mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Апрель алааматына 1 жыл
7-апрелде Ала-Тоо аянтында эл былтыркы эл-журттун эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүүгө чогулушту. Боз үйлөр тигилип, боорсоктор төгүлүп дегендей, куран окутулду. Эл ММКдан алган кабар боюнча, тарабай турушту. Анткени, шейит кеткендердин ага-туугандары менен Ата-Бейитке барып, андан соң Форумдан жөө жүрүш менен аянтка Ак үйдөгүлөр келишмек. Жөө жүрүштө эл менен катарлаш жөө баспай, хаммерде кайкалап отуруп келген чоңдор, аянтка келген соң, бири дагы аза күтүү кайгысын билдирмек турсун, курман болгондордун жакындарына сөз берилген жок. Эми аянтттагы элдин маанайын өздөрүнүн сөзү менен айтып берүүгө аракеттенели.

Чүй районунан келген Акмат Борбулов деген киши күйүп-бышып буларды айтып берди:
"Биз адамдык парзыбызды өтөп, куран окутуп, аза күтүп, 87 баланы жоктоп келдик эле. Эми мындайды кыргыз элине экинчи бере көрбө деп, Алла Таалага жалынып суранып келдик эле. Андай болгон жок. Эл бузаар партиялар майрам кылып жиберишти. Ар кимиси өз желектерин көтөрүп, парад уюштурушту. Кимдин дарамети канча экенин эл көрсүн деди окшойт. Баарынан да 2007-жылдан берки өзүм мүчө болуп жүргөн "Ата-Мекен" партиясы өтө шаңдуу келди. Машине үстүнө жарым-жылаңач жигиттерди тизип, байрак-желектерди сайып, желбиретип, созолонгон ырлар менен өттү. Балам Талант былтыр ушул күнү ушул аянтта Бакиевдердин аттырган огунан инвалид болуп калган. Келинчегинин жүрөгү начар эле. Балам жаракат алганда эле чыдабай, ошол күнү каза болгон. Ай-күнүнө жакындап калган болчу. Бир эмес, эки кишини көмдүк. Талант инвалид болуп, балдагы колунан түшпөйт. Пособие-пенсия албайт. Менин колумду карайт. Келиним өлгөн, балам жарадар болгон, канча бир азаматтар ажалга кеткен былтыркы күндү ойлоп, жаным кашайып отурса, менин ишенген партиям "Ата-Мекен" салтанат, музыка менен өтүп жатат. Түкүрдүм, мен ушундай партияга!"

Өзүн Бобулов Канат деп тааныштырган жигит:
"Бул бийлик дагы элди эл катары көрбөй калды. Кайра дагы бир революция керек. Ак үйдүн тосмосун алып салып, ордуна апрель баатырларынын эстелигин орнотуш керек. Акаев, Бакиев жана аны менен биргелердин карикатура сүрөттөрүн жолго төшөлгөн плиталарга тартыш керек. Нары-бери басканда тебелеп өтүп турушсун. Ак үйдөгүлөр сезип турушсун. Ал гана эмес, көчөдөгү түкүргүчтөргө, таштанды челектерине сүрөттөрүн тартыш керек".

Дагы бир Эсенбек Акайбаев деген, улгайган киши кыргыздын чоң комузчуларынан экен. Ошол кишини сөзгө тартканыбызда:
"Бул көрүнөө эле элди, аза күткөндөрдү мазактоо болуп турат. Аза күтүү күнү жарыяланган жок. Бул жерге кары-картаң, колу боштор эле келди. Майыптардын, жарадарлардын жакындары, туугандары жумушта болуп калышты. Ресторандар иштеп, дүкөндөр иштеп, арак-шараптар сатылып жатат. Ал аз келгенсип, мынабу партиялардын кылган иштерин карабайсыңарбы. 5 партия, ал аз келгенсип, "Замандаш" менен "Ак-Шумкар" ар кимиси өз желектери менен өтүп, бурч бурчка барышып, саясий үгүт жүргүзүп жатышат. Кыргыз эли КЫРГЫЗДЫН УЛУУ ТУУСУНУН астында бир ураан менен бириккенде гана иши оңолот. Азыркы эл бийлеген саясатчылар бүт соодагерлер. Алганды-сатканды гана билишет. Сатып жатса, эл унчукпай турабыз. Булар билгенин кыла беришет",-деди ал.





"Бакиевдер жазалансын" деген, эптеп-септеп жазып алган транспарант сыяктуу плакатты көтөрүп эки адам турду. Кечке чейин турушту. Эч кимдин алар менен иши дагы болгон жок. Сураштырсак, Төрөгелдиев Кален жана Токтонасыров Өндүрүш деген адамдар экен. Биз интервью алып жатканда эл чогулуп кетти. Телеоператорлор дагы тартып калды. Төрөгелдиев өз нааразычылыгын мындай билдирди.
"Аза күнү жарыяланган жок. Туу түшүрүлүш керек эле. Парламент, өкмөт, президентибиз баш болуп Ата-Бейитке курман болгондордун туугандары менен бата кылып келгенден кийин, ушул жерде аза күтүү митингиси болуш керек эле. Элдин өлгөнүн көөмп салып, тирүүсү менен иши жоктой кылышты. Өздөрү билсин. Биз болгону Бакиев жана анын куйруктары жазаланышын талап кылабыз".







кыргыз тилиндеги гезит "Эл сөзү"





??.??