Күнөөсүз күнөөлүү

Укук коргоочу Рустам Жолдошбаев:
"Эл-жер деп күйгөн эр абакта"
- Азыркы учурда көп партиялар пайда болду. Жаңысы да, эскиси да шашып-бушуп көчүрүлгөн программаларын элге сунуштады. Алардын көчүрүлгөн программалары боюнча берген убдалары ишке ашабы?
- Жок, ишке ашпайт.
- Эмне үчүн?
- 19 жылда жасалбаган иш эми бүтө калмак беле? Өзүң айткан кур кыял программаны ишке ашырабыз деген адамдарга канча жолу реалдуу мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ишке ашыра алган жок. Мындан ары да ашыра алышпайт. Себеби, алар ошол программаларды окуп жатап алышкан. Ал эми алган илим-билимин иш жүзүндө, болгондо да чет өлкөлөрдө ишке ашыра алаарын көрсөткөн. Бир аз тыйын тапса чет өлкөлөргө бизнес жасаганга шашкандардан айырмаланып, кыргыздын өнүп-өсүүсү үчүн өмүрүнүн эркиндигинин коркунучта болооруна карабай, элим-жерим деп келген адам азыр абакта жатат.
- Сөз Урмат Барктабасов жөнүндө бара жаткандан кийин сиз момун адам катары айтсаңыз, "менин колумдан кыргызды көтөрүү келет" дегени туурабы?
- Мен айтпадымбы, Урмат саясий системалары ар башка мамлекеттерде эмгектенип жалаң эле иштерман катары такшалбай, ошол өлкөлөрдүн саясатын да изилдегенге жетишкен инсан. Шариатта адам өз мүмкүнчүлүгүн ачык айтуу күнөө эмес. Ыйык Куранда Жусуп пайгамбар Мисир элине кыйынчылык келгенде, "ошол кыйынчылыктан чыгарып кетүү менин колумдан келет" деген жана чыгарып кеткен. Мусулман баласына баардык өткөн пайгамбарлардын кылган иштери, насааттары өрнөк.
- Сизди Урмат Барктабасовдун жактоочусу катары билип жүрөм, башка партиялардын программасынан Урматтын проаграммасынын артыкчылыгы эмнеде?
- Менин айтаарым, азыркы учурда жалпы элди агартып-көгөртүп бириктирүүчү бир чоң идея бар, аны Урмат эбак берген. Бүгүнкү күндө миңдеген кыргыздар үйлөрү жок же эптеп-септеп салып алган. Иштеген иши, алган билими жоктор дагы көп. Маянанын аздыгынан Кыргызстандын 80-90 пайыз эли карызга жашашат. Ошондой эле, элге кызмат кылган бардык имараттардын, жолдордун кебетеси кетип иштен чыкты. Мындай кыйынчылыкты кудай башка салбасын дегендей эле болуп жатпайбы. Урмат элимди ушул туңгуюктан алып чыгып кетем деп туура, даана багыттарды жазып китептерди элге тартуулап, тапшырды. Пенсионерлердин, мугалимдердин жана башкалардын эмгек акыларын көтөрүү менен жана утурумдук башка чаралар менен мындай акыбалдан чыгып кетүүгө болбойт. Мамлекет да байыбайт. Азыр жалпы элдин жүгүн көтөрө алгандай улуттук улуу идея керек. Таамай багыт керек.
- Мындай адам бизде барбы?
- Бар. Ыйык Куранда айтылгандай, ар бир элде чындыкка, адилеттүүлүккө, акыйкаттыкка чакыруучулар жана алып баруучулар болот. Буга мисал тарыхта Манас бабабыз болсо, жакында эле Кытайды туңгуюктан алып чыккан Ден Сиопинь болду. Мындай адамдар ар бир элде бар. Бизди ушул кырдаалдан куру сөзү эмес, иш жүзүндө Урматтын чыгарып кетээрине жазган китептерин окуп, өзү менен көп ирээт баарлашкандан кийин ишенимдүү айтып жатам. Анан дагы буга бир айныгыс далил - Урматтын абакта жатышы. Урматтын ыйманы бузук болсо, азыркы бийликтегилер менен бир командада болмок.
- Кээ бир адамдар, айрыкча Ысык-Көлдүн эли 5-августтагы окуянын коогалаңынан кийин туристтердин сезону быйыл болбой калды деп айтууда?
- Ысык-Көлдөгү туристтик сезон 2010-жылдын 7-апрелиндеги төңкөрүштөн кийин эле болбоору анык болгон. Андан кийин май-июнь айларындагы түштүктөгү коогалаңдан миңдеген адамдар өрттөлүп, атылып, кескиленип, мыкаачылык менен өлүмгө учурап жатканын бүткүл дүйнөлүк маалымат каражаттары берип жатса, кайдагы туристтер келет эле? 5-августта эмне болду? Курултайга катышуууга келе жаткан Урматты, жактоочуларын Киргшелктон тосуп провакация жасашып, төңкөрүшчү деп камашты. Урматтын, жактоочуларынын жанынан эч кандай курал, төңкөрүшкө чакырган эч кандай барактар табылган эмес. 5-август үчүн туристтер келбей калса, ал үчүн убактылуу өкмөт күнөөлүү. Анык төңкөрүш уюштургандар курал-жарагы менен кармалып, телевизордон көргөзүлгөндөр үй камагына алынып, андан кийин бошоп эле жүрүшпөйбү.
- 2005-жылы да Урмат Барктабасов мамлекеттик төңкөрүш уюштурбады беле?
- Бул дагы Урматтын көрөгөчтүгүнүн далили. Ошондогу бийликти басып алгандардын колунан жакшылык келбээрин жакшы түшүнүп ушул ишке барган. Эң туура болгон. Ошондо Урматты укканыбызда бүгүнкү миңдеген өлүмдөр болбойт эле. Тилекке каршы, Урмат ойлогондой эле 2010-жылдын 7-апрелинде көтөрүлүш болду. Эмне өзгөрүлдү? Өзгөрүү-бийлик тарабынан адам өлтүрүү эселеген жолу көбөйдү. Элдин байлыгын көрүнөө, көмүскөө урдоо көбөйдү. Айрым басмылмалардын маалыматтарына таянсак, 6 айдын ичинде миңдеген адамдар өлүп, бир миллиард АКШ доллары уурдалыптыр.
- Көп эле саясатчылар кыргыздын идеологиясын айтат. Бирок, аны эч ким чечмелей албады. Сиз айталасызбы, Урмат идеология деп эмнени айткан?
- Урматтын оюн туура көрөм. Кыргыздын идеологиясы - Кыргызстандагы жашаган адамдар бактылуу жашашы керек, ыза-ыдык көрбөшү керек, кор болбошу керек! Бактылуу деген сөз эмнени билдирет? Ыймандуулукта, акыйкаттыкта, адилеттикте, калыстыкта, коопсуз, мыйзамдуу, баардыгына бирдей, жагымдуу, нарктуу жашоонун өзү бактылуулук. "Аял жакшы эр жакшы, эне жакшы кыз жакшы "дегендей, жакшы адам мамлекет башына келсе, мамлекет дагы жакшы болот. Эл тандоодон жаңылбашы керек. Улуу иштин ЭЭСИН Эл туура тандаса, калганын ЭЭСИ ээрчитип кетет.
- Сиз өтө терең, маанилүү маселелерге жооп бердиңиз. Айтыңызчы, азыркы учурда кыргыздар жаңы технологиялар багытына сапар алуусу керек деп Урмат мырза көп сунуштарын айтат, ушуга түшүндүрмө берсеңиз.
- Биз минтип ынтымакка келе албай, иттей ыркырашып, өлкөбүздү бүлүнтүп жатканда, илим-билим, технология, космостук ылдамдык алдыга кетип жатат. Кудай буйурса, жашообуз жакшы нукка түшсө "Американы ачканга аракет кылбай" ошол бүгүнкү жаңы, даяр, заманбап технологияларды пайдалануу багытына өтүүбүз керек деп эң туура айтып жатат.
- Эмне үчүн акча каражаты элдин тагдырын чечпейт деп айтып жатасыз?
- Акча адамдын тагдырын чечсе, Акаев, Бакиевдин үй бүлөлөрүнүн тагдырлары кандай чечилди, азыркы бийликтегилердин тагдыры кандай чечилип жатат? Эң негизги адам тагдырын чеччү нерселер - адамдын ыйманы, акылы экени адамзаттын тарыхында тастыкталган чындык эмеспи.
- Бүгүнкү күндө көп партиялар электр жарыгын арзандатабыз деп айтып жатышат, бирок, кантип арзандатаарын айтыша алышпады, Урматтын буга жообу барбы?
- Бар. Кыргызстандын электр энергиясын чыгаруу потенциалы 150 млрд киловатт. Ошонун 10 милларды ички керектөөлөргө кетет, калганын эң арзан баада эки сомдон эле чет өлкөлөргө сатса, жылына 300 млрд сом казынага түшөт. Биздин азыркы бюджет 60 млрд сом, ошондо электрдин баасын каалагандай арзандатсак болот бекен? Урматтын электр энергиясын арзандатуу боюнча башка дагы реалдуу пландары бар. Урмат жалаң эле бул тармакта эмес, жашообузду камтыган баардык башка тармактарда: промышленность, текстилде, тоо-кен өндүрүшүндө, айыл-чарбасында, туризмде, күндүн-шамалдын энергиясын пайдаланууда жана башкаларда терең математикалык жол менен изилденген, эсептелген реалдуу ишке ашчу программаларды иштеп чыккан жана ишке ашырууга даяр.
- Кыргызстанды жакырчылыктан чыгарып, экономиканы көтөрүүдө Урматтын эң башкы кадамы кандай болот эле?
- Экономиканы көтөрүү үчүн ага шарт түзүү керек. Эң негизги чечүүчү шарт болуп мыйзам эсептелет. Ошон үчүн Урмат 1993-жылкы Конституцияга барышыбыз керек деп жатпайбы. Экинчи, Акаевдин, Бакиевдин акыркылардын тушунда бийликке жалаң гана талап-тоноо, жерлерин сатуу менен алек болуп жатса да кыргыз мамлекети жок болбой келет. Эмне үчүн? Экинчи эшелондогу элим-жерим деген патриот профессионалдардын бар болгондуктарынан жок болбой келет. Демек, патриот профессионалдарды пайдаланууну, илимин өркүндөтүүнү колго алуу, баардык потенциалдарынын ачылышына мүмкүнчүлүк түзүү деген да эң туура эмеспи.
- Эл азыркы болуп жаткан окуяларга түшүнө берген жок деңизчи? Азыркы учурда кыргыздарга акыл керек экенин тагыраак айтып берсеңиз?
- Бүгүн добушту сатсак, эртең ошол добушту сатып алгандар чыгашасын эселеп элдин эсебинен мыйзамсыз өндүрүп алаарына түшүнүү үчүн акыл керек бекен. Анан акча, байлык сүйлөй баштаса, мыйзамга чындыкка, адилеттүүлүккө, акыйкатка сөз жок экенин түшүнүү үчүн акыл керек бекен. Керек.Ошон үчүн мындан аркы жашообузду акылга салып, кеңешип жашообуз керек.
- Урмат Барктабасовдун соту башталды. Бул соттун натыйжасы кандай болот деп ойлойсуз?
- Үмүтсүз адам шайтан дейт. Мүмкүн соттун ыйманы ойгонуп туура чечим чыгараар. Силердин гезит жазып жүргөндөй, киллер-сотттор заказ аткарышса, натыйжа чыгышы күмөн. Себеби, оң чечим чыкса азыркы бийликте отурган бир топ чоң кызматтагы адамдар түрмөгө отуруп, бир топторунун абийири аштай төгүлүшү мүмкүн. Күндөн күнгө кымбатчылык кысып, нааразычылык өсүп жатканда ушул абалдан кутулуп, аман калуулары үчүн өлкөнү ушул абалдан чыгарып кетүү колунан келчү адамды боштондукка чыгарып пайдалануулары дагы мүмкүн. Атаганат, анда революциясыз, кан төгүүсүз, мыйзам жолуна, ыйман жолуна, өнүгүп-өсүү жолуна түшпөйт белек.
- Аз бирок, саз маегиңиз үчүн рахмат!

Маектешкен Жыргалбек АСАНОВ






Кыргызстан силерге менчик эмес!
Кымбаттуу, урматтуу жаңы "шайланган" депутаттар! Силерди карап отуруп эмне максат менен депутат болгонуңарды билдим. Силер эки айдан бери бири-бириңерди аңдып атып, акыры бириңер спикер, бешөөңөр орун басар, калганыңар ар кайсы комитеттин баштыгы толуп, канткенде жогорку маяананы, кызмат унаасын ээлеп алууну гана көздөгөнүңөр жумурай журтка билинди.
Эми силер дайындаган өкмөттүн курамы кимдер экени, алар кандай иш кылаары айдан ачык билинди. Алар эч качан кыргыз элин токчулукта, бейкут жашасын деп ойлоп да коюшпайт. Алар канткенде чоң айлык алып, кандай жол менен байысам, кантип тегерегиме өз жакындарымды кызматка жайгаштырсам, кимден канча пара алсам деген гана немелер. Ал эми калган "депутаттар" эптеп кол көтөр десе кол көтңөрүп, "каршы" десе каршы, "макул" десе макул деп добуш берип олчойгон маянаны алып, кызмат унаасын каалаган жайына минип жүрө берүүчү "дүжүрлөр".
Совет бийлигинин тушунда караңгы кыргыз эли не деген гүлдөгөн турмушка жетишти эле. СССР болуп турганда улут арасындагы ынтымактуулук, жогорку идиология бизди не деген бийиктикке чыгарды эле. Кээ бир чала илимпоз, чала идиологдордун айтымында, СССРдеги майда улуттарды орустар "эзип келген" деген сөздөр, ойлор айтылып жүрөт. Кана, чыны ошондой болсо ачыгын айталы. Бүгүнкү күнү кандай ахвалдабыз. Мурун кандай элек?
Эгемендүү болдук, эки тизгин бир чылбыр эми колубузга тийди деп ай-ааламга жар салып майрамдаганга кирбедик беле! Анан эмне болду? Союз учурунда жыйган байлыкты талаганга кирдик! Ошол өткөндөгү байлыкты сактап, көбөйтүүнүн ордуна менчиктештирүүгө кирдик. "Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты" ... Жок, Быржыбайды там баскан жок! Басчууну басты. Дагы эле ошол СССРди кулаткандар, алдамчы-жасакерлер, митайым-карьеристтер, лже-коммунисттер (партократтар) суудан кургак чыга келишти. Аларды өзүңүздөр көрүп турасыздар! Унутуп баратсаңар эстетейин: алар Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин бөлүм башчысы Акаев Аскар, министрлер советинин төрагасынын орунбасары - көзгө басары Отунбаева Роза Исаковна, төрагасы Жумагулов Апас, кан ичкич Курманбек Бакиев, Сааданбеков, Абакиров жана башкалар.
Деги койчу, ошол СССР учурунда 24 жыл Борбордук комитеттин биринчи секретары Жолдош Усубалиев Турдакун жөнүндө өзүнчө кеп. Ал киши 1985-жылы 4-ноябрда азыркы Ак үйдү аппак кылып бүтүрүп, эми 7-ноябрь Улуу Октябрь революциясынын майрамында эмгекчил элдин парадын кабыл алам деп турганда кызматтан бошоп калбадыбы. Эмне болуп бошоп калганын өзү жакшы билээр, анан эл, тарых билээр. Көппү, азбы кыргыз элине эмгеги өткөн окшойт. А кишини урматтап депутат кылып жүрдүк эле, балээ болуп Акаевге алдандыбы же карыганда дүйнө көзүнө көрүндүбү, Үзөнгү-Куушту Кытайга сатканда "катуу" киришип экөө "максаттарына жетишти". "Карыганда катынчыл болот" дейт, кайран кадыр-барк, кайран атак "ит эле болдуң сарбагыш дегендей".
Эми калгандары узун тизме. Ошол СССР учурунда эле шайлоолорду 90-100%, койлорду 200 дөн, уйларды эгиздетип туудурган, эгинден болуп көрбөгөндөй түшүм алган, айлык пландары 150-200% аткарылган партократтар, бүгүнкү күнү белгилүү бизнесмен, ишкер комерсант, саясий серепчи, коомдук ишмер болуп чыга келишти.
Эмне үчүн алардын иши алга жылбай, улам шайлаган президенттери шымына чычып качып-безип кетип жатышат деген суроо?
Анткенинин бирден бир себеби, алардын эки жүздүүлүгүндө. Эл үчүн иштейм, Кыргызстанды Швецария кылам, Ак үйдү автомат менен коргойм деп калп айтып жатышпайбы?
Бири Швецария кылмак турсун Москвага кире качты. Бирөөсү автоматын ыргытып ийип, Отунбаевага 9 миллион доллар берип туруп Минскиге(Москвадан да нараак) житип кетти. Мына ошон үчүн биздин президенттерибизден баштап айылдын акимине чейинки калпычылык, алдамчылык, кошоматчылык түбүбүзгө жетип атат. Эми азыркы президент өткөөл мезгилдин өткөрүп берүүчү президенти(өткөрүп бергиче эле бизди өкүртмөк болду), "жайлап", шайлап келген жалган парламент, "өнөрлүү" өкүмөт бизди кантип жыргатат же кантип жылас кылат деп турабыз.
Эми турбайлык! Эми жаталык, так Ак үйдүн түбүнө.
Силер сыйыңыздар менен эле кетип калгыла. Силер Конституцияны, мыйзамды, элди сыйлаганды билбейсиңер! Силерге акча гана керек! Акаевден, Бакиевден калган акчаларды алгыла да кетип жоголгула! Бизге, Кыргыз элине силер саткандан калган жер, тентип кырылгандан калган эл эле жетет. Силердин пайдаңардан зыяныңар! Дагы эле бизди талап-тонойсуңар. Силердин сөзүңөргө, кылган ишиңерге тоюп бүттүк. Эми жөн кетип жоголбосоңор тоногонду, кырганды бизден көргүлө. Биз жылаңач баатырбыз. А силер көйнөгүңөрдү аяайсыңар. Силерге көйнөк керек. Бизге эч нерсенин кереги жок. Ансыз да жылаңачтап бүтүрдүңөр. Силерге элдин кереги жок, аларды тентитесиңер! Силерге жердин кереги жок, аны сатасыңар! Силерге абийирдин кереги жок, анын өзү жок. Силер бул турмушта жыпжылаңачсыңар, жанагы саунаңарга киргендей! Силердин көчөдөгү денесин сатып турган сойкулардан айырмаңар деле жок. Алар денесин сатса, силер жанын саткан немелерсиңер! Ошол үчүн батыраак кетип жоголгула! Кеч боло элегинде!
Жаңы жылдык ысык саламым менен коммунист
Жеңишбек ЖУМАЛИЕВ