mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Адинаны "Ажардай" карышкырлар тытып жатат
Жалпы кыргыз элине кайрылып, жардамга чакыра турган өтө аянычтуу адамдын тагдыры бар экен.
Жарым жан, оорулуу аял түрмөдө жатат. Оорусунун аты рак. Кыргыздын кызы. Кызы болгондо да куруучулук боюнча шугулданган ишкер. Россиянын орус-немис аралаш жашаган Калининград областында далай көп кабаттуу үйлөрдү куруп, заманбап жасалгалары менен орус, немистин оозун ачырган.
"Жылдын адамы" деген ардактуу наамды алган аял. Аты-жөнү Турдубаева Адина Арыковна. Биздин Кетмен-Төбөнүн чоңколор жашаган айылынан. Эми бул кызыбыз Россияда кара жанын карч уруп иштеп, тажрыйба топтоп, орустун акчасын инвестицияга деп көтөрүп алып, бизге Кыргызстанга келбейби. Акчасы менен келген кишини ким жаман көрсүн. Сый-урмат менен тосулуп, иши жолго тез эле түшүп кетет. Мына ушул жерден балээ башталат. Келечектүү иш, миллиондон "жашылбайлар" тегеренген бизнес Бакиев Жаныштын көзүн кызартып, көчүгүн бүлтүйтөт. Ал Адинага ачык эле "Азия Курулушту" "Мага бер да, өзүң келген жагыңа кетип кал, болбосо өмүр бою түрмөдө чирийсиң" деген экен. Адина бермек беле. Өлкө болгон соң, мыйзам бар деп ойлогон да. Эл-журттан суранам, туура түшүнүңүздөр, Адинаны биринчи камап салышып, анан гана тага турган күнөө издешкен. Жаныш Бакиевдин өзү буйрук берип турган соң, кошоматчы, мансапкор, итибайлар күнөөнү фабрикалап эмес, заводдон штамптап, сваркалап тагып коюшкан. Адинаны массалык маалымат каражаттары аркылуу элге "аферист", "мошенник", "алдамчы", "сыйкырчы" деп көргөзүшкөн. Азапта жаткан Адинага дарт жабышып эки жолу оор операцияда болду. Ошондо да милициянын "кыраакы" көзөмөлүндө турду. Баарынан да Адинаны тийешелүү органдын тийешелүү кызматкерлери суракка албай, Конгантиевдей министр, Темирбаев Курманбек деген президенттин иш башкаруучусу келип сураганында, чоң бир кызыкчылык бар экени көрүнүп турбайбы. Катуу ооруган Адина жанынан деле, эркиндиктен деле үмүтүн үзүп койгон. Анан эле апрель окуясы болуп, Жаныш жанын ала качып жоголду. "Үнүм кудайга жеткен экен, адамдар акыйкат кылбаса, Алла Таалам жеткизди" деп Адинанын сүйүнгөнүн айтпа. Эрте сүйүнүп алып, кайра ыйлаганын айтпа. Көрсө, Жаныш анык карышкыр экен. Жара тартып жегенге үлгүрбөй калыптыр. Тарп аңдыган жорулар капкачан эле айланып жүрүптүр. Ошол жору-кузгундар ушул тапта Адинаны тытып жеп жаткан убагы. Тезирээк куткарып калбасак, бир аз убакыттан кийин кеч болуп калат. Анткени, булар Адинанын көзүн тазалаганы турушат.
Түшүнүктүү болуу үчүн чечмелеп берейин. Айтпадым беле жогоруда, Жаныштын көрсөтмө буйругу менен Адинага жок күнөөлөрдү "сваркалап" салган деп. Бийлик алмашканда Адинанын ишин кайра кароого туура келди да. Караган күндө да кынтыксыз тагылган күнөөдөн өзү көчөгө чыга албаган адам кутула албайт.
Жаныштын ордуна андан бетпак, карышкыр эмес, чөөлөр келишти. Алардын ана башы убактылуу өкмөттүн бүт күч структурасын башкарган "жарым паша" Азимбек Бекназаров келип отурду. Мурда ооруканада жаткан Адинаны милиция кайтарса, эми СНБ кайтарып калды.
Мурда он чакты карышкыр тытса, эми жайнаган чөөлөр тытып жатышат. Бекназаров өзү Жаныштын койгон талабын сөзмө сөз коюптур. "Эгер "Азия Курулушту" мен айткан кишиге өз ыктыярың менен берсең, азыр чыгарам" деген экен. Оң жооп болбогон соң, кыйноону күчөтүптүр. Өзүнө окшогон чөөлөрдү таап, "талай бергиле" деген го. Ошолордун ичинен экөө: "ак жолчу" депутат Кубанычбек Исабеков деген кыңылдап сүйлөгөн айпана, эч нерседен куру калбаган эчки Эшимканов Мелис деген эл журтун саткан шумпай баш болгон топ Адинанын таланып, аз калган мүлкүн басып жыгылышат. Булар да күнөө таккыч "фабрикасын" иштетип, күнөө үстүнө күнөө кошулат. ММК аркылуу ушак-айың таратылып, Адинага кысым көрсөтүлүп жатканы белгилүү эле болуп турду, СИЗОдогу кыйноо күчөтүлдү.
Адинанын ишенгени бир Кудай, анан эл. Элден, сот-прокуратурадан адилеттик, калыстык менен карап берүүсүн жалынып суранып жатат. Антпесек, өмүрү коркунучта.
Урматтуу кыргыз эли, мен бул ишти териштирип жүрүп, айрым адамдардын акча үчүн адам атынан жан кечүүгө даяр экенин көрүп, жакамды кармандым. Бакиевдер басмачы, зөөкүр эле. Эми ошолор баштаган арам иштин кешигин жейбиз деп, бир бечараны өлтүргөн турушат. Анан ушуларды адам деп айтууга болобу. Исабеков башына калпак кийбей койсо деле болот. "Азия Курулушка" койгон бир ташы, бир кышы жок туруп, өзүнөн өзү эле ээ болуп "Үй куруучулар партиясы" дегенди түзө коюп, парламенттик шайлоого чыгыптыр. Жигит болбой өл. "Кум-Төрдөн" мынча пайыз өндүрдүм" дедиң эле, кана ошол "пайызың"? Эми минтип бирөөнүн өлүмүн күтүп отурасың, соксойуп жорудай болуп. Курулган далай фундаментер, Бишкектеги гектарлаган жер колума тиер бекен деп.
Кыргыз эли Адинага окшогон кызын коргоп калаарына ишенем. Кыз эмес, жигиттерден чет өлкөгө барып заңгыраган үйлөрдү салчу ким фирма түзүптүр? Баардык ишти нөл-нөл так жасаган немистерге жагыптыр. Көрүп турабыз го мыкты деген бизнесмендерибиз кытайдын товар саткан базарын куруп, арак чыгарып, жарма жасашып эле жүрөт. Адинага окшош кыздар кыргыздын сыймыгы болуш керек. Россияда көп жылы жашап, жалаң орус калкы менен аралашып иштесе да, кыргыз рухун мөлтүр булактай сактаптыр. Жазган ырларын окуп көрсөң, өз чыйырын сала баштаган акындардай сезилет. Адинанын ырларына таасирленип мен ошол кызыбыздын арманын жаздым. Жазбай эле бир нукка салымыш болдум. Адинанын арманын окуп эл-журт үн кошоор деген ойдомун.

Адинанын арманы
Торгоймун бүгүн тордогу,
Кызартып көзүң мүлкүмө,
Кызматта жүргөн чоңдору.
Кыргыздын эле балдары
Кыргыздын кызын кордоду

Булбулмун бүгүн тордогу,
Бул тордон чыкпайм болжолу.
Ээлешип алды мүлкүмдү,
Эл бийлеп, тизгин чойгону.
Талашып бөлүп алышты,
Тапкансып бекер олжону

Айланам элим кыргызым,
Абакта жатат бир кызың.
Бир кыздын көргөн азабы,
Бир үзүм сенин турмушуң.
Өлтүргөн мени турушат,
Өчкөнү турат жылдызым.

Тараткан жалгыз жөлөгүм,
Жашымды күндө төгөмүн.
Чындыкты анык билишсе,
Чыгарып алаар мени элим.
Кан какшап кетем кайрылып,
Калкына Кетмен-Төбөнүн.

Оорулуу жанмын, чабалмын,
Оозунда турам ажалдын.
Касыкем жазган илгери,
Карышкыр тыткан "Ажармын"
Алып кал элим өлүмдөн,
Арманда кетип калаармын…

Кадырбек КЕРИМБАЕВ
(Саяковский)







кыргыз тилиндеги гезит "Эл сөзү"





??.??