Элдик Курултай:
ЭСКИ КОРРУПЦИОНЕРЛЕРДЕН
ЭМДИГИЧЕ КУТУЛА АЛБАЙ ЖАТАБЫЗ
Өлкөдөгү коррупциянын гүлдөшүнө, электр энергиянын баасынын кымбатташына каршылыгын билдирген эл, чындыкты, акыйкаттыкты издеп келет. Ушундай жагдайдан улам ата-бабалардын жолуна шайкеш "Элдик Курултай" уюштурулуп карапайым-калк көйгөйлүү маселесин ортого салды. Мамлекетибиздин биримдигин сактоо максатында Курултайга келген делегаттар өз ой-пикирлерин төмөнкүчө бөлүштү.
Баялы Саркулов, "Эл биримдиги" коомдук бирикмесинин мүчөсү, Москва районунун тургуну:
"Бийликте олтурган партиялар элдин болжолдуу тизмесин чогултууда"
- Учурда дүйнөдө согуштун каары күч алууда. Башкача айтканда дүйнө тынч эмес. Кыргызстанда аскердик коргонуу мүмкүнчүлүгүбүз эң төмөнкү күчкө ээ. Ошондуктан, ойлоно турчу маселе көйгөйлөр абдан көп. Бизге бир гана биримдигибиз зарыл болуп турат. Эгерде биз Кыргызстандын эли улут катары биригип, "Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарбасак" анда биз ар кимдин бөлүп-жаруусунан улам жок болуу коркунучунда турабыз. Бүгүнкү күндө, кыргыз улуту ар бир жаранды ынтымакка чакыруу керек. Жакынкы аралыкта шайлоо иштери башталса, көпчүлүгүбүз алгач сурайбыз: "канча акча же эмне берет экен?" - деп. Бирок, бир күндүк шайлоодо бир салым чай, бир кап ун үчүн 5 жылдык келечекти жокко чыгарып жатабыз. Учурда, биометрикалык каттоо аркылуу бийликте олтурган партиялар элдин болжолдуу тизмесин чогултууда. "Бийликке кандай жол менен болсо дагы жетүү керек деген фактор аркылуу биометрикалык каттоону шайлоодо пайдаланбайт"-деп эч ким кепилдик бере албайт.
Дилбаркан БЕКОВА, Токтогул районунун тургуну:
"Пенсия каражатым
3 миң сом болсо, электр жарыгына 23 миң
сом карызым
жазылып турат"
- Электр энергиясы кымбаттап, коррупция өсүп өнүүдө. Бул күнгө чейин министр Нурбек Элебаевди Токтогул районуна чакырып, элдин көйгөйүн чечип берүүнү өтүнгөнбүз. Бирок, эч бир жыйынтык чыккан жок. Биздин элге компенсация каралып, мыйзам боюнча "электр энергиясына 0,9 тыйындан каралсын" деген чечим чыгарылган. Себеби, Токтогул районундагы 33 жарым гектар жерди эл 20-30 жыл мурун ГЭСке бошотуп бергенбиз. Сууга бөлүп берген жер үчүн башка жерден жер тилке бөлүнүп берилген эмес. Мисалга алсак, менин жети балам бар. Ал эми балдарымдын бирөөсүнүн дагы 1 сотых жер аянтчасы жок. Себеби, бизде жер тилкелери такыр калган эмес. Уул-балдарыбыз талаалап, 2 келиним үйдө чогуу мени менен жашайт. Алган пенсия каражатым 3 миң сом болсо, тамак-аш, электр жарыгына жетпейт. Учурда электр жарыгына 23 миң сом карызым жазылып турат. Себеби, мен үйдө 2011-жылы жашабаган убакта өздөрүнчө акт түзүү менен иш жүргүзгөн. Эми 5 миң сомдон кошулуп олтуруп, азыркы кезде 23 миң сом карызды түздү. Бул боюнча арыз иретинде райондук, облустук сотко кайрылуу жаздым. Азыр болсо прокуратурада бул иш боюнча териштирүү жүрүп жатат. Мамлекет өз кызыкчылыгын гана ойлоп, карапайым-калктын көйгөйүн ойлогон киши жок. Калың катмардын маселеси бышып жетилип, анан ушул курултайга катышууга келдим.
Жаанбай ДАДИЕВ "Ардактуу аксакалдар жана айымдар" коомдук бирикмесинин Ош облусу боюнча төрагасы:
"Бизди чет жердеги мигрант уул-кыздарыбыз багууда"
- Бийлик башындагыларды жыл сайын өзгөртсөк дагы, жылдан-жылга жашоо оорлоп баратат. Көпчүлүк партиялык системага каршымын. Себеби, бир үй-бүлөдө 6-7ге бөлүнүп, ар бири ар кыл партияда жүрөт. Азыр Жогорку Кеңеште, бийликте, министрликте олтургандар ар бири өзүнүн партиясынын кулу болуп эсептелинет. Ар бир партиядагы лидердин айтканын аткарам деп, элдин кызыкчылыгын унутуп калышты. Кыргыздын үрп-адат, каада-салтын эске салбастан, жөөттөрдүн жана батыштын мыйзамдарын таңуулап атабыз. Кайсыл жерге барбайлы "дежурный" аксакалдар сүйлөп, "дежурный" деген сөз чыкты. Кыргыз элинин жаратылышы жана кен байлыктары абдан көп. Колдо бар алтындын баркы жок болууда. Ал эми биздин чет жердеги мигрант уул-кыздарыбыз 3-4 млрд. акча каражатты которуп, элди-жерди багып жатышат.
Абай УЗАКОВ, "Кумтөр-эл байлыгы" кыймылынын тең төрагасы, Саруу айылынын тургуну:
"Биздин 20 жылдан берки бийлик ушул күнгө
чейин эл менен эсептешпей келет"
- Саруу айылында болуп өткөн окуяны карапайым-калктын көпчүлүгү түшүнө бербейт. Себеби, бизди айрым басма сёз маалымат каражаттары өткөн окуяны бурмалап, элге туура эмес маалыматтарды тараткан. Ушул курултайда өз үнүбүздү элге жеткирип, акыйкат чындыкты айтууга келдим. Баарына маалым, Кумтөр маселеси канча убакыттан бери чечилбей келет. Азыркы учурда, элдин байлыгын коргойбуз деген 5 бала абакта олтуруп, 6 балабыз сот иштеринде жүрүшөт. Ушул күнгө чейин бийлик канча деген кыргыздын кулагын кесип, нечен деген кыргыздын канын ичти. Канча деген кыргыздын башын жеген Батукаевди кое беришти. Ал кишиге салыштырмалуу биздин балдар: "Элдин байлыгын алып келебиз" -деп, ак жерден абакта олтурушат. Бул маселе боюнча 120 депутатка кайрылуу жазып, алардан эч кандай толук кандуу жооп болгон жок. Биздин 20 жылдан берки бийлик ушул күнгө чейин эл менен эсептешпей келет. Ошол эле "Кумтөр" маселеси, жол, пенсия төлөмдөрү жана башка көйгөйлөрдө эч бир өзгөрүү жок. Бизге бийлик аткарган иш аракети тууралуу отчетун берсин!
Назарбек НЫШАНОВ, "Кыргызстандын таза оппозиция" кыймылынын төрагасы:
"Шайлоого карата
өз "маскасын" кийип, кайрадан элди алдоодо"
- А.Акаев жана К.Бакиевдин бийлиги кулаганда, таза адамдар келет дегенбиз. Бирок, тилекке каршы мурунку бийликтин "Куйруктары" кайрадан кызматта олтурушат. Бийликти кулатууда эл чындыкты издеп, нечен деген эр-азаматтардын каны төгүлдү. Алардын каны, эмгеги акталбастан бийлик тазаланган жок. Р.Отунбаева, А. Бекназаров, Ө.Текебаев, Т.Сариев, А.Жапаров жана башка эски бийликтегилер кайрадан кызматка келди. Текебаевдер түзгөн парламенттик Конституциясы, мамлекетте бийликти устукандап бөлүү менен өз адамдарын майлуу жерге коюу менен алек болушту. Ал эми жакынкы аралыкта боло турчу шайлоого карата өз "маскасын" кийип, элге ылайыктуу сөздөрдү сүйлөө менен кайрадан элди алдоодо. Элди алдап жаткандыгы аз келгенсип, шайлоо мыйзамы таптакыр элге туура эмес келет. Ал мыйзам боюнча карапайым элдин балдар-кыздары шайлана албайт. Себеби, партиялык тизме боюнча гана каралып, материалдык жактан дагы акчалуу болуу керек. Бийликте ошол эле коррупционерлердин тамырлары бар. Ошондуктан, шайлоого баруу кыргыз эли үчүн акылсыздык. Шайлоого барсаң ошол эле коррупционерлер шайланып, карапайым-калктын күчү каны менен бийлик алынат. Кыргызстандын келечеги үчүн өтө тазаланган адамдарды бийликке алып келүү керек.
Тураткан АРЫКБАЕВ, Кемин районунун тургуну:
"Экономиканы жетелеп кетүүчү эки өгүз - энергетика жана
тоо кен тармагы"
- Биздин экономикалык саясатыбыз туура эмес. Ошондуктан, коррупцияга чырмалышып, мамлекетибиз өнүкпөй жатат. Экономиканы жетелеп кетүүчү эки өгүз - энергетика тармагы жана тоо кен байлыктары колубузда турат. Эгерде, туура багытта иш алып барсак, экономикабыз өсүп өнүгөт. Биздин баш мыйзам жана кабыл алынган мыйзамдарыбызда кемчиликтер көп. Депутаттар өздөрүнө ылайыктуу мыйзамдарды жазып, өз кызыкчылыгын аткарып жатышат. Ал эми Баш мыйзамга мораторий киргизип, "20 жылга чейин тийбейли"-деп чечим чыгарды. Бул нерсе туура эмес жыйынтык. Мыйзам өзгөрүлбөсө, биз эч качан өнүкпөйбүз. Ошондуктан, биздин карапайым-калктын жашоо шартына ылайык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Бийлик, өкмөт эл астында отчетун берип, алардын иш жыйынтыгын талкууга коюу туура болот.
Упел АНАРКУЛОВА