mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Падышанын өтсө ызасы,
Келип, өлүп, алып саласың.
Ким отурду такка карабай,
Таркап басып кетип каласың.
Замира Асанова
"Смотрящий" спикер керек
Чарыкбет Азимбек Бекназаров 2005-жылкы төңкөрүштөн кийин генпрокурор болуп иштеп, далай былык иштерди кылып байыган, дасыккан. Ошентип, куу каптал болгон чарыкбет Азикебиз 7-апрелде кармалган Т.Сариев, Ө. Текебаев, А. Атамбаев, Э. Каптагаев, Чотонов жана башкалардын СНБнын тергөөчүлөрүнө берген көрсөтмөлөрүн алып алган экен. Ал жерде А. Атамбаевден башкаларынын баары элди көтөрбөгөндүгүн, Бакиев менен болгон "договорго" бекем экендигин, элди экинчи эшелондогулар, БЭКтин Улуттук жыйынынын мүчөлөрү, С. Момбеков башында тургандар көтөргөндүгү жөнүндө жазылган дешет. Кайран чарыкбет Азике "Мага тийишсеңер, жумуш бербесеңер, ушуларды жана башкаларын элге жарыя салам" деп, шантаж кылып жатып, президенттин ЖКдагы өкүлү болуптур. Бул чарыкбетти өлөөрчө тепкилеп, колун сындырган Рыспек Акматбаевден гана коркчу. Эми Жогорку Кеңешке барып, топозчу кебетеленип, эч кимди укпай, тозоңун чыгарат. Ошон үчүн жанагы Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун пачагын чыгарып, бетин асфальт кылган А. Сулаймановду "смотрящий" спикер кылып дайындаш керек. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, Жогорку Кеңештин өзү үчүн да, чарыкбет Бекназаров үчүн да бир күчтүү "смотрящий" керек болуп турат.


Кайрадан Бириккен Фронт
Жакында "улутум еврей" деп жүрчү Мелис Эшимкановдун үйүнө кутумдар: "помой" генерал Ф. Кулов, Теке, "көтөнү" генерал Ө. Субаналиев, качып кеткен Байболов чогулуп, жаңы Бириккен Фронт уюштурабыз деп чечишиптир. Эми ал Бириккен Фронтко элди ким алып чыгып берет? 2007-жылкысында Айдарбек баатыр Шаршенов, Ашырбек Болотовдор элди, атчандарды алып чыкты эле. Айдарбек баатырдын көзү өтүп кетти. Ал эми Ашырбек Болотов болсо биринчи мүмкүнчүлүк болгондо, Ф. Куловду, Текени, төрт кодоо: Т. Сариев, Ө. Субаналиев, М.Эшимканов, К. Байболовду жана Роза Отунбаеваны, Ө. Абдрахмановду, К. Карабековду, К. Иманалиевди ошондогу атылган, газга ууланган, итке таланган, сабалган, камалган, боз үйлөрү талкаланып, ушул күнгө чейин кайрып алалбай жүргөн элге ташбараң кылдырам деп тишин кайрап, кекенип жүрөт.


Дас дегендеги таскак
Экс-генпрокурорубуз Кубатбек Байболов "Жумуштан алсаңар, мындай кылам" деп мурунку "соратниктерин" бир аз шантаж кылып койду эле, алар "Кой эми, Куке, бул жактагы бизнесиңе тийбейли. Тогуз ай иштеп, таман акы, маңдай териң менен уурдап-жыйнаган 6 млн. долларыңды алып өлкөдөн чыгып кет. Бизге да орун караштыр, өзүң көрүп жатасың, болбой калды" дешип кеп козгогондо, "жок дегенде жол кире бербейсиңерби" дегендей тиги тултуйганда, беркилер "анда Бакиевдер сени "опускать" этип жатканын тартып алган видеосьемканы элге көргөзөбүз" дегенде, аргасыздан көнүп, компроматтарын тапшырып, чек арага чейин чогуу барышып, бир туугандардай ажырашышкан имиш. Эми анын ордуна прокуратурада бир дагы күн иштебеген Аида Салянова генпрокурор болуп отурду. Оо, бул кызыбыздын таскагы чу дегенде эле чыга баштады. 11-апрелде Алмата көчөсүнөн өтүп баратып, заправканын жанына котолошкон элди көрүп токтоп калдык. Гезитчи андай жерден жөн өтө албайт турбайбы. "Эмне болуп жатат?" деп сураганыбызда, Нышанов Алмаз деген жигит "Октябрь районунун помощник прокурорумун, "АУРИДИНдин" заправкаларын текшерип жатабыз" деди. Уруксаатты Рустам Исаев деген шаардын зампрокурору К. Байболовдун көрсөтмөсү менен берген экен. Ошол жерде иштеп жаткандар "Негизги документтер башкы офисте сакталат" десе болбой, кыйнап жаткан экен. Биз, "Ошол прокурор текшер деп берген кагазды көрсөтчү" десек, "Жок, болбойт. Бул "сверхсекретный" документ" деп көргөзбөй койду. Салянова прокуратурага башка заправкаларды, мисалы, Өмүрбек Бабановдукун, газпромдукун текшерте турган болсо, баштарына айбалта шак эле дей түшпөйбү. Биздин угушубузга караганда, "АУРИДИНдин" ээси элге үстөксүз кредит, 3 жылга просрочка менен кредитке үйлөрдү берип, башка дагы жакшы иштерди кылып жатат дешет. "Үү деген үнү бар, үкүдөй жүнү бар" бертикчи (кайырчы) Өкмөт андай адам элге алынып кетсе, эмне болобуз деп текшерип жатканы айдан ачык болуп турбайбы. А. Салянова кызыбыз бул басыгынан жазбаса, К. Байболовго окшоп 9 айда араң 6 млн. доллар чогултпай, анчаны 3 эле айда чогултуп, Ак үйдөгү коррупционерлердин оозун ачырат окшоп калды.

P.S. Маамыттардын кабарлаганына караганда, К. Байболов келинчегин, уурдаган 6 млн долларын ишенимдүү жерге жашырып, кайра жөөттөрдүн тапшырмасын аткаруу үчүн Кыргызстанга кайрылып келиптир.




Азыркы бийлик бир жылда
элге эмне кызмат кылды?
"Бийликке биз отурабыз" деп элден сурабай, бийликти басып алган басмачылар 6-апрелде Таластагы коогалаңды Бакиев менен сүйлөшүп уюштуруп, планы оңунан чыкпай калгандан кийин, 7-апрелдеги кыргын болду. Бакиев качты. Убактылуу Өкмөттү түзүштү. Мурунку макулдашкан келишимдери элге билинип калбаш үчүн Бакиевди, үй бүлөөсүн, жан жөөкөрлөрүн качырышты. Андан кийинки майдагы төңкөрүштү уюштургандарды дагы ушул себептен куткарышты. Кыргызстанды тезирээк кыйратып, "Биз өзүбүздү башкара албаган эл экенбиз " деп жөөттөргө жүгүнтүү үчүн, жөөттөр жактырган текенин Конституциясын өткөрүү үчүн түштүктөгү кыргынды атайын уюштурушту. Ал кыргында Кыргызстандын 11 миң жараны курман болду. Миңдеген эл үйсүз калды, 10 миңдеген эл чет мамлекеттерге тентиди. Тынчтыкты каалаган эл аргасыздан референдум деп Текенин каша Конституциясын кабыл алды. Ошол референдумдун шарапаты менен бюлетендин эч жеринде Роза Отунбаева президент болсун деген эч нерсе жок болсо да Убактылуу Өкмөт Роза Отунбаеваны кыргызга ӨМП президент кылып кыргызга таңуулап салды. Ошол мыйзамсыз президент 10-октябрга парламенттик шайлоо белгиледи. 5-августта азыгырык, шайтан Урмат Барктабасов уюштурган тынч-митингге келе жаткан элди жолдон тосуп, Дүйшөбаев, Байболов, Рысалиевдерге мыйзамсыз ок аттырты. Элдин сесин алуу үчүн бир нечесин СНБга алып, сындырып, соттоп жатат. Убактылуу Өкмөттүн партлидерлери референдумду өткөрүү үчүн шайлоо өткөрүү үчүн деп, өздөрүнүн моюндарына алганы боюнча бюджеттен 25 млрд. сомду, Максим чыгарып кеткенге жетишпей турган 240 млн. АКШ долларын түштүктөгү апаатка чет мамлекеттерден келген садага жардам 100 млрд. АКШ долларын уурдашты. Акчага алданып элдин 38 пайызы шайлоого катышты. Ошентип, 2 ай онтоп жатып 70 пайыз "Ак-Жолчу" парламент Коалиция түздү. Коалиция түзгөн үч партия бийликти, кыргыздын жерин үчкө бөлүп, энчилерине басып алышты. "Бөлүштүрүү туура болбой калды" деп парламентте күндө соодалашуу, күнүгө мушташ. Ошентип, эч ким эч нерсеге жооп бербей турган Текенин каша Конституциясы иштеп жатат. Президент өзүнчө, ЖК өзүнчө, Коалициялык өкмөт өзүнчө билген бокторун жеп жатат. Коалициялык өкмөт-бертикчи(кайырчы) өкмөткө айланды. Карызыбыз 2, 5 млрддан 3 млрдга жакындагы. Жөөттөрдөн грант акча алабыз деп терроризмди уюштурушту. Өздөрү куралсыз үч милиционерди, бир альфанычы, эки бейкүнөө инвалидди өлтүрүштү. Бир жылда болуп өткөн кылмыштуу иштерге эч ким жооп берген жок, жооп бербейт. Бир жылда ундун баасы үч эсеге өстү. Калган продуктулар дагы ундан калбай кымбаттады. Техниканын, күйүүчү майдын, уруктун жоктугунан былтыркыдан да көп жерлерибиз кысыр калганы турат. Калайык кеңешип, 1993-жылкы Конституцияны ордуна коюп, Улуу Курултайга көзөмөлдөткөн жашоого өтпөсөк, кыргыз улуту, кыргыз жери, кыргыз мамлекети жакында жок болот. Болбосо, булардын бир жылда кылганы "цветочки", а "ягодкасы впереди".


ТЕКЕБАЕВСКИЕ ПОДРУЖКИ ПРИ ДЕЛАХ!.
Под шумок был снять с работы генпрокурор К. Байболов, на его место исполняющей обязанности назначена Салянова. Если учесть, что г-а. Салянова удовлетворяла и удовлетворяет все политические прихоти, и не только лидера фракции "Ата-Мекен" депутата Омурбека Чиркешовича, возможно, и премьера Атамбаева, то решения президента Отунбаевой, мягко говоря выглядит странно с одной, довольно коварно с другой стороны. В доказательства, г-а. Салянова является соавтором вместе с Текебаевым позорной Конституции, где больше юридического бардака и противоречий, нежели прогресса. Подобное решение президента Отунбаевой лишний раз, красноречиво доказывает ее сущность. В то же время, она сознательно ставить под угрозу и без того хрупкую общественно-политическую стабильность страны. Одновременно стараясь отвести от себя внимание и снять морально-нравственную, также уголовную ответственность перед обществом. Будем откровенны, президент подобной кадровой политикой мстить политику Текебаеву, который, кроме всего прочего, публично, при каждом удобном случае в открытой форме матом кроют Отунбаевой на чем свет стоит, несмотря на то, что она все таки президент. На первый взгляд, внешне подобное решение выглядит разумно, но, если глубже проанализировать, довольно коварно. Уважаемая Роза Исаковна, после 7 апреля прошлого года попала под такую общественно-политическую тяжелую ситуацию и политический пресс, что завидовать ей могут только Текебаев и его команда, которая всегда готова удовлетворить его "аморально-человеческие" просьбы и требования всегда и в любое время. Не одного дня не работавщая в системе прокуратуры А. Салянова клятвенно заверила президента Отунбаеву, если станет генпрокурором искоренит коррупцию, преступность подкорень, так же возбудить и привлечеть к уголовной ответсвенности К. Байболова.




кыргыз тилиндеги гезит "Эл сөзү"





??.??