жүзүңдү аччы, күлчөтай!..

Каптагаевдин канча жүзү бар?
Хамелеон деген жандык бар. Анын кичирээк формасы бизде деле кездешет. Аны кескелдирик деп коебуз. Бул жандыктын артыкчылыгы жер шартына карай түсүн өтө ылдам өзгөртө алгандыгында. Маселен чөптү араласа көк, күүгүмдө териси кара болуп өзгөрө берет. Анан да тышкы коркунучтар чыга калса алагды кылыш үчүн куйругун шарт кесип кете бермейи да дайын эмеспи.
Аттиң, дал ушул жандыкка окшоштуктар адамзатында да кездешет экен. Ушул эле безе качкан Бакиевдик режимди жоебуз деп көптөр менен кол кармашып, максатташ болууга туура келди. Оппозициянын үнүн элге жеткирүүдө "Эл сөзү" газетасын туу кылып, оңду-солду чалып уруп жаттык. Ошол күндөрдө арабызга кызыл революционер болуп келген Эмикебиздин Акаевдин деле Бакиевдин деле акырынан жем жеп келгенин жакшы билчүбүз. Акыркы ирет Балыкчынын акча саамай тосмосу, экологиялык постунун жетекчилигинен айдап салышкан соң, адаттагыдай эле оппозициядан орун -очок издеп калган. Ошентип кара кой, ак койуна карабадым, арамдык санабадым, Эмикебиз менен аралашып кеттик. Авторлук макалаларын бастык, "Эл сөзүнүн" эл кабарчысы кылдык, канат-куйрук бололу деп калкалап эле жатып калдык.
Акылыбы же арамдыгыбы ашык жандар анткен менен арканды алыс ыргытышат тура. Бир күнү батектей болгон, гезиттин бир жарым полосасын жеген макала жазып келиптир. Башынан аягына чейин Дастан Сарыгуловду көөлөгөн макала экен. "Саке муну сенин атыңдан чыгарсак кантет. Коомду иритип жаткан ушул Дастан. Мындан арылбай коом тазаланбайт. Бир четинен автор болуп, журналист катарында беделиң өсө берет" дегенинен Эмикенин макаласына автор болдум. Андан соң жалаң эле Дастан Сарыгуловду көөлөгөн дагы эки макалага Эмилдин калеми менен мен тап душман болуп чыга келдим, азыркыга чейин саламыбыз жок.
Дегеле муну эскербей да коет элем. Анан эле Бакиевдерди кууп чыктык. Ал арада Эмилбек Саламатович президенттик аппарат жетекчиси болуп чыга келди. Ара жолдо Дастан Сарыгулов Филармонияга Элдик Курултай өткөрдү. Элдик Курултай көпчүлүк катышуучулардын добуш берүүсү менен 1993-жылкы Конституцияны ордуна коюу чечимин кабыл алды. Дүңгүрөгөн кол чабуулар менен коштолгон бул чечимден кийин эл кубанычтуу тарай баштады. Ушул учурдан пайдаланып Дастан Сарыгулов атайын алып калган жактоочулары менен чатакты баштады. "Биз Курултайдын уюштуруучулары эч кандай 93 жөнүндө келишим түзгөн эмеспиз" деди. Ошентип, көпчүлүктүн чечимин жокко чыгарып Курултайды жараксыз кылып салды. Эгерде ошондо 93 кабыл алынып калганда Ош, Жалал-Абаддагы кыргын, андан берки азаптар болбойт эле. Ал адатындай эле жаңы бийликти (убактылуу бийликти) колдойлу, бутуна бут болуп, астына төшөлүп жол бололу деп тарапкерлерин айгайлатты.
Капыстан жакын туруп калган экенмин, Каптагаев Сарыгуловго "Сизге рахмат, сиздин жолуңуз түз, сизди колдойбуз, сизди көтөрөбүз" деп эле, Эмикебиз Дастакенин бетинен жалап жатыптыр.
Ошондо бир "тобоо" дедим. Көргөн көзүмө ишенбей, "Бул кечээ эле менин колум менен Дастанды шыбап жүргөн Эмике эмеспи" деп таңданып карап турдум.
Ал арада уккан кулакта жазык жок, Дастан Исламович Каптагаевге Мукар Чолпонбаевди шыбап жибергенге жетишти. Эмике "Биз Мукар Чолпонбаевдин үстүнөн кылмыш ишин козготуп, жакында каматабыз" десе болобу.
Ошол эле Мукар Чолпонбаев Бакиевдин учурунда Каптагаевдин үстүнөн кара булут айланып турганда, Каптагаевдин үстүнөн козголгон кылмыш ишине адвокат болуп, соттон сүйрөп чыкканына жообу ушулбу? деп, анда бир "тобоо" дебеске айла болгон жок. Эми жакында эчтеке болбогонсуп, Мукар Чолпонбаевдин үйүнө келинчегин бетпарда кылып жетелеп барыптыр деген кабарды да эшиттик. Анткени, Мукем интеллигент адам эмеспи, келиндин көзүнчө катуу кетпесин билди да куу каптал.
Дегеле, бирөөнүн колу менен отту карматканды Каптагаев катыра өздөштүргөн деген күңкүлдөрдү өздөрүнүн жердештери да айтып жүрүшпөйбү. Китеп жаздырып чыгартыптыр деген таарынычтар бар. Арийне, мен Эмил Каптагаев менен мамилем жаман эмес. "Саке тынчыраак жүрүп тур, "эл артисти" наамын алып берейин" деген убадасы деле бар.
Ошонусуна карабай, бир чындыкты айтып коюуну эп көрдүм. Анткени, Эмилбек Саламатович өңүн өзгөртө берип, канча бир жерин боёкко боёп, кесчү жерин кесе берип таптакыр куйруксуз калбаса экен деген тилек менен

Сагынбеков МОМБЕКОВ





Жайлоодогу жанытмалар
Көмөлдүрүк
Шаршендин Анарбеги келинчеги менен бир короо ирик алып тоого көчүп барат. Жаңы үйлөнгөндө адам делөөрүп телегейи тегиз болот эмеспи. Анарбек кыштоого ээрдин көмөлдүрүгүн унутуп кеткен экен. Ээри аттын жонуна токтобой убара тартат. Бир күнү келинчеги Жаңылбүбү айылга продуктуга түшүп келейин деп суранат. "Барып, кечке келип кал. Унутпай атамдан көмөлдүрүктү ала кел" дейт Анарбек. Айылга барып, баарын алган Жаңылбүбү көмөлдүрүк деген сөздү унутуп, такыр эстей албай, кайнатасынын алдында көкүрөгүн чапкылап, ээрди көрсөтө берет. Кайнатасы "Аа, көмөлдүрүкпү?" деп көмөлдүрүктү берет. Кечинде малы менен келген Анарбекти келинчеги аа дээрге алы калбай, күлүп тосуп алат. Келинчеги эптеп жатып "Атама төшүмдү чапкылап көмөлдүрүктү араң түшүндүрдүм" дегенде Анарбек "Кудай сактаган экен, эгер куюшкан алып кел десем анык балээ болмок турбайбы" деген экен.

Мукай эле болсо кача бер
Колхоздо чабан болуп иштеген Мукай өтө жоош, тил алчаак экен. Бирок, тигини соккондо арстан болуп кетчү экен. Сырын билбеген зоотехник көп жолу жоошсунтуп кагып-силккен экен. Бир күнү арстан болуп турганда жолугат. Мукай аттан сүйрөп түшүп, басып алып төпөштөп киргенде, астынан араң суурулуп жайдак атка минип качат экен. Качып баратса алдынан Сармат аксакал жолугуп калды дейт. Ал "Ой бала, кебетең эмне, жоо кубалап келе жатабы?" десе, зоотехник "Мукай кубалап келатат" дептир. Анда Сармат аксакал "Мукай эле болсо кача бер" деген тура.

Мен тойдум, Курткага бер
Бир туугандар Кулжыгач, Жуурат дагы бир жылкычы Куртка болуп чатыр тигишип жылкыларды кыштатыш үчүн кыштоого чыккан экен. Бир күнү Кулжыгач айылга түшүп келейин деп калат. Анда беркилер "Жегениңден ала кел" дешиптир. Таңга маал кайра кайтып келген Кулжыгач тигилердин заказын унуткан экен. Ошол маалда аты тезектеп жиберет. Жаңы тезектен алып Жууратты ойготуп "Май-чучук алып келдим, оозуңду ач" деп оозуна салат. Жуурат бир чайнап алып шек билгизбей "Мен тойдум, Курткага бер" деген экен. Куртка чайнап алып "Бир тууганыңа май берип, мага тезек бересиң" деп чатак салган экен.

Жазып жиберген Жусуп САЯК





Президент Отунбаева обьязана проявить политическую волю

Будоражить наше небольшое государства полит-скандал поднятый вокруг экс посла США в Киргизии миссис Татианы Гфеллер. Относительно ее поведению, точнее поведению выходящий за рамки дипломатических обьязанностей, норм и этикетов. По случаю, когда, в недавнем прошлом судьба свела быть знакомым с Максимом Бакиевым личного характера, связанный с бизнес-проектом по поставке ГСМ в авиабазу имени "Ганси" . А также гражданский сектор выражает бурное недовольство по поводу падавшего подозрение на миссис Т.Гфеллер в непосредственной соучастии побега, предположительно в Скандинавию обвиняемых в тяжких преступлениях экс-генпрокурора Н.Турсункулова, Жороева и небезызвестной О.Малеваной через скандальной авиабазы "Ганси".
Подобным не дипломатическим поведением госпожа Гфеллер оставила за собой негативное наследство, надо полагать.В прошлом номере газеты "Эл созу" мною было затронута и поднято это горячо обсуждаемая общественностью тема иллюстрировавший выше полит-фигурантов. Полагаю, нету необходимости более подробно повторятся. Но, полагаю, будет разумно и справедливо в интересах гражданского общества, если наш много уважаемый президент Роза Исаковна проявить политическую мудрость и волю, наконец-то примут в рамках своих президентских полномочий адекватные меры в отношении экс-посла США миссис Т.Гфеллер. Как полноценный ответсвенный политик суверенной страны, отвечающий за внешнюю политику в целом. Говорит о дипломатической неприкосновенности здесь, полагаю не уместно.
Например, требовать если на то политическая воля хватит или на худой конец поставить вопрос ребром перед Госдепом или перед самим президентом США мистером Бараком Обамой о поведении миссис Гфеллер будучи послом США в Киргизии, не совпадаюшей с международными принципами и дипломатическими стандартами. А значит не совпадаюшей геополитическими интересами прежде всего самого США, откуда появилось фундаментальная база демократии и которая является родиной вечно великого президента Франклина Делано Рузвельта. Подобный смелый, позитивный, политический демарш со стороны президента Киргизии Отунбаевой возможно вызвало бы уважение и восхишение как внутри республики, так и со стороны администрации Белого дома США во главе с мистером президентом Обамой. Вместо того, уходить в отпуск и слинять в Европу с чувстом выполненного долга перед обнищавшим до дыр Киргизским народом уже через 8 месяцев после подозрительного избрания в президенты. К слову, в нарушение трудового законодательства. Цинизм, да и только! К все общему сожалению, подобному ужасному зрелище и жалкому состоянию доведенного до отчаяние подавляюшей части Киргизского народа непосредственное отношение имеет и наш дорогой президент мадам Отунбаева Роза Исаковна. Де-факто, де-юре. Как говорится "рыба гниёт с головы"!

Адвокат, неависимый политолог и свободный журналист Сакыбаев Автандил Карагулович