"РЕФОРМА - БУЛ КООМ АДАМДАРЫНЫН ОҢОЛУУСУ АРКЫЛУУ КООМДУН ОҢОЛУУСУ"
- Муфтият тарыхында алгачкы жолу атайы реформалык комиссия түзүлүп, ишин баштаганын билдирген элеңиз. Реформалык комиссиянын иши кандай болууда, деги реформанын динге, диний уюмдарга, коом үчүн мааниси канчалык экен?
- Бисмиллахир рахманир рахим. Реформа-бул дин үчүн эмес, кризистик оор абалда калган Муфтият үчүн тарыхый мааниси ченемсиз чоң. Себеби, Кыргызстанда ислам дини эмес, Муфтият жалпы кризиске кептелди. Биздеги "реформалык комиссия" ошол оор абалдан Муфтиятты алып чыгуунун технологиялык иш-чарасын иштеп жатат. Бирок, уставдык, структуралык реформаны ар ким эле жасай албайт тура. Элдеги: "Чымчык сойсо да касап сойсун" деген асыл кеп ошондон чыкса керек. Ошондуктан биз реформалык комиссиянын курамына сырттан реформатордук тажырыйбасы бар эксперт, технолог, аалым, ишмер адистерден да чакырдык. Алар адис катары Муфтияттын уставын, уставдык структурасын изилдеп, иликтеп, анализдеп кризистик себептерди, "илдет-ооруларды" аныктап, тактап, диагноз" коюп, эксперттик бүтүм (заключение) беришти. Кийин алар тапкан "илдет-ооруларга" карап, Муфтиятты кризистен айыктыруунун "рецептин" жаңы долбоор уставка, уставдык структурага жасалуучу реформалык иштин "маалыматтык негиздемеси" катары сунушташты. Биз алардын "диагнозуна", "рецептине" толук макул болдук, ынандык. Алар мындай реформанын башкы "политтехнологиялык программасы" катары жаңы долбоор уставды, уставдык структураны жазып даярдашты. (Аллах -Таала алардан ыразы болсун!) Бирок, биз ислам аалымы катары адис адамдардын айтканына караганда Аллах-Тааланын айткандарына толук ишенебиз, зор маани беребиз. Коомдук реформа кубулушуна байланыштуу Аллах-Тааланын Ыйык Кураанда: "Өзүңөр өзгөрбөсөңөр коомуңар өзгөрбөйт" дегенин бекем кармандык. Демек, Даанышман Улуу Зат билдиргендей, реформа-бул коомдогу адамдарынын оңолуусу аркылуу коомдун оңолуусу болуп саналат. Ошондуктан, биз Муфтият жамаатын оңдоо, аң-сезимин өзгөртүү үстүнөн реформалык иш-аракеттерди баштадык. Элде: "Балык башынан сасыйт" деген даанышман кеп бар. Жетекчи оңолбосо, жамааты да, коому да оңолбойт. Мен реформаны өзүмдөн, анан жамааттан баштадым. Баардык кызматтардын иш-жобосун, ар бир кызматтын аткаруучу милдетин, пайдаланчу укугун, иши боюнча жоопкерчилигин тактап жатабыз. Муфтийлик кызматты да атайын карадык. Буга чейин Муфтийдин эң башкы милдети - министирлер менен депутаттардын тойлоруна катышуу, бата берүү, куран окуу, дуба кылуу, уул кыздарына никесин кыюу, туугандарынын жаназасын окуу болгон экен. Эми болсо Муфтийлик иш жободо милдеттеримди аныктап, укуктарымды тактап, жоопкерчиликти алып жатам. Мен өзгөрүп ишимди оңдобосом, жамаатым да, жалпы иш да өзгөрбөйт. Биз жамаат менен өзгөрүп, оңолбосок, анда устав, структура канча өзгөрсө да Муфтият өзгөрбөйт, оңолбойт. Ошонтип, ар кандай реформанын тагдырлык мааниси, терең мазмуну Аллах-Тааланын бизге ырайы кылып айткан жогорку насаатында жатат!
- Сиздердин реформа канча убакытты алат, бир-эки жылда жакшы жыйынтык болобу?
- Адистердин айтуусу боюнча Муфтият реформасы этап-этап менен шартка, кырдаалга карата улантылат. Реформалык технология-бул биз ойлоп табуучу нерсе эмес. Ал боюнча жазылган илимдер, даярдалган адистер бар. Биздеги ошол адистикти билген адамдар технологиялык этаптарды аныкташа турган болду. Адистер берген маалымат боюнча, Аллах буйруп насып кылса, биз 2 жылга жетпей жалпы кризистен толук чыгабыз, 3 жылга жетпестен реформанын орчундуу жактары толук ишке ашкан болот. Ошондуктан, адистер келерки 2011-жылдын биринчи кварталына реформалык Курултай чакырууну сунуштап, 3 жылдан кийин реформанын жеңишин майрамдай турган салтанаттуу Курултайды чакырууну ниет кылышууда.
- Реформага бут тосуулар болушу күтүлөбү? Мамлекет тараптан жардам болобу?
- Аллах-Таала баардык нерсени, кубулушту жуптан жараткан. Аны да күтүүгө болот.
Бардык эле адам исламдын өсүп-өнүгүүсүн каалай бербейт. Ыймансыз, Акыретке ишенбеген , Кудайдан коркпогон, мурдагы коррупциялашып калган эски системадан "арам" даам сызган, жеке кызыкчылыгын ойлогон айрым адамдарга мындай реформалар жакпайт. Аларды биз Аллах-Таалага коюп, аракетти кыла беребиз!
Ал эми, Муфтия реформасы жалпы өлкө реформасынын чечүүчү бөлүгү болуп, ал жалпы элдик пикирди, адеп-ахлакты оңдоо менен Кыргызстандын оңолуусун шарттайт.
Мындай реформа коомду руханий кризистен, элди моралдык кризистен, улуттук араздашуудан, жаштарды деградациядан, мамлекетти болсо экстремисттик коопсуздуктан сактап калат. Элге ынтымак ,биримдик тартуулайт. Диний, руханий маданиятты сактап, экспансиялык ар кандай бузгунчулуктан элди коргоп, мамлекеттин иммунитеттин чындайт.
Ошондуктан, биздин реформаны биринчи кезекте ыймандуу: эл, мусулмандар, мамлекеттик жетекчилер, мамлекеттик бийлик колдооруна ишенемин.
- Ар кандай реформага ири каражат керек болот. Бул маселе кандай чечилет?
- Биз реформанын тармактык этабын ушул маселеге карата аныктап жатабыз.
Ошондуктан, биринчи кезекте эле, ушул жылдын декабрь айында "Борбордук Ислам Фондун", "Ажылык жана Умра Борборун" уюштуруп жатабыз. Ал Фонд менен Борбор жыл бою иштеп, Ыйык Кураанда мусулмандарга Аллах-Таала улуу парз-милдет кылган иш-аракеттерди жыл бою аткарышат. Ислам толук дин, анда баардык маселелер толук чечилген. Болгону биз ошол нерселерди толук, таза аткаруубуз керек. Калганын Аллах-Таала өзү берет, колдойт, жолун ачат.

Маектешкен
Максат МАМБЕТАЛИЕВ





МУФТИЯТТЫН АРАКЕТТЕГИ УСТАВЫНА,
учурдагы структурасына эксперттик бүтүм

Муфтияттын 2010-жыл 18-октябрдагы №151 Буйругу боюнча "реформалык комиссия" 2009-жылы 25-апрелде "Кыргызстан мусулмандарынын III Курултайы" кабыл алган учурдагы уставды, структураны иликтеп, изилдеп, анализдеп ушул эксперттик бүтүмгө келди.

I. КМДБнын уставындагы кризистик чоң кемчилдиктер:
1. Акылман элибиз: "Максатсыз иш натыйжасыз" десе, Улуу Пайгамбарыбыз 40 хадистеги 1-осуятта: "Ар бир амал-аракет ниет-максаты менен гана улуу-даражалуу" болоорун айткан. Мыйзамдык тартипте субъектин уставдык "Жалпы Жобосунда" анын "уюмдашуу максаты" так, толук жазылышын талап кылынат. КМДБнын уставында "уюдашуу максаты" деген жобо такыр жок. КМДБ максатсыз калып, уставы бийликтин максатына карата "монархиялык башкарууну" орноткон. Азирети Муфтийге Курултайга жетекчилик (Президенттик), Уламалар Кеңешине Төрагалык (Спикерлик) жана Муфтияттын Башкармасы (Премьер министрлик) Башкы бийликтер топтолуп, КМДБнын: "башкаруу", "мыйзам чыгаруу", "аткаруу", "көзөмөлдөө"- бийлик системалары биригип, жалпы бир авторитардык-монархиялык башкаруу системаны негиздеген.
2. КМДБ исламдык башкы дин уюму болгон менен анын "уставдык милдеттери" деген жобосунда Ыйык Кураандагы 5 улуу ыйык парзды, андан келип чыгуучу 40 парздарды аткаруу, туура, так, таза ишеним-акыйда жолду табуу сыяктуу башкы улуу милдеттер такыр жок. Мындай чоң кемчилдик кесепетинен КМДБнын негизги, башкы аткаруучу милдеттери, милдет аткаруучу структуралык тармактары, органдары, кызматтары кемтик болуп, устав "намаз", "дин окутуу" -эки тармак менен чектелген. Тармактык жарым органы жок КМДБ турмушу "майып, жарым жан адам" кейпинде болгон.
3. КМДБнын "мээси"- Курултай, "жүрөгү"-Уламалар Кеңеши, "кол-буту"- Муфтият Башкармасы, "көзү"- Текшерүү Комиссиясы, "ашказаны"- Иш Башкарма биригип бир эле "Муфтийлик монархиялык авторитардык системага" айланып, "мээ", "жүрөк", "ашказан" органдар аралашып: ажылык, орозо-фитир, жаназа окуу, нике кыюу, мечит, медресе, худжура салуу сыяктуу "ыйман" амалдар "нафске" баш ийип келген.
4.Курултайын чакырууда, уставын кабыл алууда, мамлекеттик каттоодон өткөрүүдө "Кыргыз Республикасынын дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү" мыйзамдын 8-берене 3-пункту, 9-берене 2-пункту аткарылган эмес. КМДБнын III Курултайында "реформа" тескери жасалып, кризиси күчөп, оор абалга келип, быйыл төрт айда төрт Муфтий алмашкан.
5.КМДБнын курамына кирбеген исламдык диний уюмдарды тескөө, көзөмөлдөө болбой калып, эл аралык диний экспанция, экстремизмдин келип киришине кеңири шарт түзүлгөн.
II. КМДБнын структуралык ички уюмдашуу кемчилдиктери:
1. КМДБ "монархияда" жеке адамдын "коомандасы" менен иштеп келген. Баардык кызматтардын иш-жоболору (инструкциясы) жок, аткаруучу милдеттер, укук-жоопкерчиликтер аныкталган эмес. Эмне иштерди кылаарын кызматкерлер жакшы билишпейт. Структуралык башкы тармактардын, органдардын иш-жоболору жок, иш-аткаруу "ашардык" формада калыптанган.
2. Дин мамлекеттен ажыраган, бирок иш-аракети мамлекеттик мыйзам тартипте, кесиптик технологиялык-эрежеде болуусу керек эле. Мыйзамсыз иш-аракеттер КМДБнын жалпы ишин бузуп, баш аламандыкка алып келген. Мисалы, "Кыргыз Республикасынын эмгек кодекси" аткарылбай, КМДБнын эки миңден ашуун мечитинде эмгектенип жаткан дин кызматкерлердин "өздүк делосу" жок, алардын ким экендиги, арызы, буйругу, келишими, кадрлык баракчасы, илими, билими, дин акыйдасы, мазхабы, эмне идеология жайылтып жатканы анык эмес. Ошондуктан, дин кызматкерлер, имамдар арасында "Хизб-ут Тахрир" сыяктуу экстремисттик радикалдык партиянын адамдары да чыгып турат.
3. КМДБнын структурасында адистешкен уставдык органдар жок болгондуктан, Ыйык Кураанда айтылган "ыйман" жайылтуу улуу парзды Эл аралык "Таблиг жамаат" кыймылы, "ажылык" улуу парзды "мамлекеттик штаб" аткарып, ал эми "зекет" улуу парзды 20 жыл бою такыр эч ким аткарган эмес.
4. КМДБнын терс мындай көрүнүштөрү 2008-жылы мамлекет-коомдук расмий текшерүүдө так аныкталып, бул маселе 2008-жылы 22-майда Жогорку Кеңеште каралып, парламенттик комиссия түзүлсө, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинде 3-18-19-июлда катарлай каралып, анын жыйынтыгы 2008-жылы 18-июлдагы №8 токтом менен, КР Вице-премьер министринин 4-августагы № 21-68\11 каты менен, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2008-жылы 21-августундагы №112 буйругу менен "Дин окутууну стандарттоо боюнча ведомостволор аралык жумушчу топ" негизделип, 2010-жылы КМДБны уставдык жактан реформалоо, ишин оңдоо боюнча комиссиялык иш-чаралар белгиленген. Себеби, КМДБнын дин окутуу системасында атайы адистешкен "усулдук", "программалык", "аккредитациялык", "лицензиялык", "сертификаттык" ж.б. стандарттык органдардын жок, берген билимдери коомдук талапка, эл аралык, мамлекеттик стандартка туура келбей калган.

Эксперттик Бүтүм:
1.КМДБнын аракеттеги уставы мусулмандардын муктаждыктарын, укуктарын толук камсыздоого жарабайт, тескерисинче, жалпы Муфтияттык кризистин тереңдешин камсызайт.
2. КМДБнын ички структуралык системасы уставдык милдет-талаптарга жооп бербейт, толук эмес, учурдагы структурасы аркылуу уставдык максаттар толук ишке ашпайт.
3.КМДБнын аракеттеги уставы, уставдык структурасы коомго диний баш аламандыкты, руханий кризисти, мамлекетке диний экстремисттик коопсуздукту шарттайт, кепилдейт.
4. КМДБнын уставы, уставдык структурасы учур талабына жараксыз.
5. КМДБ уставдык, структуралык,системалык масштабдуу жалпы реформага муктаж.

Уставдык реформа боюнча комиссия.