Адилеттикти шайтандан издегендер

УКУК КОРГООЧУ, АДВОКАТ Акин ТОКТАЛИЕВ

КУРАН ЫРГЫТКАН СОТТУ
ШАЙТАНДАГАН СОТ КОЛДОЙТ . . . !
Пайгамбардын хадиси: Кандуу согуш кимге керек, ким үчүн, "Жихад" дагы динди коргоо үчүн. Жихаддан да бийигирээк кадыры, иштер канча жасай турган күнү-түн. Балаң жакшы-куйма кулак кеп тапкан. Балаң жаман үйдүн сөзүн четке айткан. Эң чоң жихад - хандан, бектен тартынбай, тик качырып чындык сөздү бетке айткан.
Абу Дауд

КУДАЙ САКТА ...
Кыргызда "Башы оорубагандын, Кудай менен иши жок" дегендей, кийинки убакыттарда үналгыдан, сыналгыдан жана газеталардын бетинде кайта-ката коркунучтуу, адамдын жүрөгүн түшүргөндөй, Чүй боорунда, тактап айтканда, Бишкекте күчү 9 баллга жеткен жер титирөө жакынкы эки жылдын ичинде болоорун сейсмологдун жарыяланган маалыматтарына таянып айтып, жазып жатышат. Бирок, эмне себептер менен болоорун тактап айталышпайт.
Ал эми дүйнөлүк жаңылыктарда Жер планетасына 40,0 миң км. секунда ылдамдыкта 100,0 млн. тонналык астероид келе жатат, өтө эле жакынкы арада чоң коркунуч болот деп айтышууда. Ал астероид жерге урулса жер огунан чыгып кетпесе да, океандар ташкындап, кургак жердин бети калбай сууга чөгүп кетет, ал турсун муз дооруна келип калышыбыз мүмкүн дешет окумуштуулар.
Мындай чоң кырсыктарга адам баласы гана күнөөлү болот. Андай кырсык болбош үчүн алдын алуу керек, себеби, жараткан Алланы унутпай, ага каршы шайтандык иш жасабай, анын Куран китебине каапырчылык кылбай, биз өзүбүздүн жүрүм-турумубузду оңдошубуз керек. Шайтандаган судья Мадина Давлетбаева Кудайга каапырчылык жасап Куран китепти таштанды жащикке ыргытып жатса, ал эми Бишкек шаардык соттордун төрагасы Марс Джакупов анын таламын талашып, кызыкчылыгын көздөп, колдоо көрсөтүп, мени кысымга алып асылууда. М. Джакупов "адвокаттык лицензисын алдырам, укук коргоочу деген атын жоготом" деп ар кайсы жерге мени жамандап, "Акин Токталиев Куран ыргыткан сотторду атыш керек" деп менин үстүмөн арызданууда.
Марс Джакупов менен Мадина Давлетбаева Азимбек Бекназаровго таянып алышып, өздөрү "Куратор в Законени" Кудайы катары эсептеп алыштыбы, билгендерин жасашып, адамдын тагдырлары менен каалагандай ойноп, кишинин убал-сообунан коркпой, акчанын-мүлктүн кулу болушууда. Менин билишимче, А.Бекназаров өкүл баласына караганда Алланы сыйлайт жана коркот, Куран китепке капырчылык кылбайт деп ойлойм, мусулман баласы катары көрүстөндүн үстүндө "Кудай сакта" деп айкандарын угуп калгам.

... "КНИГА О САТАНЫ" ...
Азимбек Бекназаров абдан жакшы билет, Куран китепти кордогон жана каапырчылык кылгандарга себепкерлер аркылуу Аллахтан кандай жаза берилээрин сүйүктүү өкүл баласы Марс Джакуповко айтып бергендир. Мисалы, 35 жыл мурда Индиядан чыккан мусулман Саламан Рушди Англияга барып коммерциялык иш жасап, аты чыгыш үчүн жана бай болуу жолун көздөп КУРАНИ КАРИМди которуп, ал китепти "Книга о сатаны - Шайтандын китеби" деп бурмалап которуп сатыкка коёт. Ошондо Иран диний лидери имам Аятолла Хомейни мусулмандардын атынан КУРАНИ КАРИМди шылдыңдаганы үчүн өлүм жазасына буюруп, Алланын ырызылыгы үчүн өлтүргөн кишиге 100,0 млн. доллар АКШ сыйлык берүүнү өкүм кылган. Бирок, Саламан Рушди Англиядан качып, Белгияга кеткен. Андан качып, ар кайсы Европа шаарларында баш калкалоого жардам сурап жүрдү, бирок, барган жеринде шаарлардын жетекчилери кабыл албай жатышты. Саламан Рушди ушул күнгө чейин издөөдө. Ал барган жерлерде европанын эли толкуп, наразычылык билгизишип, эч бир шаарга жолотпой, "Саламан Рушдинин биздин элге залакасы тийбесин, аны өлтүрөбүз деп теракт болуп кетиши мүмкүн" деп тезинен шаардан чыгып кетүүсүн бийликтен талап кылып келгендерин Руши жөнүндө уккандар жакшы биилшээр.
Ал эми мен судья Мадина Давлетбаеваны сынга алып, "неге Куран китепти мусор жащике ыргытасың" десем, соттордун төрагасы Марс Джакупов мени Саламан Рушидей жоготом деп, артыман түшүп алды.

..."КАРИКАТУРА"...
Баарыбызга белгилүү болгондой, Даниянын журналисттери окурмандарды көбөйтүү максатында пайгамбар Махаммеддин (САВ) карикатура сүрөтүн тартып, жайылткандары үчүн Данияда (Копенгаген), Скандинавияда жана Европанын шаарларында чоң ызу-чуу чыгып, көптөгөн дүкөндөр, басмакана, имараттар өрттөлгөнүн сыналгыдан көрүп жаттык, ызы-чуу араң барып токтоду. Ал эми биздин ыймансыз соттор Мусулман динин кордогон үчүн Алла бирөөлөрдү себепкер кылып жана чоң кырсыктарга алып келээрин түшүнбөйт окшойт.

... КУРАН ӨРТТӨГӨН ...
Жакынкы эле арада Америка Маями штатында пастор(молдокеси) Джон Тьерри элдин арасында бүткүл дүйнөгө жарыялап туруп, КУРАН КАРИМ китебин тележурналистердин көзүнчө өрттөп жиберди. Ал кылган иши Американын эли дин тандоо эркиндигине ээ экендигине карабай, ар кандай нараазычылыктарды туудурду. "Джон Тьерринин бул жасалган ыймансыз ишинин бизге залакасы качан тийээр экен? Бизге ал кишини бергиле, биз аны өзүбүз шарият жолу менен жазалайбыз" дешип Европанын эли ушул күнгө чейин өтө нааразычылыкта жана кооптонууда жашоодо. Американын элинин нааразылыкчылыгына карабастан, бир келесоо американын жараны Джон Тьерринин айыбынан Ооганстанда УУБ өкүлчүлүктөрүнө кол салып, бир нечесин өлтүрүп кетишти.
Америка жана Европанын элинин нааразычылыктарына Кыргызстан мусулмандары кошула алган жок. КУРАН КАРИМ китебин өрттөп жатканын теледен көрүп туруп муфтияттын жааматы, азретти муфтий Жалил Чубак ажы, Ислам институтунун ректору Нарматов Абдышүкүр, диний коомдордун өкүлү Чотонов Өзбек ажы, Абдылдаев Дүйшөн ажы, Назаркулов Ильясбек устаз, илимий диний ишкерлер Кулов Өмүрбек, Кадыр Маликов, Шамшыдин ажы жана "мен" деген коомго аты чыккан адамдарыбыз бир ооз сөз дей алышпады. Анткени, биздин "урматтуу" молдокелерибиз шайтандаган динсиз бийликке жакпай калабыз деп чочулашат.
Белгилей кетүүчү нерсе, "Эл сөзү" газетасынын башкы редактору Ашырбек Болотов аталган гезитте бул окуяга туура, саясий баа берип, Куран китебин өрттөгөндөргө кыргыз мусулмандарынын атынан туура саясий баа берип, чечкиндүү наалат айтып чыкты.

... "КУРАН ЫРГЫТКАН"...
Мени кээ бир мусулман жамааты күнөөлөшүп, "Ыймансыз сот Мадина Давлетбаевага неге КУРАН китеп карматтың, бербей эле койбойсуңбу? Чын эле КУРАНДЫ ыгытып жибериптирби? Сот алдына барып наразычылык акция өткөрбөйсүңбү? Ыймансыз сотторду соттон кетиргенге аракет кылбайсыңбы" деп, мындан башка дагы көптөгөн акыл үйрөтүшүүдө. Ал эми өздөрү Американын көзөмөлүнөн бетер "Жыйынтыгы эмне менен бүтөөр экен, дагы кайсыл ыймансыз сот Мадина Давлетбаевага кошулуп алып, "Атың чыкпаса жер өрттө" дегендей, пастор(молдокеси) Джон Тьерри сыяктуу китепти өрттөй баштаар бекен деп карап турушат. Айта кетүүчү нерсе, мен сот алдында 22-февралда акция уюштурсам, акцияга каршы кырк милицияны чакырышты. Алар акциянын маанисин угушкан соң, мага каршы кадам кылышпастан, тескерисинче жерге түкүрүп басып кетишти...
Кыргызда "Оозу-мурду кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн" дегендей, Марс Джакупов, Жыргал Мырзалиева жана Мадина Давлетбаева "Куратор Законго" таянып алышып чалмакейин чалып жатышат, каалаган сотторду жамандашып Азимбек Бекназаровдун колу менен тажрыйбалуу сотторду мыйзамсыз жолдор менен кызматтан бошотушуп жана калган соттордун үшүн алууда. Мисалы, мен Биринчи май, Свердлов жана Бишкек шаардык, райондук сотторго Конституциялык укугумдан пайдаланып, мыйзамдын алдында баардыгыбыз бир тең укуктабыз деп, жоопкер катары Марс Джакупов менен Мадина Давлетбаеванын үстүнөн доо арыз менен кайрылганмын. Менин доо арызымды райондук соттор териштирүүдөн чочушуп, кароодон баш тартышты. Аргасыз Бишкек шаардык сотко апелляциалык түрдө жөнөтүүгө мажбур болдум, себеби, ал жерде үч сот болуп карашат.
2011-жылы 20-апрелде үч кишиден турган соттун курамы менин эки доо арызымды бирдей карап чыгып, так текедей секиришип "Мындай мыйзам бизде жок, чоңдорго жазылган эмес, мыйзам карапайымды ооздукташ үчүн жазылган" деп менин өтүнүчүмдү короодон баш тартышты.
Мыйзам мени колдобосо да, Аллах мени колдосун деп КРнын Жогорку сотуна даттануу арыз менен кайрылдым, балким алар Азимбек Бекназаровдон коркпой, Кудайдан коркуп адилеттүү чечим чыгарып берээр, райондук сотторго мыйзамдын чегинен чыкпай иш алып баргыла деп көрсөтмө берээр деп.
Же менин доо арызымды адилеттүү карабай, Куранды ыргыткан шайтандаган адамды жана аны колдогондорду КРнын Жогорку соту да шайтан жолуна түшүп колдоп коёбу?
Пайгамбардын хадиси: Төрт кылык бар пайдаланган ишине, Төбөсүнөн Кудай урган кишиде. Биринчиси: Колун салып иштеген аманатка, Билбей калат конгонун жаманатка. Кой терисин жамынган бөрү болот, Жакшы ишине бирүүнүн аралашса. Экинчиси: Бир көргөндү билип турган ким дейсиң, Билишкен соң ким экенин иргейсиң. Ишентем деп жалган айтса кургур, Ит экенин а дегенде билбейсиң. Үчүнчүсү: Андайларда узун болот убада. Ага ишенген убарадан убара. Алдастаган сөзүн угуп бүтпөгөн, Ал байкушту сен кимсиң деп сураба. Төртүнчүсү: Беттешкенди беттен алып кызуулап, Бешенеси беш өзгөрүп бузулат. Экиленсе ээк-башын көрүп ал, Эки жүздүү, ага ылайык ушул ат.
Бухари жана Муслим.