"Киймиң бүтүн, кардың ток.
Эмне ыйлайсың куу тумшук…"
Бул макалды кыргыз эли качан жаратканын жана алар кайсыл мезгил, кайсыл доордо карды ток, кийими бүтүн жашаганын билбедим. Бирок бул макал жаралган соң, кыргыз эли, анын ичиндеги куу тумшуктары, бей-бечералары кандайдыр бир себеп менен ыйлап жатканын далилдеп тургансыйт.
Бир топ мезгилден бери Ат-Башынын суусунун жээгинде жайгашкан, Түштүктөгү Кара-Суу базарынан кем калбаган, кадимки Ат-Башылык Казыбек казалчы айткандай:

Айланайын Ат-Башым,
Адамдын багын ачаарым.
Самаганын алуучу,
Сарт кечүү турат базарың.
Кашында турат Чеш-Дөбө,
Касиеттүү мазарың. -
дегендей Ат-Башы базарынын дайны бир топ жерге угулуп, Максимди да кызыктырган. Бул касиеттүү ыр саптарына бир аз чечмелөө бере кетейин. Ат-Башы деп аталышынын көп себептери бар. Эл оозунда айтылып келе жаткан бир айтым(легенда) боюнча, бир жолоочу Алай тараптан келе жатып аты баспай калат. Бул чоң өрөөндүн чөбү сеңселип, баштары ыргалып күмүштөй жылтылдап, көл сыяктуу толкуп жаткан экен. Жолоочу эс алсын деп атайын ээрин алып, жүгөнүн да шыпырып ачка неме тойсун деп бош коет. Өзү да чарчап ээр токумун жазданып жатып уктап кетет. Канча уктаганы белгисиз, ойгонсо аты тоюп дыр-дыр оосуруп турган экен дейт. Басып барып кармайын деп, эңкейип чылбырдан алайын десе жакындатпайт. Айласы кетип ээр токумун көтөрүп алып атынын артынан түшөт. Ана кармайм, мына кармайм деп жүрүп отуруп бел ашат. Ал кезде эл азбы, эч кимге учурабайт. Ошентип, жүрүп отуруп бир чоң суунун жээгине келет. Ал жерде бирин-серин киши жашаган жер экен дейт. Эптеп атын тосушуп кармашат. Атына жини келген жолоочу бычагын алып, атын байлатып туруп мууздап салат. Этин элге таратып берип, аттын башын терекке илип салган.

Аягы жебейт, башы жейт,
Аркандап койсоң жакшы жейт.
Буту жебейт, башы жейт,
Бууп койсоң жакшы жейт.
Атына ишенген акмак дейт,
Акасын тааныбаган ат башын жейт.
Атым тойгон жердин чөбү,
Арпадан күчтүү экен,
Ал жердин аты Арпа болсун,
Менин атымдын башы илинген жер Ат-Башы болсун деген экен дейт.
Ал эми "Сарт-Кечүү" деп аталышынын себеби, илгерки замандарда ошол суунун жээгине Кытайдан келген уйгурлар, Онжандан (Ак жыяндан) келген сарттардан "Сарт- Кечүү" аталып кеткен. Ал кадимки Жибек жолунун тому. Эшеги менен сайгоолоп келип өтүп жүрүп, өрөөндүн өргө жери деп соода түйүнүнө айлантышкан. Ошол себептүү азыркы райондун борбору Ат-Башы айылы бел ашкандан кийинки өрөөн Арпа делинип аталып калган.
Ошол суунун жээгинде жайгашкан базар бүгүнкү күнү чын эле чоң базарга айланып "Сарт-Кечүү" аты калып "Ат-Башы" базары аталып кеткен.
Айтылуу Казыбек айткандай, бул базардан "самаганыңды" алсаң болгудай. Базарды араласаң эмне гана жок. Мал десең мал, бал десең бал дегендей. Базарды уюштургандарга ыракмат. Бир аз жерин жабык кылып койгон экен. Бирок ал жерге соодагерлер батпай, түз эле ачык асман, ак кардын үстүнө товарларын жайып, Ат-Башынын суугуна карабай, бутун-бутуна койгулап, соода кылып жатышат. Улам барган сайын соода кызып, малы өткөндөр мал базарынан бит базарына чубап, жолдо келатып буркураган мактыдан, муссалладан (арактан) бастырышып көңүлдөрү жай.
Байкасам, базардын баары эле бирдей окшойт. Чүйдөгү Токмок, Бишкектеги "Старый толчок" мал базары, Ош базары ж.б.дегендей. Ат-Башы базарында деле, тачка түрткөн балдар, оонап жатып калган мастар.
Эми мени кызыктырганы элдин маанайы(настроениеси киргиздер үчүн) эмнесин сатып, эмне алат дегендер эле.
Бүт дүйнө жүзүндөгүдөй эле биздин Ат-Башыда да эл экиге- байлар жана жардылар болуп бөлүнүп калганы таасын көрүнүп турду. Эптеп күнүмдүк жашоосун өткөрсөм дегендер бирден торпогун, бирден эчкисин же улагын арык-семизине карабай чыккан баага сатып, эң керектүү болгон гана азыктарды: ун, шекер, туз, чай алып кайтышат. Кийим-кече алайын десе тыйыны жетпей, арзанын качырып "БВУ" же англисче "second hond" деген жерден бирдеме алсамбы деп, Европадан келген эски немелерди аңтарып жүрүшөт. Ал эми байлары мурундарын көтөрүп, элди үстүртөн карап, кишини көрсө да көрмөксөн болуп, тааныса да таанымаксан болуп, өздөрүнүн кандай жол менен байыганын унутуп, калышып, жанын унутуп калышып, жанагы бир чычкак улагын сата албай тургандарды келекелеп, калп каткырып, элдин арасында "мен да элмин" деп жүрүшөт.
Улам, улам радиодон базар жаңырта "баланча айылдан баланчадай мал жоголду, таап бергендерге, билгендерге чоң сүйүнчү болот" деп кыйкырып жатышты. Эгерде элдин курсагы ток, кийими бүтүн болсо эмнеге уурулукка барышат эле деп ойлонууга туура келди.
Бу өткөн эле шайлоодо депутат болом дегендер майкөл, сүткөл кылабыз дегендери жалган болуп чыга келгендигин, мына ушул эле "Ат-Башы" базары далилдеп тургандай. Базардагы эл "бул эмне деген кымбатчылык, минтип отурсак жашоо деген болбой калат ко, бала-чакабыздын курсагын кантип тойгузабыз, кантип кийинтебиз" деген эле адамдар. Ат-Башынын суугунда Кытайдын желим кийимдерин кийген элдин кунары кеткендей.
Элдин бир оозу, эки оозу эле "Бул өкүмөт бизди жыргатпай калды. Акаевчилер, бакиевчилер кайра келди. Мындай жашоонун бизге кереги жок. Шайлооңдун, акимиң-пакимиңдин, губернатор-мубернаторуңдун, президент-мрезидентиңдин, парламент-сарламенттин, депутат-жепутатыңардын кереги жок. Кимиси алдыбызга аш, үстүбүзгө үй тартты? Тажадык!" деп жаалданышкан түрү бар. Буларды биртке эле түрткү берип, баштап койсок дагы кайрадан революция жасашчудай. Айылдагы туугандарыма, тааныштардыкына кирип учурашсам деле ушундай кеп.
Сууктун айынан көпчүлүк үйлөр таш көмүр ала албай, эптеп бир бөлмөсүн жылытып чогулдур болуп, Бакиев айткан тезекти көң кылып, отту тегеректеп, күнүмдүк көр тиричилигин кечирүүдө. Ошолорду көрүп туруп жанагы Бишкектеги заңгыраган үйлөрдөгү, особняктардагы жашап жаткандарга жүрөгүңдө жек көрүү пайда болот экен.
Ошолор кантип шапар тээп, ресторан-кафелерде, сауналарда талтаңдап жүргөнүнө таң каласың.
Бул жарык дүйнөдө бир эле жашайсың да. Бирөөлөр сайрандап жүрсө, бирөөлөр (көпчүлүгүбүз) тентип, кайыр сурап, Кудайыңдын бар экени жалган деген комумунисттер туура экен дейсиң. Тиги дүйнөдө жыргайсыңар, бейишке чыгасыңар деген молдо, кожосу, деги баары калп окшойт.
Пайгамбар баарына "азыр" деген дейт. Анын "Азыры" качан? Азыр эмес, эртең да эчтеке жок. Байлар үчүн бүгүнкү баанын өсүшү алар үчүн бит чакканча да жок. Алар баа асмандын башына чыкса да сатып ала беришет. А бизчи? Карапайым элчи? Эл эмне кылат?
Эми, айланайын эл-журт, үчүнчү жолу дагы революция кылууга аргасыз болот окшойбуз. Ага чейин, биздин эл айкөл эл эмеспи, акыркы жолу эскертүү берип "элдин жашоо шартын эмне кылсаңар да оңогула" дейлик.
Оңолуунун жолу мындай:
1.Талап-тоноп, мыйзамсыз менчиктештирип алган байлыктарын эл менен бөлүшсүн. Өздөрүнө бирден машина, бирден аял, бирден үй, күнүмдүк тамак-ашын калтырышсын дагы, калганын элге беришсин.
2.Көчөдөгү тентигендерди, кайыр сурап жүргөндөрдү заңгыраган үйлөрүнүн ашыктарына жайгаштырсын.
3.Чет өлкөлөрдөн алган карыздарды төлөп коюшсун. Себеби так ошол, бүт Совет өкмөтүнөн калган байлыкты талап-тоноп байышты. 20 жылдан бери Акаеви, Бакиеви баш болуп, калгандары төш болуп, биздин жашоо турмушубузду, Кыргызстанды ушул ахыбалга ошол байлар алып келишти.
4.Президенттик аппарат, Парламенттин ордуна Эл өкүлдөрү башкарсын.
Ушуга бир кыстырма: Учурдагы Президенттик аппарат, анан акаевчил-бакиевчил Парламент жайлашкан Ак үйдүн тегерегин карагылачы, машинадан баш адашат. Ичине канчасы кирип кеткен. Ошону эле эсептесеңер, Ак үйдүн (кара үйдүн) ичинде канча чиновник отурганын билесиңер. Буларың же жер айдабаса, же мал бакпаса, кимдин эсебинен жашап жатышат. Так биздин каратаман кедейлердин эсебинен жашап, жашамак турсун дуулдап жатышат. Эмне аларды Кудай жаратып, бизди куурай жаратыппы?
Деги экономикабыз эңшерилип жатса - экономика министирлигинин эмне кереги бар. Өнөр жайыбыз өлүп жатса, Өнөр жай министрлигинин эмне кереги бар.
Кылмыштуулук күн сайын күчөп жатса - Ички иштер министрлигинин кереги барбы? Айыл-чарбасы аңтарылып турса, айыл-чарба министрлиги барбы? Дагы, дагы ушунтип катарлап тизмелей берсек түгөнбөйт, кагаз түгөнөт экен. Калгандарын өзүңөр тизмелегиле.
Эми менин айтаарым, "Эсиң барда этегиңди жап, кудагый" деген кеп бар кыргызда. Тезирээк этегиңерди жапкыла, урматтуу кымбаттуу таксыр байлар, чиновниктер, депутаттар, министрлер, качып кеткен, качпай калган президенттер!
Болбосо, кыргыз эли революцияга айылчылап айылга барып келгендей эле болуп калды. Эгер бул ӨМП (ППП), Парламент, Өкмөт бийликти тынчтык жолу менен элге өткөрүп бербесе, анда үчүнчү революция кайра болоорун бөркүндөй көрүшсүн. Окко төшүн тоскон Чолпонбайлар Кыргыз элинде түгөнбөйт. Эмки үчүнчү революция таптакыр башкача болот. Улуу Октябрь Революциясындай болот. Эми 2-жолку Кыргыз революциялары, Октябрь 1917-жылкы революциядагы кетирилген кемчиликтер, СССРдин качып кетиши, Убактылуу Өкмөттүн, Техникалык Өкмөттүн, акаевчил-бакиевчил Парламенттин бийликке келиши кайталанбайт.
Бийликке чыныгы каратаман кедейлер, чыныгы илимпоздор, чыны коммунисттер келет. Эки жол менен. Бири тынчтык жол же болбосо кайра революция.

Кыргыз элинин чыныгы патриоттору бирикиле!

Коммунист Жеңишбек ЖУМАЛИЕВ