"Шин-Лайн" ишканасынын
"мыйзамсыз" иштери чоң чууну жаратты
"Шин-Лайн" ишканасына карата иликтөөлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында сатылбай калган азыктардын жарактуу мөөнөтүн өзгөртүп, кайра эски жараксыз азыктар сатыкка чыгаары ачыкталды.

"Кырк чоро" коомдук бирикмесинин активисттери бардык мыйзамсыз иш-аракеттерди жашыруун камерага түшүрүп алган. Мөөнөтү бүткөн эски балмуздактар тууралуу, чогултулган тасма далилдер менен ИИМге, Каржы полициясына жана тиешелүү мамлекеттик түзүмдөргө кайрылышкан.
Учурда аталган ишкана боюнча азык-түлүктүн зыяндуулугун аныктап, бул иш финполициясына тиешелүү болгондуктан тергөө иштери өткөрүлүп берилет деп, Ички иштер министрлигинин 5-башкы башкармалыгынан билдирди. Ошондой эле, Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөө башкармалыгы тарабына кайрылсак, аталган ишканага карата чогултулган материалдарды Ички иштер министрлигинен маалымат алууга болот деп жооп кайтарды.
Ал эми "Шин-Лайн" ишканасы жакын арада атайы маалымат жыйынын уюштуруп, бардык суроолорго жооп берилет деген оюн билдирди.




Турат КАЗАКБАЕВ,
"Шин-Лайн" ишканасынын жетекчисинин жардамчысы:
"Жараксыз балмуздактарды
чочкоканага тапшырабыз"
- Бул бизге карата чагымчылдык жана атаандаштык деп эсептейбиз. Ал эми, жашыруун камерага түшүрүлгөн балмуздактын мөөнүтүн өчүрүп жаткан аракеттер, биздин ишканада жасалып жаткандыгы тууралуу далил жок. Ошол жашыруун тасмада анын кайсыл күнү, 2008-жыл экени жазылып турат. Андай болсо, эмнеге ошол учурда текшерүүлөрдү жүргүзүшкөн жок? Азырынча бул тууралуу маалыматтарды чогултуп, жашыруун камерага ким тарткандыгы тууралуу ич ара изилдөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Жакын арада ЖМК маалымат жыйынын уюштурмакчыбыз. Ишканага карата айтылган дооматтарга, бардыгына далил аркылуу жооп беребиз. Дүкөндөрдөн сатылбай калган балмуздактар кайра келет. Биз жараксыз балмуздактардын сырткы кагаздарын өзүнчө бөлүп, ичиндегисин чочкоканага тапшырабыз. Ал эми "Кырк чоронун" балдары: "Мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап жатасыңар"- деп чыкты. Анан "көптөгөн балдар балмуздактан өлүп калды"- дейт. "Балмуздак жеп балдар өлдү"- деген маалыматтар болду беле? "Кырк чоронун" балдары көчөдөн кире калышып, ар кыл дооматтарды айтып жатышат.
"Кырк чоро" коомдук бирикмесинин активисттери "Шин-Лайн" ишканасынын мыйзамсыз аракеттерин ачыкка чыгарууга иликтөөлөрдү жүргүзгөнүн айтышат. "Шин-Лайн" ишканасынын жанындагы конушта жашаган тургундар "бул ишканадан жагымсыз жыттар чыгып, экологияга зыян келтирип жатат" -д еп кайрылышкан. Аталган ишкана мектептин жанында жайгашып, химиялык зат окуучуларга терс таасир берүүдө" - деп. Андан сырткары, азык-түлүктөр жасалма жол менен мыйзамсыз аракеттердин негизинде чыгып жатат - деп доо коюшууда.




Замирбек Көчөрбаев,
"Кырк чоро" уюмунун мүчөсү:
"Аталган ишкана абройго шек келтирди деп айтса, биз сот иштеринде далилдеп бере алабыз"
- "Шин-Лайн" ишканасына мамлекеттик түзүмдөр менен биргеликте жасап аткан иш аракеттерди иликтөө максатында кирдик. Алдын ала берилген маалыматтар такталып, Ички иштер министрлигинин 5-башкы бөлүмү, экономикалык кылмыштарга каршы Чүй облустук башкы башкармалыгы өздөрү күбө болушту. Ал эми "Шин-Лайн" ишканасына биз өкүлүбүздү атайын ишке орноштуруп, аяк-башы 7 күнгө жакын иликтөө жүргүздүк. Ишкананын мыйзамсыз аракеттери жашыруун камерага тартылды. Жашыруун тасмада 2008-жыл туура эмес жазылып чыгууда. Себеби, бүгүнкү күндө дагы тартылган тасмада, 2008-жыл убакыт көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу көптөгөн тажрыйбалуу адистерге кайрылып, убакыт жылды калыпка келтире алган жокпуз. Аталган ишкана "абройго шек келтирди"- деп айтса, биз сот иштеринде далилдеп бере алабыз! Мага жеткен маалыматтарга таянсак, Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы бөлүмү тарабынан аталган ишканага иш козголду. Ошондой эле, "Шин-Лайн" ишканасынын башкы ээси, Жогорку Кеңештин депутаты Шин Роман деген маалыматтар бизге келип түштү. Бул маалымат канчалык деңгээлде чындыгы бар экендигин билбейбиз. Бирок, биз барганда ишкананын бардык жогорку башкаруучу түзүмдөрү жалаң корей улутундагы адамдар экендигин байкадык. Мындан улам, ишкананын ээси Шин Роман болушу толук мүмкүн!