Бакиевдерди жамандаган,
Иуда Жапаров жалмаңдаган
(Бакиевдерге звонок, телфон номери кандай эле?)
Баягы кодолектей болгон, жалмаңдаган Жапаров "Кыргыз элинин коопсуздугу жана кызыкчылыгы биринчи орунда, ал эми мамлекеттин кызыкчылыгы экинчи орунда туруш керек" деп телевизордон келжиреди. Дегенимдин себеби, жалпы кыргыз эли кыргыз мамлекетинин өзөгүн түзө, кыргыз мамлекети кыргыз элинин эсебинен түзүлөт. Демек, элди жана мамлекетти өзүнчө бөлүп, бириндетип кароо караманча келесоолук. "Эшек өзүнүн башындагы чөптү көрбөй, элдин башынан чөп издейт" демекчи, "мерзавец подлиза" Жапаровдун кыргыз элине "мораль" окуп атканына, айла жок Акылбектин чиновник болуп турганда кандай кызыкчылыктарды көздөп келгенин дагы бир жолу өзгөчө элдин дагы, иудушка Жапаровдун дагы эсине салып коюну туура таптым. Бүгүн элдин кызыкчылыгы деп кууланып аткан "негодяй" Жапаров керт башынын кызыкчылыгы үчүн "чү" дегенде эле биринчи президент Акаевдин алдына жатып берип, кетээри менен өлөөрчө жамандап, экс- президент Бакиев менен уулу Максимдин алдыларына жатып берип, ата-бала кетээри менен элден биринчи "Азаттык" радиосунан тартынбай чет өлкөлөргө чейин тап душмандарындай жамандап чыккан эле. Эми бүгүн, өзүн адамдардын катарына кошкон ата-баланы жамандаганын токтотуп калбастан, 15-февраль күнү телевизордон "Бакиевдер коррупцияга баткан үй бүлө болчу, мамлекет бир гана коррупцияланган Бакиевдердин үй бүлөсүнө иштеген, мени да жөн иштетишкен эмес, кысымга алыщкан, экс-президент Бакиев бала-бакырасы менен мыйзамдын алдында жооп бериштери керек" деп уялбай интеревью берип, "ашыңарды ичейин, өзүңөргө чычайын" дегендей, өзүнөн кара ниетин жана жүзүн коомчулукка даана көргөзүп, "полит-проститутка" экенин өзгөчө далилдеди. Жапаровдо жарым кашык уят барбы ? Акылбектин жүзү каралык мындай билдирүүсүн Бакиевдер укса кандай ахвалда калышты экен? Эгерде, бирөө жарымыңар Бакиевдер менен байланышып калсаңар, Курманбек Салиевичтерге шыбырап айтып койгула, мени менен байланышсын, Жапаров жөнүндө масилеттешели. Өзүн колдоп келгендерди жарга түртүп, кыргыз элине бүгүнкүдөй мораль окуган, "моральный урод" Жапаров жакында эле өз жердештери - кочкорлуктарды, авторитеттүү Турдакун Усубалиев аксакалды баш кылып автомат менен аткылап, жээнине ок жаңылып, райондун экс-акимин үй бүлөсү менен төпөштөсө, бир аздан кийин Таласка барып, таластыктарды да адатынча автомат менен аткылап, оор кылмыштарды жасаган эле. Бирок, өкүнүчтүүсү мындай Жапаровдун кашкайган оор кылмыштуу аракеттерине прокуратура, ИИМ тараптан эч кандай мыйзамдуу баа ушул убакка чейин берилбей келет. Ушундай жагдайда "криминал менен аёсуз күрөштү баштадым, биз аларды жеңебиз, мыйзамдуу мамлекетти курабыз" деп президентибиз элдин башын айлантып атканын, кыргыз эли кандайча түшүнүшү керек? Кызык, моралдык жактан да, мыйзамдык жактан да оор кылмыштарды көз көрүнөө жасаган кылмышкер, иуда Жапаров маңдайыңызда турбайбы, урматтуу президент Роза Исаковна Отунбаева!!! Эгер иуда Акылбек аз болуп атса, андан эч айырмалары жок, илгертен айрым чоң саясатчыларга кадимкидей куйруктарын тосуп жүрүшүп жаман адатка көнүп алышып, бүгүн да ошондой "позадан" жазбай жүрүшкөн, натыйжасында күлтүңдөгөн куйруктуу болушкан, кейпи келишкендер жана иуда өңдөнгөндөр Чолпонбай Арабаев менен Данияр Нарымбаев деген немелер бар. Буларга да моралдык, ошондой эле мыйзамдуу жактан дагы баа берсеңиз кантип жарашпасын, урматуу Роза Исаковна? Себеби, урматтуу Текебаев элге ыроологон жаңы Конституцияда жазылып турат, "Эгер президент депутаттардан түшкөн мыйзамды экинчи ирет, негиздүү себептер менен кол койбой артка жөнөтсө, ЖКнын төрагасы президенттин бар-жогун эсепке албай, өзү эле кол коюп, ал мыйзам күчүнө кирет" деп. Ошентип, "атам экөөбүзгө бир катын" дегендей, ушул эки иуда өңдөнгөндөр Чолпонбай Арабаев менен Данияр Нарымбаев эки бийлик бутагын атайылап бийилик талаштырып жазып салышкан. Мындай жобо коомго да, саясатка да, мыйзамдын өзүнө карата да атайылап коюлган саясий диверсиялык бомба деп, мен канча жолу айтып, жазып чыктым. Ак үйдөгүлөр дейдиленип, дүлөйлөнүп угушкан жок. Мына, кудай буйурса тиги эки иудага окшогон юристтердин активдүү жардамы менен коркунучтуу коомдук саясий жагдайга, жакшы жүрүш менен келип калдык. Кудай кааласа, жакында коомдук-саясий ахвал дагы бир жолу, аябагандай катуу, жогоркудай жөндүү себептерден улам жарылышы толук мүмкүн.

Адвокат, көз карандысыз политолог
жана эркин журналист Автандил





Ким кимдин кулу
"Кул" деген сөз качан, кандай жаралганын билбейт экенмин. Алгачкы экономикалык(общиналык), коммунистик коомдо болгон эмес. Муз доорлор, таш доорлор өткөндөн кийин, адам баласы айбандан бөлүнүп чыгып, б.а. Адам ата жаралыппы, төрөлүппү(мен ал жерде болгон эмесмин) алгачкы коом кулап, адам баласынын арасынан чыккан алдуулары, митаамдары ортодогу байлыкты жаап-жашырып калып, айлана-чөйрөсүндөгү алсыздарды көз каранды кылып кулга айландыра баштаган. Адамзат коому өсүп, "прогресс" болуп, кул ээлөөчүлөр, кулдар деген таптар(класстар) пайда болгон. Ортодогу талаш-байлык! Ушул талаш бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат.
Совет бийлиги байлыкты тең бөлүштүрүп, адамзаттын бир топ бөлүгүн тең жашоого жеткизди. Обьективдүү жана субьективдүү себептердин негизинде СССР кулады. Бирок жер шаарында Кытай, Вьетнам,Түндүк Корея, Куба сыяктуу мамлекеттерде социалисттик түзүлүш жашап келе жатат.
Эми өткөн тарыхтын баарын сызып салбай, жакшы жактарын алыш керек да. СССРдин учурунда да "эл тарабынан" шайланган депутаттар болгон. Алардын бир артыкчылыгы союздук маанидеги депутаттар айына 10 рублдан, республикалык депутаттар 2,75 рублдан алышчу. Убагы келгенде сессияга барып, мыйзамдарды бекитип келишчү.
А бүгүнчү? Мурунку Акаевдин, Бакиевдин Жогорку Кеңешин айтпай эле коёюн. Отунбаеванын депутаттарына кайрылалык. Алар кимдер экенин билдиңер. "Баягы, баягы Байкожонун таягы" деген болду. Роза апчебиз жөөттөрдүн желдети. Желдети дегеним, 7-апрелдеги Элдик революцияны митайымдык менен пайдаланып бийликке келди. Анан эмне болду? Эмне кылышы керек эле? Бийлик, бийлик жана да бийлик! Шашылыш рефрендум. ӨМП(ППП), Конституция(Текебаевдин) бар. Андан кийин дарексиз Өкмөт.
Кул жөнүндөгү маселеден ооп кеттим окшойт. Кул маселесин так "Ата-Мекен" "социалисттик" партиясынын мыкчыгери(лидери) Текебаев күнүмдүк турмуштун оордошуна нааразы болгон эл дагы көтөрүлүп кетээрин сезген сокур саясатчы эптеп "Бүтүн Кыргызстандын"(Мадумаров) ордун ээлеп алганын унутуп калып, ЖКдан жумшак, жаңы отургуч тийип калганбы, бүгүн калган ЖКнын депутаттарына "ит тытышты токтотуп, кожоюндукту колдон чыгарбайлык" деген үндөө менен чыгыптыр.
Кечээ эле эл үчүн, жер үчүн деп "социалисттик" Текебаевди биз - эл кошпойбуз. Анын түшүмүн өзү көрүп, ЖК төрагалыгынын тагынан ажырап калбады беле?
"Мына эми Текебаев мырза өзүн "мүйүздүү" сезип, элди кул кылалы, кожоюн бололу" деп чыгыптыр.
Урматтуу "таксыр", "жолдош" Текебаев! Маяковский айткандай:
Ешь ананасы,
Рябчиков жуй!
День твой последний
Приходит буржуй!
Минтип отурсаң, эми ээрден такыр шыпырылып жөө каласың. Кожоюн - кул дегенди коюп, өзүң кандай наам алып калаарыңды байка! Түштүккө батпай калдың, Түндүккө эптеп батып атасың. Бул жерден куулсаң Мадлен Олбрайттын этегине кирип кетишиң эле калат.
Жогорку Кеңештеги коалицияда кризис болуп, депутаттар өз ара кармашка чыккан кезде "Ата Мекен" партиясынын лидери Текебаев өз сөзүндө депутаттар Кырызстанда кыргыз элинин кожоюну экендигин, бул Кудай берген кожоюндукту ынтымакта болуу менен 5 жылга чейин сактоону суранды. Ынтымагы болбосо Эл Жогорку Кеңешти башка бийликтер менен кошо кетирип жиберүү мүмкүн экендигин айтты.
Коммунисттик саламым менен

Жеңишбек ЖУМАЛИЕВ