Жогорку Кеңештин төрагасы А. Келдибековго,
"Ата-Журт"фракциясынын лидери К.Ташиевге,
"КСДП" партиясынын лидери Ч.Турсунбековго,
"Республика"фракциясынын лидери К.Исаевге,
"Ар-Намыс" фракциясынын лидери Ф.Куловго,
"Ата-Мекен" фракциясынын лидери Ө. Текебаевге,
Жогорку Кеңештин баардык депутаттарына

Кайрылуу
Сиздерге ушул кайрылууну жолдообуздун жайы мындай: Сиздердин дээрлик кобүңүздөргө белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан "Пирамида" телеканалы бир нече жылдардан бери элибиздин менталитетине, моралга, адепке, уят-сыйытка карама-каршы келген, порнографиялык көрсөтүүлөрдү, фильмдерди ачыктан-ачык эле элге көргөзүп, эл бузаарлык иштерди көргөзүп келе жатат. "Пирамида" телеканалынын мындай карөзгөй иштери өзгөчө жаштарды бузуп, алардын аң-сезимине болуп көрбөгөндөй зор зыяндарды келтирдт жана келтирүүдө. Түнкү саат 12де аталган телеканал аркылуу өтө абийирсиз мазмундагы порнографиялык фильмдер көргөзүлдү. Ошондой эле, бул телеканал тарабындагы адамдардын, өзгөчө жаш балдардын, кыздардын психикасьн аябай бузуп, аларды катаалдыкка, кылмышкерликке, бузуктукка үйрөтө турган "ужас" фильмдер да өтө көп көргөзүлүп келе жатат. Мындай фильмдердин кесепетинен аягы суюк, денесин саткан кыз-келиндер, мыкаачы киши өлтүргүчтөр, талап-тоноочулар аябай көбөйүүдө.
Кыскасы, бул телеканалдын абийирсиз фильмдери элибиздин келечегине, чоң коркунуч туудурууда!
Урматтуу Жогорку Кеңештин төрагасы!
Урматтуу депутаттар!
Жогорудагы себептере байлаиыштуу, "Пирамида" телеканалын тез арада ооздуктап, тартипке чакырууңуздарды өтүнөбүз.

Акин Токталиев, адвокат, укук коргоочу.
"Кыргызстан элинин абийирин жана ар-намысын коргоо" комитетинин төрагасы

133-статья. Ыплас аракеттер
Он төрт жашка толо элеги белгилүү болгон адамга карата зомбулук көрсөтпөстөн, ыплас аракеттер жасалганда, - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

157-статья. Жашы жетпегенди коомчулукка каршы аракеттерди жасоого тартуу
(1) Он сегиз жашка толгон адам жашы жетпегенди аракечтикке, баңгилик же башка баш айлантуучу заттарды врачтын дайындоосуз керектөөгө, сойкулукка, селсаяктыкка же кайырчылыкка, сексуалдык аракеттерди жасоого тартканда, ошого тете порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же нерселерди даярдоого байланыштуу аракеттерге тартканда, - жүз сексенден эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же болбосо жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Күч колдонуу же аны колдоном деп коркутуу менен жасалган ошол эле жосундар, -үч жүзден беш жүзге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2007-ж. 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)




"Ак шумкарбы", кумалакпы?..
5-апрелде Сокулук акимчилиги 2010-жылдын 7-апрелинде 87 курман болгон, анын ичинде 11 сокулуктук курман болгондорго куран окутуп, каза болгондордун жакындарын көңүл айтып, элди биримдикке, ынтымкка чакыралы деп эскерүү күнүн өткөрүштү. Ошол эле күнү курман болгон баатырлардын эстелигинин фундаменти дагы түптөлдү. "Бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей, ошол жерде Темир Сариев, Токтош Сариев, башка аткошчулары өздөрүнүн ким экендиктерин көргөзүшүп, элди ирээнжитишти. Регламент боюнча куран окулуп, андан кийин ак сакал, көк сакалдарга, андан кийин партияларга сөз берилмек экен. Темир Сариев андай регламентти уруп дагы койбой, жулунуп чыгып сөз сүйлөдү. Туу кармаган 20-30дай күйөрмандары уялышты окшойт, баштарын жерге салып коштободу.
Темирден кийин жулунуп, айылында элдин аттарын, иттерин аткан эл байкуш милицияга, сотко кайрылса, Жаныш Бакиевге барып, милициянын, соттун оозун жапчу, Бакиев бапылдатып пенсияга чыгарган дагы бир зөөкүр сөз алып, Темирден калбай, 7-апрелдеги революцияны "Ак-Шумкар" партиясы кылганын, ал эми өзү болсо Сокулук районундагы баардык иштердин башында туруп, "Ак-Шумкар" партиясынын атынан тартипке салып жатканын бапылдады. Антпегенде кантет эле, ат кошчу болуп көнүп калган байкуш, Бакиев кетип калса дагы А. Атамбаевде ат кошчу болуп жүрүп, андан Куран кармап калп айтканды куп өздөштүргөн акыркы мезгилдерде аткошчулукка Темир Сариевге өткөн Айдар сүйлөгөнгө чыккандардын сөзүн жыра талашып, акмактыгын көргөзүп чепилдеп жүрдү.
Атамбаевден Куран кармап калп айтканды өздөштүргөн дегенимдин себеби, кутум кыргыз жерин саткыч, элин аткыч, ырыскысын уурдаган ууру, Т. Сариев Сокулуктун акимин которуп, өз кишисин коймой болгондо, митинге алданып келген эл иштин эмне экенин түшүнүп, тарай турган болушат. Ошондо ушул Айдар элди акимияттын чоң залына чакырып, "Бүгүн Курултай, чакырылган делегаттардын баары келди, курултайды ачык деп жарыялайм" деп кудайды оозанып айтканда, башка эл эмес, өзүнүн, элдин алдында түз сөзү менен баркы бар, атасы "Түү, калпычы, шүмшүк! Сага корогон кайран сийдик!" деп, түкүрүнүп басып кеткен дешет ошол ишке катышкандар.
Булардыкы бул болду. Андан ашып күлтүңдөгөн Темирдин иниси Токтош Сариев 60тагы алып баруучуну түрткүлөп, колундагы микрофонду жулуп алып, бир топ күпүлдөдү. Жыйындын жүрүшүн чагылдырган журналисттерге дагы кол салып жулунду эле, арасында бир картаң кайратманы бар экен, Токтошту эки телохранители менен кошуп, эки бутун бир кончуна кийиргендей болду. Эл иттерге теңелмек белек деп, куран окуп, көңүл айтып, келечекке жакшы тилек тилеп тарашты.
Арасында "Чын эле ушулар сөздүн баркын билген, сөздү таптап сүйлөгөн, тубаса интеллигент, эл багаар болуш Аргынбайдын балдарыбы?" деп жакасын кармап жүргөндөр да болду.
Баса, ошол сөз сүйлөгөндөрдүн ичинен чындыкты чыркырата айтып, Темир Сариев демитип жаткан Сокулуктун акимин эл шайлаганын, анын легитимдүүлүгүн, ал эми Убактылуу Өкмөт да, ЖК да, президент да легитимсиз экендигин айткандар болду. Туура сөздү колдоп, эл сүрөп кол чаап турду.

Нургазиев Назарбек, Шопок шаарынын тургуну:
- Бүгүн ушул эскерүү күнүн уюштурган аким Эркинбек Ашырбаевге, акимияттын коллективине чоң рахмат. Ошол 7-апрелде Сокулуктан Ак үйдү алууга көп эл катышканбыз. 11 азаматыбыз окко учту. Минтип эл, жергиликтүү өкмөт эскерип турганы ошол баатырлардын арбагын ыраазы кылаар. Бирок, кыргыздын келечеги деп, кыркылган кырчындай өмүрлөр өлкөбүздүн жашоосун жакшы жакка алып келе албады. Ошол баатырлардын элдин аркасы менен бийликке келгендер канкор Бакиевден ашып жаман иштерди кылып жатат. Элди азыр кымбатчылык кысып, жазгы талаа жумуштарына каражат жок каржалып турат. Өкмөт иштебей эле, бири биринин былыгын чукушууда. Деги кыйын күн болду.

Таабалдиев Байыш, Аксакалдар Кеңешинин координатору:
- Бул көзү өткөндөрдү эскерүү ата-бабалардан бери келе жаткан салтыбыз. Ал эми эли-жери үчүн курман болгондорду баардык эл эскерүүсү парыз. Районубуздун айылдарында курман болгон баатырларыбызды эскерип куран окутулуп жатат. Эч жерде партия, уюмдар аралашып саясатташкан жок. Тилекке каршы, "Ак-Шумкар" партиясы, лидери Темир Сариев райондун борборундагы эскерүү күнүн саясатташтырып жиберди. Ойлонуп иш кылса болмок, осол эле иш болду.

Мустафаев Абдугапар, Саз айылынын тургуну:
- Ээ, булардын эмнесин айтайын, баары аралашып калды го. Аза күтүү митингисине акча сураган, кайыр сураган акциясын кошуп, эл кайгырып турса, ишенген Темирибиз желектерин көтөрүп жигиттери менен келди. "Ак-Шумкарды" колдогула деген кыязда ар кимди сүйлөтүшүп. Өзү уялбай курман болгондордун үй бүлөөсүнө, жаракат алгандарга жардам бергендерин колко кылгансып сөз сүйлөдү. Уят эле иш болду. Эстелик куруш керек. Мүрзөдө жаткандарга анын кереги жок. Бирок, келечектеги муун эрдик иштерди эскерип, ал жигиттердей элим-жерим деп күйүп-бышкан жаштар өсө тургандай тарбия үчүн керек. Улуттун келечеги үчүн керек.