mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Апакай оппозиция
Апрель революциясынын жылдыгы өтүп жаткан мезгилде, Премьер-министр А.Атамбаев өзүнө тиешелүү, Акаевдин убагында ит бекер алып алган "Кыргызавтомаш" заводунун жабдууларынын, станокторунун бир бөлүгүн Кытайга металлолом катары сатып, калганын Туркияга көчүрүп кеткенден калган завод башкармасынын имаратын "Форум-медиа" фирмасы кылып түзгөн жерге ӨМП Р.Отунбаева жана башка бийлик өкүлдөрү катышкан митинг өткөрүп, элге кайрылып, ыйлап жиберчүдөй болуп сөз сүйлөдү. Ал сөзүндө А.Атамбаев өзүнүн үзөңгүлөштөрү, "Ата-Мекен" саясий партиясынын лидери Ө.Текебаевге, ошол эле партиянын мүчөсү, Кыргызстандын баш прокурору К.Байболовго таарыныч айтып: "Менин жанымда эле жүрүп, дайыма бирге бололу, ак-караны бирге көрөлү деген Өмүкем менен Кукемдер да бүгүн оппозициямын деп басып кетишти" деди.
Чындыгында эле кезегинде оппозицияда бирге жүрүшкөн Р.Отунбаева, А.Бекназаров, И.Өмуркуловдор апрель революциясынын жылдыгында А.Атамбаев менен бирге болушуп, "Форум-медиянын" жанына митинг өткөрүшүп, бак отургузушуп, андан борбордук аянтка чейин жөө жүрүш жасап жүрүшсө борбордук аянтка аза күтүүгө чогулган чогулган элдин көзүнө илбей, бирөөлөрү күйөөсүнөн, бирөөлөрү баласынан, бирөөлөрү атасынан ажырап, жесирлердин карасы алынбай, көпчүлүк капага басылып турганына карабай, Теке Өмүкеси баштаган "Ата-Мекен" партиясы барабанын калдыратып, ырдап, шаңданып, желектерин булгалап, эски аянтка өтүп барып, митинг уюштуруп жатканын көргөндө кантип куйкасы курушпасын. Анын үстүнө Э.Текебаев акүйдө бийликте отурса да, "менин партиям жана мен апакай оппозиция бойдон кала берем" деп, кайра-кайра жарыялап жатса кантесиң.
Ал эле эмес, ишенген "Ата-Мекенчи" башпрокурор Байболову да бөлүшүп жегендеринин баарын иштеп турган кезинде эч кимге билдирбей жашырып келип, эми иштен кеткенде элге жарыялап, өзүн актап, кошо жешкендерин күнөөлөп турса, жөн эле ыйлабай буркурап жибербейсиңби. Мына сага апакай оппозиция!


Турдумамбетов жооп бербейт...
Совет бийлигинен тарбия алып калган биз үчүн капитализм дегениң дагы эле түшүнүксүз бойдон калууда. Капитализмде эмне жоопкерчилик, адилеттик, мыйзам деген нерселер болбойбу. Антпесе Совет мезгилинин 70 жылында Кыргызстандын жыйган мүлкүн душмандыкынан бетер жеп, сатып кеткендер бир жооп берээр эле го. Айталы дегенибиз, ошол мүлктөрдүн баарын эгемендүүлүк заманында мүлк фондусунун жетекчилери өз менчигиндей көрүп, кимге эмнени кандай баада берсем өзүм билем, болгону кожоюнум капа болбосо болду деп жүргөн эле. Алардын бири Турдумамбетов эмеспи. Бул кишинин үстүнөн мамлекеттик мүлктү талап-тоноого жол берди деп кылмыш иш козголуп, 38 факты боюнча жоопко тартылып жатат деп уктук эле. Жакында эле ал киши "38 факты эмес, 380 факты болсо да, мен эч качан жооп бербейм, ал мүлктөрдү алгандардын баары бийликте отурушат, албагандарын акчага сатып алам" деп, ачык эле айтып салды. Бул сөзү анык чындык окшойт, Турдумамбетовдон жоголгон, сатылган мүлктер кайда кеткенин сураган киши жок, козголгон кылмыш ишин жүргүзгөн киши жок. Же чын эле азыркы бийликте отургандар ошол мүлктөрдү бөлүшүп алып, эми Турдумамбетовдон сурай албай отурушабы. Буйурса, Турдумамбетов кайсы мүлктү кимге бергенин кийинки сандарыбызда жаза баштайбыз, ошондо кимиси "кит", кимиси "аккула", а кимиси кичинекей "чабак" экенин көрөсүңөр.


"Республика" партиясынын лидери Исаевдин Токмок шаарын "гүлдөтүшү"
ЖоКедеги "Республика" фракциясынын лидери Исаев Токмок шаарында мэр болуп иштеп турганда, кызмат абалынан пайдаланып, шаардын көзгө көрүнгөн, жылтыраган, колго тие тургандарын ээлеп алган. Алардын ичинде:
1. 250 адам жашаган Токмок ЖКИ (ПОШ) заводдун жатаканасы.
2. Айнек заводунун маңдайындагы 5 этаж үй-бүлөөлүк там.
3. 3-кичи райондогу чоң кинотеатр.
4. Эт комбинатынын жатаканасы.
5. 9 кабат тамдын жанындагы спорт зал.
6. 1-кичине райондогу бала бакча.
7. Сатылган радиозавод (Ыбышов деген адам сатып алынды делинген).
8. Базардагы автоунаа токтой турган жай.
Булар кичине эле чет жагы. Эмне үчүн Исаев мэрлик кызматтан секирип барып депутат болду десе, жогору жактагынын баары акчага айландырылган турбайбы? Ушул балага "Кыргыздын элдик талкалагычы" деген ардактуу наам берип, келечекте президенттикке шайлайлы. Өзү жаш экен, 35те эле. Азыркы бийликтеги төбөлдөрдөн өтсө өтөт, эгери калышпайт.
Бул көрсөтүлгөн пунктарды далилдеген документалдуу материалдар менен кудай кааласа газетабыздын кийинки сандарында тааныша баштайсыздар.

Саламым менен Токмоктук революционер, коммунист
Жеңишбек ЖУМАЛИЕВ




Редакциядан: Азыркы кезде бийликке нааразы болгон жарандар өтө көбөйүп, өз таламдарын, кайрылууларын элге жеткирүүгө аракет кыла башташты. Биздин редакцияга да келишип, жазганыбызды бузбай, оңдобой басып бергиле деп талап коюшууда. Ошолордун бирин өзгөртүүсүз жарыялайбыз.

КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ КАЙРЫЛУУ
Мен 2005-жылкы, 2010-жылкы Ак үйдү алууда башынан аягына чейин катыштым. Оо, Элим, силер туура эмес революция жасап жатасыңар.
Ошон үчүн азыркы бийликте отурган депутаттар, чиновниктер, биздин президенттибиз дагы туура эмес иштерди жасап жатышат. Алар кылып жаткан ишке баарыбыз күбө болуп турабыз. Мен баарыңар билген нерсени айтып берейин. Үйгө крыса каптаса, бирөөнүн кыраан мышыгын сурап келебиз же санэпстанциядан ууланган буудай алып келип чачабыз. Крысалар өтө акылдуу. Коркунуч жок болгончо, такыр жок болуп кетишет. Анан кайра кайтып келишет. Эки жолку революция тең ушундай болду. Азыр телени карасаңар. Мурда ВДНХ деген бар эле. Ошол жерден породистый чочколорду көргөм. Азыркы депутаттар дагы, министрлер дагы, президенттибиз да гумжардамдарды, кредиттерди, элдин ырыскысын жемдей жеп семиришип, дал ошол породистый чочколорду элестетип калды. Семиргенинен куркулдашып, Ак үйдө бири-бири менен мушташып жатышат. Крыса коркунучту эрте сезип, отко-сууга карабай качат. Азыркы бийликтеги крысалардын дагы качаарына аз калды. Үйүңөрдөн крысанын уюгун тапсаңар тукум курут кылып өлтүрөсүңөр. Силер азыркы бийликтеги чиновниктердин баарын кармап, түп-тамыры менен жок кылышыңар керек. Эл-журт туура эмес кылып жатасыңар. Ак үйдү басканда бизге бир пайда жок. Эл-журт ушул менин жазган кайрылуумду туура окуп, түшүнгүлөчү! Элдер силер революция башталганда Ак үйдү да, Правительствону да баспай, Казакстандын чек араларын, темир жолдорду, аэропорттун баарын тосуп алышыңар керек. Бул крысаларды коё бербей, баарын сотсуз чөктүрүп өлтүрүш керек. Ошондо гана кийинки бийликке келгендер коркконунан эл үчүн иштейт.
Кариева Назгүл Купрановна, Сокулук району





Кыргыз Республикасынын Президенти Р. И. Отунбаевага, КР Жогорку Кенештин Төрагасы А. Келдибековго,
КР Премьер Министри А. Атамбаевге

К А Й Р Ы Л У У

2010-жылы 10-апрелде "Ата Бейит" көрүстөнүндө 7-апрелде баатырдык менен курман болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнатында жалпы кыргыз элине Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү ант бергенсиздер. Азыр да бийлик башында ошол мүчөлөрдүн көпчүлүгү иштеп жатасыздар.
Элдин максаты 2005-жылы максатына жетпей калган революцияны ишке ашыруу, б.а. революцияны уурдап алган бакиевдик режимди кулатып, системаны өзгөртүп, чыныгы элдик бийликти орнотуу болгон.
2010-жыл 7-апрель революциясы чыныгы Элдик революция катары таанылып, баа берилбей калды. Демек, жаштардын каны менен келген нагыз Элдик революция уурдалып жатат дегенге негиз бар.
Ошол элге берген антыңар:
1. Бакиевдик кланизмди жок кылабыз,
2. Бийликти нагыз элдик кылып кайра түзөбүз;
3. Экономиканын тазалайбыз, ачык-айкын жүргүзөбүз, коррупция менен күрөшөбүз;
4. Кадр маселесин карайбыз, акаевчилерди, бакиевчилерди кетиребиз. Эл ичинен билимдүү кадрларды алабыз,
5. Элге ок аткандарды жоопко тартабыз;
6. Мамлекеттик коопсуздук маселесин. б.а. чек ара маселесин чечебиз. Чек ара маселеси өтө кооптуу абалга келди. Түндүк жана түштүк жерлерибизди кошуна өлкөлөр тарабынан тымызын ичкери жылып, кертип өз аймактарына кошуу саясаты ишке ашууда;
7. Адам укуктарын тебелетпейбиз;
8. Кен байлыктарыбызды улутташтырабыз. Кыргыз элинин жер байлыктары азыркыдай талоонго учураган эмес. Ысык-Көлдө Кум-Төр, Тоголок кендери, Нарында Жетим-Тоо, Ак-Сай, Ак-Талаа районундагы кендер, Жалал-Абадда Чаткал кендери, дары чөптөрү, Таластагы Жер-Үй, Андаш, Өзгөндөгү Иштамберди, Баткен менен Оштогу нефт-көмүр кендери;
9. Тамак-аш коопсуздугун камсыз кылабыз;
10. Шайлоону таза өткөрөбүз. Ал канчалык деңгээлде таза өттү?
11. Сот бийлигин реформалап, белчесинен коррупцияга баткан сотторду тазалоо жана акыйкат сот системасын түзүп, сотторду тандоодо бийлик башындагылар эмес, коомдук уюмдардан жана коомдук кыймылдардан байкоочу кеңештин курамын түзүү керек.
Элдин, жердин келечеги үчүн жандарын кыйышкан жигиттердин жаркын элеси азыркы бийликти тынч уктатпашы керек. Былтыр '"Ата-Бейитте" Убактылуу Өкмөт мүчөсү Ө. Текебаев: "Шейит кеткен баатырлардын максат-тилектерин аткара албасак, бизди бакиевдердикинен да жаман тагдыр күтөт" деген. Ошол тагдыр башыңарга келбеши үчүн эртерээк ойлонгула.
Берген антыңардын аткарылышы жана Апрель Ынкылабынын максаттарынын ишке ашырылышы жөнүндө ЭЛ алдында жооп бере турган убакыт келди.
10-апрелде Ак үйдүн алдында чогулган эл Убактылуу Өкмөттөн 10 күн ичинде антын аткарышкандыгынын эсеп-чотун угууга чечим кабыл алышты.

Биз, Бириккен Улуттук кыймылына - (БУК) баш кошкон коомдук кыймылдардын өкүлдөрү жооп берүүңөрдү талап кылат.






кыргыз тилиндеги гезит "Эл сөзү"





??.??