Азил-чыны аралаш
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз тил комиссиясынын терагасы Ибраимов Азимжанга
Калгансып кыргыз гезит жеп,
Карасаң не көп, гезит көп.
Тилдерди кошуп "тибеттик",
Дил бузгандарын сезишпейт.
Текшерген жокто цензура,
Тескеген бирөө жетишпейт.
"Теске" - деп берсе бийликти,
Темселеп Ташбоо күйгүзчү.
Ойлонбой жүрө бериппиз,
Ортого "орток" тил бүттү.
Кызматка туруп таянып,
Кыргыздыгыңды анык билгизчи.

"Геморройлуу" гезиттер

"Форум"
Бул гезит "Фабула" деген ат менен да чыгып калышы мүмкүн.
Ооматтуу гезит "Форум" дейт,
Окуган мактап "сонун" дейт.
Кызыл тил менен так жазган,
Кыйналган элдин оюн,- дейт.
Жакшы деген ылайык,
Жамааты жаштар тобу дейт.
Салт-санаа жагын ойлонткон,
Сакалдуу бирөө жогун,-дейт.
Баратбайы анык "баламут",
Эртабылдысы "согум" дейт.
Кыргызча жакшы ат таппаган,
Кыргыздын жептир "богун" дейт.

"Пресс kg"
Тим койсо өзү билет,- деп,
Билген жок. Буга тил өтпөйт.
Кыргызды бербес жактыра,
"Крышасы" жоон билек дейт.
Омуроолошот барганды,
"Оногу" неге жүрөт,- деп.
"Пресс kg" дегенди,
Азимжан, Пресстеп салчы, пресстеп!

"АЛИБИ"
"Алиги" деп тергеген,
Абийирдүү жашайм эл менен.
Бирок, "АЛИБИсин" түшүнбөй,
Али күнчө мен келем.

"Айат"
Алакан чапкан кыргыздар,
Артисттин көбү "жылдыздар".
Керемет гезит чыгарган,
Жылдыз деген да бир кыз бар.
Окуган жанга дит коюп,
Ойлонто турган шумдук бар.
Эгемен күнгө жетсе да,
Эл жетпей турган чындык бар.

"Айат" деп аты дапдайын,
Өзүм алтымыштан ашкамын.
Акылсыз баштын ичинен,
Аңтарып издеп таппадым.
Эми жыртпайын "Кыргыз сөздүгүн"
Жылдыздан сурап тактайын,
"Айатты" алса Курандан,
Анда мен "сүрөсүн"окуй баштайын.

"Бишкек таймс",
"Асман пресс"
"Асманды" ачып тиктебей,
"Пресстин" тегин издебей,
Бишкекке неге "таймсты",
Илдиңиз эле, сиз дебей,
Күмөнсүз калдым түшүнүп,
Күнөөнү жанга жүктөбөй, Анткени:
Мода куубаса кыкеңдин,
"Мозгиси" калат иштебей.
Гезит жазгандар бүт гений,
Гезит окугандар бүт дөдөй.

"Супер инфо"
"Супер инфо" сулуудай,
Суйкаят өңү жылуудай.
Сезимди козгоп турса да,
Сезилет тили буруудай.

Акча үчүн жатса чыгарып,
Ал өзүнө гана ылайык.
Кыйратып койгон эмедей,
Кылычбек (Султанов) басат сыланып.
"Жылдыздын" жазат турсийин,
Кыргыздар турса муңайып,
"Эротика", "секс" деп,
Эл-журттан койбойт уялып.
Болбосо тартчу тизгинин,
"Порного" кетет уланып.


KAH БАЗАРДАН КЕП ЧЫГАТ, "ХАНДАРДЫН" БАШЫН ЖЕП ТЫHAT

Базардагы баалар асманда,
Баркы жок анан акчаң да.
Акшыя карайт бир бирин,
Алгандары да, саткан да.
Ош жакты карап калат деп.
Ооздорун даабайт ачканга.
"Заарасы" толгон аялдар,
Заарын даяр чачканга.
Күнөөлүүнү издеп жүргөнсүп,
Күңкүлдөйт жөн-жай баскан да.
Кыргызбайча айтсак "нерв" болуп,
Кыжаалат жашоо, жагдайга.
Эл ичи калган ушинтип,
Эки ажо сийип качканда.

Бабановду баш кылып,
Алмазбекти төш кылып.
Акматбек турган башында,
Парламентти "гөш" кылып.
Каадалангандарды калтырбай.
Коалицияны кеч куруп.
Ашаткандарды уга албай,
Абийирдүү кетет бет буруп.
Чын-төгүнүн тактайбы,
Чукушса чууруйт көп былык.
Көзүрлөрү бүт "козёл" деп,
Көтүнө сууну көп куюп.
Базардагы элди ким тыят,
Бакылдашат да кеп кылып.

Балдардан уктум сөгүшкөн,
Чалдардан уктум кейишкен.
"Бу камала турган шумдарга,
Кандайча кызмат беришкен. Мисалы,
Шадиев менен Шакиев
Акаев менен өбүшкөн,
Бакиев менен жеп-ичкен.
Талканды майлуу көрсө эле,
Тартып алып көнүшкөн.
Мансапка бийик жетем деп,
Максимдин бутун өбүшкөн.
Булар милийса, сотко суралбай,
Министр болот неликтен?
"Ак жолдон" арылтабыз деп,
Атылып балдар өлүшкөн.
Адамдар кетире албаса,
Арбактар келет бейиттен"
- деп уктум элдин айтканын,
Бир сөз да кошуп жазбадым.
Наалытып окурмандарды,
Насааттан бир аз таштайын.
Парзым бар ыйык мойнумда.
Пайгамбар жаштан ашкамын.
Партия, лидер дегендин,
Пардасын далай ачкамын.
Кыйнаган токсон партия,
Кыргыз эл жүргөн жактамын.

Кан базардан кеп чыгат.
Ал "хандардын" башын жеп тынат.
Талаштар кандай болбосун,
Тараза акыл-эс турат.
Эл деген айкөл, сабырдуу,
Эскертет... айтат... кеп кылат.
Тоготпосо, анан бийликтин,
Тозоңу жаман тез чыгат.

Алданган эл-журт ызалуу,
Агартыш кыйын ызаны.
Өлгөндөр эми турбайт деп,
Тирүүлөр антын бузабы?
Же "Ак жолдон" даам таткандар,
Айттырбай көчүк кысабы?
Башкарганды эч ким жактырбайт.
Бакиевдердин "чычаңы".
"Ак Жолчулардан" арылса эл,
Ачуусун балким жутабы?
Антпесе кыргыз кайра эле,
Ак үйдү анык тытаары.

Кадырбек КЕРИМБАЕВ (Саяковский)






Полит-пародия

"Кызтекелер"

("Форум гезитинин" №03(оо95) 18. 01.2011 санында Эртабылды Аттокуровдун "Эркектерге кеңеш" деген ырына пародия)

Эркектерге эркектер кеңеш бербейт,
Эркектерче айтканда себептер көп.
Кеңеш менен жашаган "тебетейлер",
Кемпиринен башкага керектелбейт.

Эркектер эр сайышта, эр эңиште,
Эр жигит дайым жүрөт эрегиште.
Экөөбүз "эркектана" дегенденбиз,
Эгем бир "бүдүр" берген денебизге.

Жанагы сен "Эркек" деп тергегендер,
"Жепутат" боло калып жем жегендер.
Мырза десе, мышыктай керилишип,
"Мыдыры" бары-жогун көрбөгөндөр.

Ажылдашса Ак үйдү үч көтөрөөр,
Арасында бирөө жок жүк көтөрөөр.
Сала албаган турмушту бир нугуна,
Саясатта сасыткы кызтекелер!

"Добуш" болсо кыргызым

"Эл сөзү" менен
мен сөзүмдү айтам элиме,
Кыйынмын деген кыргыздын
жигиттерине,
Жыйырма жыл болдук
эгемен күнгө эгедер,
Жыйырма жыл бою
тытышып таптык эмине?

Бекерге кепин жөөттөр жүрсө таратып,
Берендерди аяйм өлүшүп жатат,
талашып.
Калса деп угуп элимдеги
эстүү-баштуулар,
Калемди кармап отурган кезим
жан ачып.

Улуу журт туруп уучубуз
курдай дебейин,
Улуу журт сенин ушул күн беле көрөөрүң,
Оолуга бербей ордоңду улам талкалап,
Ойлонсоң боло, ой кошсоң деймин
сен элим.

Эгемен күн деп эч кимдин
мурду канабай,
Канамак турсун,
кармаарга тизгин жарабай.
Аңгилик кылып
аш менен тоюң көбөйүп,
Атасы өлсө болуппуз көпкөн баладай.

Кыргыздын күчү кылымды
жүктөп артынып,
Чыгыштан чыгып,
батышка изин калтырып,
Келишкен ушул эгемен күндү самашып,
Деңиздей толкуп,
деңиздей кайра тартылып.

Эс-акыл жыйып эл-журтум
кайра элегин,
Эгемен деген Теңирдин алдык белегин.
Индия, Кытай, орустар менен тең ата,
БУУда бүгүн желбиреп турат желегиң.

Өзөктөн чыккан өрттүм бар
элим билбеген,
Өзүңдөн чыккан жатың бар
сени бийлеген.
Кызартат көзүн душманың сырттан,
ичиңден,
Кыргыздын атын өчүрүш үчүн дүйнөдөн.

Алтыныңды уурдап Акаев качса Эл аман,
Байлыгыңды уурдап Бакиев качса
Журт аман.
Башыбызга ошол садага деймин
кыргызым,
Чачканды жыйнап,
бузганды болот курса анан.

Кылымдап баскан издери
кылыч мизинде,
Кыйкырып чыкса
кыргызым дале күчүндө.
Кызыккан душман кымкабын жаап,
уу берсе,
Кылтыйган душман өзүңдүн
жүрөт ичиңде.

Биринчи душман -
кыйындар тилин сүйбөгөн,
"Киргизиң" душман тил эмес,
дилин билбеген.
Жакшылык кылбас төрөлүп өскөн
эл-жерге,
Жакшылык кылбайт дегеле
эки дүйнөдөн.

Мынчалык болду душманды
сынап берейин,
Өлүмдөн коркпойм,
ансыз да чындык өлөөрүм.
Башыңды кошпой барчалап
бөлүп жок кылаар,
Балээнин баарын
партиялардан көрөмүн.

Партияларга барк баасы Ата конуштун,
Барабар турат баасына алган добуштун.
Сен кыргыз эли Улуу Эл туруп эгемен,
Сен партияларга аты-заты жок
добушсуң.

(Уландысы кийинки санда)