mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

"Кошелёк"
Экс-вице-премьер министр Азимбек Бекназаровго

Кудай урсун, мен сени ушинтип тергейин деген эмесмин. Анын үстүнө кызматтан кеткенден кийин "өлгөндүн үстүнө көмгөн" кылайын деген деле эмесмин. Аны өзүңө окшоп бетке айткандан кайра тартпаган Токтайым Үмөталиева "Хаят" мейманканасындагы жыйында Отунбаевага "Роза эже, Бекназаровду качан кетиресиз? Эл Бекназаровду сиздин "кошелёгуңуз деп жатат" деп айткандан улам эстедим. Анан "какаганга муштаган" болуп, үстүңө үйрүлүп түшүп жүргөн оппозициялаш досуң Аликбек Жекшенкулов: "Менин оюмча, Роза Исаковна туура эле кылды. Анткени, баш прокурор болуп дайындалган Кубатбек Байболов тажрыйбалуу, принципиалдуу, таза киши. Ал эми Азимбек Бекназаров болсо мурда оппозицияда жүргөндө "ойногон", азыр да "ойноп", өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн саясатчы" деп, сени жүдаа ойсоке кылып коюптур. Бирок, "саясатчы" деп, көтөрө чалганына кошулбайм. Анткени, сен саясатчы эмессиң, деги эле оппозицияда жүргөн "Ормон опузанын" баарын эле саясатчы дей берген болбойт. Саясатчынын өзүнүн ички жана сырткы маданияты болот. Дүйнө таанымы кенен, ой жоруусу ордунда, логикалык тескеме аппараты кынтыксыз иштеген баштооч болуш керек. Сенин ошол аппаратыңын айныкейи бар экен. Ошон үчүн "бир кезде канча бир литр канын Алматыда алмаштырып келгени жөнүндө айтканы бар. Ошондо да бирде "алмаштыргам", бирде "алмаштырган эмесмин" деп эки сүйлөгөнү, Аксы учурунда да "таяк жегем, таяк жеген жокмун" деп да эки сүйлөгөнү эсте" деп, саймедиреп атпайбы серепчилер. Мен кошумчалай кетейин. Ошондо аялың чырылдап, "эримди көгала койдой сабап атыптыр" деп, "адилетчи" Нышанбек Кочкоровго кайрылса, ал кайран бир эмес, үч көрсөтүү менен көбүртүп-жабыртып ийип жатпайбы. Катының кайта-кайта какшай бергенден, Кочкоров барып тартса эле, сен дырдай чечинип алып, "мына, соо элемин, көгала болгон эч жерим жок, атүгүл, жалап-жуктап койгон жакшы имаратта жыргап-куунап жатам" деп, карганып ийгенден кийин да аксылык туугандарың "өзү милийса кезде, далайынын сазайын берди эле, эми биздин балабызды өлтүргөнү жатыптыр" деп, түп көтөрө чыгышпады беле. Ошо байкуштар сени коргойбуз деп окко учкан. Ошолордун убалы Аксыда төрөлгөн Закиржан Бакиев экөөңдүн мойнуңда.
Бир короо койду окко да, бокко да баштап алган бакылдак текелер болот. Кой маарээк кишилердин алдында улак-текедей бакылдагандын баары эле баштооч эмес. Мага окшогон одуракай кебетең менен тоодон таш кулап келаткандай тормозу жок калдыр-шалдыр сүйлөгөнүңөн улам, айрымдар сени алчы-таасын жеген "саясатчы" деп алыптыр. "Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз" дегендей, сени көрдүк, "эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт" болуп, сүрмө топ менен Текебаевдердин этегине эрмешип келгениң үчүн, "мурда милийса эле, "бөө" дегенди билер" деп, күч органдарына көзөмөлчү кылып койсо, "ат көрбөгөн минип өлтүрөт" болуп, оңду-солду солбуй берип, "бөрк ал десе, баш алып" ийдиң. Кадр маселеси боюнча "табакташтарың" Текебаев менен Атамбаевге алдырып ийгениңе, анан алдагы алда немедей орунга баргандан кийин да Отунбаевага түртө салганыңа караганда, серепчилердин "бул шайлоо алдындагы кезектеги трюгу", "Бекназаров баягы Аксы окуясын кайталап жатат, анда бир эле райондо болсо, бүгүн жалпы Кыргызстанды ошол абалга такап койду. Ал ууланган затка эмес, өзүнүн кетирген каталарын сезгенине ууланып калды" дегени чын окшобойбу. Анан да Токтогул райондук координатордук кеңештин төрагасы С.Аникеев "Роза Исаковна, сиздин айланаңыздагы кээ бир техникалык өкмөт мүчөлөрүнүн уяты жок адамдар экенин эл байкап турат. Техникалык өкмөттүн мүчөсү вице-премьер министр Азимбек Бекназаров ишинен кетпей, ресурсту колдонуп, өзүнүн партиясы аталган БЭКке жардам берем деген ойдо көрүнөт" деп, жылаандын башын чыгарып жатат. Аникеев айтпаса деле, жанагы эл айтып аткан акчаларыңды акташың керек, анан БЭКтеги уулуң Руслан Бекназаровго болгон күчүңдү үрөй турганыңа акыл-эстүү адам ишенбей койбойт. Жаман оюмда, сенин шайлоого барбаганың: биринчиден, бузук патийпондун табагындай, баш-аягы жок бакылдаган сөзүң, орусча сабатсыз сүйлөгөнүң "үтүктү сайса эле Бекназаровдун бети көрүнөт" дегендей, элдин сабырын самандай учуруп ийди. Экинчиден, өңгүл-дөңгүл сүйлөй берип, "табакташ досторуңу" таарынтып алып, талаада калдың. Үчүнчүдөн, массалык маалымат каражаттары кактабай каныңды ала берип, "шерменде койдун чүкөсүндөй" кылгандан кийин, сен "тууган" БЭКтин берекеси кетип, шайлоочулар колдобой коёрун билдиң. Аны болсо, "менде акча жок, итке минген кедеймин" деп, сыналгыдан сыздап ийгенде эле түшүнгөнбүз. Төртүнчүдөн, ушул убактылуу орунда отуруп алып, НБТдан Нариман Түлеев "сен дагы кечээ Бекназаров менден акча сурагандай сурап жатасың" дегенине караганда, те бая Рыспек Акматбаевден тарта Акаевдин, кийин Бакиевдин мүлкүн, сенин амириң менен кызматтарында калган сот-пот, милийса дегендерди өөнөп-бутап калайын дегендирсиң. Камалгандарга кара тизме түзүп алып, "колуңа карга чычып" кеткендерди, үй камагына чыгарып жатыпсың. Эгер ошолор калп болсо, ак же көк деп карганбайсыңбы. Жок, антелбайсың. Анткени, кызматтан шыпырылаарыңа аз калды, алиги сенде өчү бар күч органдары кууп жүрүп кустураарын билесиң. Ошон үчүн "айтор, Бекназаровдун "кошелёк" экени жөнүндө кептер огеле көбөйүп кетти. Ошону түшүнүп, куйрукту түйгүсү келип жаткан жок бекен? Анда издөөдөгү Бакиев, Үсөнов, Суталиновдун катарында Бекназарровду да издеп калбайбызбы?" деген күдүк ойлор көбөйүп отурат. Бешинчиден, ошондой "иттигиңе" карабай, сенин колуң менен тазалачу ыпыр-сыпыр али бар экенин Убактылуу Өкмөт билет. Айтор, Абдыбек Сариев айткандай, саясаттагы абалың оор. Аяктан кетсең, сени ит да жумушка албайт.
Эми мен күпүлдөгөнүң менен, колуңан пок келбесин жеке таарынычым менен бекемдей кетейин, сенин "кошёлоктон" тышкары кадр саясатында сайпана экениңди, колуңа бирдеме карматпаса, өлүмүш болуп отура берээриңди, кийин ишке илешип калсаң, көнгөн адатың каныңда бар экенин биле жүрсүн деп, кийинки муунга кулак кагыш кылып жатканым.
2010-жылы 6-майда сага мындай кат жөнөткөм. "2009-жылы май айында КТРдин директору Мелис Эшимканов телевидениени Максим Бакиевге акционерлештирип алып берүү үчүн банкротко отургузуп, көбүрөөк үлүшкө ээ болуучу эски кадрларды жоготуу максатында реформа деген шылтоо менен 123 кызматкерди аттестациядан өткөрбөй, мыйзамсыз аракеттерди жасаганы үчүн "Назар" гезитине "Курманбектин куйругу" деген сын макала жазганым үчүн аныкталбаган айыптар менен мени кызматтан алган. Бирок мен сот аркылуу адилеттик болобу десем, Ленин райондук жана Бишкек шаардык соттору мага күч менен (балким, акчанын күчүдүр) мыйзамсыз чечим чыгарышты. Анын үстүнө Эшимкановдун буйругу менен жасаган жасалма документтери аркылуу соттордун көзүн будамайлаган КТРдин юристи Айжан Жуманалиеванын күйөөсү Илим Карыпбеков Бакиевдин аппаратында бөлүм башчы болуп, ал эми кайненеси Ажибраимова Жогорку сотто иштейт экен, алардын да жардамы тийип, менин далилденип турган актыгым таптакыр этибарга алынбай, иш Эшимкановдун пайдасына чечилип келди. Ошондуктан, демократиялуу элдик өкмөт менин арызымды адилет карап, кызмат ордумду кайра калыбына келтирип берет деген ниеттемин" деп, эл душманы Эшимканов мени "жумушта болгон эмес" деген жалган документтер менен иштен убагында эмес, макала чыккандан 49 күндөн кийин айдаганын, Ленин райондук соту Сейтек Коңурбаев, шаардык сот Күлүмжан Абдрахманова анын пайдасына чечип жатканын "Эл сөзү" гезитинин 6-апрелдеги санына "Карга карганын көзүн чокубайт" деп, ийне-жибине чейин көргөзүп, алиги катка кошо тиркеп берсем, бир жарым ай быркыйып жооп бербей койдуң.
Анан Анарбек деген жардамчың бар экен, ар кайсы шылтоону айта берип, акырында сен жазган жооп жоголуп, компьютердеги көчүрмөсү өчүрүлүп калганын бир жарым айдан кийин араң айтканда, сен башында эле башаламан жүргөн алабарман элең деп, алиги катты экинчи жолу жолдодум. Ошондо сен "Жогорку сот Момбековго. Ушул арызды мыйзам чегинде, акыйкат кароону өтүнөмүн" деп, алакандай жооп жазыпсың. Сага караганда ит көйнөк мурда жыртып, маданиятка эмгек сиңирген ишмер болсом, итке сөөк ыргыткансып, калем учу менен кайдыгер ийрелеңдетип коюпсуң. Ээ, айланайын, андай жоопту Пушкин менен Лермонтов деле жазмак. Балким, Ленин райондук соту Сейтек Коңурбаев менден үмүт этип жадагандан Эшимкановду ээрчип кеткендей, сен да бир жарым ай үмүт этип, капчыгыңды камдап коюп, кезерип мени күтүп отургандырсың. Отура бер. Пенсияга чыга элек кишинин колунан коко тикен келбейт экен. Азыр ээриң кыйшаңдап, жеп-ичкендериң гезит бетине батпай, ошолорду кусаар маал келип турганда, бакылдагандын баары эле теке эмес экенин, сендей кишилер убактылуу ырк бузаарлар экенин эскерте кетейин дедим. Анын үстүнө эмки президенттик шайлоого катышам деп оолугуп алыпсың, анда эле сендей "кошелёкко" добуш берген шайлоочулардын шору.
Бөкөнбай БОРКЕЕВ
КРнын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер



кыргыз тилиндеги гезит "Эл сөзү"





??.??