Балээ кетсе, бакыт келет

Кыргызстан качан мыйзамдуУ өлкө болот?
"Кыргызстан мыйзамдуу мамлекетпи?" деген суроого жооп издесек, алыс кетпей эле мыйзамдуу эмес деп кескин түрдө жооп берүүгө туура келет. Анткени, өлкөбүздөгү болуп өткөн эки революция эле бир топту айгинелейт. Кыргызымдын башынан өткөн кан төгүүлүү революциясы өз максатына жеттиби? Же болбосо 2005-жылкы кыргызымдын башынан өткөн кан төгүүлүү революциясы өз максатына жеттиби? Төңкөрүштү Бакиевдин үй-бүлөөсүнө уурдатып жибергендей, дагы деле 7-апрелдеги элдин жеңишин акчалуу саясатчы жүзүкараларга уурдатып, тарттырып жибердикпи? Убакыт өткөн сайын карапайым калктын каны менен келген бийлик Аллага багыштап, элге берген АНТын, убадаларын аткарбай, элди ар кандай атайын жазалган сенсациялык жоруктары менен алаксытууда. Ток этээр жерине келгенде, эл баалаган бир татыктуу иш кыла алышпады. Уурулукту токтобуз деген саясатчылардын дөгүрсүгөн сөздөрү курулай экени, миллиондорду уурдагандардын ысымдары азыркыга чейин чалчактап жүргөндөрү менен белгилүү болуп калды. Уурулар "уурдаган жокмун" деп танганы таң калаарлык эмес. Анткен менен учурдагы аткаминерлерибиздин бир да сөзүнө коомчулук ишенбейт. Себеби, өткөн мезгилден бери эле бийлик элди алдап келген. Үзөңгү-Куушту, Каркыраны, көлүбүздүн жээгин саткандары бет тырмалык кылып, дүжүр интелегенциянын жардамы менен "Кыргызстандын бейкутчулугун сактап калдык, ордуна трактир, автобус алып жатабыз" деп элди алдап, жаш баладай соороткон эле.
Ал эми азыркы өкмөтүбүздүн азаматтары миллиондорду уурдаганы, ууруга умтулгандыгы, элдин кыжырын келтирип жатат. Эл ишеничине кирген саясатчыларыбызга да көпчүлүк калк ишеничин артпай калды. Себеби, алар бийликке келээри менен казынага кол салып, көнүмүш адатка айланган иштерин кайрадан жасоодо.
Учурунда оппозициянын катарында жүргөм деп көкүрөк чапкандын көпчүлүгү, кандайдыр жеке кызыкчылыктары үчүн гана жүргөндөй. Анткени, баарысы "патриот" дегенден алысмын. Эгерде ар биринин эмгек жолун изилдесек, оппозициянын лөктөрүнүн көпчүлүгү мамлекетти тоногонго катышкан инсандар. Бир гана ошол эле Акаев-Бакиевдин командасында жүрүшүп, кызматтан куулгандар, же болбосо жеген акчасынан бөлүшпөй коюшкандар, тактап айтканда таарынычтын айынан оппозицияга кире качкандар. Оппозициянын катарында жүрүшүп көмүскө кабинеттен бийигирээк орунга ээ болушалбай калгандар. Капчыгы калыңдары болсо партиянын санын көбөйтүп жеке партия кура коюшуп, коомчулука жеке пикир таңуулашып ашмалтайын кетиришти. Өздөрүн лидер сезген сойку саясатчылар, акырындап куру убадачылардын катарынан орун алышкандар биздин арабызда аз эмес. Мезгил талабына ылайык оппозицияга өттүм деген саясатчыларды мезгилинде баатырдык кадамга барды деп коомчулуктун аз катмары жана укук коргоочулар колдоо көргөзчү элек, аларды камакка алынганда эл колдоп, элдин күчү менен кутулушчу, бийликкти кулатканга активдүү катышкандар да арасында жок эмес. Кээде айрымдарынын атын атоодон да жийиркенесиң, алардын көбү бийликте жана парламенте отурушат. Кылмышкерлерге кайсы партия болбосун дегели бир айырмасы жок экен, " пулуң болсо кулуңмун" деген накыл бекеринен айтылбаса керек. Ал эми кембагалдарга "кайда барсаң мамайдын көрүү" дегени туура келчүдөй. Биз мыйзамдуу мамлекет курабыз деп атабыз, бирок бир байдын үстүнөн кылмыш иши козголсо эле, колдоп, пикет, митинг уюштуруп жибермей адатыбыз баардык аракеттерибизди текке кетирип жатпайбы.
Деги кыргызга мыйзамдын кереги барбы, же бир табак эт болсо эле элин да, мамлекетин да, атасын да, энесин да сатып, баардыгына кайылбы? Кедейдин башына иш түшсө өз башы менен азабын тартат, ал эми бай чиновниктин башына иш түшсө бүткүл урук туугандарын, жердештерин, Кудай берген жумушу жокторду ак үйдүн аянтына алып чыгат да "биздин балага тийбегиле, коёбергиле", "баланча кетсин" деп талап койдуруп кыйкыртышат да отура беришет, анан биз кайдан мыйзамдуулукту издейбиз. Балким ушу эле мамлекетти оңойбуз деген саясатчылар коомго душмандык кылып, кыргыздын патриоттуулугун, рухун, каада-салтын тебелеп - тепсегендер болуп жүрбөсүн М. Эшимканов, К.Карабеков сыяктуулар. Акчанын артынан кууп, элди да, мамлекетти да унутуп эптеп эле капчыгына толтуруунун амалында аларды колдоп жүргөн, ошол эле мыйзамды бузган соттор. Мыйзамдулукка алып келгенден ордуна, мамлекетти криминалдыштырып жибергенге да үлгүрдү, соттордун кылган мындай иштери түздөн-түз мамлекетке кылган душмандыгы деп эсептейм. Эмне себептен мыйзамдуулуктун даңгыр жолун бирге куралы, ынтымакта мыйзамдуу өлкөнү орнотолу деген бир дагы саясатчынын аракети жок, себеби алардын ар биринин көчүгү шакмар болуп атпайбы, тазала десең кайра өзүндү беттен алат, мындай кылыктар азыркы кыргыздын менталитетинин, акылынын жеткен чеги го деп да ойлойсуң.
Эгемендикти алып өзүнчө эркин мамлекет болгондон бери кыргыздан чыккан чыгаан жетекчини көрө элекпиз. Бир гана Т.Тургуналиев коррупцияга бөгөт кылууга аракет кылды эле, тилекке каршы коррупционерлердин аракеттери менен Топчикени дааро эле министирликтен алып тынышты. Деги кыргыз көчү кайда бара жатканын түшүнүү өтө эле кыйын болуп калды көрүнөт.
Демократиянын уулу дөлөттөрүнө таянбай, мыйзамдын чегинен чыкканыбыздын кесепетинен, мамлекет жана коомчулук кризиске кабылды. Апрель революциянын өткөнүнө бир жылдын жүзү болсо да башта айтып өткөндөй бийликтегилердин көрүнүктүү иш жарата албаганы өкүнүчтүү. Бир дагы инвестторду тарта алган жок, ал эмнени билгизет? Ак үйдө отуруп алышып, лицензияны жең ичинен сатканга арекет кылгандарынын белгиси эмеспи. Алтын кендери ачылбай, Премьер министр менен депутаттардын ортосунда соодалашуунун айынан, инвестторлор Кыргызстандан качууда, бир гана Кытай мамлекети баардыгына макул болушту. Ал эми Кытай мамлекетинин саясый максаты, көздөгөнү эптеп эле Кыргызстанга кирип алуу, андан кийин төр өзүнүкү болот, эр болсоң чыгарып көр бул биринчиси, экинчи тарабы азыр биз кыргыз жерибиздин кененчилигинен жашап, жансактап жатабыз, кийин Кытай туугандар келип жерлерибизди сатып алса эмне кылабыз, каяка барып баш калкалайбыз, ошону унутпасак. Бир жылдан бери Жерүй алтын кени менен Андаш жез кенинин маселелерин мамлекет чече албай койду. Ал эми жакында Көпүрө базардын азаматтары, геолоразведка кылган жумушчу шаарчасын өртөп жиберишип, тышкы инвестторлорго 200 000 миң долларлык чыгым кылуу менен чет өлкөдөн келген адистердин жүрөгүнүн сары суусун алып өлтүрөбүз деп коркуткан. Мындай жорукту аракка тойгон кыргыздын жаштары жасап, чет элдик инвестторлорго кордук көргөзүшкөн, бул кылмыш жөнүндө күч структурулары тарабынан бир дагы чара колдонулган эмес. Ушундай жоруктан кийин Кыргызстанга кайдагы инвестор келет, келген инвестордун айласын алты кетирип, бир жагынан бийликтегилер пара сурашып өзүлөрү кылмыштуу кадамга мажбур кылып жатышат. Же болбосо лицензиясын берип коюшуп жылдап сүт эмизип иш кылдырбай чоюп жүрө беришет, ал эми лицензиянын убагы өтүп кетет. Андан соң мамлекет башчысы алмашат, кайрадан лицензиянын соодасынын жаңы этабы башталып жатпайбы. Ошентип бийлик кагазга жазылган лизензияны соодалашып, кагаздан кайра көк долларга айландырган кадимки биздин эргул кыкеңдер, мындай афёраны чет өлкөдөгү инвесторлор дагы түшүнүп калды окшойт. Эгерде Кыргызстан мыйзам жолуна түшпөсө, азыркы бийликтин өкүм сүрүүсүнө да аз калды көрүнөт. Булардын тагдыры мурункулардан алыстабай ары азаптуу да болоору шексиз.

Укук коргоочу
Качкынбек БУЛАТОВ




Генерального директора ОсОО "Ауирдин" , руководителя инициативной группы политической партии бескорыстной помощи гражданам, проживающим на территории Кыргызской Республики ко всем частным предпринимателям, имеющим свой бизнес на территории Кыргызской Республики, спонсорам, личностям, имеющим патриотические чувства и проявляющим заботу о кыргызском народе

ОБРАЩЕНИЕ
Уважаемые соотечественники, народные представители, проявляющие заботу о народе, я обращаюсь к вам по следующему поводу.
Нам известно, что на сегодня экономическое положение Кыргызской Республики резко ухудшается и простой народ, составляющий основную массу население страны испытывают материальные трудности. Не является новостью, что повсюду происходит народные волнения, митинги из-за этого экономика нашей Республики не развивается. Мы должны помнить, если сегодня не проявим внимание к этому вопросу, то завтра это приведет еще к новым волнениям народа. Цель инициативной группы "За народ" поддержать простой народ, в скором времени взяться за оказание им, безвозмездной помощи. Из материалов средств массовой информации вы осведомлены, что уже сегодня усилия инициативной группы дают свои результаты.
В настоящее время ОсОО "Ауирдин" и многие другие частные предприниматели помогают нуждающимся семьям . Мне хотелось бы призвать частных предпринимателей, бизнесменов проявляющих заботу о народе, вести работу в едином направлении. Хотя со времени обретения независимости Кыргызской Республики, подавляющее большинство населения до сегодняшнего дня проживает на грани черты бедности, в тоже время появились у нас передовые бизнесмены, сильные предприниматели, которые составляют меньшинство населения. У них есть возможности, помочь народу. У нас имеются много авторитетных руководителей, патриоты Кыргызстана, миллионеры, которым судьба Кыргызстана небезразлично. Если мы все объединимся и возьмем под девство 45 районов Республики, то на каждый район приходится по 20-25 предпринимателей. Например, мы могли бы оказать такую помощь: к весеннее-полевым работам, крестьянам предложив горюче-смазочный материалы и семенной материал, предоставить беспроцентной кредит, тем самым улучшим условия жизни крестьянам. Такая материальная и финансовая поддержка помогла бы малоимущим семьям стать,на ноги. Мы поступили бы правильно, если бы мы сегодня не думая о своих личных интересах, каждый из нас в помощь государству выделил народу средства. Было бы хорошо, если бы специально организованная комиссия распределила выделанные средства между нуждающимся в помощь людьми, а также был бы контроль над этим со стороны государства. Если мы можем улучшить отношения между народом и государством, то мы внесем большой вклад в социально-экономическое развитие Кыргызской Республики.
Как говорится в пословице "Эл башына кун тушсе, элден чыгат эр жигит", уважаемые соотечественники, предприниматели, патриоты, я призываю вас сплотиться, когда время требует объединения. Когда мы соберемся, познакомимся со специально подготовленной программой, ее поправим, и будем действовать дальше по ней.

С глубоким уважением к вам,
Арстанбек Абдылдаев