Асанбек ИМАНБАЕВ
ЖЕК КӨРҮНДҮ БОЛУП КАЛДЫҢ ТҮБӨЛҮККӨ
(Экс - президент Аскар Акаевге кат)

Илимпоз физик элең жаңылык ачкан,
Ала-Тоодон Европага даңкың ташкан.
Ал тургай Америка,
Австралияга чейин
"Аскар Акаев кыйын экен" аталып
баркың ташкан.
Кыргыз эле эмес,
орус, еврей жана башкалары
атыңа фамилиясы менен суктанышкан.

Илимдин доктору болдуң
өмүрдүн гүлдөп турган жазында,
"Ийне менен кудук казгандай"
түнүндө да, күнүндө да
түйшөлүп кирпик какпай,
чач түшө элек кезде эле жашыңда.
Академик болгонуңда
чач эмес
түк калбай калды башыңда.
Түнөрүп кайгырбай,
каниет кылдың
түтөгөн кара кашыңа.

Анан, кыргызда биринчи
Ажолукка келдиң.
Ачыгын айтыш керек,
адегенде беш жыл
жакшы иштеп бердиң.
Алтынчы жылдан баштап,
ач көздүк абалыңда көрдүм,
"Курандын" тили менен айтканда:
"Аллах Теңир урду!"
алкымы араандай ачылган
ант берген сендей "эрдин".

Эл байлыгын шыпкаганың
аз келгенсип,
сөз уурдаганга машыгып,
плагиаттыкка да өттүң.
"Мен таза болсом,
сен таза болсоң,
коом да таза болот" деген
залкар инсан Раззаковдун айтканын
өзүңө менчиктеттиң.

Ал жоругуң деле
өзүң менен кошо оңбоду,
"Мен таз болсом,
сен таз болсоң,
коом да таз болот" деп,
үч "а" сын алып салып,
автору А. Акаевди калтырып,
болжолу
эл аны өзүлөрү
"алда немедей" оңдоду.

Туура эле айтыпсың,
"Үзөңгү-Куушту" сатып,
баасын жедиң.
Аксылык алты азаматтын
башын жедиң.
Эл - жериңе түк калтырбай,
өлкөнү чала жан жана таз кылдың.
Ошентип,
тарыхка кара так калтырдың.

Баса, унута жаздапмын,
Үй бүлөң адамдыктан чыккан чекти.
Колуңдан бийлик кетти,
Ажолук тургай, кожолук кожоюндук
катының, балаң, кызың,
күйөө балаң, балдыздарыңа өттү.
Алар абийриңди айрандай эле төктү.
Алты айыл тааныбаган атасына
мектепке атын коюп,
Талас шаарына эстелик орнотуп,
айрыкча, аялың аябай көптү.
(Ушуларды билип, көрүп туруп,
төбө чачың тик турган жокпу?!)
Өлкөнүн байлыктарын
башыңдагыдай түк калтырбай түгөттү.
Аз-аз жерден өлкөнү да менчиктеп
ала турган акыбалга жетти.
Анан "койдон жоош"
айкөл элиң чыдабай,
ачуусу, катуу "чуусу" чыгып,
Ак үйдү сенин алкаш колуңдай
титиретти.
Акыры эл оозунда сөз калды:
"Алдыда көрөр күнү бар экен - дешти,
ишенген Ажо сууга акпай эле
үй-бүлөсү менен
сан миллиондогон көптү
самолетко акча жүктөп,
Маскөөнү көздөй житип кетти!"
Сен качкын качып жоголоруң менен
киноэкран өлчөмүндө сүрөттөрүң
айрылды, тытылды, өрттөлдү,
Улуу сөздө уят жок айтсам кепти:
жумшактары менен аарчышты …өттү!

Элде алтын сөз бар го:
"Катын көпсө эрине".
Муну Майрам катының
өзүң окуган физика закондорундай
далилдеп койду көрүнөө.
Тууган жерден турпак буюрбай,
(ылайым узак жаша)
коюла турган болуп калдың го
орустардын көрүнө.
Бул айтылган сөз таба эмес , тобо,
мурун жаздым эле го гезитке
"… адегенде өзүңдү оңо!.."
Бул сөзүм жеткен элдин көбүнө,
саа жетсе да көңүл бурбадың кебиме.
Эми эмне демекмин,
бүгүн кеч болуп калды депмин,
карап туруп,
сүрөттөгү капалуу, өлүмсөк өңүңө,
чын болорун билип турасың өзүң деле,
эзели кайрылбай каларың элиңе.
Илимпоздук жагынан
таланттуу гений элең
Бирок,
Ажолук ишмерликти ириткен
кейбир белең?!
Атаганат,
Ажолукка чейин
жасаган ишиңе илимий
инсан элең го эч кейибеген!
Макалды унутпадың бекен илгертеден:
"Өзгө элдин султаны болгуча,
өз элиңдин ултаны болгон
артык" деген?!
деп, өзүңө жазган
"Ачык каттын" азабынан
сот залынан
алты миң сомго айыпка жыгылган мен,
Асанбек, муздак саламым менен!




МУФТИЙ өзү ШАРИЯТТЫ БУЗСА…
Кыргызстанда жашаган калктын 90 пайызга жакын бөлүгүн мусулмандар түзөөрү бышык. Албетте, мамлекетибиздин калыптанышына элдин руханий дүйнөсүнүн кеңейишине, адамгерчиликтин, ыймандын жайылышына алып келээр эле. Бирок тилекке каршы, Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгында 2005-жылдан бери болуп жаткан чуулгандуу жоруктар "ишенген кожоң сууга акса, алды-алдыңан тал карма" дегендей эле болууда. "Бул окуялар болгон эмес" деп жалган айтуудан кудайдан корком, себеби ал жерде аралашып жүрүп күбө болуудамын. Ошол себептен, муфтийлерге аксакал катары, мусулман катары, бир нече жолу эскертүүм текке кеткенден кийин "Ачык саясат" ж. б. гезиттерге да КМДБнын анын муфтийинин иш алып баруусу салттуу исламга жатпай тургандыгы жөнүндө жазган элем. Бирок алардан майнап чыкса гана.
Муратаалы Жуманов Муфтийлик кызматын өткөрүп бергенден кийин бир топ чатак өтүп муфтийликке Чубак Жалилов шайланганда чынында жакшы үмүттөндүм эле. Себеби, Бишкектеги "Хазрети Умар" атындагы Ислам институтунда окуп жүргөндө ал дагы окучу, экөөбүз жатаканада чогуу жашап, лекцияларды чогуу укчу элек. Мүнөзү токтоо, элпек, адамгерчиликтүү жигит болчу.
Мансап өзгөрттүбү же коомбу, жан жөөкөрлөрүбү билбейм, айтор, 2010-жылдын декабрь айындагы Ислам маданияты гезитине берген КМДБ боюнча реформа жүргүзүү тууралуу интервьюсун жана ошол айткан Уставынын долбоорун окугандан кийин "ишенген кожоң сууга акса ..." деген ойго келдим жана ошол долбоордун эксперттери, политтехнологдору менен келишип анын "колдоп бергиле" деп казы молдолорду кысымга алганын жана башка кылыктарын уккандан кийин "бул салттуу Исламды, Кыргызстандагы бардык мусулмандардын ордосу болгон КМДБны, анан келип мамлекеттик кыйратууга бел байлаганбы? деген ой менен бул макаланы жазууга мажбурмун. Себеби, тиги реформаторлор түзүп берген Уставдын долбоорунда өтө кооптуу калпыс жерлери көп салттуу Исламга туура келбейт.
Мисалы, "Муфтий текшерүү комиссиясынын чечимдерин командасы менен аткаруучу" деп жазылган. Анда муфтий фатва чечимдерди кабыл алып, жалпы мусулмандар үчүн жоопкер болбой эле акча чогултуучу болуп калып жатпайбы. Андан башка баш директор, баш казы, баш мүдүр, баш мударис, анан кийин алардын комитеттери кылып КМДБнын структурасын, штатын өтө эле көп кылып койгон, "алыңа карап ышкырды" унутуп койгон сыяктуу. Андан башка дагы толуп жаткан кемчилик Исламдык уюм эмес эле мамлекеттик структураны элестетет. Мунун баары иштебей турган болгондон кийин аны колдоп жаткан Муфтий Чубакка жол болсун.
Андан башка дагы бир киши (аты-жөнүн айтпай эле коеюн) "аялым менен жети жылдан бери никесиз жашап келе жатам эмне кылышым керек, эки балалуу болдум" деп жардам сураса "эч нерсе эмес, жашай бер" деген фатва берген имиш.
Демек, бул өтө оор күнөө, ойноштукка, сойкулукка чыгарылган фатва эмеспи? Ушундай туура эмес фатва үчүн эле Чубак Жалилов муфтийликтен өзү кетүүсү керек.
Таабалды уулу Махмуд