mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Кадыр Кошалиев, коомдук ишмер:
"Ак үйдүн позициясы менен келише албадым "
- Эл арасында карама-каршы ойлор бар, айрымдары Кошалиев өкмөттүн заказын аткарып Курултайдын иштерин кылып жатат дешсе, башкалары Курултай иштерин көтөрүүгө аракет кылып жүргөн чыныгы демилгечи дешүүдө.
- Негизи мен 2001-жылдан баштап эле Элдик Курултайды Конституцияга көзөмөл укугу менен кириш керек деп жүргөн пикирдеги адамдардын биримин жана андай адамдардын тобу менен бирдикте ошол күрөшүмдү улантып келе жатам. Кызматтан көтөрүлгөн күнү дагы, кызматсыз калган күнү дагы Курултай тууралуу позициямды өзгөрткөн жокмун. Мына эң акыркы Текебаевдин Конституциясын кабыл алып жаткан учурда дагы, 27 коомдук уюмдар, партиялар, кыймылдар биригип Курултай камтылган долбоорду сунуштадык эле, бирок, карабай коюшту. Ошого карабастан, биз жашап жаткан Конституциянын 52 беренесинде "Жарандар чогулуп, мамлекеттик маанилүү маселелерди талкуулап, бийлик бутактарына сунуш кыла алат" деген жобо бар, ошого таянып алып, 2010-жылдын 8-январь күнү Ош шаарында элдин Кеңеш өткөргөнбүз. Бүт Кыргызстандын областарынан өкүлдөр чогулуп, ар бир областарда облустук курултайларды өткөрөлү, элге идея жетсин деген чечим кабыл алганбыз. Ошондон соң гана жалпы Республиакалык Курултайды өткөрөлү деген бүтүмгө келип, бүгүнкү күнү Таласта, Нарынды, Ошто, Жалал-Абадда, Ысык-Көлдө өттү. Эми Баткен, Чүй облустары калды.
Айта кетүүчү нерсе, мен бийликте жүргөн мезгилимде дагы Курултай идеясын колдоп келгем. Анан 17-январда түрдүү себептер менен КРнын Коомдук каналынын кызматынан бошотулдум. Ошол учурда Президенттик аппараттын башчысы Эмил Каптагаев: "Аппараттан эксперт-консультант деген шатат бөлүп жатабыз, Курултай боюнча гана иш жүргүзөт, ошого келип иштебейсизби" деп сунуш киргизди. Ошондо мен: "Эгерде башка майда-чүйдө иштерге салбай, Курултай иштери гана болсо, идея үчүн макулмун" дедим. Барып эки айга жакын иштедим, көп убакытка иштебесем дагы ал жерге барганым туура болгон экен. Себеби, аксакалдардын пикирин угалы деп үстүбүздөгү жылдын 9-февраль күнү Республикалык аксакалдардын жыйыны өттү. Ал жерде аксакалдар "Бөлүнүп-жарылып, чурулдап, ар кайсыл жерде Курултай өткөрө бербей, бир эле жерде Курултай өткөргүлө" дешип, ал сунуш Массалык маалымат каражаттарына жарыяланган. Р. Отунбаева дагы өз докладында "Түпкүлүгүндө Курултайды колдоп келгем" деди.
Тилекке каршы, Президенттин аппараттын позициясы дайым эле бир кылка туура келбегендиктен, 9-март күнү арыз жаздым, 17-март күнү араң кол коюшту, ошентип, өз каалоом менен Ак үйдөн кеттим. Бирок, ошол жерде иштеген эки ай ичинде жасаган иштерим Курултайдын пайдасына кетти. Азыр кээси Курултайларды бийликтин, Каптагаевдин көрсөтмөсү менен жасап жатат деген пикирлер бар, Кошалиев бийлик кандай кааласа, ошондой иштеп жатыптыр деген пикирлерди дагы угуп калып жатам. Ошон үчүн айтып коёюн, Президенттик апапратка барганга чейин позициям кандай болсо, ошол жерде иштеп туруп дагы, ошол позициямдын бир тамгасы дагы өзгөргөн жок.
- Иштеп келатканыңа талаш жок. Былтыр 2010-жылы Филармонияда Элдик Курултайды уюштуруучуларынын алдында болдуң. Ал Курултайды Дастан Сарыгулов бузду, ошондо Курултайдын жыйынтыгын сактап калганга бир аракет кылган жоксуң го?
- Биринчиден, сиз туура айтып жатасыз, Кыргыз Эл кыймылынын калыптанышына бир топ салымым бар. Жыйындын жүрүшү абдан жакшы өтүп баратып, жыйынтыгына жетээрде бузулуп калды, ушуга биз абдан өкүндүк. Ошончо эмгектин талаага кетип жаткандыгы, албетте, ичиңди тызылдатат экен. Бирок, мен анын кемчилдигин башка нерседен көрөм. Биринчиден, Курултайды уюштуруп жаткан адамдардын позициялары башынан эле ар кандай болчу. Эгерде алар Курултайга баргыча эле өз пикирлерин бышырып алганда, андай болмок эмес. Курултай өткөрө коюп, бийликти басып ала коёлу дегенге башынан эле каршымын. Мындай пикирдегилер ошол кезде деле бар болчу, бүгүн деле бар. Бүгүнкү күнү биз жашап жаткан коомдук-саясий системаны алмаштырып, мындайча айтканда, батышчыл, жөөтчүл, еврейчил коомдук түзүлүштү өзүбүздүн мекенчил, ата-бабалардын жолуна салуу үчүн Курултай өзөктүк система болоору үчүн колдоп жүрөм. Ушул Курултай аркылуу дагы бир кызматка барып отуруп калайын деген оюм жок, Кыргызстандын саясий системасында адилеттиктин кепилдиги катары орнотуш керек, бийликтин үч бутагы тең Курултай алдында отчёт берүүлөрү зарыл, ошондо гана адилеттик орнойт деген идея үчүн жүрөм. Негизи ошондо сөз болгон 1993-жылдагы Конституцияны калыбына келтириш керек деген пикирди түпкүлүгүндө колдойм, бирок, муну турмушка ашырууга келгенде татаалыраак маселеби деген ой бар. Эгер калыбына келтирүү процесси татаалыраак болсо, анда 93-жылдагы Конституциянын духунда Элдик Курултайды көзөмөл укугу менен киргизген кыргыздык, мекенчил, батыштык эмес, жаңы мыйзамды иштеп чыгып, кабыл алуу керек.
- Сиздер чакырган аксакалдар жыйынына Бакиевдин "Ынтымак" Курултайына катышкан жөөттөргө дежур болуп жүргөн аксакалдар дагы тизмеге кириптир. Ушундан эл ирээнжип жатпайбы?..
- Биринчиден, 200 аксакалдын баарын жөөтчүл деп атоо Кудай алдында дагы бир аз калпысыраак сөз. Арасында сиз айткандай, мурда-кийин элге чагымчылдык кылып, бийликке дүжүрлүк кылып, өмүрү ошондой иштер менен өткөн аксакалдар келди. Ичинде 20 киши сүйлөсө, анын ичинен 5-6 гана адам туура кебин айтты. А башкалары, мисалы, Мамбет Мамакеев деген хирургубуз "Курултай дегениңерди мен түшүнбөйм" деп трибунадан түшүп кетти. Мен аксакалдардан көптү күткөм, коомдогу башаламандыкты, коррупциялашуу, түндүк-түштүк деген бир топ проблеммалар башыбыздан ашып жатканда ошол аксакалдарыбыз ачуу чындыкты айтып, эл-журтту кеп-кеңешке чакырат го дегем, бирок, бул көксөө боюнча калып калганы абдан өкүнүчтүү, ал менин күнөөм эмес.

Маектешкен Ашырбек БОЛОТОВ




Парламент -партиялардыкы, элдики эмес
Азыркы Кыргызстанда бийлик-парламентте. Парламент-партиялардын парламенти. Элдики эмес. Элдин өкүлү болуш үчүн эл өзү тандап, шайлап, керек болсо чакырып алат.
Партияга добуш берген 37 пайыз эл-алданган эл. Алар партиялардын депутаттыкка кандидаттарынын тизмесинде ким бар экенин деле билишпейт, "уюшкан кылмышкерлердин тобу сыяктуу эле - уюшкан акчалуу мансапкорлордун тобу. Максаттары Ак үйдөн айыл өкүмөтүнө чейин өз адамдарын кызматка коюш. Карапайым, момун элди каалагандай алдап, бийлеп, алардын эсебинен байлык топтоо. Баардык пайда чыга турган булактарды ээлеп алуу. Болгондо да мөөр үстүнө мөөр бастырып, экинчи кол тийгис кылып менчиктеш. Акаевди "ат" дешип, Бакиевди "пап" дешип жүрүп, менчиктеп деле алышкан. Эми калган катканын бири бирине ыраа көрбөй, мандат алган беш партия ырылдашып турушат. Же мен апыртып жатамбы? Элиң эмне болсо, ошо болсун дешип эле кызмат талашып отуруп алышпадыбы. Эл-жери менен дубандарды "устукан" кылып алгандарын деле жашырышкан жок.
Партиялык парламент иштебей жатып элге жакпай калды. Парламент партиялардын бийлиги болуп калганын эл эми түшүндү. Партиялык тизмеде саясатчысы да, "саанчысы " да, боксёру менен артисти да жүрөт. Мисалы, Ибрагим Жунусов, Феликс Кулов, Турсунбай Бакир уулу сыяктуулар кайсыл шайлоо округунан добуш алат эле. Ушундайлар сүрмө топ менен өтүп кетет экен да. Демек, парламентке партиялар катышууга болбойт экен. Албетте, кандай партиянын мүчөсү болсо дагы өзүнүн айыл аймагындагы эл ишенип шайласа, шайлана берет. Бул алардын "батыштык цивильний демократиясына" да, кыргыздын канына сиңген демократиясына да тура келмек.
Эмки сөз - ушул фундаменти жок, солкулдап турган бийликтин чабалдыгына көзү жетип, оңой эле "нары отур" дегендей жылдырып коёбуз дегендерде. Жылдырабыз десеңер жылат. Аргасы жок. Кеп тополоңсуз жылдырууда. Кажырап турган Кыргызстанга анын кереги жок. Айдалбай жер калат, эгилбей эгин, багылбай мал калат. Өндүрүш өлөт, бизнесиң токтойт. Башка өлкөлөр экономикалык блокада коёт. Мындайдын бечара элге кереги жок. Бизге азыр партия-партияга, түндүк-түштүккө, уруу-урууга, улут-улутка бөлүнбөгөн бир гана-ЫНТЫМАК керек. Ынтымак гана Кыргызстанды сактап калат.
"Курултай" дегендер чыкты. Азырынча куру кыял. Элди дүрбөтүп, ээрчитип чыккылары келет. Курултайдын бийликтеги ордун тактап көргөзүп, майда-чүйдө уюштуруу маселелерине чейин иштеп чыгып, элге жарыя кылган бирөө жок. Былтыркы БЭКтин айкырык Курултайы эмнени чечти эле? Менин жеке пикиримде, Курултай-Улуу Элдик Курултайды шайлаш керек. 13-15 эл ишениминин ээлери шайланса. Анан алардын бийликтеги орду "Конституциялык көзөмөл" сыяктуу орган болсо, б.а. президенттин да парламенттин да мыйзамдын чегинде иш алып баруусун көзөмөлдөп турса. Консот, акыйкатчы, азыркы эсеп палатасы-элдик текшерүү комиссиясы деп аталып, Элдик Улуу Курултайдын жоопкерчилигине берилсе туура болор беле деген пикирим бар. Эл журттан ушул боюнча сунуштарды, ойлорду күтөбүз.
Дагы бир унчукпай коё албаган кызык бир иш бар. Бу бийлик дегенде дубана болчу чекке жеткендер көбөйүп баратат. Мандаты жок эле "мандалагы" менен барып бирөө "парламент" курду. Бийлиги жок "өкүмөт" отургучтарды мингизип "министирлерди" тизип жатат дейт. Батышта ушинтсе боло берет имиш. Кыргызда бул уят да. Ошол эки жигиттин оброю эл ичинде чындыгында өтө бийик, тулуп-өскөн аймактары гана эмес, Кыргызстандын башка райондорунан туу катары көтөрүп чыкчу азаматтар. Анан эле "өкүмөт", "парламент" деп бала бакчадагы балдар ойногон анегдоттой иш кылып турушат. Мейли өз ишиңер, анын үстүнө бизде-ДЕМОКРАТИЯ. Бирок эсиңерде болсун. Жыйырма жылдан бери саясатта келаткандардын аты эмес, жыты чыкса эл колдобойт. Жалаң жаштарды тарта алсаңар балким…. деп туралычы. Эл эскилерден жадады.
Эми эң негизгиси тартип. "Башы жок бака, көзү жок көгөн" болуп жашоого болбойт. Кумурсканын уюгундагыдай да тартиби жок эл болуп баратабыз. Мыйзамсыз жашоого көнүп бүттүк. Байыгандар ого бетер байып, жакырлардын жаны эле калды. Уюшкан кылмыштуулуктан уюшкан мансапкорлор он эсе коркунучтуу. Кылмышкерлер даяр оокатты тартып алса, мансапкорлор элдин, журттун келечегине балта чаап салышат. Жашообуздун нугун бир гана 1993-жылы кабыл алынган баш мыйзам оң жагына бурат. Тартип орнойт. Элдин анык бийлиги орнойт. Тынчтык, жай баракаттык менен чарбабызды калыбына келтиришип алабыз. Ички маселебиз да кең кесири элдик талкуу менен чечиле берет. "Заказной Конституциялар" айрым бир адамдардын, "кландардын" бактысын ачкан "балкитеп". Ошонун негизинде бир ууч шылуун жыргап, калдайган калың эл карызга батып, жакырчылыктын жаман чапанын чече албай отурабыз. Ойгоно электер ойгонгула!

Керимбеков Кадырбек
(Саяковский)
"Кыргызстанды сактап калуу" кыймылынын мүчөсү.









кыргыз тилиндеги гезит "Эл сөзү"





??.??