Элдик революциясынын баатыры
Нарындан келген Кубаныч КӨКӨТАЕВ:
- Биз Алматы көчөсүндөгү Форум ишканасынын алдына чогулган элек. Капысынан бизге укук коргоочулар кол салып, эл менен бийлик тирешип кеттик. Мен башыман жаракат алдым. Тез жардам мага алгачкы жардамдарын беришти. Бийликтин кылганы туурабы. Өз элине кантип кол салсын. Биз граждандык укугубузду пайдаланып, бийликке дооматыбызды айталы десек, алыстан жоо басып келгенсип элине тиш кайраган өкмөттөн эмнени күтсөк болот?

7-апрель баатырларына таазим
Дүбүртүнө кыргыздын,
Дүйнө эли көңүл бурду го.
Өз элине ал бийлик,
Мылтыгын октоп сунду го.
"Ак үйдү алам десеңер,
Автомат менен коргойм" деп,
Ал сөзүнө турду го.

Окко төшүн тосконду,
Бериптир кудай кыргызга.
Акыры башта бир жолу,
Өлүм бар экен турмушта.
Эл-жери үчүн өлгөндү,
Баатыр дешет кыргызда.

Жетисинде кыргызды,
Чет элден келип аткан жок.
Өз элине ок аткан,
Кудайга да жаккан жок.
Аткандар качып кетишкен.
Ак үйгө салган капкан жок.

Коогалаң жасап ал бийлик,
Комсортуп кетти жеримди.
Токсонго жакын баланы,
Тоо кийиктей аттырып,
Томсортуп кетти элимди.

Сексен канча баатырдын,
Мекен үчүн жан берип,
Өлгөндүгүн көрдүңөр.
Кыргыздын кымбат балдарын,
Өз колуң менен көмдүңөр.
Ажалдан алып кала албай,
Айла жоктон көндүңөр.

Акыйкат издеп кайран эл,
Ак үйгө бара жатышкан.
Бийлигин сактап калам деп,
Бейкүнөө элди атышкан.
Ошол күнү мен дагы,
Ыңкылапка катышкам.
Мээлегенди билбеймин,
Мени да башка атышкан.
Сексен жети баланын,
Өлгөнүнө кыргыз эл,
Ичибиз жаман ачышкан.

Аттиң, дүйнө ушундай,
Арабызда алар жок.
Ал күндү азыр эстесем,
Айыгаар дарттан абал жок.
Айланып жылдар келсе да,
Аткандардан кабар жок.
Азаматтар ушул ыр,
Арбагыңа арналат.
Ар бириңе даңк дейбиз,
Ак топоңду кармалап.
Аткандар болсо силерди,
Акыры
Бир дүйнөдөн кармалат.

Ал күндөгү максатың,
Аткарылаар деп турам.
Атыңарды унутпай,
Ай-ааламга кеп курам.
Артыңарда элиң бар,
Айтканыма бек турам.
Нарын областы,
Кубанычбек КӨКӨТАЕВ
(0 773) 74 36 14




Зарылбек МУРАТАЛИЕВ,
Сокулук айылы

Атаганат!

Кылтактап алсыздарды жарга такап,
Кымбатчылык күндөн күнгө өсүп барат.
Кыдырып кымыз ичкен кыргызга,
Кыйын болду ушул заман, атаганат.

Кол созсок коммунизм доорун самап,
Коштоштук, жете албадык чилдей тарап.
Короодо койлор турган… короз калбай,
Коңултак басып калдык, атаганат.

Жалданган бир жалардан адам тандап,
Жайдары колунда бар көпөс-манап.
Жай-саратан ысыкта талаада иштеп,
Жаман болду бечарага, атаганат.

Акча алсак, жаңыруучу айды самап,
Ал мезгил бизге азыр актай барак.
Алып-сатып жалпыбыз базардабыз,
Алдамай, адат болду атаганат.

Үшкүрүп жер тиктебе эр-азамат,
Үмүттүн оту өчпөйт, кайра жанат.
Үркөрдөй кыргыз журтум
жакырданбай,
Үй күтүп, бай болсо экен, атаганат.


Үңкүрдө жашай туралы

Жашоодо болуп бурулуш,
Жанданбай калды курулуш.
Жабылбай чатыр былтыркы,
Жан кейип карап турубуз.

Канткенде курдук элетти,
Карматпай кетти цементи.
Калкыбыз күткөн бул байлык,
Казактар үчүн керекпи.

Шымы жок эл макалчыбы,
Шыйпыры кокту чарпыды.
Шыбактар кайдан токтотот,
Шып ылдый акса тамчы бу...
"Бүтмөкмүн болсо мурда" деп,
Бүтпөстөн турат фундамент.
Маяна болсо мен даяр,
Маанинин бары пулда деп.

Ардактуу биздин жерибиз,
Айткыла кимбиз деги биз.
Алдырсак колдон байлыкты,
Алачык тигет элибиз.

Кыстаган турмуш абалы,
Кымбаты бойдон калабы.
Кытайга сатсак баардыгын,
Кыргызды бирөө багабы.

Үч кабат болгон турагы,
Үлкөндөр элди угабы.
Үмүттү үзбөй замандаш,
Үңкүрдө жашай туралы!


Келемиш

Чынында атың "келемиш",
Чычкан деп тергеп келебиз.
Чыдап тур, бир аз көңүл бур,
Чындыкты айтып беребиз.

Машине минип келебиз,
"МАИ" бар деген келемиш.
Таягы менен токтотсо,
Тапкандын баарын беребиз.

Догуруп жатат дебеңиз,
Догдур бар анык келемиш.
Ден-соолук үчүн курусун,
"Деньгини" арбын беребиз.

Саламат болсун денеңиз,
Салыкчы таасын келемиш.
Алакан жайса келе деп,
Айтканын толук беребиз.

Сопу адам экен дебеңиз,
Соттор бар кай бир келемиш.
Соолубас үчүн абакта,
Сомдорду солоп беребиз.

Маалымат алат белеңиз,
"Мамкаттоо" чыны келемиш.
Отурук, турак жай үчүн,
Оозунан чыкса беребиз.

Рекет экен дебеңиз,
"Ректор бар кээси келемиш".
Экзамен калса жакындап,
Эмне десе беребиз.

Уулум деп бакса энебиз,
Ушинтип жашап келебиз.
Ууланткын арам тамакты,
Урматтуу Роза эжебиз!





Кадырбек КЕРИМБАЕВ
(Саяковский)

Чын курандын жетиси

Кутуруп Бакиевдер кеткен эле,
Куулук-шумдук челгине жеткен эле.
Курал менен алдына чөгөлөтүп,
Кул кылам деп кыргызды сезген эле.

Кыргызга сезип өзүн хан катары,
Кыргызды сезип калган мал катары.
Ээлеп жатты көзүнө көрүнгөндү,
Ээрчитип түрдүү досту каргашалуу.

Парламент басмачынын тобу болду,
Баш мыйзам басчу кенен жолу болду.
"Көздөрү укмуш" желмогуз зордук
менен,
Көз көрүнө так минер ою болду.

Калганда таасир этпей уяткаруу,
Калганда укпай сөздү кулактары,
Ар-Намыс кыргыздарды чыдатпады.

Таласта тагдыр чечээр талаш чыгып,
Талашты басмак болду сабап туруп.
Манастын урпактары көрсөттү анан,
"Мозгиси" жокторуна сабак кылып.

Куралсыз элди курчап "форумдагы",
кубаттуу "омон" менен колундагы.
"Тезекбай" күткөн эмес капысынан,
Тескери чыгар ишти оюндагы.

Түрү жок көпчүлүктү угам деген,
Түгөнгөн элде деле чыдам деген.
Тосуп келди кыргыздар окко төшүн,
Тосорун билип туруп курал менен.

Бийликти эл берди эле элин атты,
Бирден, бирден кийиктей терип атты,
Ок тийгенин көтөрүп бирөө кетсе
Окту тосуп башкасы келип атты.

Аянттагы кыргынга элим күбө,
Асмандан Алла Таала, Теңир күбө.
Жалп этип улам бирөө окко учканда,
Жамгыр болуп жашыбыз төгүлдү эле.

Жамгырдай көз жашыбыз төгүлдү эле,
Жамгыр да көктөн тынбай себилди эле.
Чын курандын ошол күн жетиси эле,
Чын беле, кызыл кыргын төгүн беле.

Чыдатпай жүрөгүңдү улам эзген,
Чын курандын жетиси чыгабы эстен.
Кыл үстүнө тагдырын коюп туруп,
Кыргыздын ар-намысын сынап өткөн.

Эр-жигиттер ок тосуп набыт болгон,
Эрдиги элде калат аңыз бойдон.
Кыргыздар кылымдарга дастан кылат,
Кыргызга ыйык, бийик намыс болгон.

Өлүштү канын төгүп, жанын берип,
Өмүрдүн күлгүн курал чагын берип.
Эстелик тургузулат сокулукта,
Эрдикти эскеришке дайым келип!

Бул эстелик элдин, журттун үнү болсун,
Бийлик чоочур кыргыздардын
сүрү болсун.
Арам ишти жолотпо Ала-Тоого,
Арбактары жигиттердин тирүү болсун.