mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Укук коргоочу, адвокат Акин ТОКТАЛИЕВ
"... СОТТОРДУ АТЫШ КЕРЕК ...!"
Пайгамбардын хадиси: Акыйкаттык өзгөчө бир даража. Ар бир Акырет Күн тараза. Бөлүнүшөт соттор дагы үч топко, Кылган ишин сапатына жараша. Биринчиси: Өтө корккон адамдын убалынан, Өкүмдөрү чындыкка сугарылган, Тегиз мүнөз сот чыгат кең бейишке, Тез кутулуп Алланын сурагынан. Экинчиси: Кылдат иштеп чындыкты аныктаса, Аныктыкка чечими каныкпаса, Бараар жери ал соттун Тозок болот, Барбай калат жаннатка жарык, таза. Үчүнчүсү: Чындык калса ылайдан тазаланбай, Чыр чыгарган кутулса жазаланбай, Жасоолдору Тозоктун ал сотко да, Көрсөтүшөт "өнөрүн" баса калмай.
Абу Дауд.


"ОЙЛОНУП ЖАЗГЫЛА..."
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пресс-кызматы "Эл сөзү" гезитинин редакциясына төмөндөгүдөй мазмундагы билдирүү менен кайрылган: "Укук коргоочу, адвокат Акин Токталиевдин макалаларын мындан ары гезит бетине ойлонуп жазгыла, анын макалаларын чыгарбагыла, себеби, Кыргыз Республикасынын сотторунун адилет ишмердүүлүгүнө шек келтирип, ар-намысына тийип, аброюн кетирип, абийирин төгүп, коомчулуктун алдында соттор адилетсиздик иш алып барышууда, мыйзамды одоно бузушууда, соттордун ишенимин эл алдында кетирүүдө".
Ошондой эле, КР ЖС пресс-кызматы мисал келтирип, "2011-жылы 8-февраль жана 8-март айларында "Глас народа - Эл созу" гезитинде Акин Токталиевдин "Судьи чихали на общественное мнение", "Не все судьи сволочи", "Кыргызстандагы мамлекеттик төңкөрүштүн себепкерлери-адилетсиз соттор!", "Сот, прокурорго тийишпе..." жана башка көптөгөн макалалары чыккан, анда ал далилсиз сотторду күнөлөөдө, биз ага чара колдонобуз" дейт.
Редакциянын жетекчиси Ашырбек Болотов гезит бетине адилеттүү, коомго үлгүлүү сотторду чагылдырайын деп, ушул күнгө чейин КР Жогорку сотунун жетекчиси Феруза Джамашеванын соттор жөнүндө маалыматын күтүүдө, тилекке каршы, соттордун "актыгы" тууралуу бир дагы маалымат редакциябызга, факты, аргументтери менен келбеди. Кыргызстанда элдин ишенимине кирген сотту көрсөтө алышкан жок! Ошондуктан, соттор алкышка же каргышка татыктуу экендигин коом гана таразалаарын эстеринен чыгарышпаса.

далдалЧЫ

2011-жылы 3-мартта КР ЖС пресс-кызматынан кем калбайын деп, Бишкек шаар сотунун төрагасы Марс Джакупов КРнын Жогорку Сотуна, КРнын Соттор Кеңешине, КРнын Адилет министрине жана КР Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаровго мындай деген билдирүү жазат: "Азыркы убакытта КР Адилет министри Абылай Мухамеджанов Акин Токталиевдин адвокаттык лицензиясын алуу жөнүндө каралып жатат" дейт, министр менен келишим түзүп алгансып. Ошол эле ойду улай "Акин Токталиев Шаардык соттун орун басары Давлетбаева Мадина Акрамовнанын аброюна шек келтирип, жалган маалыматтарды атайылап жайылтып, адилетсиз сотторду атып салыш керек деген" дейт билдирүүсүндө.
Мындан сырткары, Марс Джакупов: "Соттор Мадина Давлетбаева, Жыргал Мурзалиева … сүттөн аппак, таза үлгүлүү судьялар, аларды А.Токталиев коомго жаман көрсөтүп, "коомчулукка терс пикир жаратып турат, адилетсиз соттор өз ыктыярлары менен кетсин" деп, КР сотторунун кадыр-баркын кетирип гезит беттерине жазып жатат жана Бишкек шаарынын сот имаратында акция уюштурду" дейт.
"Башкача айтканда, Акин Токталиев Бишкек шаардык сотторду уятсыздык менен ар-намысын жана кадыр-баркын атайын кемсинткен үчүн, анын адвокаттык лицензиясын алып салуу талабы менен КР Жогорку Кеңешине, КР Жогорку сотуна, КР Кеңешчи сотуна жана КР Адилет министрине кайрылдык," деп редакцияга да маалымат беришти.

арыз жазсаң
соттолосуң

Бир эле мисал келтирейин, КР Конституциясынын 11 беренесин п.3 көрсөтүлгөндөй, КР акча бирдиги сом болуп эсептелгенине карабай, юридикалык фирма ЖЧК(ОсОО) "Хо и Корпорейшен" мыйзамды сыйлабай, одоно бузуп, квитанцияга алган акчасын доллар деп жазып жана квитанцияларды оңдоп, чиймелеп, ар кандай мөөр(печать) басып берип жатат. Ошол себептен, "Хо и Корпорейшен" ЖЧКны тартипке чакырып коюсун өтүнүп, менин жактоочум Т.Токсонбаева Каржы полициясына арыз менен кайрылган. Мындай көмүскөө квитанция менен фирма салыктан качышы мүмкүн. Салык инспекциясы арыздын негизинде текшерүү жүргүзүп, юридикалык корей улутундагы жетекчилерге кошумча өкмөттүн казынасына салыкка кошулбай калган 10 миң 524 сом төлөтүштү.
Бирок, аталган сумма өкмөттүн казынасына төлөнө электе "Хо и Корпорейшен" ЖЧКнын жетекчиси "Т.Токсонбаеваны жоопкер катары сотко тартыңыз, экинчи биздин үстүбүзго арыз жазбасын, анын кесепетинен өкмөткө 10 миң 524 сом төлөө алдында турабыз" деп, Октябрь районун сотуна доо арыз менен кайрылган.
2010-жылы 28-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь районуну соту Дамира Балкыбекова "Т.Токсонбаевадан "Хо и Корпорейшен" ЖЧКсынын пайдасына 10.0 миң сом моралдык зыян өндүрүлсүн, мындан ары корей улуттарына арыз жазганды унутсун" дегенсип, чечим чыгарат.
2011-жылы 11-январда апелляциялык сотто, соттор Мадина Давлетбаева менен Жыргал Мырзалиева Т.Токсонбаеваны күнөөлөп, биринен бири аша чаап, "Арыз жазганыңды токтот, 10 миң 524 сомго "Хо и Корпорейшен" ЖЧКсына зыян келтирдиң, ошондуктан казынага кеткен акчаны сенден алып толуктап бердик" дешсе болобу?
Арызданган элдин оозун соттор басып, мыйзамга каршы иш кылышууда. "Укук коргоочу-адвокат Акин Токталиев соттордун абийирин, уятсыздыктарын ачып салбасын" деп мага дагы негизи жок эле асылып жатышпайбы.

"КУРАНДЫ ЫРГЫТТЫМ..."

2011-жылы 25-мартта КР Адилет минситрлигинде Марс Джакуповдун арызы менен мени комиссияга чакырышып, "Сен эмнеге сот процесси бүткөндөн кийин Мадина Давлетбаеваны "вымогательница", сотторду атыш керек деп айткансың, адвокаттык этика кайда?! Эмнеге урматтуу, адилеттүү сотту негизсиз тилдейсиз" деп демитип, кысымга алышты. Анда мен "Маңдайыңарда соттун туу чокусуна жеткен ыймансыз коррупционери жана опузалап пара талап кылган Давлетбаева отурат, сиздердин алдыңыздарда айтсынчы "Мен таза, адилеттүү сотмун" деп. Ал айталбайт, себеби, силерди өзүнө окшош көрүп отурат, мыйзамды бурмалап Токталиевдин адвокаттык лицензиясын алып коюшат деп",-деп айттым. Андан соң комиссияга мындай деп кайрылдым: "Сот процесси бүткөндөн кийин, менин жүрүм-турумумду караганга кандай акыңар бар? Ал эми "Мени Токталиев мазактады, ушактады, хулигандык иш жасады, КУРАН китепти мусорго салып жиберсем, мени тилдеди деп Мадина Давлетбаева өзү сот болуп туруп милицияга, прокурорго, сотко кайрылбайбы. Же силер аркылуу жазалаган жеңил деп ойлоп жатабы? Мен сиздердин комиссиянын алдына келген себебим, сыйлап келдим. Мындай доо арыздарды караганга акыңар жок, өзүңөодүн укугуңардан чектен чыгып жатасыңар" дегенде, Мадина Давлетбаева сот процессинде төрайымчылык кылгандай, комиссияны опузалап, буйрук бере баштады. КР Адилет министри А.Мухамеджанов менен макулдашып алгансып, тез арада адвокаттык лицензиямды алыш керектиги тууралуу көрсөтмө берип турду.
Анда мен КР Адилет министринин орун басары Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевнадан, адвокатура жана нотариат жетекчиси Сейдалиева Марипа Эрмековнадан, Чүй областынын адвокатурасынын төрайымы Гульниза Кожомовнадан "Токталиев соттордун абийирин кетирип койду, ошондуктан шопурдук күбөлүгүн алгып койгула, автоунааны айдай албай калсын деп Давлетбаева сиздерге кайрылса, анда силер МАИге кайрыласыңарбы? Мына өзүңөр мыйзамды бузуп жатасыңар" дедим.
Мурдагы шаардык соттун төрагасы Марат Султанов менен Жаныш Бакиевдин адвокаттары элдештиришкен, мындан ары Мадина Давлетбаева элдин убал-сообуна калбайт, Кудайдан коркуп, адилеттүү иш алып барат, азыр Давлетбаеванын ордуна башка келесоо келсе, андан дагы ашкан "сволуч" болуп калышы мүмкүн деп мени жолго салышканын аларга айтып бердим.
Негизи чыр 2011-жылы 11-январда менин жактоочума сот Мадина Давлетбаеванын адилетсиз чечим чыгаруусунун негизинде чыккан эле. Ошол учурда Мадина Давлетбаева: "Азыр кырдаал башка, бийлик сотторду алмаштырганы турат. Мен да жашашым керек, түз жүрө албадым, берген КУРАН китебиңди эртең келип алып кет, үйдө турат алып келем" деди. Орус тилине которулган КУРАН китебин ыймандуу, адилеттүү, Кудайдан коркуп, мындан ары китепти окуп, жоопкерчиликти сезип, мыйзам чегинде иш алып барып, адашпай жана жаңылбай жүрсүн деп, өз ара келишимге келгенде берген элем. Бирок, "Кудайдын сөзүн түшүнгөн, сыйлаган кишилерге бер" деп, мен ал китепти кайрып албадым. Кийин, 2011-жылы 3-февралында шаардык соттун имаратында Мадина Давлетбаева жолугуп калып, "Мен КУРАН китепти эч кимге бергеним жок, сен көпкө келбегендиктен, мусорный ящикке ыргытып жибердим" дегенде, жиним келип "Мусорныйдан алып келип бер мага, динсиз атеист, акмак сот экенсиң" дедим, мунун баарын комиссияга айтып бердим. Комиссиянын алдында Мадина Давлетбаева сөзүмдү тастыктап, ыргытып жибергенин мойнуна алды.
Комиссиянын катчысы Гүмирага жана Алмазга "Баарыңар уктуңар, сот Мадина Давлетбаева КУРАН китебин ыргытып жибергенин, протоколго жазып койгула, ушуга окшогон соттор эки жолу мамлекеттин төңкөрүштөрүнө себепкер болушту. Булар Кудайдын каарынын дагы коркушпайт. Адамдын убал-сооп дегенин да билбейт!. Булардын кудайы акча жана көр оокат, арак-шарап, сауна, кумар оюндар жана ыплас иштер" дедим.
КУРАН ыргыткан шайтандаган Мадина Давлетбаевадан эмнени күтсө болот, ага кошулуп, талабын талашып алган Марс Джакуповдон кандай ыйманчылыкты күтсө болот?! Менин үстүмөн сабатсыз арыздарды ар кайсы жерге жазып жатса, анан ушул соттор жараткан Кудайдан коркпой жана мыйзамдын беренелерин сатышып, миңдеген адамдардын акыйкатсыз тагдырын чечип, укугун тепсеп, адилетсиз чечимдерди чыгарышууда.
Шаардык адилетсиз соттордун жетекчилери Кудайдын алдында да, мыйзамдын алдында да жооп беришпейт экен, кыргыздар айткандай, "Пулуң болсо, кулуң боломун" деп жүрө беришет, күнүмдүк "жыргал" жашоо турмушун өткөрүп, Кудайдын каргышынан коркпой, шайтан жолуна түшүп алышып. Кудай берген-алган сыноону жана аяндарды сезишпей, билгенин жасап жатышат.
Коррупцияга башынан матырылган судья Мадина Давлетбаеваны айта берсе, өтө көп жана чоң поэма болот, ал жөнүндө интернет булактарынан окуп-билсеңер да болот. Бул судья жомоктогудай отко күйбөйт, сууга чөкпөйт, каалагандай мыйзамды чүкөдүй өлчөйт, каалагандарына бат эле компромат таап эки чайнап, бир жутканга даяр.
Ага кошулуп алган Марс Джакупов да адамдын убал-сообуна карабай, өз кызыкчылыгынын туу чокусуна жетиш үчүн, агаларын сатып жиберүүгө да даяр.
Ошондуктан, мен доогер катары, Марс Джакуповду жоопкер катары сотко бергем. Соттор менин Конституциялык укугумду бузуп, ар кандай шылтоолор менен доо арызымды карабай созуп жатышат. Себеби, ал Марат Бакиевдин курсташы жана үй-бүлөлүк досу. Ал аз келгенсип, Азимбек Бекназаровдун да курсташы, өкүл баласы да дешет. Ага кантип тишибиз өтөт деп турушат соттор!
Марс Джакупов "Адилетсиз жана КУРАН китепти ыргыткан сотторду атыш керек" деген ой-пикирге өзү түртүп жатат го, мен муну түшүнө албадым. Маанисин сот процессинде түшүнөөрмүн...







кыргыз тилиндеги гезит "Эл сөзү"





??.??