Ата-Журт кыйын күнгө кабылганда,
Айланды ар бир уулуң чагылганга…
Ушуга окшош тема менен революциянын алдында макала жаздым эле. 30-март 2010-жылы "Форум" газетасын Бакиев жаптырып салды эле, мунусунда Кудай өзүң сактай көр.


20 жылдан берки үй-бүлөөлүк башкаруудан эзилген элибиз акыр түбү чыдамы кетип, 87 бир тууганыбыз Чолпонбайдай төшүн окко тосуп, эли үчүн, келечек үчүн жандарын аяшкан жок. 7-апрелге чейин кыргызда ушунчалык патриоттор, баатырлар көп экенин билбептирмин. Баатырлык наам жана төш белги алгандар огеле көп. Баатырлыктын да баркын кетирбеш керек болчу. Баатырлыкка революцияда өлгөн балдар жана жарадар болгондор гана татыктуу. Калганыбыз болгону парызыбызды аткардык. Эмне кылганыбызга баатыр болобуз? Баатырлык сенин төшүңдө илинип турган медаль эмес. Сен элдин төшүнө, жүрөгүнө илинсең, эл баалайт баатыр наамын берет. Мен баатырмын деп мактана турган да күн келе элек. Жашоону оңдогонду кой, үмүттөндүрүп да коюша элек. Эл жашоонун оңолушун эмес, биринчи күнөөлүүлөрдүн жазаланышын күтүп жатышат. Ошондо эл ишенип, үмүттөнүп, стабилдүүлүктүн башы ошондо башталмак. Күнөөлүүлөрдү жазалагандын ордуна ошолорду жазалайм деп келген Барктабасовду куралчан экен деп камап алып отурасыңар. Эмне андай кишини сакчылары калтек менен кайтармак беле. Эгер андай болсо Үсөн Сыдыковдорду да камаш керек эле эркелетпей. Алардын айынан кишилер өлгөн. Баатырлыкты берээрден мурун ушундайларды калысташ керек эле. Эгер бийлик андай эле баатырлыкты бергиңер келип, издеп таппай атсаңар, Бакиевдин кара тизмесинен карасаңар, СНБдан сурасаңар эле айтып бермек.
Карасам, ар кайсы партиядан канчалаган дайын-жыты жоктору да, бары да баатыр болуптур. Биздин көлдө бир партиядан мынчалык баатыр болсо Каркыра сатылмак эмес. Мынча киши Каркыра сатылып атканда, тескерисинче, сатып аткандарды жумуртка менен согуп, мазактамакпыз. Бул баатырларды эл баатыры деп эсептебейм, болгону ар кайсы партиянын агитатор - баатыры . Алар болгону шайлоодо жакшы иштеп беришкен, акчанын күчү менен.
Анысы аз келгенсип, Бакиевдин убагында эл үчүн бир калыс сөзүн айтып койбой, кошомат кылып, шакалданып, өзүнүн чөнтөгүн ойлоп, элдин кыйналганын уруп да койбой, креслосунан айрылгысы келбей, Бакиевтерге чүлүктөнүп жүргөн байкелер азыр "элди ойлоп, жүрөктөрү ооруп, кыйналып", кыйын сүйлөп, акылдуу болуп аткандарын көрүп, бир уламыш эске түштү.
"Чычкандар үйдөн кенен-кесир баса албай, мышыктан коркуп, тамактарын тарттырып, жан багалбай айласы кетет. Бир күнү чычкандар Курултай өткөзүшөт. "Бул мышыкты жоготмоюнча, бизде жашоо жок" дешип, мышыкты кантип өлтүрөбүз деген маселе туулат. Ызы-чуу түшүп, "капкан салыш керек", "уу бериш керек", "сыйыртмак салыш керек" дешип, баардыгы ойлорун айтышат. Баардыгы сыйыртмак салууну колдошот. Ошентип жип табышып, "эми бул ишке ким барат?" дегенде баягы акылдуу болуп, минтиш керек, тигинтиш керек дегендерден бирөө да чыкпай, көздөрүн качырып туруп калышат. Ошондо "Элим үчүн мен барам, эл үчүн жанымды аябайм" деп эки чычкан, мышыкка сыйыртмак салыш үчүн чыгышат да эптеп араң өлтүрүшөт. Мышык өлгөндөн кийин баягы чычкандар "Айтпадым беле, ушинтиш керек болчу" дешип ар кимиси өзүн мактап, акылдуу болуп чыга келишет. Мышык өлгөнүнө ыраазы болбой, "Ушул жерге да өлтүрүшөбү, алысыраак өлтүрүшсө болмок, эми бул сасыйт" дешип, күн өткөн сайын баягы эки чычкан күнөлүү болуп, сын айтылып, эрдиги эч кимдин эсинде калбай, эл душманы өңдөнүп, тескерисинче, эки жүздүүлөр баатыр болуп чыга келишет.
Дагы бир ойчулдун айтканы бар, революцияны потриоттор жасайт, үзүрүн шакалдар,эки жүздүүлөр көрөт деп. Ушул сыяктуу азыр элибизде баатырлар көбөйдү. Ошол сын айткандар Бакиевдин убагында элге кыйын болуп турганда кайда жүрдүңөр эле. Бакиевдин убагында парламентте отуруп чүлүктөнүп, Бакиевдин айтканынан чыкпай байкуш болуп жүргөнчө, ошол учурда эле азыркыдай "кыйын" болсоңор, эл бул абалга жетпейт эле го.
Уялалычы, бир туугандар, эки жүздүү болбойлучу! Жок дегенде убагында Бакиев менен күрөшкөндөргө бир аз болсо да баа берип койгулачы. Революциядан кийин эл ойлогондой болбой, сурак берчү адамдар сурап, сурачу адамдар сурак берип отургандары ичимди ачыштырды. "Ата-Журт" партиясындагы Жолдошева эжекебиз убактылуу бийликтеги байкелерди такалап атканын көрүп, Бакиевдин убагында ушул "характери" кайда эле деп суктандым.
Эл эми ойгонду, таза шайлоо өткөрөбүз деп, жарышка түштү. Элдин үмүтү теңирден тетири чыгып, баягы эле Бакиевчилер бийликке келишти. Буга бийликке келгендер эмес, жол ачып берип, алдырып ийгендер күнөөлү. Короодогу эки ит деле чоочун ит короого кирсе, ынтымакташып кубалап чыгышат. Ошол эле эки итке бир идишке тамак берсең, ырылдашып согушат, бул табигый көрөнүш. Ушул сыяктуу баарынын башы биригип, Бакиевди кубалашып кеткенден кийин сөөк талашкан иттей бириндеп туруп алышты да, короого кирип келген чоочун иттерге тамагын тарттырып ийишти. 20 жылдан бери бир принципте жүргөн "Ата-Мекен" партиясы эл ишенимине ээ болуп, патриоттордун көбү тегерегине чогулган. Революциядан кийин акчалуулар, дайын-жыты жоктор ширелип, мурункудан да көп "патриоттор" чогулду.
Мен көп жылдан бери "Ата-Мекен" партиясынын жактоочусу элем. Шайлоонун алдында Алымбеков Эркинбекке "Партиянын кадыры түшөт, эл иренжийт, акчасын көтөрүп мурун дайын-жыты жоктор келип атышат" десем, "Бизге үйрөтпөгүлө, "Ата-Мекен" партиясы бир-эки кишиден аксап калбайбыз, партиядан чыккыла!" деп тантый баштады. Партия аксаса аксай берсин, биз эл аксабасын деп жүрөбүз да. Ошентип партиянын кадыры кетип, ал партиядан көп киши жүзүн буруп кетти. Патефон алмашканы менен пластинка ошол эле боюнча калгандай болду. Ошол сыяктуу себептер менен эл ишенген партиялар башкадан айырмасы жоктой болуп калды.
Эгер партиянын акчасы жок болсо, анда партиялык башкарууга эмес, шайлоого да даяр эмес экенбиз да. Менин оюмча бир жыл шайлоону токтото туруп, жазалачуларды жазалап, тазалоочусун тазалап, акты ак, көктү көк деп кашаанын сыртына чыгарып, анан таза шайлоо жайчылыкта болгондо жакшы болмокпу дейм. Азыр саясий атаандаштык менен өнүгөбүз дегенибиз менен тескерисинче, саясий карама-каршылык болуп, кенен жолдо бири бирибизге чалынып, жыла албай чөгүп баратпай элебизби. Ынтымак жок. Ынтымак деген эмне? Кыргызда "Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы" деп коёт. Бизге тышкы күчтөр беш жакалуу, он жеңдүү демократия деген көйнөк бычып берип койгон. Ошон үчүн ар кимибиз ар кайсы жакты самап жатабыз. Же ынтымакты, башкача айтканда, "Беш салаа беш башка, билек бир, беш адам беш башка, тилек бир" дегендей, максатыбыз бир болгондо гана саясий атаандаштык менен өнүгөбүз. Бул жерде саясатчылардын эмес, элдин ынтымагы жоголуп баратат. Бул тышкы күчтөрдүн жүз, эки жүз жылдан кийин жемишин бере турган саясаты көп жылдан бери жойлоп жүрөт. Балага оюнчук берип койгондой эле ойноп жатабыз. Чындыгында ал оюнчукка уу чыланган, биз ойноп жатып өлөбүз. Ал уу кыргыздын ынтымагын ыдыратып, өзөгүнөн чиритип жок кыла турган ооздугу жок демократия жана ошонун принциптерине таянган дин эркиндиги деп түшүнөм. Социалдык-экономикалык проблема, орусча айтканда, "отвлекаюший моневр". Биз курсагыбызды тойгуза албай, башка талаада күрөшүп жүрөбүз. Бул жагыбызда ар кайсы жасалма диндер кыргызды бөлүп-жарып, жалмап жеп келе жатат. Карасаң, ар кимдин тутунуп алган эч кимге бергис чындыгы бар, ар ким өзүнүкүн далилдеп бере алат. Алыстан карасаң, кыргыз бөлүнүп, жарылып, ыдырап башыбыз бириккис коркунучка бара жатабыз.
Ата-бабаларыбыз бекеринен жалпы Исламды кабыл алган эместир. Тутунганыбыз, жолубуз, изденгенибиз бир болуп, ынтымак болот деген кеп. Кыргыз катары ар кандай диндерге, кыргызга канчалык дэңгээлде пайдасы, зыяны бар экенин кызыгып көрдүм. Бирок, ар ким өзүнүн динин таңуулайт. Ар кимдин өзүнүн чындыгы бар. Дин жаман жакка чакырбайт. Бир адамды жакшы жолго тартса тартып аткандыр, бирок кыргызды ар кайсы жакка тартып ыдыратып атканы көрүндү. Айылдарда бир баптис өлүп калса, эл кыргыз катары, кыргыз динин саткан эмес деген принципте чогулуп көмдүрбөйбүз дешип, проблема болуп отурат. Бул кыргызга жат көрүнүш.
Демоктратиянын принциптеринен чыкпай жашайбыз деп бирөөнөн милдеттеме алдык беле. Демоктратияга кыргызды ылайыкташтырбай, кыргызга демократияны ылайыкташтырышыбыз керек. Ар бир адамдын менчиги бар- менчик үйү, менчик машинасы, менчик кийими дегендей. Ошол эле учурда улуттун менчиги бар- тили, дили, каада-салт, үрп-адат дегендей. Ошол менчигибизден ажырасак, биз эч ким эмеспиз. Кудай улут кылып, бекеринен ар кандай кылып жараткан эместир. Демек улутка маани беришибиз керек. Манас атабыздын убагында демократия деп азыркыдай болгондо, кырк чоро кырк партия ачып, кырк динге кирип, кырк жакка кетип, ушул убакка чейин кыргыз деген атыбыз, улуттук сезимибиз жок болуп, жөн эле киши деген атка таандык болмокпуз. Ошондо тышкы күчтөр өзүлөрүнүн саясатына ылайыкташтырып , каалаган жерге ээлик кылышып, биз өз жерибизге ээ боло албай калмакпыз. Мындай көрүнүш эгерде илгери болгондо дедик.
Эми келечекти элестетип көргүлөчү... Америка Европаны туурабайлы, керек болсо алар бизди туурасын. Ошол эле Американын келечеги мен үчүн туман. Учурда алар пикте. Ошон үчүн алардын саясатына ыкташып атабыз. Келечегин көрө алсаңар, алардын саясатынан качкыңар келет. Мен Америкага барып, изилдеп келген эмесмин. Көзүм менен көрбөсөм да, көөдөнүм менен сезип турам. Бизге болсо "Демократияны контролдоп тургула" деп укук коргоочуларды жашыл акчаларга тойгузуп коюшкан. Бир адамдын укугун коргойм деп, улуттун, мамлекеттин укугун тебелеп тепсеп атышат. Мен мамлекетке пайдам жок болсо, зыян алып келсем, менде кайдагы укук?
Эл арасына алып чыгып, жазалаш керек. Менин укугумду коргоп бирөө чыкса, аны да жазалаш керек. Мамлекетке, улутка чыккынчылык жасаган кишиге болушкан өзү чыккынчылык. Ар бир туура эмес ишке жаза болуш керек. Кичинекей бала деле чайнекке колун күйгүзмөйүнчө, анын тегерегинде ойноп жүрө берет. Ушуга чейин ким жазаланды? Азыр Бакиев келсе деле укук коргоочулар анын укугун коргоп атып, апакай кылып, күнөөсү жок болуп чыгат. Бакиев "Менин эч күнөөм жок, мен элди тоногон жокмун"деп атпайбы. "Балам кыйын болсо эмне кылайын, ал кыйын бизнесмен" деп. Калганыбыз келесообуз.
Ошол сыяктуу Бакиев өзү жалгыз жеген жок. Азыр парламентте отурушкандар "Өз эмгегибиз менен байыганбыз" деп атышпайбы, атасынын башы! Кандай уурдаганыңарды образдап түшүндүрүп берем. Тринка деген кумар оюн бар го, жашоону ошондой элестеткиле. Үч адам, ал эл, 50 сомдон алып келип ойноп жатышат. Ортодо 150 сом бар. Оюндун шартында сваршик деген бар. Үчөө беш сомдон ойноп отуруп, отуз жолу свар болсо 150 сом сваршиктин чөнтөгүнө кирип кетет. Сваршик уурдап албайт, тартып албайт, мен өз эмгегим менен таап атам дегендери ошол. Оюн токтоп калбас үчүн кайра үчөөнө кредитке бериле берет, ошентип, үчөө карызга бата берет, сваршик "өз эмгеги" менен байый берет. Анан свар чогултчу креслого жанталашып, ошол эле чогулган элдин акчасын шайлоо учурунда пайдаланып, элди алдап кайра эле ошол креслодо отуруп калат. Ошондуктан, оюндун шартын өзгөртүп, сваршикти жокко чыгарып, аны да оюнга кошуп, свардын акчасын төртөө тең пайдаланышы керек. Элдикин уурдаганды мыйзамдаштырып алышкан. Ошон үчүн өздөрүн ак сезип отурушат. "Жарды элдин байы болгуча, бай элдин жардысы болгон" жакшы.
Урматтуу кыргыз бир туугандар, байкелер, мынча дүнүйөнү эмне кыласыздар? Биз бул дүйнөдө калбайбыз. Артыңарга дүнүйө эмес, жакшы из калтырып кеткилечи. Сиздер өзүңөрдөн байыраагыңарды карап, андан ашкыңар келип жанталашып аткан жоксуңарбы? Ылдый карап көрүңүздөрчү, майыптар бар, жетимдер бар, жардылар бар. Сиз айтаарсыз, "Алардын ырыскысын мен тартып алдым беле?" деп. Жок! Сиз экөөбүз кыйындыгыбыздан ушундай болуп, майыптар, жетимдер, жардылар жамандыгынан ошондой болуп калган эмес. Же Кудай сиз экөөбүздү жакшы көрүп, тигилерди жаман көргөнүнөн эмес. Биз болгону бул дүйнөдө сыноодобуз. Эгер сизге байлык керек болсо, бизнеске эле кетиңизчи жумушту кыйнабай. Элге кызмат кылуунун миллион жолу бар. Колубуздан келишинче "Мен кыргызмын" деп, кыргыз деген атыбызга кызмат кылалычы. Кыздарыбыз сойку болду, жаштарыбыз бөтөн элге малай болду. Элибиз жарды болду. Кыргызстан кыргызга эле керек. Калпак бизге жарашканы менен калпакка биз жарашпай баратабыз. Кыргыз бирөөнө малай болгон эмес, сойку болгон эмес, жарды болгон эмес деп, кыргызды кыргыз кылгысы келип, бирок колунан эч нерсе келбей аткан бир тууганыңар,

Имашев Салават.
Ысык-Көл обл.
Ак-Суу району.
Кайырма-Арык айылы.
Балким мен туура эмес ой жүгүртүп жаткандырмын.
Андай болсо кенеш берип коюшунузду суранам.
Тел: (0772) 133-479.
E-mail: salavat.imashov@mail.ru