Коомдук ишмер, "Кыргызстанды сактоо" кыймылынын те ңт ө рагасы Камыт Бечелов:
"...башы жеткени деле, жетпегени деле саясатчы,
баары бийликке жутунушат"
- Байке, көп учурларда анча-мынча гезиттен жазган макалаларыңызды окуп калчубуз, акыркы убакта эмнеге жазбай калдыңыз?

- Эй Ашыке, өзүң ойлончу, азыркы убакта аксакалдык сөз, акыл-насаат деген нерсени уга турган адам барбы деп ойлойсуң. Өзүң билесиң, кыргыз эли атам замандан бери сөздүн кулу болуп, сөз маанисин салмактап, акылын да, ачуусун да, ыйын да сөз менен жеткире же ынандыра айткан эл. Сага жөнөкөй эле мисал, азыркыларга өздөрү айткан сөздүн маанисин түшүндүрсөң, бирөө гана укпаса калганы кол телефонун чукулап же сүйлөшүп нары басып кетет, сөздүн мааниси да өлөт, уланбай калган сөз да өлөт. Калмактын бир каргышы бар, "Өзүңдөн акыл чыкпасын, бирөөнүн акылын укпагын". Бул деген жаман нерсе, өзүнүн акылы болбосо, бирөөнүкүн укпаса, жеткен желмогуз дей бергин.
Мына ушундай азыркы мезгил өзгөчө Бакиевдердин башкаруу убагында башталды. Пирамиданын башында акыл турбай, анын ордуна акча дегенди коюшуп, анын акыл деңгээли, адамкерчилик мүнөзү, иш-аракети, билими деген нерсени ойлоп койгон бири да болбоду. Кызмат орундардын улам баасы жогорулап, акчасы болсо жиндиканадагыны да алып чыгып коюшту.
Кыргыз мамлекети 5-6 адамдын менчигине айланды. Атаңдын көрү, ушул кең Кыргызстанды ар жеринен чокуп сатып, берекесин учурушту. Ата-бабаларыбыз кан кусуп кармашып, канчасы ушул жерде жер кучактап жыгылып, о дүйнө кеткендир. Акыры ошолордун арбагы баары бир урат дечи, бирок, ошентсе да көрүп туруп ичиң эзилет.

- Кеп өзгөчө кимдер жөнүндө бара жатат?

- Бирок, Бакиевди жамандап, "кокуй жеп кетти, сатып жиберди, омкоруп салды",-деп жар салып, жер муштап, кээде көз жашын төгүп ыйлашкандар канчалаган кырчын жаш балдардын өмүрүн алып такка жетишти. Отунбаева, Атамбаев, Текебаев, Бекназаров, Сариевдер… Эми Куда кааласа заман оңолуп, кыргыз элим бир кудайга үнү жеткен экен десек, булар Бакиевдерден алда канча шылуун канкорлор экен. Адам баласы жасамак турсун, эстеп оюна келсе ордунан ийне сайгандай ыргып тура турган иштерди күнүмдүк жасап турган иштердин бири катары көрүшүп, адам эмес шайтандын атасы Азезил Кудайдан коркуп жасабай турган нерселерди чай ичкендей жасап атышпайбы. Ош, Жалал-Абаддагы болуп өткөн алааматтарды түштүк эли жакынкы 2 (эки) кылымда эстеринен чыгара алышпайт. Ага түз себепчи болгон Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү өз кызмат ордуларын сактап калуу үчүн жарым Кыргызстанды түзгөн Түштүк элине Батыров Кадыржанды тукуруп, анча-мынча нерселерди убада беришип, найзанын учу кылып, адам баласы эмес желмогуз жасабай турган кандуу алааматты жасашып, Батыров өзү жазгандай коридор беришип качырып, Республикадан чыгып кеткенден кийин кылмыш ишин козгошуп, "кокуй, кармай албай калдык" деп кезенимиш болушту.

- К.Батыровго токтоло кетсеңиз?

- Түштүктүн кызыкчылыгына, үрп-адатына, салтына, ички-тышкы маселесине Батыровдун аралаша турган жөнү жок болчу. Ал же бир окумуштуу, же аты чыккан жазуучу, же ойчул, же саясатчы болбосо, 8-классты араң бүткөн. Кезегинде базардын оозунда турган будкада өтүк жамап, андан соң машинага чехол тигип, адамдардан акча алдагандан башканы билбеген, жан дүйнөсү, жүрөгү акча деп согуп, бул дүйнөдө андан ширин, андан таттуу нерсе жоктой сезген. Эгер колунан бирөө беш сомун сууруп алса, жаны кошо чыкчудай болгон Батыров ушул күнгө чейин чоңдордун эшигин сагаалап, ошолорго берип, ошондон өзү дагы туйтунуп, Батыровго окшогон кыргыздын акмак акча жиндилеринин жардамы менен өлөөрчө байыган. Кыргыздын мүлкүн сатып, тапкан акчасына кыргыз наристе балдарын, кыздарын, мен деген канча жигиттерин өлтүрүп олтурушат. Мына сага Убактылуу Өкмөттүн тапкан, ишенген адамы, шериги, келечекте бир болуп, бир иштешебиз дегени ушул. 12-кылымда жашап өткөн ойчул, акылман Муширафидин Саадинин өтүкчү жөнүндө бир айткан каргышы эсиме келди: "Бир бай жалгыз кызын өтүкчүгө нике кыйдырып бериптир. Эртең менен кызы тепкичте ыйлап отурган жеринен атасы көрүп, "Не болду сага?" десе, кызы бетин көрсөтүптүр, "Түндө бетимди өбөм деп, кырча тиштеди" дейт. Ошондо кыздын атасы күйөө баласына барып, "Ээй, акмак, Кудай сага мындай курч тишти кыздын бетин тиштеш үчүн эмес, өтүк тиге турган кайыш жипти тиштеп тартыш үчүн берген" деген экен. Ошондой эле азыр башы жеткени деле, жетпегени деле саясатчы, баары бийликке жутунушат. Ойлоп туруп, акыркы 5-6 жылда кимдер гана министр, губернатор, аким болбоду, ошолорду башкалары дагы көрүп туруп, "Мындан мен кемминби" деп ойлошот окшойт.

- Анысы деле туура, элди мындай бүтүмгө кимдер алып келүүдө?

- Убактылуу Өкмөттүн курамын көрүп, акылдуу адамдар ошондо эле үрөйлөрү учкан. Өңчөй жегичтер, өзүнүн байлыгын, бийлигин эмес, оңтойу келсе мамлекетти деле сатып жибере турган өңчөй куу, бирөөгө эмес, өздөрүн дагы алдагандар келгени көрүнүп турбайбы.
Өткөндө сыналгыдан Жогорку Кеңеште Отунбаеванын сүйлөгөн сөзүн угуп, бир туруп туура десең, бир жагынан "чала сага кыргыздар" дейсиң. Бир жарым миллион долларды кандайча бөлүп алышканын айтканда, калганын чыгарбаш үчүн, "эгерде Убактылуу Өкмөттүн ишин текшерсеңер, депутаттарды таркатам" дегени эмне?! Демек, көбүрөөгүн Отунбаева жептир да. Элге ак-карасын билдириштин ордуна тигинтип олтурса, анда баары түгөнгөн экен дейсиң.

- Президенттин мындай кылыгы мыйзамдуубу?

- Таратам силерди деп депутаттарга айткандай, мыйзам укугу жок болчу. Эл шайлоодо Баш мыйзамга макулдук беришкен, ал жерде Отунбаева президент болсун деген жери жок. Кайдан чыккан, ким шайлаган деген суроого жооп издеп таба албай, нары-бери чуркаган эл күндөн күнгө көбөйгөндөн көбөйүп бараткандай. Өзүн жөөттөрдүн апасы сезген жүрөгү, каны-жаны, кылык-жоругу жөөт менен жашап жүрүп, жөөттөрдөн да өтүп эсирген. Оюнда "бүт дүйнөнүн экономикасын, саясатын жөөттөр башкарат, ал эми мен жөөттөрдүн Кыргызстандагы ана башчысы болуп туруп, ушул кыргыз сөрөйлөрдү каалагандай калчаймын. Карасаң, томураңдашып мага өнөр көрсөтүшөт, кайдагы Американын (Гансинин) ижара акчасын жеп алдың деп. Кааласам Америкада жүргөн күйөөм Албертти апкелип президент коюп койсом, эмне кылыша алмак? Жан жоокерлерим мыкты, Атамбаев, Бабанов, Текебаев, Каптагаев, Сариевдер болсо өл десем өлөт, тирил десем тирилет". Мындайча айтканда, булар күн тийген жердин күкүгү. "Иштен кеткен күнү жамандаган адамдардын катарында туруп, биринчилерден болуп кол кезегендердин бири болот" деп ойлонуп, эч кимисин иштен кетире албай, ичинен кимгедир ичи музтап, кыжаалаттанып көз айнегин кармалап, Америкадан көзү учуп турат. Орустарды эстегенде жүрөгү опкоолжуп, бирок, орустар "Подожди потом" дегиче көп ишти бүтүрөм деп өзүн сооротуп олтурат.

Маектешкен Ашырбек БОЛОТОВ