mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Кидальшиктер жана лохтор
Кыргыз элинде "бош, чийки" деген сөздөр адамдарга карата да айтылат. Бош, чийки адамды алдап койсо болот, аны коркутуп койсо да болот, негизи андай адамдар алсыз болушат.
Президент Роза Отунбаеванын боштугунанбы же чийкилигиненби, айтор, Кыргызстанда алсыз бийлик болуп калды. Кыргызстанды кой, өзүнүн айланасындагы Убактылуу Өкмөттүн 14 мүчөсүн мыкты команда кылып уюштуруп, Бекназаровдун шылуундугун башынан эле токтоткондо бүгүнкү абалга туш болбойт элек. Тескерисинче, жалаңдап турган шылуун немеге бийликти толугу менен карматып, аны Кыргызстандын күч структураларына, сот, прокуратура тармактарына куратор кылып алган эле. Жең ичинен сүйлөшүүлөр, Бакиевдердин аман-эсен качышы, үй-түрмөлөр, миллиондогон жашылбайлар, Бакиевчилердин кайтып келиши, гезит беттеринде жарыяланып турган Б.Аракеевдердин, "Вор должен сидеть в тюрьме" деген эскертүүлөрү, Бекназаровдун былык иштери "ушак" болуп чыгып, өзү сүттөй ак болуп чыга келди. Ал жөнүндө жеке эле кыргыз эли эмес, Роза айымдын апасы, 85 жаштагы Салика апабыз да окуса керек, ка-ап, атаңкөрү дегендей. Эми болсо "мен бош да эмесмин, чийки да эмесмин, сурагыла баарын Президенттин өзүнөн" деген жообу даяр. Мындай адамдарды "современный" кыргыздар "кидальщик" деп коюшат. Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү кимиси кантип "кидайт" эткенин айтып отурсак, "сердечный приступ" болуп кетишибиз мүмкүн. Ошондуктан, кыскача айта кетели. Президент Роза Отунбаеванын айланасындагы Текебаев баш болгон "Ата-Мекенчилер" Бакиевчилерден куралган "Ата-Журттун" жайытына өтүп алышыптыр. Ал жактын чөбү майлуу болуп, уурдалган жашылбайлар арбын болгондуктан, А.Сасыкбаева деген депутат айым такыр эле жыттанбай, койдой жоош болуп, өзүнчө эле ныксырап калыптыр. "Ата-Журтчулардан" жүрөктөрү түшкөн "Ата Мекенчилер" Ө.Абдрахманов менен Болот Шер балык депутаттарга айланды. Убактылуу Өкмөттүн ишин өзүнө ылайыктап түзүп койгон Текебаев эми Президенттик орунду эңсеп турган чагы. Мурдунан алысты түшүнбөгөн Текебаевдин түшүнүгүндө өзү Президент болуп, калган бийлик бутактарына "Ата-Журттагы" Бакиевчилерди отургузат имиш. Ошондуктан, тез аранын ичинде сот системасын реформалай коюп, президенттин өзүн сот жообуна тартып ийишсе, буларга кенен жол ачылганы турат. Бирок, жогорудагы Бакиевчилер өзүлөрүнүн Бакиевин алып келишсе, Текебаевдин эч кимге кереги жок болот. Бакиевдер еврей достору менен кайтып келишсе, Кыргызстанды ээлеп алышкан Бакиевдин куйруктары бүгүн ураалап тосуп алышып, эртеси бирден атылып жок болушабы? Алардын ордун канкор Бакиевдин Башпрокуратурадагы ишенимдүү дуңгандары Сумар Насиза, Хилоу жана башка Милянфандыктар ээлеп, чеснок, пияз, сабиз сатылбай эле, Кыргызстандын өзү сатыла баштайт. Бүгүн бар, эртең жок жашоодо манты жеп, Анжиян полькасына түшүп, беш-алтыдан аял алып, миллиондорду чачып, лохко айлангандарды кул кылып жашаганга не жетсин. Ошентип, кытайдын бир түрү болгон Милянфандыктардын башкаруусунда калып, улуу Кытай өлкөсүнүн Тянь-Шань тоолорундагы провинциясына айланабыз. Ошондуктан, Бекназаров менен Текебаевдин сценарийи (каалосу) боюнча түзүлгөн макоо саясатты токтотуш керек. Пожалуйста, өзүлөрүнүн менчик огороддорун узун-туурасынан каза баришсин, аларга эч ким эч нерсе дебейт. Акчанын артынан түшүп, акылынан айныган немелердин айтканын аткарып турган Президент Р.Отунбаеванын "мен сөзүмө турамын, мен шайлоого барбаймын, менин акым да жок" деп турганы - биз кеп кылып аткан боштук жана чийкилик. 5 млн. кыргыз эли президент Р.Отунбаевага ишенсе, Роза айым У.Өкмөттөгү шылуундарга ишенип, алардын макоо саясатын жүргүзүп, көз айнек тагынган наивный интелегент болуп калган Топчукеге кошулуп, аларга алданып отурганын кантип жашырабыз. Ошол себептен Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча эң жакыр өлкөгө, жашоо-шарты ит жашоого айланып атпайбы. Жыйынтыгында:
1. Кыргызстанды бөлүп-жаруу саясатын жүргүзүп, мамлекеттүүлүккө коркунуч жараткан парламент тезинен таркатылышы керек. Парламенттин таркатылышы Кыргызстандагы коррупциялык системанын урап түшүүсүнө алып келет. Парламентке короткон акча каражаттары мугалимдерге, врачтарга, пенсионерлерге, маданият тармактарына жана бюджеттик мекемелерге бөлүнүшү керек.
2. Текебаев көчүрүп келген Конституцияны жокко чыгарып, анын ордуна 5 млн. кыргыз эли талкуулап туруп кабыл алган 1993-жылкы Конституциянын өзгөртүлбөгөн вариантын коюш керек.
3. Убактылуу Өкмөттүн 14 мүчөсүнүн ичинен чыккан "кидальщиктердин" расчету менен түзүлгөн президенттик шайлоо (жайлоо) амалы токтотулуп, бул маселени 5 млн. кыргыз эли чечиши керек! Бул жерде айтылган маселелерди ишке ашырыш үчүн референдум өткөрүүгө миллиондорду коротуунун деле кереги жок, жөн гана жер-жерлерде чечип, жыйынтыгын чыгарып элге жарыялап койсо болот.

Зарлык ДЫЙКАНБАЕВ




  Сак болгула!

(М.Эшимкановго)
Кара мүртөз мүнөзүң бар чаңдаган-
ажырабас ак пейлинен,
ак бата алган элинен,
Ошонуңа опол тоодой "баа" берип,
ойрон болгон эч оңолбос Бакиев
оппозицияга өзүңдү
курал кылып жалдаган.
Сыздоок болуп чекесине нечендин,
үзөңгүлөш досторуңду сен эргул,
сызга отургузуп алдаган.
Кыргыз болуп, кытмыр болдуң,
сен үчүн мен бет кызарып арданам.

Эл көзүнө сыртыңдан,
адегенде ээленген
ыңкылапчы элең сен.
Сүйлөгөндө нур чачырап тилиңден,
көрүнчүсүң
билим жактан терең сен.
А ичиңде бийликке
таз жорудай талпынган
көз боёчу белең сен?!

Акаичтин учурунда
мээлегенсиң КыТыРды.
"Кантип муну коёмун - деп -
эки беттүү чычымды?!"
Аны мактап чыгарган
китебиңе карабай,
төбө чачың тик тургузуп,
өзүң аны баалагандай
ал сени түк баалабай,
төөчө тескер чычырды.
Өлбөгөнгө жаз келгендей
Текебаев, Атамбаев, Сариев…
"Жоктон көрө жогору" деп,
оппозицияга чыкырды.

Анан биздин эмне болду конушта?
Аял үндүү Акаеваялчасынан
акчаларын бүт өлкөнүн
алып качып кетти оруска…
Бакиевге кагылып да, согулуп,
жалбарып да, жалынып,
кыргызча да, орусча,
(балким дагы дунганча)
Эңсеп жүргөн КТРдын
креслосунда чалкалап,
жарадың ээси болушка.

Чалмакейди чалдың укмуш телеге,
чабытыңды чарк учурдуң эң эле.
Ал учурду жаза келсем болмокчу,
алты томдук трагиком дегеле.
Бет кызарбай кыздарына кол салдың
өз оюңда Семетейге теңеле.
Бетиң сенин бетон экен бепбекем,
кебелбедиң кыздар айткан жемеге.
Эпчилдикти өздөштүрдүң ой, тобо,
бака көздүү Бакиевди "байкелеп"
багалегине кирип кеттиң жөн эле.

Ачык айтсам, Эшимканов, кургурум,
ашып турат боюңдан да куулугуң.
Жөөт Максимге жөлөк болуп,
жөргөлөдүң алдында,
ага "кыйбас" өнөк болуп.
7-апрелде
Жаштар Ак үйгө чабуул коюп,
Ыңкылаптан ырысың качып,
кире качтың тарбалаңдап таракандай
коңулуңа конуп,
калп өлүмүш, сенек болуп…
Дарбазаңа жаздырыпсың
бөлөк фамилия коюп,
Жапаровчо таяк жебей, соо калдың го
ошол жазууң жөлөк болуп.

Кыскасы, сенде ташып,
арамзалык кайнаган.
Оптом саттың
оппозицияда досторуңду жайнаган.
Жан дүйнөңдө
айыкпас катуу ооруң бар,
бийлик жакка тырмышкан.
Андан өткөн "касиетиң"
мактанып жалган айтып,
отуз өрдөк
бир оозуңдан шыр учкан:
"Бала кезде хулиган элем,
боксер чыгып, далайларын
муштап алыс ыргыткам!.."
Кудайды карап калп айтсаңчы,
чынын айтсам, сенден жеңил кичине
рингге чыксаң Тулеев менен,
нокаутка кабылмаксың бир муштан.

Эй, кыргыз элим - айкөл деңиз,
(Бул айтканым сага эмес, Мелис)
Сак болгула, эмитен,
араңарга келе жатат,
сыртынан демократияны сүйгөн
ичинен итатайы тутулуп жүргөн,
тилинен бал агызып,
таңдайынан уу тамызып,
коом үчүн коркунучтуу
өзөктөн чыккан дарт,
өздөн чыккан жат,
сагызгандан сак болуп, кокуй, укчу!
Сак болгула,
убагында Акаичтин тилин тапкан,
сырын билип андан
А.А.А. жаа бою качкан,
кийин бал тилге салып,
Бакиевдерге жаккан.

Бул жыландай сойлоп,
жылып барып өзүңдү чаккан,
так ушул Эшимкановдон сактан!
Унутпагыла, дүңү менен
депутаттарды саткан.
Ошон үчүн ойлогону ишке ашкан,
өзүнө мүнөзү окшош
өзүн да төпмүн деп
жөөт Максимди тапкан…
(Карасаң, атына тилим да
барбай аткан)!
Сак болгула, кыргыздар, сак болгула!
"Сактансаң сактаармын" деген
бүтүрөм кебимди
Кудайдын ушул сөзү менен!

Дөөлөтбек АРЗИЕВ





кыргыз тилиндеги гезит "Эл сөзү"





??.??