Келкел кеткен заманда

Чыныгы жүз деле бар да...
Фактынын башын алганда
"Ар-намыс" партиясынын төрагасы Феликс Куловду "байдын эрке кызындай" мактаган макала ("Фукусима, Феликс, Феникс") окуп , селде чок түшкөндөй кабыл алдым. Макалада өлкө оор кырдаалга кептелгендиги, мындай шартта Феликс Шаршенбаевич гана өкмөт башчылыгына татыктуу экендиги төмөндөгүчө баяндалган: "...Азыр саясатыбызда коалиция кулайт-кулабайт оюндары жүрүп, түндүк-түштүк маселеси дале кээ бирлердин куралына айланып, диний экстремисттик, террордук коркунуч каптап, экономика ээгин эмес, белин көтөрө албай, баалар асмандап, элдин жашоосу өтө эле оорлошуп, көчө стихиясы баш көтөрүп турган учурда өлкөбүз темирдей тартипти мыкчыган, коңшу мамлекет башчыларына кадыр-баркы бар, экономикабызга сырттан инвестиция тарта алган, коррупция менен айыгышкан күрөш жүргүзгөн, эл мүдөөсүн кан-жаны менен түшүнө алган өкмөт башчысына муктаж болуп турган учуру. Ушундай учурда көптөгөн мыкты саясатчы жигиттерибиздин арасынан темир генерал Феликс Куловдун карааны өзгөчөлөнүп турат. Жашы 63 жашка келип, өмүрлүк тажрыйбасы мол, саясатта акылман чегине келди, "балалык оорулардан" алыс". Муну окуган адам бул жарыкчылыкта Феликс Куловдон өткөн пенде жок турбайбы деген ойго кептелиши ыктымал. А чындыгында Феликс мырза ушундай баага татыктуубу? Чындап эле Кыргызстан мамлекетин өргө сүрөгөнгө дарамети жетеби? Анын өмүр таржымалына саресеп салган адам мындай пикирге кошулбай, тескери кетери бышык.
"Башканы коюп Манасты айт" демекчи, кепти "арнамысчы" саясатчынын баскан жолунан баштайлы. Ф.Кулов катардагы милиционерликтен генералдыкка, андан соң премьер-министрликке жеткен. Анын бактысы экс-президент Аскар Акаевдин убагында ачылган. Экс-ажонун тушунда вице-президент, Бишкек мэри сыяктуу үлкөн кызматтарды аркалаганы маалым. Ортолорун кайсы "кара мышык" аралаганы белгисиз, кийинчерээк Акаев-Кулов мамилеси сууп, натыйжада Шаршенбай атанын уулу темир тор артына тыгылган. Бул 2000-жылдын 22-марты эле. "Ар-намыстын" төрагасына "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды", "аскердик техникаларды чет жакка пулдады" деген айып тагылган. Ошондой эле кримдүйнөгө байланыштуу бир катар кылмыш иштерине аралашкандыгын, өлкө казынасындагы каражаттарды максатсыз пайдалангандыгын улуттук коопсуздук кызматы учурунда жар салган. Жөнөкөй мисал. Мамказына эсебинен 1,5 млн. долларды "сугунган" "Химсинтез" аталыштагы акционердик коомдун ишмердүүлүгүн экс-өкмөт башчысына байланыштырышат. Мына ушуга окшогон айыптардын негизинде Кулов жети жылга эркинен ажыраган. Аны түрмөдөн элди революция гана алып чыгат.

"Эне тилин сүйбөгөн элин сүйүп жарытпайт!"
Дал ушу макал Феликс Куловдун дарамети канчалык экенин айгинелейт. "Киргиздигинин" кесепетинен 2000-жылы президенттик шайлоого катышкан эмес. Тактап айтканда, кыргыз тилинен экзамен берүүдөн расмий баш тарткан. Каны-жаны кыргыз болуп туруп кыргызча сүйлөгүсү келбеген, эне тилин сүйбөгөн адамдын чыныгы жүзү эмеспи бу? Эми коңшу Казакстандын күнүмдүк турмушуна көз чаптыралы. Президент Нурсултан Назарбаев аткаминерлердин бири калбай казакча билиши керектигин талап кылды. Жыйынтыгында мурда жалаң орусча сүйлөгөн премьер-министр Карим Масимов аз убакыт ичинде казакча үйрөнүп, азыр казак тилинде түш жоруйт. "Ар-намыстын" төрагасы Масимовчо боло албай, алигүнчө кыргыз тилин өздөштүрө албаганы айныгыс факт. Бирок, Феликс мырза бу кемчилигин мойнуна албай, тескерисинче, кыргызча билбей туруп деле патриот боло аларын "Азаттык" үналгысына мындайча билдириптир: "Адамдар тил билгенден эле патриот болуп кетпейт экен. Патриот болсо Акаев менен Бакиев үй-бүлөлүк коррупциялык система курбайт эле го. Азыр экөө кайда, жакшы билесиңер. Андыктан эң башкысы өз элиңди, жериңди жана мамлекетиңди кандай сүйөсүң, кеп ушунда. Ата Мекенин сүйгөн адам кыргыз журтун коргоп, анын кызыкчылыгын аткара алат". Ушул жерден бирин-экин тактама киргизели. ФШК: "Ата Мекенин сүйгөн адам кыргыз журтун коргоп, анын кызыкчылыгын аткара алат" дейт. Аярлай туруңузчу, урматтуу "киргиз" Кулов! 2007-жылы эгемен Кыргызстанды ири державалардын биринин конфедерациясына айлантуу демилгесин көтөргөн ким? Албетте, сиз. Өз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүн сактап, коргогондун ордуна, өз мекенин үлкөн державанын карамагына өткөрүүнү көксөгөн адамды патриот дейбизби? Кыргызстанды өз алдынча мамлекет катары эсептей албаган адамдан кайсы жакшылыкты күтөбүз? Ушунун баары тең Феликс Шаршенбаевичтин кыргыз тилин билбегендигинин айынан болуп жүрбөсүн? Эгер ал эне тилин чындап сүйүп, Кыргызстан деп күйсө алакандай болгон мамлекетибизди ири державанын бирине менчиктештирип берем деп чамынбайт эле го?
Ушундай образдагы адам кайрадан эски ордуна, өкмөт башчылыгына барууну көздөп, өзүн айга-күнгө теңеген макалаларды заказ менен жаздырып жатат. Буга макаланын башында келтирген мисал далил. Курманбек Бакиевдин заманында тандемди шылтоолоп, премьер-министрликти аркалаганы калетсиз. Ал эми мыйзамда "киргиздердин" мындай мартабалуу креслого отурушуна бөгөт коюлган. Мисалы, мамлекеттик тил мыйзамынын 8-беренесинде: "Президент, ЖК төрагасы, премьер-министр, Конституциялык жана Жогорку Сот төрагасы милдеттүү түрдө кыргыз тилинде окуй да, жаза да, сүйлөй да билиши керек" деп жазылып турат. Феликс Шаршенбай уулу экинчи ирет мыйзамды тебелеп, башбакандыкты көздөгөнүнө жол болсун! Анда эми гана мыйзам жолуна түшүп бараткан Кыргызстандын эртеңи кантет?
ФШКнын быйыл президенттик шайлоого катышпай тургандыгын расмий жарыялашын эрдик катары баалап атышат. А кишинин мындай чечимге токтолушунун жалгыз эле себеби бар. Ал кыргыз тилинен экзамен берсе кулап каларын эң жакшы түшүнөт. Демек, анын президенттик шайлоого расмий баш тартуудан бөлөк аргасыз жок. Анан эле ушуну эрдик катары баалаган кайсы акылга сыят?
Ошол эле убакта премьер-министр боло берсе болот деп пиар жүргүзүп жатат. Дагы эскертебиз. Президентке коюлган мамлекеттик тил билүү талабы, премьер-министрден да талап кылынат. Ушуну Феликс Шаршенбаевич эстен чыгарбаса экен.

"Жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап!"
Андагы "темир", мындагы "желим генерал" (Феликс Кулов туруксуз позицияны тутунганынан улам, айрым маалымат каражаттары ага "желим генерал" "наамын" ыйгарышкан - Б.Ж.) көпчүлүк учурда түштөн кийин акылына кирип, "качкан жоону" "сайып" калмайы бар. Мисалга алсак, 7-апрель окуясынан кийин феникс, кыргызчасы, күкүнас кушундай кайра жаралып, элге акыл үйрөтүп кирди. Баарынан да эски санаалашы Курманбек Бакиевди жалганчыга теңегени өз кезегинде элди мыйыгынан жылмайткан. Курманбек Сали уулу мамлекетти жардан алыс ыргытмай саясатын жүргүзүп жатканын, "ильич шамынын" эселеп кымбатташын, уюлдук байланышка 60 тыйындык кошумча "акы" киргизилишин, буга улай маанилүү объектилердин текейден арзан сатылып атканын неге убагында ачык айтпады? Ушунчалык эр жүрөк экен, Бакиевдин кетирген кемчиликтерин бетине айтпайт беле? Адамдын артынан жамандап шыбамай Куловдун эле эмес, "эки үйдү эриктирбеген, бир үйдү бириктирбеген" эжекелердин деле колунан келет.
Курманбек Бакиевдин го көзү тирүү, анын артынан сүйлөсө сүйлөй берсин дейли. Ал эми айтылуу каскадер Үсөн Кудайбергеновду "мыйзамдагы ууру", маркум Рысбек Акматбаев өлтүрткөнүн "Учур" гезити аркылуу: "...Үсөн Кудайбергеновду Рысбек Акматбаев өлтүрткөн. Рысбек азыр каякта, аны жакшы билесиңер" деп шардана кылды. "Темир", ой, "желим генералдын" кезинде Үсөн Кудайбергеновду ким өлтүрткөнүн билерин жар салганы эсибизде. Бирок, каскадердун түбүнө Рысбек Акматбаев жеткенин анын тирүү кезинде расмий айтканын эч жерден укпаптырбыз. Ал мындай чуулгандуу маалыматты Акматбаевдин көзү тирүүсүндө неге жарыялабады десең? Анте албаган соң, түштөн кийин "баатырлануунун" кереги бар беле? Анын үстүнө чыныгы кыргыз маркум тууралуу минтип жалаа жапмак тургай, жаман сөз айтпайт эмеспи.
Баса, убагында "криматалыгы" Рысбек Акматбаев Ак үйдүн так алдына ФШКны эл алдына чакырганы белгилүү. Бирок, Кулов ал жакка чыкканга батынган эмес. Кримавторитетке батынып сүйлөй албаган адам эми кылмыш дүйнөсүнө тиш кайрай алабы? Себеп дегенде, азыркы өкмөт криминалга каршы аеосуз күрөш жарыялап, натыйжада өзүн "смотрящий" санагандар кармала баштады. Бизнесмендер, эл "дем" ала баштады. Дагы жарым жылча убакыт өткөн соң криминалдын төбөлдөрү кылтакка илинери турган иш. Эгер жаза тайып "криминал" дегенде түн уйкусунан чочуп ойгонгон Феликс Шаршенбай улуу премьер-министрликке отурса, анда кылмыш чөйрөсүнө карата ачылган "согуш" тып токтобойбу?

"Эсиң барда этегиңди жап"
"Фукусима, Феликс, Феникс" макаласында: "Жашы 63 жашка келип, өмүрлүк тажрыйбасы мол, саясатта акылман чегине келди, "балалык оорулардан" алыс" деп жазылат. "Балалык оору" демекчи, март айынан бери коалиция кулайт-кулабайт оюну жүрүп келет. Парламенттик көпчүлүктү ыдыратуучулардын көч башында "Ар-намыс" партиясы турары маалымат каражаттарында жарыяланды. Ал иш чоң пиар кампания менен коштолгонуна баарыбыз күбө да болдук. "Ата Мекен" анын коштоочусу болуп, "Ата Журт" партиясынан санаалаштар табылды. Ал турсун, коалиция ыдыраган соң жаңысы түзүлүп, премьерликке Ф.Кулов, спикерликке "Ата Мекендин" өкүлү, президенттик шайлоого "атажуртчу" Камчыбек Ташиев аттанарын пландап жиберишиптир. Парламентке өтпөй калган партияларга да министрлик орундар тийиптир. Кудум бала бакчадагы балдардын оюнундай маанай жаратышып. Минтип "быша элек ашка курсак тойгузуп", кыялы менен жыргаган адамды кандай бааласак жарашат? Менин жеке пикиримде, мындай мүнөздөгү кишилер "балалык оорулардан" алигүнчө алыстай элек...
Бүгүнкү күндө кырдаал жардын кырында турганын карапайым калк жакшы түшүнөт. Ширеңкенин талындай "дүрт" эткен жалын тутанса, кайрадан баш-аламандык башталып, экономика артка кетет. Демек, бүгүнкү өкмөттүн иштеп турушу стабилдүүлүктү сактайт. Жаза тайып, коалиция тараса, анда кайрадан жаңы өкмөт куралып, папке талашмай көрүнүшү орун алат. Мунун айынан Кыргызстандын келечегине доо кетиши толук ыктымал. Ансыз деле Кыргызстанга көзүн кызарткан сырткы күчтөр арбын. Мындай абалда жеке кызыкчылыкты унутуп, өлкөнү сактап калышыбыз парз. Бул үчүн жанараакта айткандай, азыркы өкмөттү ыдыратпай сактап калуу абзел. Муну "карт саясатчы" Кулов жакшы билбейт дейсизби? Айда сонун түшүнөт. Анда неге өкмөт башчылык кресло үчүн баш-аламандык баштоого ашыгууда? Андыктан, "эсиң барда этегиңди жап" демекчи, эртең кеч боло электе азыртадан тизгинин тартып, "балалык оорулардан" арылганы оң...
Дагы бир урунттуу учур. Ошол эле макалада: "Саясаттагы түздүгү, бир калыптагы сабырдуулугу менен коңшу өлкөлөрдүн ажолору Назарбаев, Каримов, Путин, Медведевдердин алдында кадыры кетпегендигин далилдей алды" делет. Туура, былтыркы парламенттик шайлоонун астында Россияга сапар тартып, ал жактан орус президенти Дмитрий Медведев менен жанаша сүрөткө түшүп, аны шайлоо кампаниясында пайдаланды. Ал ортодо казак президенти Нурсултан Назарбаевге жолугуп кайтты. Бул сапарларды жеке кызыкчылыгына пайдаланганы менен, андан мамлекетке эч кандай пайда келген жок. Парламенттик шайлоо маалында мындай өңүттөгү жолугушууларды башка партиянын лидерлери деле өткөрдү. Андан бери жети айдын жүзү толду. Коңшу мамлекет башчыларынын бири дагы "кадырлуу" Куловду кабыл албады. Жыйынтыктап айтканда, ушул мисал жана жогоруда келтирген фактылар ФШКнын дарамети канчалык экенин айгинелейт. Кыргыз тилин жериген, санаалаштарын оор кырдаалда сатып жиберген, криминалдын атын укканда "тергеп" мамиле кылган, түштөн кийин гана акылына кирип, качкан жоону "сайгандан" бөлөккө жарабаган адам бүгүнкүдөй оор шартта өкмөттү жетектөөгө татыктуубу?

Беккул ЖЫЛДЫЗБЕК уулу