Осунбек ЖАМАНСАРИЕВ, Эр Теги коомунун төрагасы:
"Революция жөн жерден болбогонун түшүнүш керек"
- Осунбек агай, 7-апрелдин баатырлары Өкмөттөн каралган кээ бир жардамдар ишке ашырылбай келгендигин айтып нааразы болушууда. Маселен, аскердик кызматтан бошотуу боюнча Өкмөттүн Токтому кабыл алынганы менен, каза болгондордун жана жаракат алгандардын балдары аскердик кызматка чакырылып жатышкандыгын айтып келишет. Эмне үчүн мындай болууда? Буга улай эле 7-апрелдин баатырларынын бүгүнкү социалдык абалына да токтоло кетсеңиз.
- Быйыл апрель окуясына 5 жыл болот. 7-апрелде каза болгондордун жакындарына жана жаракат алгандарга материалдык жардамдар берилүүдө. Маселен, Өкмөттүн Токтомуна ылайык каза болгондордун жана жаракат алгандардын балдары жогорку окуу жайларда бюджеттик орундарга окууганга жетишишти. Каза болгондордун балдары 4000 сомдун тегерегинде, ал эми жаракат алгандар болсо жаратынын абалына жараша белгилүү өлчөмдө жөлөк пул алышат. Мурун 1-2-топтогу майыптыкты алгандар көп болчу. Азыр алардын саны 50-60 түзүп, азайып калды. Ал эми сиз айткан аскердик кызматтан бошотуу боюнча 2012-жылы 11-октябрда кабыл алынган Өкмөттүн токтому бар. Анда, 7-апрелде каза болгондордун жана жаракат алгандардын балдары аскердик кызматтан бошотулсун деп жазылган. Бирок, Ленин районунун аскердик бөлүктөрү Өкмөттүн Токтомунун чыкканын билишпейт экен. Жогорудагы суроодо айтылган маселеден улам биз тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылганда, жаңы мыйзамдарды билбеген көрүнүштөргө туш болдук. Жогору жактан мыйзамдар чыгат, ылдай жактан ал мыйзамдарды аткарбаган учурлар болууда.
- Бир учурда үй ала турганга укугу жоктор, өзүн 7-апрелдин катышуучусумун деп кандайдыр бир себептер менен үйгө ээ болушкан. Баш прокуратура бул боюнча кандай жыйынтык чыгарды?
- Үй ала турганга укугу жок болуп, ар кандай себептер менен үй алгандар болгон. Баш прокуратура бул маселени бүгүнкү күнгө чейин карап келди. Бирок жыйынтыгын чыгарып бизге маалымат берген жок.
- Быйыл апрель революциясына 5 жыл болду. 5 жыл ичинде өлкөдө эмне өзгөрдү, эмне өзгөргөн жок жана эмне өзгөрмөк эле?
- Кыргызстанда болгон 2005-2010-жылы болгон революцияларга илимий көз караштар айтылып жүрөт. 2005-жылы Акаев мыйзам бузгандыгы үчүн революция болуп, бийлик алмашты. Бирок, тилекке каршы 2006-2007-жылы Бакиев Баш мыйзамды өзгөртүүнүн ордуна өзүнүн бийлигин узурпациялап, 2005-жылдагы революциянын уландысын 2010-жылдагы революция улантты. 2010-жылы Баш мыйзамды өзгөртүүнү карап, корпоративдик башкаруу системасы, мындайча айтканда Президенттин укуктарын ченеп, бийликке Өкмөттү дайындоо болгон. Бул биринчиси. Экинчи, элдик кыймылдын башчылары электр жарыгын 70 тыйындан да арзан түшүрөбүз деп аша чапкан убаданы берип коюшкан. Азыр электр жарыгы кымбаттап, элдин карама-каршы пикирлери жаралууда. Ошол учурда экономикалык абалга көңүл бурулган эмес. Ар бир жылдын инфляциясына жараша белгилүү бир өлчөмдө электр жарыгы 5-10% баа өсүп турушу керек эле.
Эми 5 жыл ичинде эмне өзгөрдү? Экономикалык өсүштөр болуп жатат. Стратегиялык объектилер, заводдор, ишканалар, ГЭСтер жана жолдор курулууда. Өлкөдө коррупция маселеси чечилбей келет. Маселен, Сотторду тандоо кеңеши келсе эле, коррупция жоюлуп, бардыгы өзүнүн туура жолуна түшөт деп ишенгенбиз. Бирок биз жаңылыптырбыз. И. Карамушкина соттордун ар бири жумушка келиш үчүн 35 миң доллар берип келет экен деп ачык эле айтты. Бул Сотто реформа жок дегенди билдирет. Мурун кандай болсо ошондой эле келе жатат. Азыр дагы кеч эмес, бийлик конкренттүү программаларын иштеп чыгып, Сот системасын өзгөртө алат жана өзгөртүшү керек.
- Жакында эле өлкө Президенти Бельгияда сүйлөгөн сөзүндө 7-апрель революциясына басым жасап, каза болгондордун саны бүгүнкү күндө такталып көбөйгөнүн айтты. Сизде каза болгондордун саны боюнча маалымат барбы?
- 7-апрелден кийин Кыргызстанды көп мамлекет тааныды. Көпчүлүк өлкөлөр кыргызды эркиндикти сүйгөн эл экендигине таң беришти. А. Атамбаев 7-апрелди баса белгилеп айтып өткөндө ал жердегилер да жакшы ой-пикирлерин айтып өтүшпөдүбү. Ал эми каза болгондордун санын айтсак, 87 адам катталган, учурда такталып отуруп алардын саны 118 адамга жетти.
Айжаз САКИЕВА