Жоо келгени
19 жыл болду
Кыргыз эли кылымдардан бери сол канат, оң канат, түндүк-түштүк, күңгөй-тескей болуп бөлүнүп келген. Ынтымакка оңой келчү эмес, моюнга алыш керек. Илгертен бери бир эле ураан элди бириктирчү, "Жоо келатат" дегенде кыргыз эли кыргыздыгын сезчү. Муну түштүктөгү "жайкы коогалаң" далилдеди. "Кыргызымды кырып атат" деп түндүктүн жигиттери эч ойлонбой аттанды. Мурда жоо көзгө көрүнөө келчү, бүгүнкү күндө тымызын эле келип, өлкөнү басып алып жатат.
1992-жылдын башында жөөт Канадалык компания "Камеко" Кыргызстандын башчыларын сатып алып, "Кум-Төр" алтын кенин басып алды. "Кум-Төр" кени дүйнө боюнча 7-орунду ээлейт, акыркы изилдөөдөн кийин биздин бул кенибиз Гиннес китебине киргенге татыктуу. Бийлик сатылбай, элди ойлоп, туура иш жүргүзсө, 2-революция (төңкөрүш) болбойт эле, кан төгүлбөйт эле. Элдин жашоосу башка деңгээде болот эле. Биринчи кадам жасанганда эле кыргыз элин 180 млн. долларга алдашты. СП түзүп, Кыргызстан жана "Камеко" кенди ортокко иштетебиз деп макулдашкан. Кум-Төргө алтын иштеткен фабрика салабыз деп 270 млн. доллар чектеген. Бирок, салып бүткөндөн кийин "440 млн. доллар короттук" деп бизди алдады. Андан кийин милдет, доомат кылып сатылган өкмөттү алдап, Тамга айлынан "Кум-Төргө" чейин свет (ЛЭП ПО квт.) салынган. Ага КР 210 млн. доллар кредитке алган, ушу убакытка чейин кутула элек.
Биринчи келишимде КР үлүшү 67, 31 пайыз болчу, бирок, 2003-жылы чыккынчы президент А.Акаев, премьер-министр Н.Танаев 30 пайызга үлүшүбүздү түшүргөн, элибиз жыргап жаткансып. Анысы аз келгенсип, салыктын көбүн "Кум-Төрдөн" алып салды, себеби, элди унутуп өз чөнтөгүн ойлогон. Анын жолуна президент Бакиев да түшүп, 14 пайызга төмөндөттү. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 33 пайыз акциялар бар деп элдин башын оорутуп жатышат. Акция деген бул алтын менен бекитилет, Кыргызстанда бир грамм алтын жок. Жылда 16-17 тонна алтын таап жатабыз деп "Кум-Төр" маалымат берет. Бирок, аны эч ким текшере алалбайт, себеби, келишимде "Кум-Төрдөн" Кыргыз Республикасы кол жууган. "Кум-Төр" аймагы "промышленный анклав" болуп калган. Биринчи келишимде 340 гектар берилген, бүгүнкү күнү алар 26 000 гектар жер ээлеп жатат. 2009-жылдын 24-апрелде доомат, милдет кылганга укугубуз жок деп келишимге кол коюп беришкен, колду Елисеев, Чудинов деген жөөттөр койгон, күбө болуп кеңешчи болгондор-Акылбек Жапаров менен Алмазбек Жакыпов (ошол кездеги "Кыргызалтындын" төрагасы). Келишим англис тилинде түзүлгөн, кимиси англис тилин билип коюптур, ким билет? Тилекке каршы, 1992-жылы экс-премьер-министр Т.Чыңгышев дагы бир сөз анлисче билбей туруп кол койгон. Келишимди кыргызча которгондон кийин ооздорун ачып отуруп калышкан. Келишимди Кыргызстандын Баш мыйзамынын үстүнө койгон, себеби, укуктук маселелер Нью-Йорк штатынын мыйзамы менен чечилет экен. Жер биздики болсо, кен биздики болсо, муну кандай түшүнсө болот?
"Кум-Төрдө" иштеп жаткан биздин жарандар "күнүнө 200-300 килограмм алтын куюп жатабыз" деп маалымат берет, бирок, канадалыктар "40-50 кг. таап атабыз" дейт. Ошондо 60-90 тоннага чейин алып жатыптыр. А Кыргызстанга бир грамм калбайт. Отчетунда "жылына 17 тонна" деп жатышат, анда 50-60 тонна кайда кетип жатат?
"Кум-Төр" иштегенден бери тапкан алтынды 150 миллиард сомдон ашык сатышты, а Кыргызстанга тийгени 14 млрд. сом, оңдон бирин да толук бербептир, болгону 9 пайыз элдин байлыгы өкмөткө түшүрүлүптүр, эл аралык практикада мындай келишимдер жок дегенде жарым жартылай 50 пайызга бөлүнөт. Өзбекстанда биздикиндей кендерди 70 пайызы элге, 30 пайызы компанияга бөлүнгөн. 2007-жылы "Кум-Төр" Кыргызстанга өтүшү керек болчу, бирок, атын өзгөртүп "Центерра Голд" деп коюп 2026-жылга чейин калышты.
Мен кыргызмын, Манас атанын тукумумун деген адам, акыл-эси ордунда болсо, намысы бар болсо кантип чыдайт? Ушул акмакчылыкты, чыккынчылыкты изилдеп чыкандан кийин "Эл ырыскысы элге" деген элдик кыймыл жаралды. Бул кыймылга Кыргызстандын 7 областынын патриоттору бирикти. Бүгүнкү саясий-экономика кырдаал кооптуу убакта элди козгобой, мыйзам жолу менен акимден баштап, Жогорку Кеңештин спикерине чейин кезигип чыктык. Президентке, премьер-министрге 2 кайрылуу, 1 ачык кат жаздык. Бирок, жооп алган жокбуз.
Мугалимдер, врачтар, пенсионерлер, бюджет кызматкерлери айлыгыбыз жашоого жетпей жатат деп сыздап жатса, эмнеге бүгүнкү бийлик бул маселеге кайдыгерлик кылып жатат? Акаев, Бакиевдерди айтпай эле коелук, алар чыккынчылар экенин далилдедик, азыркы өкмөтүбүзчү же булар да ошолордун жолуна түштүбү? Кыргызстандагы байлыктар бийликтики эмес, байлык - элдики.
Жоо келетат дебей, жоо басып алды, эл ырыскысын тоноп жатат деп элге кайрылам. Эки президентти эл аралык коомунан, эл аралык сотунан кеңеш албай эле кууп чыкпадык беле, эми баатыр элим бир менчик компанияга алыбыз жетпейби? Мен элиме ишенем. (Фактылар, маалыматтар, мамлекеттик комиссиясынын жыйынтыгынан алынган. Комиссия 19 илимпоз инсандардан түзүлгөн, төрагасы Базарбай Мамбетов).
"Эл ырыскысы - элге"
элдик кыймылдын төрагасы
Ж.Ш. ШАМЫРАЛИЕВ




Алтын бешик Таласымды чет элдик компанияларга курмандык кылгым келбейт!
Биз, Талас районундагы Көпүрө-Базар айылынын жашоочулары алты жылдан бери ушул "Андаш" жана "Кентор голд"(Kentor gold LTD ) компанияларынын туура эмес кылган иштерин айтып, чындык издеп чыркырап келатабыз. Биздин чыркыраганбыздын себеби, кендин айылыбызга жакын жайгашканына байланыштуу.
Биринчиден, жардыруудан жашап жаткан үйлөрүбүздөн айрылып, чыккан чаңынан силикоз оорусуна чалдыгып калбайлы деп чочулап турабыз.
Экинчиден, хвостохранилище жашаган жерибизге 2, 5 километр жакын болгондуктан, биз ушул компанияларга 600 адам(миң түтүн) курмандык болгону турабыз. Хвостохранилище жайгашкан жерден үч айылдын малы жаз-күз мезгилдери айдалып өткөндүктөн, алар жолду жаап жатат.
Компаниялар болсо 11 адамдан турган өзүнчө топ түзүп алып, элге ун, көмүр таратышып, ошондой эле 5 пайыз менен 50 миң сомдон кредит берип, ушул топтун адамдары менен жеңишке жетебиз деп максаттанышкан. Муну менен эле тим калышпай, ушул топтогу адамдар мени жамандашып, "компаниядан акча алып алды" деп элге тескери үгүт жүргүзүшкөн. Элди экиге бөлүп, ынтымагын, биздин айылыбыздын кутун кетиришкендей болду. Ал эми биз болсо дагы деле элди ынтымакка чакырып, болоор-болбос унга, акчага элдин азгыруулусун каалабайбыз. Бул компания сырттан келип, карапайым элди экиге бөлүп, акчага сатып алганга укугу барбы? Аталган компания КРнын мыйзамдарын өтө одонолук менен бузууда.
Бул маселе боюнча бир канча жолу президентке, вице-премьер-министрге, ЖКнын депутаттарына кайрылып, чындыкты айтып, ыйлап келебиз. Жакында эле ушул Жогорку Кеңештин депутаттары айылыбызга барып, эл менен жолугушуп, ошол хвостохранилище жана кен чыккан жерлерди өз көздөрү менен көрүшүп, алар бул жерге кен иштетүүгө мүмкүн эмес экендигине ынанып кайтышкандай болду эле. Алар сессияда карап, чечим чыгарып беребиз дешкен, бирок, али күнчө сессияда каралган дагы жок, эч жооп дагы болбоду. Эми кимге ишенээрибизди деле билбей турган кезибиз.
Жалаң эле биз эмес, Талас районунун Арал айылындагы "Талас Коппер голд" Жоопкерчилиги чектелген компаниясынын жасаган жумуштарынын баары ачык болбой, тескерисинче, элдин кыжырына тийип, жардам бергендеринин кайра артыгын чыгарып жатышат. Айталы, анча-мынча уюлдук телефондун антенасын орнотууга, он баланы бекер окутууга жардам берген, бирок, кийин Бакиевдин убагында компаниянын санаалаштарын бийликке алды дагы, "Талас Коппер голдун" башчылыгына Морозов келип, иш жүргүзө баштаган. Кайрадан эле баягы туура эмес жүргүзгөн иш-аракеттеринин аркасынан 2007-жылы элдин нааразычылыгы күчөп, аталган компанияны эл кууп чыккан эле. Бирок, берген убадаларын ишке ашырабыз деп, кайра келишкен. Тилекке каршы, айткандарынын бири дагы аткарылбагандыктан, 7-апрелдеги коогалаңда кайрадан эл көтөрүлүп экинчи жолу кубалап чыгышкан.
2010-жылдын 8-9-апрелдеринен кийин Элдик жыйын өтүп, ага областын, райондун жетекчилери, райондук депутаттар катышып, ошондо компания өз ишин токтотсун деген атайын токтом кабыл алынган. Компаниянын жетекчилиги келишимге "ишибизди токтотобуз" деп кол койгон эле.
Бирок, кабыл алынган токтомго карабай, компаниянын "иш билгилери" жарым-жартылай көчүп кетишип, калган жарымы акырын жумушчу балдарды алдап топтоп, көбүрөөк маяна менен азгырып иштете баштаган. "Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" дегендей жаңы бийликке келгендерди өздөрүнө тартып, Кыргыз жеринде чалгын иштерин баштаган. Ошондо эл "чалгын иштеринин бизге кереги жок" деп нааразы болушкан.
Кыскасын айтканда, жогоруда аталган "голд" компаниясынын кесепетинен бир топ жылдардан бери сууларыбыз булганып, ал турсун булак башаттарынын көзү жабылып, кой-уй сыяктуу жандыктарыбыз ооруга чалдыгып, ууланып өлгөн, чөптөрүбүз куурап, канаттууларыбыз кырылып, жайыттарыбыз талкаланып, түшүмдүүлүк жокко эсе болуп калган. Элдин атынан көз карандысыз эксперттер чакырылып, текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Тилекке каршы, компания өз кызыкчылыктары үчүн эксперттерди дагы колго алып коюшканбы, айтор, иш оңунан чыкпаган. Жогоруда аты аталган компаниянын кылган иштерине Арал эли ушунчалык нааразычылыгын билдирет.
Мындан ары дагы жаратылышыбыз булганып, жандыктарыбыз кырылып, элибиз ден соолугунан ажырап аталган компаниялардын курмандыктары болгубуз келбейт. Ал чет элдиктер кыргыз жеринин, кыргыз элинин келечегин ойлобой, өз кызыкчылыктарын көздөп жатканын жогорку бийликтегилер кантип түшүнүшпөйт. Жер алдындагы алтынтын камын көргүчөктү, элдин камын көрүшпөйбү, ошондо гана жанагинтип жаш балдарыбыз чоң айлыкка азгырылып, элибиз кара курсактын айынан күнүмдүк унга, көмүргө алданбайт эле. Алтындай жерибиздин алтынын каздырып, жерин тебелеткенден намыстаналычы! Көрүп жатпайбызбы "Кум-төрдү"!

Курамаев Орозбек Абдылдаевич,
Талас районунун депутаты