Камбар-Ата-1 Түркияга кетеби?

Февраль айынын башында Кыргызстанга Туркия Республикасынын Премьер-министри Эрдоган келет. Биздин билишибизче, Кыргызстандын өкмөтү жаңы түзүлгөндөн бери Кыргызстанга келген биринчи чет өлкөлүк өкмөт башчысы, Эрдогандын Кыргызстанга келишинин сыры эмнеде? Же Премьер-министрибиз шайлоо алдында Туркиянын бизнесмендеринеби, өкмөтүнөбү көп карыз болуп калган имиш. Эрдоган ошону сураганы келе жатабы? Же болбосо Камбарата-1 ГЭСинин курулушу бүгүнкү күндө талашка түшүп турган кези. Премьер-министрибиз ал ГЭСтин курулушун бирде Туркияга, бирде Орусияга берем деп эле убада берип келатты эле, Балким, Эрдоган ошол курулушту Туркияга берүүнү сурап келатабы? Же болбосо мурунку Бакиевдин тушунда эле "Ганси" авиябазасын чыгарып жиберем" деп Москва шаарынан айтылаары менен, ушул эле Эрдоган Бишкекке учуп келе калып, Бакиевди айнытып кетти эле. Эми Американын кайсы кызыкчылыгын коргогону келе жатты экен?


Мусулманчылык оюнбу?

Жогорку Кеңешибиз өзү иштеп турган имаратта намаз окуй турган жай ачалыбы деп жалпы элге жарыялап жиберди. Эмне бүгүнкү күндө, күнүмдүк керек болуучу товарларга жана азык-түлүктөргө баалар күн сайын эмес, саат сайын өсүп жатканда, алган эмгек акылар, пенсиялар жана пособиелер жан бакканга жетпей турганда, намаз окуй турган жайды ачуу ушунчалык эле чоң, маанилүү маселе беле. Же болбосо биздин депутаттарыбыз өздөрүнүн намаз окуганынан да пиар жасагысы келип жатабы? Деги өзүнүн намаз окуганын жарыялап туруу мусулманчылыктын талабына туура келеби, Курандын мусулманчылык купуялыгын бузган жокпу деген толгон-токой суроолор келе берет экен. Ошондуктан, биздин депутаттарыбыз чыныгы мусулманчылыктын ордуна, аны оюн катары карап, саясий пайда табуунун аракетинде го деп ойлоп кетесиң. Чындап эле ошондой мусулман болуп кетсе, өзүн коргой албаган момун мусулмандар террорист аталып атканда, алтымыштан ашык молдо-имамдар камалып, ондогону сурактан өтүп жатканда, намазын элге жарыялап жаткан депутаттар ошол бир тууган мусулмандарына болушуп коюшса мусулмандык милдетин аткарган болот эле го.


Сотторго сот барбы?..

Убактылуу өкмөттүн курамында "куратор в законе" деп аталган Азимбек Бекназаров турган кезде, өзүнүн каалоосу менен курамын түзгөн сотторду тазалоочу комиссияны түзгөн эле. Ошол комиссия жүзгө жакын судьяны алардын абалын, ооруп атабы, отпускалап жүрөбү, сурабай эле Указ чыгарып кызматынан алып салган. Алар бул ишин "Биз сот системасында коррупцияны талкалап атабыз" деп түшүндүрүшкөн. Анан алардын ордуна кимдер келди эле, мурун булганып, жаман атты болуп, иштен куулгандар судья болуп келишкен. Сотторду мындай дайындоолор элдин далай нааразчылыктарын пайда кылган эле. Эми алардын көпчүлүгү жаңы бийлик келгенде мыйзамдуу түрдө Жогорку Кеңешке жана Прсзидентке арыздана башташты. Жакында Жогорку Кеңеште Жогорку соттун судьяларынын Убактылуу өкмөт тарабынан кызматтан кетирилиши кайра каралышы күтүлүүдө. Ал эми жергиликтүү соттордун кызматтан кетирилишин жана жаны судьялардын дайындалыштарын кайра кароо үчүн жаңы комиссия түзүлүптүр. Эми соттордун ишинде акыйкатчылык болот экен деп күтө туралы.


А.Келдибеков мырза Дубайда
дубай саламды кимге айтты?
Бардык эле мамлекеттерде бийликтин башында турган адамдардын ден соолугу, алардын баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү, кайсы жерде жүргөнү жалпы элге малым болуп турат. Анткени, алардын жасаган иштери элге сабак болгудай болсо, эл алар менен сыймыктанып, мактанып калышат, ыраазычылыгын билдиришет экен. Эгерде алардын кайда жүргөнүн эл билбей калса, ар кандай ой жоруулар башталат тура.
Мына жакында эле "террористтик акт болду, үч милиционерибизди террористтер өлтүрүп кетишти" деп жарыялашып, эртеси күнү террористтерди кармоого барган жеринен атайын кызматчы соттолуп жаткан кызматкери өлтүрүлдү делип билдирүү жасалды. Биздин билишибизче, өтө чоң мамлекет болгон Американын же Орусиянын башчылары алыста жүрсө ошол жактан, алыска бара жатса орто жолдон кайрылып келип, ошол курман болгондордун өмүрүнө зыян келтиргендер табылганга чейин атайын кызматтарды өздөрү башкарып турушат экен.
Ал эми бизде болсо Президентибиз Р. Отунбаева эмгек отпускасына чыгып алып кайда жүргөнү белгисиз. Бири Италияда эс алып жүрөт десе, бири Кыргызстандан чыкпай эле, жөөт күйөөсүн жана "Америкалык авиабазага керосин саткан компанияны ээлеп алыптыр" деп айтылып жүргөн баласын чакыртып алып, ошол менен разборка жасап жатат деген имиштерди айтып жүрүшөт. Кайсынысы чын, кайсынысы калп экендиги белгисиз, бирок ошол "терракттан" каза болгондор, "терракт" жөнүндө бир сөз айтып койбогондугу Президентибиз өз жарандарына кайдыгерби деген ой пайда кылды.
Ошол эле мезгилде Жогорку Кеңешибиз да, иштей турган ишибиз болбогондон кийин Жаңы жылды тосуу менен бирге он күнчө эс алып келели дешип тарап кетишсе, Жогорку Кеңештин төрагасы А.Келдибеков мырза Дубайга сапар тартты. Ал жерге Бакиев Жаныш да барды деп угабыз же Акматбек мырза ошол Жаныш менен жолугушуп, инструкцияларды алдыбы, айтор Дубайдан түз эле Орусиянын Москва шаарына учуп барып келе калды. Кыргызстандын экинчи адамы болгон Акматбек мырзаны "террористтер" өлтүргөн милиционерлердин тагдыры кызыктырбайбы. "Ишенген кожоң сууга акса, алды-алдыңдан тал карма" деген заманга келип калдыкпы.





Премьер-министру Российской Федерации
Господину Путину В.В.
В газете "Эл созу" опубликована нота Посольства Российской Федерации к Правительству Кыргызской Республики. В указанной ноте Посольство Российской Федерации защищая интересы гражданки Российской Федерации Турдубаевой А.А. в необоснованном привлечении ее к уголовной ответственности, указывало, что "Посольство весьма обеспокоено здоровьем Турдубаевой A.A., а также нежеланием судебных органов объективно рассмотреть ее дело, а перевод дела из гражданско-правовой категории в уголовно-правовую является по сути формой рейдерского захвата. В связи с изложенным, просьба довести вышеуказанную информацию до сведения соответствующих министерств и ведомств, а также принять необходимые действенные меры для скорейшего исправления допущенных нарушений законодательства".
Мы считали, что данная нота МИДом KP были доведены до сведения политического руководства нашей страны и в свою очередь мы сами выступили с обращением Президенту Кыргызской Республики Отунбаевой Р.И. В обращении мы писали, что Турдубаева A.A. тяжело больна, срочно нуждается в проведении хирургической операции и необходимо изменить меры пресечения, вылечить ее и после этого привлечь к судебной ответственности. Также указывали, что в ее аресте если при прежней власти были заинтересованы брат Президента Бакиева Жаныш Ьакиев и его подручный Темирбаев, то в настоящее время их дело продолжает куратор правоохранительных органов и судебной власти в Временном Правительстве А.Бекназаров и назначенные им судьи, которые еще до признания ее судом виновной в совершении преступления, пользуясь своей властью и ее беспомощностью уже захватывают земли и строительные материалы, принадлежащее ей строительной компании.
Мы считали, что после официального обращения Вашего Посольства и нашего обращения, наши власти будут вникать в суть проблемы, разобраться в сложившейся ситуации, вынесут справедливое судебное решение. Такая уверенность у нас появилась также после того, как наш Премьер-министр Атамбаев встречался с Вами, получил у Вас согласие на снятие государственной пошлины на импортирумые нами топлива, выдачу кредита с лучшими условиями.
Однако, оказалось мы глубоко ошиблись. Представители нашей власти при встрече с Вами говорят одно, а делают другое. И это они делают в отношении гражданина государства, у которого сначала получили 450 миллионов долларов США с облегченными условиями, из которых более 250 миллионов остались в их распоряжении, хотят получить еще 200 миллионов долларов, топливо без государственной пошлины и другие помощи, и которого считают "стратегическим партнером".
После обращения Посольства Турдубаева А.А. осуждена судом к лишению свободы на 17 лет, возглавляемая ею компания осталась без головы, а имущество компании бесхозной, чего добивались отдельные личности, имеющие влияние на власть. Теперь нам осталось только то, что мы просим Вас, чтобы вы забрали свою гражданку до ее смерти, а мы отдельные члены движения "За спасения Кыргызстана" вместе с родственниками Турдубаевой A.A. объявляем бессрочную голодовку до законного решения ее вопроса.
Координатор движения "За спасения Кыргызстана"
Ашырбек БОЛОТОВ

P.S. Шартка байланыштуу нааразычылык акциялардын биринчи этабы катары 26-аянварда саат 11де Тынчтык проспектиси менен Киев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан Россиянын посолдугунун алдында Адина Турдубаеваны мыйзамсыз камактан бошотуу талабы менен митинг өтөт.