсептеп чыгып, "списаниеге" чыгарган эч ким жок. Ошол эле кадр саясатына келсек, чет элдик жумушчулардан 120 киши иштеп, 1 850дөй кыргызстандык кенде эмгектенет. Бирок, эки тараптын алган эмгек акысынын айырмасы абдан чоң.

Байкуш кыргыз кеч болуп калганын ошондо түшүнөт
Ошентип, урматтуу окурман, качып кеткен президенттер кыргыз байлын жең ичинен чет өлкөлүктөргө сатып жиберишкен. Эң өкүнүчтүүсү, коркунучтуусу алтынды башкалар казып, кыргыз элине кенди иштетүүдөн уулуу зат калдыктарын калтырышууда. Маселен, "Кум-Төр" кени деңиз деңгээлинен 4 000 метр бийиктикте, кереметтүү Ысык-Көлдүн сырт тарабында жайгашкан. "Кум-Төрдөгү" ачык кен казып алуу иштери 2004-жылы эле аяктамак жана жер алдынан алтын казып алуу иштери башталууга тийиш болчу. Бирок, канадалыктар чыгым көп кетет деп жер алдына киришпей, бүтүндөй тоону томкоруп алтын казышып, Петровка аттуу бийик тоо түп орду менен жок болгон. Эң коркунучтуусу алар кен иштетүүдөн чыккан уулуу зат калдыктарын ошол эле 4 миң, метр бийиктиктеги Нарын дарыясына жана кереметтүү Ысык-Көлгө куючу суунун үстүндөгү тоо арасында курулган дамбаларга ойду-келди төгүп келишет. Адистер ал дамбалардын эл аралык талаптарга ылайык эмес, туура эмес курулганын белгилешип, ак эткенден так этип келишет. Ага көңүл бурган эч ким жок. Мындан сырткары, оор жүк ташуучу машиналар Балыкчыдан тартып "Кум-Төр" кенине чейинки жолду аралап өткөндүктөн, жол жээгиндеги карапайым адамдардын үйлөрү, курулуштар, жайыттар, айлана-чөйрө олуттуу жабыркоого учурап жатат.

Асанкул ЖАПЫШЕВ,
"Саясат пресс",
25-март, 2011-жыл




Кайрылуу!
Кыргыз элиме Кудайым көп байлыкты белек кылып бериптир. Эми ошону биз тура колдонбой атабыз. Көп өлкөлөрдү Кудайым тоо-кен байлыктардан кемситип коюптур. Бирок, ал өлкөлөр кыргыз элинен көп эсе эл жашайт. Биздин кайдыгерлигибиз акыры Кыргызстанды жакырчылыктын сазына башыбыз менен чөмдүрөт, элим! Көзүңөрдү ачкыла!
Өз байлыгыбызды өзүбүз сактап, колдонбосок болбойт.
Элдик "Эл ырыскысы Элге" кыймылы,
Ж. ШАМЫРАЛИЕВ