Агониядагылардын каралоолорун
жазасыз калтырбайбыз!
Кыргыз элине,
КРнын Президенти
Роза Отунбаевага,
КРнын Башкы прокурорунун м. а. Кубатбек Байболовго,
КРнын Жогорку Сотунун төрагасынын м. а.
Зелфира Жамалиевага

Улук урматтуу кыргыз эли, республиканын Президенти, Жогорку укук коргоо органдарыиын жетекчилери!
Акыркы убактарда соттук жоопкерчиликтен коркушкан айрымдардын өздөрүнүн 2002-жылдын 17-18-мартында Аксы районунда жасаган оор кылмыштарын жашыруу максатында тарыхка "Аксы окуясы" аталышта кирип калган трагедияны түп-тамырынан бурмалап, аны теңирден тескери интерпретациялап, ээн талаада келаткан элдин жолун тосуп, аларды адегенде мазактап, коркутуп, үркүтүп, анан автоматтардан, тапанчалардан ок атып, 6 адамды өлтүрүп, 27 адамды жарадар кылгандарды актап, элдин өзүн каралап, күнөөкөр катарында көрсөтүү күчөөдө. Анын бир далили катарында " Эл сөзү" деген гезиттин 2010-жылдын 16-ноябрындагы №18 санына жарыяланган "Аксы окуясы Азимбек мырзаныи саясий аштоосубу?" деген макаланы көрсөтүүгө болот. Макаладагыдай көз караштардын, бизди күнөөлөгөн айыптоолордон башка айрым гезиттерде да четтери чыгарыла калып, укук коргоо органдарынын коридорлорунда, чылымканаларында да айтыла калып, Аксы окуясынын фактылары, чыныгы мазмуну бурмаланып, Азимбек Бекназаровдун ысмы менен гана байланыштырылып, анын жеке саясий кызыкчылыгына тийиштүү нерседей көрсөтүүгө аракеттер болуп жаткандыгын да жакшы билебиз. Ошондуктан, бир да фактыны бурмалабай, болгонду болгондой кылып дагы бир жолу сиздерге, маалымат каражаттары аркылуу элге жеткирип коюуну чечтик.
Биринчиден, "Аксы окуясы" жөнөкөй тиричиликтик же экономикалык, финансылык маселелерден, же бийлик талашуудан эмес, ошол убактагы Башкы прокуратуранын жетекчилери, укуктук, гумандуулук чектерден чыгышып, Үзөңгу-Кууш маселесин парламентте кайра-кайра көтөрүп көкөйлөрүнө көк таштай тийген депутат А. Бекназаровду кандай жол менен болбосун саясий аренадан кетирип, мүмкүн болсо камап салууну талап кылышкан биринчи качкын президент Аскар Акаев менен анын шакирти А. Карыпкуловдун саясий буйрутмаларын аткарууга аракеттенишип, анын сары изине чөп салып жүрүп, акыры андан 8 жыл мурда жабылган ишти кайра көтөрүшүп, анын негизинде 2002-жылдын 5-январында А. Бекиазаровду ЖКныи депутаты экендигине карабастан, коркунучтуу рецидивисттерден бетер камакка алуусунан башталган.
Жалал-Абад облусунун ошол убактагы прокурору 3. Кудайбергеновдун андай актысы укуктук чара эмей эле жогорудагылардын буйрутмаларын аткарууну көздөгөн саясий чечим экендигин элдин бардыгы, биринчи кезекте аксылыктар эң сонун түшүнүшкөн. Ошондуктан, "Аксы окуясына" саясаттын эч тиешеси жок, ал укуктук маселе дегендей ой жоруу бери дегенде примитивдүү бөөштөнүүчүлүк, ары болгондо ;компетентсиздик, маңыроочулук. Акаевдин режиминин, бийлигинин саясий оппонентинин көзүн тазалоону укук коргоо органдарынын колдору аркылуу аткарууга аракеттенгендиги, ал эми укук коргоочулар илгерки манаптардын көөдөк аяк бошотор жигиттериндей көк союлчуларга айланып кетишкендиктери элди өзгөчө кыжырлантып, нааразылыктарын күчөтүп, пикеттерге, митингдерге чыгууларына, анан ачкачылык жарыялоолоруна себеп болгон. Эл алгач бир эле талап - Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүиүчү менен гана чыккан. Бирок, көзүн май басып, көрүн өзү каза баштаган бийлик ошол жөнөкөй талапты да аткаргысы, эл менен таптакыр эсептешкиси келбеген.
Экинчиден, Ж. Камчыбеков деген курсантты мас болуп алып шериги экөөсү кубалап, акыры ээн короодогу бурчка такашканда гезитте жазылгандай, бычактан эмес, жоон санына сайылган арматура темирден улам каза болгон Ж. Букеевдин өлүмүнө байланышкан окуяны да бурмалоо ыймандуулукка ылайык келбейт. Жоон санды темир чиймек түгүл, ок тийсе деле убагында врачтарга кайрылса адам өлбөйт. Маркум Ж. Букеев эмне үчүн убагында врачтарга кайрылган эмес? Ошол убакта гезиттерге кайра-кайра жарыялангандай, Ж. Букеев мурда жасаган бир кылмышы үчүн укук коргоо органдарынан жашырынып, качып жүргөн. Ошондуктан, ал жоон санынан кан кеткендигине карабастан, "укук коргоо органдарына билдирип коюшат" деп коркуп, алты саатка чейин врачтарга кайрылган эмес. Өлгөн адам жөнүндө жаман айтпайт дейт, бирок Ж. Букеевдин моралдык, инсандык облигин толук билгиңер келсе, андай документтерди көрсөткөнгө биз даярбыз. Ж. Камчыбековдун аракети өзүн коргоп, сактоонун чегинен чыккан. Ж. Букеевдин иши ошол үчүн жабылган.
Биринчи качкын бийлик прокуратурага Бекназаровдун көзүн тазалоону милдет кылып койгондо, акыры Букеевдин жабылган ишин табышып, Майрам Акаева Ж. Букеевдин бир тууган эжеси Керээзгүл Букееваны Токтогул районунан Бишкектен атайын машина жөнөтүп, мамлекеттик резиденцияга алдырып, өз колу менен пельмен жасап, идишке куюп берип, кымбат баалуу чет элдик вино, коньяктарды куюп, столдун үстүн дүйүм тамак-ашка толтуруп сыйлап, "А.Бекназаровдун үстүнөн биз, тиешелүү адамдар айткан мазмундагы каралаган арызыңды коркпостон жазып бергиниң, сага бир бөлмөлүү квартира беребиз жана каражат, материалдык жактан жардамды үзбөй алып турасың" деп бир тууганына каралагаи арызды жаздырып алышып, анан Бекназаровго кылмыш ишин козгошкон. Булардын баары такталган, атүгүл убагында нечен ирет мезгилдик басылмаларга жарыяланган маалыматтар. 2005-жылы март революциясынан кийин Керээзгүл Букеева Бишкекке атайын өзү келип, Токтогулдук Самидин Белековго жолугуп, Майрам Акаевага кандайча жолугуп, мамлекеттик резиденцияда сый-урматын көрүп, алар айткандай каралаган арызын жазып бергендигин, окуянын чоо-жайын толук төкпөй-чачпай айтып берип, бийликтин азгыруусуна кирип, алданып, кетирген каталыктарына өкүнгөндүгүн билдирип А. Бекназаровдун ак, таза экендигин кагаз жүзүндө тастыктап жазып тапшырып, тиешелүү укук коргоо органдарына көрсөтмө берип кеткендигин коомчулук, жумурай журт, кыргыз эли толук билет. Бозоканада айтылчу сөздөрдөн бетер болжолдоп урдура бербестен, такталган маалыматтарга таянып жазышса туура болмок.
Элдин арыз-муңун бийликтегилер көңүл бөлүп, укпай койгондугунан
Аксы элинин бийликке болгон нааразылыгы күч алып, чоң элдик толкунга айланган. Күн санап, чындыкты айтып, акыйкат үчүн күрөшкөн Аксылык Мекенчил уул-кыздарыбыздын аркасынан саясий куугунтук күч алып, карапайым элдин укуктары күч органдары, бийликтегилер тарабынан бузулуп, тебеленип, камакка алына баштаганда белгилүү укук коргоочулар Топчубек Тургуналиев менен Турсунбек Акун Аксыга келип, элдин бийлик, күч органдары тарабынан бузулуп, тебеленген укуктарын коргогону кашкайган чындык. Бул укук коргоочулар Аксы элин бийликке каршы коюп, тукурушкан эмес. Карапайым Аксы элине митинг, пикетке чыкканда мыйзамдуу жолдор менен барууга, мыйзамдуу талаптарды коюуга үндөшкөн, чакырышкан. Автор өз макаласында баса белгилегендей, укук коргоочулар Т. Тургуналиев менен Турсунбек Акун элге мыйзамсыз жолдорду көрсөтүп, үйрөтүшкөн эмес. 2002-жылдын 17-мартында Босбиек айлынын жанында, ээн талаада миңдеген жөө-жалаңдап келе жаткан карапайым элди райондук мамлекеттик жетекчилердин көз алдында, катышуусунда "Баш бийликтин" көрсөтмөсү менен укук коргоо уюмдарынын кызматкерлери, ички иштер Министрлигинин жоокерлери курал колдонуп, ок атууга алышкан. Натыйжада 4 адам өлүп, ондогон адамдар оор жаракат алышкаи.
Аталган макаланын өзөгүн "өкмөт колунда барлар Аксыда шейит кеткендердин үй-бүлөлөрүнө, жараат алып, майып болушкандарга аябай эле акчалай, материалдык жардамдарды көрсөтүштү. Же кыргызча айтканда, кундарын төлөгөндөй эле болду. "Эми ал ишти кайра козгоп, ок аткандарды тергетип-тескетип, соттотпой эле коюшпайбы" дегендей жалооруңку арман-асирет, ачык айтылбаган муң түзөт, ал муң кызыл сызык менен өтөт. Ооба, ал чын. Колунда барлар шейиттердин үй-бүлөлөрүнө, жараат алгандарга колдон келген жардамдарын көрсөтүштү, колдошту. Ал үчүн жумурай журтубузга ыраазыбыз. Элчиликтин, журтчулуктун, эл деген бийликтин белгиси да, вазийпасы ошол болот. Бирок, алар А. Акаевдин же Т. Акматалиевдин, же 3. Кудайбергеновдун же алардын жан жөкөрлөрүнүн чөнтөктөрүнөн алышкан эмес, бюджеттин, кайрымдуулардын, мекенчилдердин чөнтөктөрүнөн берилгендигин, алар ал убакта калыс, акыйкат сөздөрүн айтып, күнөөлөрүн моюндарына алышкандын ордуна "аксылыктар бири бирин бычактап, токмоктоп өлтүрүшкөн" дегендей жалааларды таркатып жүрүшкөндүгүн, кызматтык ыйгарымдары боюнча алар андай жоруктары үчүн укуктук жактан жооп берүүгө милдеттүү экендиктерин да көңүлдөн чыгарбообуз керек. 7-апрелде шейит кеткендердин(жандары жанатта болушсун) үй-бүлөлөрүнө жарадар болгондорго деле акчалай, материалдык жардамдар көрсөтүлдү. Анда анча-мынча "кун" төлөндү деп эле аларды аткандарга байланышкан кылмыш иштерин да жаап салуу керекпи? Жердештери жакындарын аткандарды "өлүм жазасына тартууну" талап кылып жатышкан мезгилде кеминдик Теңиз Төлөмүшов деген автордун "Аксы окуясын Бекназаров эле козгоп жатат. Болбосо ал ишти жабыш керек эле" дегендей маанидеги сөздөрдү жазганга кантип дити барган? Бул Аксыда атылгандардын гана эмес, 7-апрелде кыргынга учурагандарды да мазактап, алардын жакындарынын намыстарына доо кетирүү эмеспи?
2002-жылкы "Аксы окуясында" жабырлангандардын, курман болгондордун үй-бүлөлөрүн алдап, Өкмөт материалдык жардам берүүдөн
баш тарткандыктан, адвокат Сартбай Жайчибековдун даттануусу менен соттук териштирүү БУУнун адам укуктары боюнча комиссиясына чейин жетип, Кыргыз мамлекетин "Аксы окуясындагы" окуяга күнөлүү
деп табылгандыктан, сот аркылуу 33 жабырлануучуга моралдык зыян өндүрүлүп берилген. Бирок жүзү кара Акаев менен Бакиевдин сот бийлигиндеги ала көөдөк куйруктары материалдык зыянды төлөөдөн баш тартышкан. Ал эми макаланын автору Теңиз Төлөмүшевдин кайдагы кунду жазып жаткандыгы кыргыз коомчулугуна белгисиз. "Аксы окуясынын" күнөөкөрлөрү сот жазасынан кутулганы менен абийир жана Кудай жазасынаи кутула алышпады. Мисалы, ошол кездеги президенттик администрациянын башчысы А. Карыпкулов, ошол кездеги Аксы районунун прокурору А. Калдаров, Жалалабат областык ички иштер бөлүмүнүн ошол кездеги күжүрмөн атайын даярдыктагы бөлүмүнүн командири, жалган, каралаган доо арыз ээси К.Букеева психиатардык дарылоо мекемелерине баймабай катташып жаткан Ш. Осмонов, Д. Кулиев, дарылоо мекемелеринен кол үзбөй жүрүшкөн Б. Жанызаков, Ч. Абышкаев.
Аксы элине ошол жылы макалада жазылгандай, Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен Аксы районунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу багытына арналып чоң өлчөмдөгү акча жана материалдык эч кандай жардам берилген эмес. Бул ошол кездеги Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри Н. Танаевтин кыргыз элинин башын айлантып, Аксылыктарды элге жаман көрсөтүү максатында асманга карата учурулган беш өрдөгү болгон.
Биз кеминдиктердей өлүм жазасы, атуу дегендей эч кандай максималисттик талаптарды койгон эмеспиз. Биз "Аксы окуясына" күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазаларын алышсын деген гана талап коюудабыз. Бирок, алар жазаланмак түгүл он жылга жакын убакыттан бери кайра бизди каралап, окуяларды бурмалап көрсөтүүгө аракеттенип гана келатышат. Орой айтканда, "Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тырмайт", "Уурусу күчтүү болсо, мал ээсин доого жыгат" дегендей гана болууда. Бул маселеге Азимбек Бекназаровду аралаштырып кереги жок. Анын погончон коллегаларын бир чети кыя албаса, экинчи жагынан аларга жаман көрүнгүсү келбей араң жүргөндүгүн да жакшы билебиз. Аны арбактардын алдьшда ак болгун деп түрткүлөп жаткаи бизбиз.
Бизди өзгөчө кыжырлантып, намысыбызды козгогону жогоруда аталган макаланын авторунун "комиссия ишти окуя болгон жерде иликтеген. Ал жерде калып калган союлдар, канга боелгон таштар, темир кесиктери, мергенчилик мылтыктардан атылган октордун жездери, атууга даярдалгаи бирок осечка берип атылбай калган октор, күйө турган май куюлган бөтөлкөлөрдүн сыныктары, билик ордуна колдонууга даярдалган майга чыланган кездеме кесиктери, октон тешилген жана союл, таш тийгенден майышкан укук коргоо органдарыныи кызматкерлерииин жана жоокерлердин калкандары менен каскалары жана башка тергөө иштерии аныктоого керектелүүчү буюм-тайымдар толугу менен жыйналып алынган" деп жазгандары болду. Ошол убактагы ички иштер министри Темирбек Акматалиев 2002-жылдын 18-март күнү эртең менен КТР аркылуу ушундай жалган маалыматтарды таркатып жиберип, элди толкутуп, ошол күнү кечинде Үмөталиев аттуу өспүрүмдүн атылышына, Бекмуратов Медетбектин күч органдарынын кызматкерлеринин уруп-сабоосунан каза болушуна дагы 6 адамдын октон жараат алуусуна себепкер болгон. Мындан Т. Төлөмүшев деген псевдонимдин артында ким тургандыгын биз ачык эле көрүп турабыз. Бирок, андай көрүнүштөр Т.Акматалиев менен Т. Төлөмүшевтин түштөрүнө эле кирбесе, иш жүзүндө тынч митингге келатып, ээн талаада кыргына дуушар болгондордон мылтыктар, дары-дармектер, бычактар түгүл сөөмөйдөй темир да табылбагаи же алынган эмес. Макаланын автору шилтеме жасаган өкмөттүк, парламенттик комиссиялардын, тергеп-тескөө иштеринин аныктама, жыйынтыктарынын, окуя болуп жаткан жерлерден тартылып алынган видеотасмалардын бирден нускалары бизде да бар. Алардан жогоруда айтылган шумдуктардын бирин да таппайсың. Андай шумдуктар агониядагылардын галлюцинацияларында гана пайда болушу мүмкүн. Макалада айтылгандай, Боспиектин жанындагы кыргында 27 милиционер оор жаракат алган эмес, эки эле милиционерге медициналык жардам көрсөтүлгөн. Автордун атылгандардан, жарадар болгондордон калгандары Кербенге келип, "турак үйлөрдү талкалап, талап тоношкон жана башка каракчылык иштерди жасашкан" дегендери чындыкка тапткакыр коошпогон карандай калптар. Аларды биз бүтүндөй элибиздин намысына тийген каралоо, мазактоо деп гана эсептейбиз. Аксылыктар пикеттерге, митингдерге, жүрүштөргө чыгышканда бирөөлөрдүн буюм-тайымдарына тиймек түгүл жолдордун жээктеринде бышып турган өрүктөрдөн да бирди үзүп жешкен эмес. Биз андай ыплас деңгээлге түшкөн эмеспиз. Аны республиканын түштүгүндөгүлөрдүн бардыгы жакшы билишет.
"Ошол коогалаңда 47 милиция кызматкеринин, 27 жоокердин оор жаракаттарды алгандыгы айтылгандардын ичинен экөөнө ок тийип, ондон ашыгынын колу-буту , акыреги сынган, мурун сөөктөрү талкаланып, тиштери күбүлгөн, бети-баштары айрылып, баштарына таш, союл тийгендиктеринен мээлери чайкалган" деп автор тарабынан айтылган. Булардын баарысы караандай калп, ойдон чыгарылган фактылар. Митинге, пикетке чыккан эл күч колдонуп, каршылык көрсөтпөсө күч органдарынын кызматкерлери каяктан жаракат алмак эле? Эгер жаракат алышса медициналык кызматка, жардам көрсөтүүгө муктаж болуп кайрылышмак. Аксы районунда же жакын турган Ала-Бука районуна, Таш-Көмүр шаарынын медициналык кызматтарына жаракат алган күч органдарынын кызматкерлери кайрылышмак, катталгандыгы, медициналык жардам алгандыгы жөнүндө маалымат жок, автордун ойдон чыгарылган ушак-айың сөздөрү.
Акаевдин режими, Баш бийлик ок атуучу куралдарды колдонуу аргасыздыктан, мыйзам чегинде болду, ок чыгарууга эч ким буйрук берген жок деп, коомчулуктун башын айлантып, элдин коопсуздугун камсыз кыла албагандыгы үчүн Жалал-Абад облусунун жана Аксы районунун айрым-бир жетекчилерин гана кызматтан алып, кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп, сот жообуна тарткан жок.
Жерин саткан Акаев, элин аткан Бакиев жакшы да ал эми элдин, жердин, Кыргыз мамлекетинин келечегин, бүтүндүгүн көздөгөн А. Бекназаров жаманбы? " Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт" дегендей акыркы убактарда Массалык маалымат каражаттарында, басма сөздөрүндө кээ бирөөлөр буйрутма аткарышкандай, А. Бекназаровду жана Аксы элин жамандап, ушактап жазышып, Аксы элинин эскирип бараткан жарасын тырмашып, жүрөгүн сыздатышып, акыйкат, чындык үчүн канын төгүп жанын бергендерге шек келтиришип, Аксы элинин намысына шек келтиришүүдө. Баш бийликтегилер менеи тергеп-тескөө органдары "Аксы окуясын" эстеринен чыгарышып, унутуп коюшса, А. Бекназаровдун күнөөлүүлөрдүн сот жазасын ушул күнгө чейин албай жүргөндүктөрүн көтөрүп чыккандыгына Аксы эли ыраазы. Мындан ары да Аксы элине жана А. Бекназаровго асылуулар, жалган жалаа, ушактар айтылып, жазыла берсе биз Аксылыктар Мекенчил, эр жүрөк кулунубузду Массалык маалымат каражаттары аркылуу да, иш жүзүндө да ар-намысын коргоп калууга кудуретибиз жетет.
Жогорудагыдай каралоолор аксылыктарды кыжырлантып, Кара-Жыгач, Кара-Суу, Ак-Жол, Жаңы-Жол, Кызыл-Туу сыяктуу айылдарда стихиялуу жыйындардын, митингдердин пайда болушуна алып келди. Аларда республиканын Президентине, Жогорку Кеңешине, укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылуулар да кабыл алынды. 28-ноябрда Кара-Жыгач айылында 5 миңден ашык адамдын катышуусунда өткөрүлгөн митингде каралап, маскаралоо аркылуу бизди жаманатты кылган. чындыкка коошпогон, ар намысыбызга доо кетирген макаласы үчүн Теңиз Төлөмүшев деген авторду, анын жалган жалааларын такташтырбай туруп жарыялаган "Эл сөзү" гезитин сотко берүүнү чечип, биздин атыбыздан сотко кайрылып, анын иштерине катышуу үчүн Маматкеримов Кубанычты, Жаңыбаев Эсенгазыны, Балтабаев Орозбекти, Надырбеков Жанарбекти атайын өкүл кылып дайындадык. Буйруса макаланын автору Теңиз Төлөмүшев же андай псевдонимге жамынган мырза менен жакында сот залында жолугушабыз.
Урматтуу кыргыз эли, Президент, тергеп-тескеп, соттук чечим чыгаруучу органдардыи жетекчилери!
Сиздерден бир гана нерсени - бул маселеге калыс, акыйкат арбитр болуп берүүнү гана өтүнөбүз.
2010-жылдыи 28-ноябрында Аксы районунун Кара-Жыгач айылыида өткөрүлгөн митингдии катышуучуларынын атынан:

1. Нусупбеков Орозбек
2. Оңолбеков Майрамбек
3. Ниеталиев Райымберди
4. Жаңыбаев Эсенгазы
5. Балтабаев Орозбек
6. Рыскулова Бурулкан
7. Өмүрбеков Кадыркул
8. Курбанов Жаныш
9. Надырбеков Жанарбек
10. Маматкеримов Кубаныч
11. Жээнбекова Тургунайым
12. Жунусбаев Табылды
13. Чымырбаева Жыргалбү
14. Мусабеков Кубаныч
15. Беккулиев Чойбек
16. Мамытбеков Дурусбек
17. Өзүбеков Рыспек


(Уландысы 14-бетте)