Оо кыздар, кыздар…
"Кыздуу үйдө кыл жатпайт" дейт кыргыз элинде. Айткандай эле, кыздарыбыз бир гана үйгө таза болбостон, ар-намысын дагы бийик, таза тутушса жакшы болмок. А бүгүн биздин коомдо жаш улан-кыздарыбыз ыплас жолдорго барып жатканы зээниңди кейитет. Көрсө, коммунизмди куруучунун моралдык кодексинен ажыраганыбызга, Акаеви, Бакиеви качып кеткиче, Отунбаевасы жөөттөргө саткыча ачып көздү жумгуча 20 жыл өтүп кетиптир. Ошол 90-жылы төрөлгөн бала 20га чыгыптыр. Коммунизмди түп-тамырынан бери жамандап көргөн күнүбүз ушулбу? Айлана-тегерегиңерди карагылачы! Ажаандай каптаган батыштын көз карашы (идеологиясы) эмнеге алып келди?
Менин жаштыгым 1960-1980-жылдарга (социализм учуруна) туш келди. Ошол кезде биз деле кыз сүйүп, махабатка батканбыз. Бирок, көчөдө өбүшүп, сорушуп, учкашып, эзилишип, иттей чырмалышып турганды кой, колтукташып баскандан уялчубуз. Эмичи! Бая күнү бир окуяга туш келдим (мен үчүн окуядай эле). Кичинекей автобуста (бусик дейсиңерби) эл батпай араң тыгылышып келе жатсак, бусиктин орто жеринде 20лардын тегерегиндеги бир жигит менен кыз кучакташып алып, сорушуп баратат, буттарын учкаштырып, колу жеткен жерлерин сыйпалап, көйнөктөрүнүн ичине салып… өлүп кете жаздашты. Нечен жолу оозум кычышып, "экөөңдүн иттен деле айырмаңар жок экен, эмне чапталышып калдыңарбы? Бети жоктор!" дейин деп, кайра ушундай "иттерге" айткан кайран кебим дедим. Ушул учурда мен өзүмдү коргодумбу? Бул уятсыз жигит, уятсыз кыз ким? Эгер 70ке чыккан абышкага экөө кол салса, мага ким болушат? Урушканым жок! Убакыт өткөн соң, "Каап, туура эмес кылган экенмин" деген ойдо калдым. Эми ошол сезимди, оюмду кагаз жүзүндө силерге айткым келди.
Адам айбандан эмнеси менен айырмаланат? Адам баласы Адам ата, Обо энеден жаралганбы же маймылдан жаралганбы, ал илим жүзүндө далилдене элек. Адамдын айбандан айырмасы, анын акыл эси бар. Адам бир ишти жасоодон мурун аны акылына салып калчап, ою менен бүтүрүп, анан жасоого киришет. Мунун өзүн илимде абстракциялык (бөлүп алып, өзүнчө кароо, ойго салуу) ой жүгүртүү деп аталат. Ал эми айбандарда бул нерсе жок, ал рефлекс-латынча reflexus-чагылдыруу (отражение) аркылуу, сезим менен кыймылдайт.
Адам "муну минтсем эмне болот, аны кандайча жасайм?" деп акылга салып, баш мээсинин ичинде бүткөзөт, анан колу менен жасап кирет. Ал эми айбандарда таптакыр башкача, ал эч нерсеге карабай эле (ойлонбой эле) кыймылдай берет (секирет, тиштейт, мөөрөйт, чагат, жыныстык катнаш жасайт ж.б.у.с). Адам баласы да гомосапиенс (hоme-человек, sapiens-разумный) акылдуу адам болгуча жогорудагыдай иштерди жасай берген. Алгачкы общиналык коомдон нараак жактарында биринин көзүнчө эле бири-бири менен кошулуп (жыныстык катнаш) жатышканын кинолордон көрүп жүрбөйсүңөрбү.
Бара-бара адам баласына акыл киргенде, бул нерсе ыйык нерсе (адам баласы жаратуучу) экенин сезишип, эч кимге көрсөтпөй жасап калышкан. Ал эми абройун жалбырак менен жаап алышкан. Андан кийин ар кандай кийимдерди ойлоп чыгарышкан.
Анан көп эркек, аял менен катышуу (полигамия), жалгыз эркек, аял менен катышуу (моногомия) келип чыккан. Адамзатынын коому өскөндө, ошол мурун матриархат (аял башкарып, эркекке катын болуу), анан патриархат (эркек башкарып, көп аял алуу) келип чыккан. Ошонун азабынан бейиштен да куулуп чыккан дейт динчилердин айтымында. Бара-бара коом өсүп, аял-эркектин катнашуусун өзүнчө илимге айландырып, аны секс деп атап, сексопатолог, сексолог, гинеколог, уролог, "сутенер" деген адистери пайда болду.
Кыргыз эли болсо бул нерсени кылымдан бери ыйык тутуп жашыруун иштешкен. Боз үйдө көшөгө тартып коюп, уул-келини да ошондо жатышкан, анан бирдемеге шылтоолоп, короодогу койду карамакка, атты отко коюш үчүн дегендей, эшикке чыгып "жанашып" келишкен.

Бүгүнкү турмуш жөнүндө
Акаеви аңга түшүп, Бакиеви баш жутуп, кан кечишип, качып жоголушса, Отунбаевасы Ошту кырып жатса, оолуккан беш партия алакандай кыргызды алты бөлүп турса, ушуга чыдаган кыргыз эли чыныгы айкөл эл экен.
Айыл өкмөтүнөн баштап, Ак үйгө чейинки асмандаган айлык алган чиновниктер, эмне кылаарын билбей эстери эңгиреп, асты алты, аягы эки катын алган депутаттар Кыргызстандын экономикасын талкалап бүттү.
Айласы кеткен эл эптеп жан багуунун айласын кылып, төгөрөктүн төрт бурчуна тентип кетишти. Кете албагандары көчөдө калып, кайырчы, дубана, селсаяк, аракечтерге айланууда. Бирок, адам баласы кандай гана ахвалда болбосун жашоо үчүн күрөшүүсүн токтотпойт экен. Жыл сайын жер көгөрүп, жаз келип, дарак бүрдөп, гүл ачып табият өзүнүн улуулугун көрсөтөт экен. Ошонун ичинде адам баласы да жаз менен кошо бүрдөп, жан дүйнөсү ойгонуп, кыз-жигиттер көчөгө чыккысы келип, көкүрөгүндө аруу сезимдер пайда болуп, махабат мухитине бой ташташат. Махабат торуна кимдер гана түшпөгөн! Эми ошол тор кимдики?
Махабатты аруу сезим, адамды алдыга сүрөөчү дүйнөнү багындыруучу улуу күч деп сезе албай, аны дене кумары деп ойлогондор жөнүндө кеп салайын. Адамды адам кылган анын эс-акылы. Ар бир ишти акылга салып, калганын анан жасайт. Эми ошол эс-акылга салбай жасалган иш адамды ар кандай айбанчылыкка барууга түртөт.
Туугандар, бул жөөттөргө сатылган президенттерибиздин, депутаттарыбыздын, чиновниктерибиздин азабынан кыргызды кыргыз кылып падышасы, ханы, беги жок эле ушул күнгө чейин алып келген идеологиябызды жоготтук. Ал идеология эмне эле? Ыйманды, ар-намысты сактоо, эл-жерди көздүн карегиндей тутуу, (ошол жер үчүн, элдин намысы үчүн ар бир эркектин башы канжыгага байлануучу), улууларды сыйлоо, кичүүнү урматтоо, жетим-жесирге, кеселдерге жардам берүү болчу. Ошол бизди сактап келген идеологиянын калдыктары каныбызда турганда бир аракет кылалы, болбосо кеч болуп калат.
Аңкоо, баатыр элим, ичиңерге эч нерсе сактай албайсыңар, эми ушул мен айткан сырды эч кимге айтпагылачы. Улам эле революция кыла бербей, эмкисинде жерибизди саткандардын, элибизди аткандардын, экономикабызды (завод, фабрика), колхоз, савхоздорубузду талкалагандардын, элди тентиткендердин баштарына Аксыда, Бишкекте, Жалал-Абадда, Ошто өлгөндөрдүн тагдырын салалы. Ал үчүн ынтымак, биримдик буларды качырбоонун өтө жеткилең планы керек. (Дагы сураныч, эч кимге айтпагыла. Болбосо, эмки революцияда мурдагыдай болуп калат).
Анан, анан "Булыжник-оружие пролетариата".
"Пролетарии всего Кыргызстана соединяйтесь!", "Вся власть СоветамҮ!", "Бийлик Элдик Кеңешке", "За нами Москва".

Коммунисттик саламым менен
Жеңишбек Жумалиев