Сарт-калмактын колун
канчага чейин карайбыз?
Акаевдин убагында И. Абдразаковдун аркасы менен дин боюнча комиссиянын төрагасы болгон Э.Каптагаев дароо муфтийди алмаштырып, жердиги Тажикстандык кыргыз Абдысатарды муфтий койгон. Ал Абдысатардын дин боюнча окуучулары Тажикстанда талаа командирлери болуп жүргөн эле. Э. Каптагаев ошолордун жардамы менен Афганистандан келип жаткан наркотикалык зататрды бүт көзөмөлгө алып, Кыргызстанда "наркобарон" болуп алган. Ошол иштерин СНБ билип калып жумуштан кетүүгө аргасыз кылган. Вице-премьер Бабанов депутаттык комиссиянын текшерүүсү объективдүү болсун деп жигиттик кылып жумушун убактылуу таштап кетти. Ал эми Эмил Каптагаев уулу Бакыт Нурдинов менен ажылык боюнча соттошуп жатса, сот бүткөнчө жумуштан кетмек тургай, бир тууган кудачасы, прокуратурада бир да күн иштебеген Аида Салянованы генпрокурорлукка алып келди. Бул Салянованын генпрокурор болушуна Роза Отунбаева кандайча макул болуп калды? Же Нарынга Розанын калмак тебетей кийип барганында бир мандем барбы? Бул сарт-калмактын кыргызга кылбаганы жок. Казак Акаевдин, дунган Бакиевдин колун 20 жыл карадык эле, эми бул сарт-калмак Каптагаевдин колун канча карайбыз?


Үчүнчү революция майда болобу?
Өткөн жумада "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери А.Мадумаров Ысык-Көл Жана Чүй областтарынын кээ бир райондорун, Жалал-Абад жана Ош областтарын кыдырып чыгып, эл өкүлдөрү менен жолугушту. Ал жолугушууларда А. Мадумаров азыркы бийликтин легитимсиз экендигин, өлкөбүздү башкара албай жаткандыгын айтып, май айынын башында бийликке каршы чабуулун баштап, аларды кетире тургандыгын билдириптир. Эми Мадумаров акабыз Бишкек шаарына келди. Ош жана Жалал-Абад облсттарынын тургундарына берген убадасын ишке ашыра турган болсо, анда үчүнчү революцияны Бишкекте баштайт го...


Балдардын өлүмүнө ким жооп берет?
Кадам-Жай районунун Ак-Турпак айылында Сатыбалдиев Абдыкерим эл үчүн өз каражатына төрөт үйүн куруп бүткөн экен. Ошол төрөт үйүн иштетүүгө жергиликтүү бийлик уруксат бербей жатыптыр. Дагы жакында Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн туугандарынын менчик балык өстүргөн көлүндө бири 5 жашта, экинчиси 11 жаштагы бир туугандар чөгүп өлүшкөн. Газетабыздын өткөн сандарында да жарыяланган материалдарга эч жооп болбой келет. Бул райондон жер маселеси боюнча, кадр саясаты боюнча жана башка көптөгөн далилдүү арыздар келип түшүп жатат.Кадам-Жай районун приватташтырып алган аким Ганиевге элдин ден соолугунун, тынччылыгынын кереги жокпу? Ушундай кылмыштуу иштердин болуп жаткандыгын ИИМдин министри Зарылбек Рысалиевге билдиргенибизде, "Бизге кагаз жүзүндө фактыларды көргөзүп кайрылгыла, редакция менен бирдикте иликтөө уюштуралы" деди. Бул жигитти айткан сөзүн аткарган, убаданын кулу деп угабыз, Кудай буюрса, кадамжайлыктардын армандарын жеринде териштире турган болдук. Бул ишке Саламаттык сактоо министри С.Жумабеков да жардам берсе эң сонун болот эле.

Улуу кыргыз элине,
КРнын Жогорку Кеңешинин спикери
А. Келдибековго,
КРнын президенти Р. Отунбаевага,
КРнын премеьер-министри А. Атамбаевге

Кайрылуу
Биз-"Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун эмгек жааматы, Кочкор-Ата шаарчасынын жашоочулары жана Ноокен районунун айылдарынын тургундары 2011-жылы 19-апрелде "Кыргызнефтегаз" ААКнын жеке менчикке сатылышына жана ак иштеген директорлор кеңешинин бүлүндүргүчтөр менен алмаштырылышына каршы тынчтык акциясын өткөрүү менен эки миңден ашык эл катышкан жыйындын токтомунун чечимин жарыялайбыз.
1. КРнын ЖКнын спикери А. Келдибековго, президент Р. Отунбаевага, премьер-министр А. Атамбаеге кайрылып, мамлекеттин мүлкүн тоношкон, министр Н.Илебаевдин ишинен четтетилишин, эл алдында жооп берүүсүн талап кылабыз.
2. 2011-жылдын 11-апрелиндеги депутат А. Арапбаевдин сунушу менен Н.Илебаевдин Мыйзамсыз коммисия түзүү буйругу жокко чыгарылсын.
3. "Эркин Тоо" газетасынын 2011-жыл 5-апрелиндеги мүлк министрлиги жарыялаган "Кыргызнефтегаз" ААКнын директорлор кеңешин алмаштыруу үчүн акционердик жыйын өткөрүү жарыясы жараксыз деп табылсын.
4. "Кыргызнефтегаз" ААКсы таза кирешелүү ишкана болгондуктан, эки жылдан берки менчиктештирүү программасынан алып салынышы президентке жана премьер-министрге сунушталсын.

"Кыргызнефтегаз" ААКнын эмгек жамаатынын Ноокен райондук элдик комитеттин төрагасы
М. Артыкбаев.


Обьявление
Кок-Жарский аильный округ обьявляет конкурс по предоставлению земельного участка на условиях аренды для коммерческой цели в с. Кок-Жар, улица Уметалиева.
Справка по телефону: (0 312) 62-91-86

КРнын президенти
Р.И. Отунбаевага,
КРнын премьер-министри А.Ш.Атамбаевге,
Ысык-Көл областынын губернатору
Н. Т.Абдылдаевге

Кайрылуу
Урматтуу Президент!
Урматтуу Премьер-министр!
Урматтуу Губернатор!
Бүгүнкү күнгө карата, кудай буюрса, мыйзамдуу өкмөт түзүлүп иштей баштаганына 100 күн болду, мамлекетибизде тартип орной баштап, элдин турмушу өз нугуна келе баштады деп эсептейбиз.
Өзүңүздөргө эң жакшы белгилүү 7-апрелдеги өлкөбүздө болуп өткөн окуядан кийин колунан келгени да, келбегени да ар кандай жолдор менен жергиликтүү бийлик тепкичтерин басып алышкан.
Ушундай ыкма менен бийликке азыркы Ысык-Көл районунун акими Насирдинов Нурлан Акжолтоевич да келген, бул киши белгилүү кримавторитет, "вор в законе" Камчы Көлбаевдин "кадры". Мурунку бийлик учурунда Чолпон-Ата шаарынын мэрлигине да, азыркы учурда Ысык-Көл районунун акими болуп, дал ушул кримавторитеттин "батасы" менен отургузулган, анткени ал "өкүл" агасы. Бул былыкты бүт Ысык-Көл эли билет, бирок, ачык айтуудан баарыбыз өз жаныбыздан коркобуз. Анткени, бул иш боюнча ачык айткан адамды физикалык жактан жеке эле өзүн эмес, үй-бүлөсү, ага-тууганы менен жок кылып коюштары мүмкүн. Бул аким "ошонусу" менен коркунучтуу.
Кыргызстандагы туристтердин эң көп келген жерине криминалдуу аким отурганы өлкөбүзгө аброй алып келеби? Дегеле, ушундай жол менен келген адам бийликтин бутагы боло алабы? Майда-чүйдө чабактарды кармап темир тордун артына камадьңыздар, а бул "кримакимге" алыңыздар жетпей жатабы?
Бул кайрылууга кол койбойбуз, анткени, биздин коопсуздугубузга эч ким кепил боло албайт. Элге салып чечкиле десеңер же суроо жүргүзсөңөр биз "кримакимибизди" Сталинди мактагандай мактайбыз.
"Эгер колуңуздардан келсе, ушул "кримзубтехниктин" ордуна колунан иш келген, турмушта тажрыйбасы бар жетекчи койбойсуңарбы" деп жалпы Ысык-Көл районунун жашоочулары.
P.S. Редакцияга Ысык-Көл районунун жашоочуларынан акими жөнүндө мындай маалыматтардын бир нечеси түштү. Кайрылуунун авторлору жок болгондуктан, редакция аким Насирдинов Нурландын өзүнө телефон аркылуу кайрылып, ушундай кайрылуулардын канчалык деңгээлде чындыгы бар деп сураган элек. Ыссык-Көлдүктөрдүн ыйлаганындай эле бар окшойт, билгениңерди кылгыла дегенсип жооп берген жок. Аким аким болду. Эми жоопту бийликтен күтөлү. Бийликтен жооп болбосо, Ыссык-Көлдүктөргө кайрылаарыбыз, бул акимдин эрдиктери жөнүндөгү маалыматтарды редакцияга жөнөткүлө. Өзүбүздө болгон маалыматтарга ал маалыматтарды кошуп, журналистик иликтөөгө негиз болот.


Бактыбызды кантип табабыз?

"Күндүн нуру жок жердин сакталуусу мүмкүн болгондой эле, Жараткан Алланын нурусуз-динисиз адамзаттын жашоосу акылга сыйбайт".
А.Н.Толстой

"Эгер бийликтегилер диндар болбосо, алар жылаңач адамга окшош".
Александр Македонский

"Ким Улуу Куранды укпаса ага наалат-каргыш".
Иван Алексеевич Бунин

Мындай келтирилген мисалдарды пайгамбарлардын хадистеринен (осуяттарынан) же улуу имамдардын айткандарынан алганымда, "алар динге үгүттөгөн да" дегендер четтен чыгаар эле.
Атеисттик доордо бир жаш мугалим эжеке окуучуларга "Кудай деген жок, болсо көрүнбөйт беле, жөн эле жомок" дей бериптир. Анда бир окуучу тура калып, "Балдар, силер эженин мээсин көрүп турасыңарбы?" деп капыстан суроо берип калат. Балдар "жок" деп чуулдап басылгандан кийин, "Анда эжебиздин мээси жок" деп олтуруп калат.
Айткандай, материализмди окута берип, азыр деле көпчүлүгүбүз көзгө көрүнүп, колго урунган нерсеге гана ишенип калгандан пайдаланып, "бүткүл аалам өзүнөн өзү эле жаралган, а киши ошол табигаттын эле кыпыны" деген авантюристтик идеяны түртүп койсо, өзүбүздүн асыл, бийик, бактыга жеткирүүчү даражабызды чанып, кудайсыз-светский болуп алдык.
Тээ Адам атабыздан тартып, акыркы пайгамбар Мухаммед САВга чейинки өткөн миңдеген пайгамбарлар жөнүндө, алардын жолун жолдоочулары жөнүндө, жаратуучу жөнүндө жана адамды адам кылып тарбиялай турган Алланын дини экендиги жөнүндө айтылгандарга, жазылгандарга ишенип, ынанбай, аларды жомок көрөбүз. Же теңирчилерге окшоп ар бир элдин өзүнчө кудайы болгон деп адашып, тоо-ташка сыйынып же кишини "Теңар" деп адашып, каапыр болобуз.
А. Эйнштейн айткандай, баардыгы салыштырмалуу-ак менен кара, күн менен түн, ар бир доордун Мусасы, фергауну (фараону), Ибрахими, Намруду, Исасы, Понти Пилаты болгону таң калыштуу эмес.
Бул дүйнөдөн өткөн бирөөнү периште ээрчитип бара жатса, "Бейиш" деп жазылган дарбазаны көрүп "эмне бар экен" деп ачып карайт. Ушундай ажайып кооз, баардык нерселер жетиштүү, тынч жай экен. Андан өткөндөн кийин "Тозок" деп жазылган дарбазаны ачса, бул дүйнөдөгүдөй шатыраган той, арак, бий, музыка, өзүнөн мурда өлгөн достору жүрөт. Периште "кайсысына киресиң" деп сурап калат. "Көнгөн эле жашоом эмеспи, тозокко эле кирем" дейт. Ошентип кирип, дарбаза жабылаары менен алоолонгон жалын, качаарга жер жок. "Ой, бул башкача эле го" деп кыйкырса, "Ал реклама болчу" деген үн угулат экен.
Айткандай, "светскийбиз" деп дардайып жүрүп, рекламасына алданып жүрүп түбөлүк азабында калып калбайлы деген окурмандарыма эскертүүм. Биз түбөлүктүү бакыт үчүн жаралганбыз, аны-ыйык нерсени тунук, аруу аракет менен алуубуз мүмкүн.
Бардык жаратылгандардан өзгөчөлөнтүп бизге акыл-эс берди го, эми ошону колдонуп, ойлонуп көрөлүчү. Өзүндө акыл-эс жок табигат-жаратылыш бизди жаратып, анан акыл-эс берип койду деген абсурд эмеспи?
Эгер чексиз болсо, материалдык көз караштагы изилдөөчүлөр Гегель, Кант "Биздин акылыбыздан жогору турган акыл, илим бар экен" деп мойнуна алгандары кандай?
Альберт Энштейн "Когда пропадает религиозное чувство, наука превращается в простое экспериментировение без вдохновения" же "истинную цель для человека определяет религия" деп, "Если хорошо и глубоко подумать, то увидите, что наука заставляет верить в Бога" деп атактуу физик Келвин ж.б.толуп жаткан окумуштуулар, мамлекеттик ишмерлер эмне үчүн жаратуучунун бардыгы жана дини жөнүндө айтышкан?
"Ар бир доордун өзүнө таандык кемчонтойлугу болот. Кудайга ишенбөөчүлөр доорубуздун кемчонтойу болуп эсептелет" деп, көрүнүктүү окумуштуу тарыхчы Фабер айткандай, биздин "сөрөйлөр" "Алла Таала" десе эле тизелери титиреп, кирпиге окшоп бүрүшө түшүшөт. Ошол эле светский мамлекетти башкарып турушкан В. Путин менен Д. Медведевдин чиркөөлөргө барып чокунушкандарын көрүшкөнбү да, Н.Назарбаевдин "Тегибиз түрк, динибиз Ислам экендигин унутпообуз керек. Ошон үчүн касиеттүү китеп-Курани Каримди насыйкаттоону эстеп чыгарбообуз абзел. Калк Алласына ишенип, эртеңки күнүн-ал дүйнөгө бараар күнүн ойлоп, Мухаммед А.Сдын хадистерине шайкеш өмүр сүрсө деймин. Динибизди, тилибизди сактоо, анын көч башында динибиз туруу керек. Саясат күндө өзгөрөт, ал дин мэңгилигине түбөлүк" дегени, ошол эле мектептерде ж.б. окуу жайларында сабак өтүп жаткандарын көрүшпөйт да, билишпейби?
Ошентип, өз Жаратуучусун тааныган, Ага сыйынган эл башчылары бар өлкөлөргө Алла Таала өз казынасынан ырыскысын берип, берекесин чачып жаткандар. А биздикилерчи!?
Өйдөдө айтылгандай ак менен кара бирге жүрөт. Жараткандын ак жолу жана наалаты шайтандын "реклама" кара жолу бар. Биздин көсөлдөр ошол демондун жолун тандап алып аны бизге таңулоодо, жана биздин укуктарыбызды тебелеп-тепсөөдө.
Ал демондун жолу-Батыштын жылаңач цивилизациясы адамзаттын жаратылуудагы максатына, асыл даражасына карашы, адамгерчиликтин баардык сапаттарынан, абийирден ажыратуучу, ажына-дебилизация кылуучу экендигин түшүнүшүбүз керек.

ИИМдин ардагери
ТААБАЛДЫ уулу Махмуд

(Уландысы 11-бетте)