Намысы жок иттер!
Айланайын Кыргызстандыктар! Кыргыздар, Киргиздер, Орустар, Өзбектер, Дунгандар, Татарлар, Уйгурлар, Кара-чайлар, Чечендер, Түрктөр, Курддар, Украиналыктар, Беларустар, Цыгандар, Грузиндер, Немецтер, Молдовандар, деги бүгүнкү күнү Кыргызстанда жашап жаткандарыңарга кайрыламын.
Чоңоюп, эс тарткандан ушу күнгө чейин менин башымдан бир чоң суроо кетпей койду. Мына биздин кошунабыз улуу Кытай эли. Алардын калкынын саны 1 миллиард 600 миллиондон ашыптыр. Алардын чет-жакасында уйгурлар, казактар, кыргыздар, тибеттиктер, дунгандар сыяктуу улуттагы элдер жашайт. Анан сиздер билесиздер, бир нече кылымдардан бери уйгур-кытай согушу, дунган-кытай согушу болуп нечендеген уйгурлар, дунгандар түндүктү көздөй кыргыз жерине качып келишкен.
Анан дагы бир маселе, эмне үчүн бүгүнкү күнү Нарын областынын Ат-Башы районундагы Ат-Башы, Кара-Коюн суусунун түштүк тарабында жашаган кыргыздардын Черик уруусунун негизги жайгашкан жери азыркы кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу областы. Чериктер байыртадан бери ошол Кызыл-Суу, Үстүн-Артыш, Астын-Артыш, Ак-Чий, Турпан, Как-шаал, Чөйчөк (Монголия менен чектеш), ал турсун Кытайга караган Ички Монголияда жашаган Фуч-жу да кыргыз-чериктер болушкан. Алардын саны 50 миллиондон ашык. Тилин унутушкан, бирок, үрп-адаттары, каада-салттары кадимки кыргыздардай.
Эми чериктер жөнүндө: алардын негизги жашаган жерлерин айта кеттим. Алар кышкысын кар аз түшкөн кытайдагы (азыркы карта боюнча) Тоюн деген жерди кыштап, жайкысын салкындан Ак-Сай, Арпаны жайлап, жаз эрте келгендиктен, Ат-Башыга малын төлдөтүп, кымыз ичип, эт жеп жашап келишкен. Короо-короо койлор, желе-желе жылкылар, адырларга батпай чатырап өмүр сүрүшкөн. Анан эми чоң сөз, чоң маселе. Кыргыздын баатырлары Манас, Алманбет, Чубак, Сыргак, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырзалар кытайларды кубалап, Улуу Кытай сепилин курдурууга аргасыз кылган.
Эмки сөз Улуу Орус эли жөнүндө. Бир жомокто кыргыздар кылымга татып турган кезде, кыргыздардын бир аскер башчысы Ороз батышты көздөй аттанып, бир тоого туш келген. Ошол тоону Ороз кандын колу(армиясы) экиге бөлүнүп, айланып чыгып беттешип калган. Ошол себептүү ал тоого Орол Тоо деп ат коюп коюшкан. (Орол тоосу, Орол-Суусу-Урал тоосу, Урал суусу). Ороздун колу андан ары кетип, ошол жердеги эл менен аралашып (кыздары сулуу экен, кайын күтүп) кеткен. Ошентип, арадан 50 жылча өтүп кетип Ороз дайынсыз жок болот. Андан кийинки Энесай (Енисей) жактагы кыргыздар: "Баягы Ороздон тукум калдыбы? Таап келгиле",-деп, дагы бир кыргыз колун (армиясын-аскерин) аттандырат. Дагы кудай уруп, ал аскер да жоголот. Ошентип арадан дагы 50 жылча өтөт. Ороздун тукумдары, андан кийинки аскер башчынын колу да жоголуп кетишет. Эми ушул жерден үчүнчү жолку жортуул башталат. Кыргыздын Алтай, Энесай, Байкал жактагы ханы дагы кол аттандырып: "Силер кыраакы болгула, токойдун арасынан Орозу да, кийинкисин да кырып салган го, жашынып барып аңдып, капыстан кол салып, ит уруш салгыла",-дейт. Алар барса, токойдун арасында жыгач тамдар (домдор) талааларында кадимки эле биздин боз үйлөр. Ичинде отургандар-кыргыздар өңү сары, көздөрү көк, бирок, эмне дебейсиңерби тыңшаса башкача ырдап калышкан. Кызыгы алардын тили өзгөрүлүп башка ыр ырдап калыптыр. Мына ошентип биздин жаңы тукум-башкылар (Башкирия) Оф! Оо! (таң калгандагы айткан сөз). Башкарстандын борбору Уфа (Офо) шаары. Бул кыргыздар эзелтен бери эле ат койгонго устатпыз, мисалы, Чуу чыгып, эпидемиядан эл кырылып, көчө качканда, Казакстандагы Чу станциясы, андан бери Кокуй деген жерлер. Андан бери көчүп келе жатканда кара балтасы түшкөн жер-Кара-Балта, Сокулугу (сокбилеги) түшкөн жер-Сокулук, сабаанын бишкеги түшүп калган жер-Бишкек, Токмогу түшүп калган жер-Токмок дегендей.
Эми ошол биздин тукумдар Орус эли жөнүндө. Кыргыздарды тартып (окшоп) орустар дагы кең пейил, ак жүрөк, чынчыл, эр жүрөк, түз адамдар келишет. Ошол үчүн булардын укум-тукуму көбөйүп Улуу Орус элинин түзүлүшүнө алып келген.
Эми суроо: ортодогу майда улуттар миллиондогон кытайларды тегеректей, орустардын тегерегине чогулуп, ошолорду карап туруп калганбыз. Анын себеби, орус элинин (Ороз хандын урпактарынын) айкөлдүгүндө. Мына ошол Айкөлдүк менен улуу Октябрь Революциясын жасабадыбы! Немецтик фашисттерди-Гитлерди талкалабадыбы! Гагаринди космоско учурбадыбы! Эми дагы дүйнөнү аңтарылып кетүүдөн сактап-быягынан кытайды, тыягынан Америкага дакаат берип турат.
Бизди багып атат, эми биздин дагы бир тукум-казактар жөнүндө: булар үч Чоронун балдары Бекчоро, Жанчоро, Канчоро, Алар тукумдап көбөйүп Бекчоросу (улуусу)-Улуу жүз, ортончусунуку-Орто жүз, кичүүсүнүкү-Кичүү жүз.
Улуу жүздүгү кыргыздар айылчылап Арал көлү жактагы кыргыздарга конокко барышат. Аларды коноктоп тай соет. Тайдан чучук чыкпай калып, көлдүн казынын майынан чучук жасап тартат. Чучукту кескенде аппак май чыгат. Бул неге ак май? Өзү тайдын жылкынын казысы болсо, эмне үчүн ак дешет. Ошондон кийин казысы ак-казыак-казак болуп, аларды казысы актарга барабыз делинип Казак улуту пайда болуп кетти. Эми ошол чоролорубуз Нурсултан аке коммунист, уулдук парзын аткарып, казак элин баштап, олчойгон бир шаар Астананы куруп таштады. Азыркы мезгилдеги эң кооз, эң сонун шаар!
Ал эми бизчи? Оо! Кыргыздын иттери, иттери эмес күчүктөрү Акаев, Бакиев, Убактылуу президент, Убактылуу өкмөт, казан түп жалаган өкүмөт (технический), ӨМП (президент переходного периода), Ата-Журту жок "Ата-Журт", мекенин саткан "Ата-Мекен", ар намысы жок "Ар-Намыс", публикасы жок "Республика" комунизмден артына кеткен "КСДП" деги уялсаңар боло! Шаарды коёюн, бир микрорайон салып койсоңор боло?
Бүгүнкү күнү ит-мышык болуп бекер тамак-ичип, аш түгөтүп жатасыңар. "Трибуна" (№01, 10-март 2011-ж) газетасында Ташиеви айткандай(сөзмө сөз): "За три месяца работы лидеры фракцию, ни разу не встречались: мы не разговаривали с премьер-министром, вице-премьером, от общественно-политической обстановке в стране, ее дальнейшем развитии. Это говорит о шаткости коалиции". Мына, кебетелери ушул. А Отунбаевасы түштүккө барып алып, бийликти 3кө бөлүп бергенин ар кимиси өздөрү жооп беришкен дейт. Кимдерди шайлап алганбыз? Иттер дагы, короо кайтарып, жуундусун актап ичет го? Буларчы, көрүп жатпайсыңарбы?
Айланайын, Кыргызстандын эли! Бул иттерден тез аранын ичинде кутулбасак, чындап өлөбүз!
Өлкөбүз 20 жылдан бери ары урунуп, бери урунуп, конституция деген немени, 10 жолу өзгөртүп, бир Баековасы жаба сийип, бир Текебаевы текелеп мына бүгүн да туңгуюкта турабыз.
7-апрелдеги Элдик революцияны митайымдык менен пайдаланып бийликке келген, убактылуу өкмөт, убактылуу президент-сионист жөөттөрдүн агенти(Платоновдун китебин караңыздар) Отунбаева, ит-мышык болуп күндө тытышып жаткан парламент эч качан кыргызстандыктарга жакшылык алып келбейт. Булардын 1-максаты ишке ашып бийликке жетишти. Эми 2-максаты байлык топтоо. Ал эми байлыктын чеги жок. Буларга кыргыз эми кырылып калабы, тентип кетеби, баары бир.
"Эмне кылуу керек?" деген суроо 20-кылымдын башында адамзаттын генийи Владимир Ильич Ленин тарабынан коюлган. Ал адам ошол коюлган суроого жооп берген.
Иш 1989-жылга чейин жыргап-куунап жашаганбыз. Анын колунда улуу идея-социалисттик, достук(мир, труд, равенство, братство) деген бар болчу!
Азыр эмне болду, тынчтыктын ордуна-согуш, эмгектин ордуна-жумушсуздук, теңдиктин ордуна-байлык, жакырчылык, достуктун ордуна-душман. Анан эмне кылалы? Адам оңолуш үчүн "Кандай ката кетирдим, кантсем оңолом?" дейт. Биз биринчи катаны 1993-жылкы Конституцияны бузгандан баштадык. Эми ошол Конституцияга кайра барышыбыз керек. андан ары азыркы идеясы комунисттик идеяга келиш керек. Коммунизм десе жаа бою үрккөндөр бар экен. Силер коммунисттик идеяга терең түшүнбөй эле, аны диктаторлук режим, тоталитардык башкаруу деп үстүртөн карап жатасыңар? Тереңирээк окугула! Совет бийлигинин биринчи урааны кандай эле: Мир народом! Земля крестьянам! Заводы и фабрики рабочим! Анан: Вся власть советом! Совет деген ким эле? Ал деген эл болучу. Мына, ошондуктан Акаевдин, Бакиевдин режими кулады. Эмки кезекти Отунбаеванын режими күтүп турат. Ал эми ушул чырдын башы байлыктын тең бөлүштүрүлбөгөнү. Материалдык байлыктын ээси эмгекчи эл. Качан гана эл бийликке жетишкенде жергебизде тынчтык орнойт. Ошондуктан, СССР кулагандан берки таланган байлык тең бөлүштүрүлүп элдин көзөмөлүндө болуш керек!
Анан "жеке менчик ыйык, кол тийгис" деп Конституцияга кийрип алганбыз. Андан бир суроо ошол жеке менчик кандай жол менен топтолгон: ак эмгек мененби же уурдап-тоноо, тартып алуу, басып алуу жолу мененби-кеп ошондо! Чыр так ошондо. Элдин тынчыбай улам бир президентти кубалоонун себеби да ошондо! Философиянын мыйзамдары: биринчиси, төгүндү-төгүндөө(закон отрицания-отрицания), экинчиси, "сандын сапатка өтүшү", үчүнчүсү, "карама-каршылыктардын биримдиги" сакталбай, жашообуз бузулуп жатпайбы! Жогорудагы мыйзамдарды сактап, аларды турмушта так, туура, түз колдонсоң эле оңолуп кетебиз.
Ошондо жеке менчик ыйык, кол тийгис деген копол Конституциянын беренеси жоюлат. Силердин-байлардын менчиги ыйык, а биздин менчикке ээ болбой калышып дагы ыйык кол тийгис бекем?
Силер байлар май жегиле, биз ачка жүрөлүк! Кеп мына ошондо, чырдоо ушул. Болбосо, "Булыжник орудия пролетариата! Пролетарии всех стран, соеденяйтесь!"

Коммунисттик саламым менен
Жеңишбек ЖУМАЛИЕВ