Мыйзам дейт, бирок мыйзамды билбейт...
Акыркы мезгилдеги облусттук ММКлардын анын ичинде "СТВ" теле компаниясынын башкы директорун, "Чүй баяны" гезитинин башкы редакторун иштен алуу жана ишке бекитүү боюнча окуялар көпчүлүктүн көңүл чордонуна алынды. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында "Сары-Өзөн Чүй" теле каналынын директору Каныбек Абдыкадыровду Чүйдүн губернатору Канатбек Исаев иштен алып, анын ордуна Улан Исакбековду бекиткен. Бирок, аталган теле компаниянын жалпы жамааты тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылгандан кийин Каныбек Абдыкадыров өз ордуна келген. Ал эми "Чүй баяны" гезитинин редактору Ж. Жээналиеваны иштен алган Канатбек Исаев, анын ордуна Кундуз Тойбаеваны башкы редактордун милдетин аткаруучу кылып дайындайт. КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти 2014-жылдын 17-июнунда кабыл алынган №340 токтомдун негизинде Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн бул буйругун туура эмес деп аныктап, "Чүй баянынын" редакторлугунун милдетин аткаруучу кылып "Аламединский вестник" гезитинин мурунку редактору Эдил Жунушовду бекитет. Бул келтирилген фактылардан улам мыйзамдуу түрдө облусттук, райондук ММКлардын жетекчилерин, редакторлорун ким иштен алат жана ким ишке бекитет, алардын ишмердүүлүгүн ким көзөмөлгө алат деген суроо туулат. Мындай иретсиздиктер баардык аймактарда эле болуп жатса керек. Ошол себептен бул иштер тууралуу изилдөө жүргүзүүнү туура көрдүк.

КРнын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты:
- Чүй облусундагы облустук гезиттердин уюштуруу документтерине ылайык, уюштуруучусу катары бүгүнкү күндө КРнын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты эсептелинет. Себеби, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 87-беренесинин, 3-пунктунда Юридикалык жактын уюштуруу келишимин анын уюштуруучулары (катышуучулары) түзүшөт, ал эми уставы алар тарабынан бекитилет. Ушул Кодекске ылайык, бир уюштуруучу тарабынан түзүлгөн юридикалык жак ошол уюштуруучу бекиткен уставдын негизинде иштейт деп көрсөтүлгөн. Ал эми облустук гезиттердин уставдарында: "Башкы редакторду уюштуруучусу ээлеген кызматынан алат жана дайындайт"-деп жазылган. Демек, жогорудагылардын негизинде облустук гезиттердин башкы редакторлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматка дайындайт, кызматтан бошотот жана ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт.

Бактыгүл НООРУЗБАЕВА, КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору:
- Облусттук, райондук ММКдын эффективдүүлүк ишмердүүлүгүн жогорулатуу боюнча жана КРнын 29-мыйзамдын 17-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негизинде 2012-жылы 30-августта Ө.Бабановдун № 630 буйругу чыккан. Анда: "Ыйгарым укуктуу өкүлдөр облусттук, райондук ММКдын жетекчилерин, редакторлорун ишке бекитет, иштен алат жана алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт"-деп жазылган. 2013-жылы облусттук, райондук ММКлар КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат саясат башкармалыгына берилген. КРнын Өкмөтүнүн 2014-жылы 17-июнда №340 токтомунун негизинде Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти түзүлүп, ММКлар аталган департаментке каралган. №340 токтом чыккандан кийин №630 буйрук өз күчүн жоготкон. Анда, мурун облусттук, райондук ММКдын жетекчилерин, редакторлорун ыйгарым укуктуу өкүлдөр ишке бекитип, иштен алса, эми алардын андай укуктары жок болуп чыкты. №340 токтомго ылайык ыйгарым укуктуу өкүлдөр ММКдын жетекчилерин, редакторлорун департаментке сунуштайт, биз аны квалификациялык талаптарга жооп береби деп текшерип чыгабыз. Эгер талапкер көрсөтүлүп жаткан ишке татыктуу болсо, министр бекитип берет. Көпчүлүк ММКлардын уставдары эски, атүгүл 97-жылдагы устав менен иштеп жүргөн, райондук гезиттер бар экен. Биз буга региондордун ММКларды кыдырып жүргөндө күбө болдук. Бүгүнкү күндө жаңы устав иштелип чыккан. Бул боюнча облусттук, райондук ММКдын директорлоруна, редакторлоруна түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары облусттук, райондук ММКлар министрлик тарабынан каржыланат. Маселен, "Чүй баяны" боюнча 2014-жылы пландалган бюджет 2 млн. 100 миң 500 сом каралган. Биздин максат, ММКлардын ишмердүүлүгүн арттыруу жана өнүктүрүү үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдөр менен биргеликте мыйзамдын чегинде иштөө болуп саналат.
Каныбек АБДЫКАДЫРОВ, "СТВ" телекомпаниясынын башкы директору:
- Мурун эски устав боюнча губернаторлор ММКдын директорлорун жана редакторлорун иштен алчу жана ишке бекитчү. Кийин жаңы токтом кабыл алынгандан кийин, ал эски устав өзүнүн күчүн жоготкон. Өлкөдө бирдиктүү саясат болуш үчүн райондук, облусттук ММКлар кабыл алынган жаңы токтомдун негизинде Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментине өткөрүлгөн. Токтом уставдан жогору турат. Ошондуктан, Токтом боюнча бизди министр кызматтан алат, кызматка коет. Бул учурда министр облусттун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн макулдугун сурайт. Тилекке каршы мындай көрүнүш болбой, мен ооруканада жаткан учурда рейдерлик басып алуу болуп, "Чүйдү аз көрсөтөсүңөр" деген таризде квалификациялык талаптарга жооп бербеген жетекчини койду. Мындайча айтканда кызматтык абалынан пайдаланып, өз билемдигине салды. Мени жумуштан алуу жөнүндө билдирүү жана анын себептери менен келиши керек эле. "Сен жумушту алып кете албайсың"-деген дооматтар да болгон жок. Демократиялык мамлекетте мындай болбош керек.
Айжаз САКИЕВА